Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 27-июлу № 89
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К.Ибраев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-июлундагы № 89 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К.Ибраев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
Негиздеме-маалымкатка ылайык жогоруда аталган Мыйзам долбоору пенсиялык мыйзамдарды гана эмес, Кыргыз Республикасынын бүтүндөй экономикасын модернизациялоо максатында иштелип чыккан.
Алсак Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине өзгөртүү киргизүү каралган, ага ылайык Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин белгиленген ставкасын 23%дан 10%га чейин азайтуунун эсебинен Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна (мындан ары - МПТФ) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин ставкасын 2%дан 13%га чейин (11%га) көбөйтүү сунушталууда.
Өз кезегинде Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорго алып келбестиги көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда шарттуу-топтомо пенсиялык система түрүндө берилген милдеттүү мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасынын негизи болуп эсептелерин белгилеп кетмекчибиз. Пенсиялык фонддун кирешелери иштеп жаткан жарандардын камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык фондуна (мындан ары - Социалдык фонд) республикалык бюджеттен пенсиянын базалык бөлүгүнө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсионерлердин айрым категорияларынын пенсияларына үстөк акыларга, аскер кызматчыларынын пенсияларына бөлүнгөн ассигнованиелерден түзүлөт.
Пенсиялык системанын финансылык абалы төлөөчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн көз каранды. Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасы тилектештик принцибине негизделген, ал муундардын ортоктош колдоосунда каражаттардын кайра бөлүштүрүлүшүн белгилейт.
Ошону менен бирге Пенсиялык фондго белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин ставкасын 10%га төмөндөтүүнүн эсебинен МПТФге камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин ставкасын 13% өлчөмүндө белгилөө төмөнкүдөй тобокелдиктерге алып келерин белгилей кетүү керек:
- Пенсиялык фонддун бюджетинин төмөнкүдөй дефицитине:
2021-жылы - 11428,9 млн. сом;
2022-жылы - 11741,1 млн. сом;
2023-жылы - 12509,4 млн. сом;
- пенсиянын өз убагында каржыланбагандыгынан улам коркунучтун жаралышына, бул пенсионерлердин арасында социалдык чыңалууну жаратат;
- пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнүн азайышына, себеби анын өлчөмү төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнө жараша болот. Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасын 10%га төмөндөтүүдө төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы азыраак болот жана ага ылайык пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү жана ага индексациянын суммасы төмөн болот;
- пенсиянын өлчөмүн социалдык алгылыктуу деңгээлде кармоонун мүмкүн эместигине жана пенсияларды жыл сайын жогорулатуу мүмкүндүгүнүн жоктугунан улам кирешеси аз топтогу (пенсиясынын өлчөмү пенсионердин жашоо минимумуна жетпеген) пенсионерлердин санынын көбөйүшүнө.
Ушуга байланыштуу Социалдык фонддун бюджетинин дефицити пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 3-пунктуна ылайык Социалдык фонддун жалпы дефицитин жабууга республикалык бюджеттен жыл сайын дотацияларды карашы керек болот.
Ошентип Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда республикалык бюджеттен Социалдык фондго бөлүнүүчү каражаттардын үлүшү бир топ жогорулайт жана ага ылайык республикалык бюджеттин жүгү да көбөйөт.
Мындан тышкары негиздеме-маалымкатта баяндалган маалыматтар долбоордун сунушталган ченемдерине шайкеш келбейт. Мисалы, негиздеме-маалымкатка ылайык Камсыздандыруу фондун (2%), Базалык фондду (13%), Топтомо фондду (13%) түзүү сунушталууда, тактап айтканда жалпы ставка 28%ды түзөт, ошол эле учурда долбоорго ылайык жалпы ставка 28,25%ды түзүп, фонддор боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: Пенсиялык фонд - 13%, МПТФ - 13%, ММКФ - 2%, ЭДЧФ - 0,25%. Башкача айтканда түзүлүп жаткан фонддордун каржылоо булактары аныкталган эмес.
Алсак, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыз кылуунун төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген: пенсия менен камсыз кылуу; сөөк коюуга (көмүүгө) жөлөкпул; милдеттүү медициналык камсыздандырууга чыгымдарды компенсациялоо; камсыздандырылган адамдардын жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоо.
Каралып жаткан Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык инфляциянын жогорку деңгээлинен, девальвациядан, калктын кирешелеринин төмөн деңгээлинен, эмгек миграциясынын жогорку деңгээлинен, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качуудан улам пенсиялык үнөмдөөлөрдүн баасынын түшүүсүн эске алып Сингапурдун тажрыйбасына жана жогорудагы үч фондду түзүүгө басым жасоо менен пенсиялык системаны реформалоо экономиканы чыңдап, анын тез өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Мында, Камсыздандыруу фондунун каражаттары пенсиялык системанын тилектештик бөлүгүнө, тактап айтканда майыптык боюнча жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды төлөөгө багышталат.
Базалык фонд пенсионерлердин утурумдук төлөмдөрү үчүн түзүлөт.
Топтомо фонддун каражаттары - жарандардын өздүк пенсиялык эсептерине чегерилет жана ушул эсептердин ээлерине пенсияларды төлөөгө акча каражаттарын топтоо үчүн колдонулат.
Ошону менен бирге үчүнчү фонд "жаңылык" болуп саналат жана пенсиялык системанын негизи болуп калат, ошондуктан Топтомо фонддун жарымын алтында, ал эми жарымын улуттук валютада түзүү сунушталууда, бул иштеп чыгуучулардын пикири боюнча пенсиялык үнөмдөөлөрдүн болуп көрбөгөндөй жогорку ишенимдүүлүгүн камсыздайт.
