Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 28-июлу № 92
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Сыдыгалиев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 92 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Сыдыгалиев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталат, ага ылайык офицердик курамдын аскер кызматчыларынын аскердик кызматта болуусунун чектелген курагы жогорулоодо.
Колдонуудагы "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген офицердик курамдын аскер кызматчыларынын аскердик кызматта болуусунун чектелген курагы азыркы учурда адилеттүү мааниге ээ жана кандайдыр бир түзөтүүлөргө муктаж эмес экендигин белгилей кетүү керек. Бул кадрдык, уюштуруучулук, финансылык жана юридикалык мүнөздөгү жагдайлар менен шартталган.
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аскер кызматчылары аскердик кызматтын өзгөчөлүгү менен шартталган негизги жалпы жарандык укуктарына жана эркиндиктерине бир катар чектөөлөр каралган статуска ээ, ушуга байланыштуу аскер кызматчысы пенсияга эрте чыгуу менен (аскер наамына жараша) өзүнүн укуктарынын чектелишин компенсациялоого жана өзүн инсан катары өнүктүрүүгө мүмкүндүк алышат.
Офицердик курамдын аскер кызматчылары үчүн мыйзамда белгиленген тиешелүү аскер наамында пенсияга чыгуу бул өмүрүнө жана ден соолугуна болгон тобокелдик үчүн, дайыма күжүрмөн даярдыкта болуу, нерв-психикалык жана физикалык жактан көп күч келүү, күнү-түнү кызмат өтөө зарылдыгы, кызматтык зарылчылыктан улам кандай гана шартта болбосун кызмат өтөө сыяктуу аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрү үчүн берилген маанилүү жеңилдик.
Ошол эле учурда аскердик кызматта болуунун чектелген курагын жогорулатуу жаш курактык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жүктөлгөн милдеттерин андан ары сапаттуу аткара албаган аскер кызматчылары менен бөлүмдөрдү комплекттөөгө багытталган кадрларды тандоонун колдонуудагы системасынын бузулушуна алып келет, ошондой эле улуу муундагы кадрлардын топтолушун жана карьералык өсүш перспективасын жоготкон кенже жана орто звенодогу кесипкөй адистердин олуттуу агымын пайда кылат. Натыйжада орто деңгээлдеги кесипкөй адистердин кескин агымы карлардын жетишсиздигине алып келет, алар аскердик кызматка запастагы, негизги аскердик адистиктер боюнча жетиштүү даярдыгы жок жарандык адистерди тартуу жолу менен аргасыз толукталат, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын сапатына терс таасирин тийгизет.
Ошону менен катар аскердик кызматта болуунун чектелген курагынын мөөнөтү жогорулаган учурда тиешелүү аскер наамдарында иштеген жылдарынын мөөнөтүн жогорулатуу, ошондой эле пенсияга укук берүүчү (20 жыл) иштеген жылдарын жогорулатуу зарылдыгы келип чыгат. Бул өз кезегинде кесипкөй кадрлардын кескин түрдө кетүүсүнө алып келиши мүмкүн. Баарынан мурда бул иштеген жылдары 20 жыл болгон жана пенсияга укугун жоготкусу келбеген аскер кызматчыларына, ошондой эле окуусуна бюджеттик каражаттар сарпталып, жогорку аскердик окуу жайларын бүтүргөн, аз убакыт кызмат өтөп, андан ары аскердик кызмат өтөө перспективасын жоготкон жаш офицерлерге тиешелүү болот.
Мындан сырткары аскердик кызматты өтөө процессинде стресске туруштук берүүнүн төмөндөшү, артериалдык гипертензия, кардиосклероз, муундардын оорушу ж.б. сыяктуу ден соолугунун абалынын өзгөрүшүнө байланыштуу 40-50 жашка чыккан аскер кызматчыларынын 70%дан ашыгы жаш курактык өзгөрүүлөрдөн улам күжүрмөн тапшырмаларды мурдагыдай деңгээлде аткара албай калышат.
Ошентип аскердик кызматта болуунун чектелген курагы жогорулаган учурда күч түзүмдөрү бара-бара көбүнчө физиологиялык жактан согуш аракеттерин жүргүзүүгө жөндөмсүз болгон улгайган курактагы аскердик кадрлардан курала баштайт, бул Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет.
Тиешелүү чектелген куракка жеткенде запаска бошотууну жана отставкага кетүүнү караган аскердик кызмат системасындагы карьералык өсүштүн алкагында бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан жаш курактык орун которуштуруу системасы муундардын алмашуучулугун гана эмес, күч түзүмдөрүндө кадрлардын белгилүү түрдөгү топтолушуна жол бербестен, аларды жаңылоого да мүмкүндүк берет.
2. Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында аталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт деп белгиленген.
Бирок белгилей кетүүчү нерсе, аталган мыйзам долбоорун кабыл алууда республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу кошумча финансылык чыгымдар талап кылынат, анткени чектелген иштеген жылдарына ээ болгон, полковник наамындагы аскер кызматчыларынын чектелген курагы жогорулаганда кошумча каражат талап кылынбайт, ал эми подполковник, майор жана капитан наамындагы калган офицердик курамга кошумча акча каражаттары талап кылынат.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатын мыйзам долбоору кабыл алынганда керектүү болуучу финансылык эсептөөлөр менен толуктоо зарыл деп эсептейбиз, анткени колдонуудагы мыйзамдарда республикалык бюджеттен буга окшогон чыгымдар каралган эмес.
Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынарына көңүл буруу зарыл.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ишке ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин алар кабыл алынбоого тийиш.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бүгүнкү күндө жогоруда аталган мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.