Пенсиялык топтоолорун жоготуп алуу тобокелдиги чоң болгондуктан, алтынды "өлүү мүлк" катары сактоого жана алтындын жүгүртүлүшүнө жол бербөө максатында ар үч жылда алтындагы өздүк пенсиялык топтоолордун жарымын улуттук валютага алмаштыруу жана бул акчага турак жай жана коммерциялык кыймылсыз мүлк сатып алуу, ал эми каражаттарды башка фонддорго багыттоонун эсебинен келип чыккан Пенсиялык фонддун жоготууларын - республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо сунушталууда.
Жогоруда баяндалгандардан улам Сингапурдун экономикалык жана саясий реформасы мамлекеттин турмушунун бардык чөйрөлөрүндө катуу контролдун астында жүргүзүлгөндүгүн жана Сингапур мурдагыдай эле дүйнөдөгү эң жөнгө салынган коомдордун бири экендигин белгилеп кетмекчибиз.
Мисалы, Сингапурда турак жайга алгачкы төгүм үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын алуу чегерүүлөрдүн жогорку ченинин эсебинен жүргүзүлөт, ал 37%га чейин жетет, демек мындай алууда келечектеги пенсионерге пенсия убагында базалык керектөөлөрүн камсыздай турган лицензияланган камсыздандыруу компаниясынан өмүр бою берилүүчү рентаны сатып алууга боло тургандай гана минималдуу суммасы калышы керек. Эгерде өмүр бою берилүүчү рента сатылып алынса, анда төлөмдөр өмүр бою же эсебинде акча түгөнгөнгө чейин жүргүзүлөт.
Ушуга байланыштуу Сингапурдун тажрыйбасын көчүрүү туура эмес, анткени милдеттүү пенсиялык система жана пенсионердин алдындагы милдеттенмелер ошол учурда болгон эмес. Мындан тышкары жарандардын пенсиялык топтоолорун көрсөтүлгөн инвестициялык активдерге салуу сыяктуу жогорку тобокелдиктеги иш-чараларга багыттап, конкреттүү эсептөөлөрсүз, актуардык негиздемелерсиз радикалдык реформаларды сунуштоо, аларды жоготуп алууга, жана анын натыйжасында азыркы учурда жана келечекте өлчөмү аз пенсиянын көйгөйлөрүнүн күчөшүнө алып келет. Ал эми топтомо компонент менен иштөөдө Социалдык фонддун эң биринчи максаты болуп камсыздандырылган жарандардын пенсиялык топтоолорун сактоо жана диверсификациялоо эсептелет.
Мамлекет тарабынан катуу контролдоо жүргүзүлсө дагы, ички жана сырткы коштоочу факторлордун таасиринен улам, пенсиялык топтоо каражаттарынын болжолдуу олуттуу суммаларын жогорудагы инструменттерге салуу максатка ылайыксыз, анткени активдерди толук жоготуу тобокелдиги пайда болгон учурда камсыздандырылган жарандар тиричилик кылганга каражатсыз калат жана бул көйгөйдү чечүү республикалык бюджетке түшөт.
Ошону менен бирге пенсиялык системанын натыйжалуулугун аныктоочу негизги параметр болуп пенсия алуучунун мурдагы кирешелерине (эмгек акысына) карата пенсиянын катышы катары эсептелген ордун жабуу коэффициенти эсептелет. Пенсиялык топтоолорду пенсияларды төлөөдөн башка максаттарга максатсыз колдонуу ордун жабуу коэффициентин төмөндөтөт, демек пенсиялык системанын натыйжалуулугун начарлатат.
Ошол эле учурда пенсиялык системалары толугу менен топтомо элементте негизделген өлкөлөрдүн бардыгы эле ордун жабуу коэффициенти боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жеткен эмес. Чили жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасы топтомо пенсиялык система таза түрүндө болгондо көйгөйлөрү арбын экенин көрсөттү жана азыркы учурдагы бөлүштүрүүчү пенсиялык схемалардын ордун татыктуу алмаштыруучу катары каралбайт.
Мурда топтомо системаны тандап алышкан көпчүлүк батыш өлкөлөрү, дээрлик бардык Араб өлкөлөрү жана Латын Америкасынын айрым өлкөлөрү акырындык менен андан баш тартышты.
Пенсиялык камсыздоонун сингапурдук моделинин дагы кемчиликтери бар, тактап айтканда анда тилектештик (бөлүштүрүү) бөлүгү жок, ал пенсиялык системанын өтө маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат жана ар кандай себептер боюнча төгүмдөрдү дайыма төгө албай калган же топтомо пенсиялык системага өтө аз төгүмдөрдү төккөн пенсионерлерди жакырчылыктан коргоону камсыздашы керек.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында аталган мыйзам долбоору кабыл алынса бюджеттин жоготууларынын суммасы жана Пенсиялык фонддун багыты өзгөртүлгөн каражаттарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен компенсациялануучу сумма көрсөтүлбөгөндүгүн белгилей кетүү керек.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоого жатат.
Ошону менен бирге иштеп чыгуучу тарабынан жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизинде даярдалган негиздеме берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга тийиш экенин белгилейбиз.
Мындан тышкары мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагындагы Мыйзам долбоорунда сунушталган чаралар кылдаттык менен иштеп чыгууну талап кыларын белгилей кетүү керек. Ошону менен бирге, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 6 буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүн реформалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында ушул багыттагы иштер уланууда.
Жогоруда жазылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аталган Мыйзамдын долбоорун аффинаждалган алтынды пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун инструменттерине киргизүү каралган "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү бөлүгүндө гана кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.