Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 87 токтомуна) |
Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү лицензияларды (мындан ары - лицензия) берүү, кайра тариздөө, токтотуп туруу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу тартибин регламенттейт.
2. Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү лицензиялануучу иштин түрү менен алектенүү ниетин билдирген жеке жактар - жеке ишкер жана уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген тартипте тиешелүү лицензияны алууга милдеттүү.
3. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган иштин төмөнкү түрлөрүнө лицензия берет:
1) электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо (энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейинки кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү кошпогондо);
2) жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу (энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган жылуулук энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүнү кошпогондо);
3) өсүмдүк сырьесунан биоэтанолду өндүрүштүк көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү;
4) жаратылыш газын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу.
4. Лицензия мөөнөтсүз, ээликтен ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат.
5. Жеке жана юридикалык жактар иштин бир же бир нече түрүнө лицензия алууга укуктуу.
2. Лицензия алуу үчүн керектүү документтер
6. Иштин тиешелүү түрүнө лицензия алуу үчүн арыз ээси отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө жана/же электрондук түрдө төмөнкүлөрдү берет:
1) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча лицензия алуу үчүн арызды;
2) жеке жактын - жеке ишкердин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсүн;
3) юридикалык жак үчүн - Уставдын жана мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн;
4) жеке ишкер үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
5) арызды кароо жана лицензияны берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсүн;
6) арыз ээсине салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык салык номеринин ыйгарылышын ырастаган документтин көчүрмөсүн;
7) юридикалык жактар үчүн - банктык реквизиттери жөнүндө маалыматтарды;
8) материалдык-техникалык жабдылгандыгы жана каржылоо булактарынын тизмеси менен финансылык абалы жөнүндө толук маалыматтарды (менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда зарыл болгон энергетикалык жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу келишими, ишенимдүү башкаруу келишими, ижара келишими, баланстык таандык актысы же менчигин же ээлик кылуусун жана пайдалануусун ырастаган башка документ) көчүрмөлөрүн, бухгалтердик баланстардын көчүрмөлөрүн);
9) экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жабдуулардын жана инфратүзүмдүн экологиялык, өрткө каршы жана техникалык коопсуздук ченемдерине ылайык келиши жөнүндө оң корутундусу;
10) лицензиялануучу ишти сапаттуу жана коопсуз жүргүзүүнү камсыз кылуучу квалификациялуу адистердин болушу жөнүндө маалыматтар (дипломдорунун, күбөлүктөрүнүн же билими жана квалификациясы тууралуу сертификаттардын көчүрмөлөрү);
11) арыз ээсинин бөлүмдөрүнүн жана адистеринин ортосунда иштин көрсөтүлгөн түрү боюнча функциялык милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө буйрук.
7. Электр энергиясын экспорттоо же импорттоо боюнча ишти жүргүзүү үчүн арыз ээси отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү кошумча берүүсү зарыл:
1) жеке менчик же башка электр тармактары жана подстанциялар боюнча электр энергиясын экспорттоо же импорттоо мүмкүндүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
2) электр энергиясын экспорттоого же импорттоого түзүлгөн сатып алуу-сатуу келишимдеринин көчүрмөлөрүн;
3) электр энергиясын акыркы керектөөчүлөргө белгиленген баада сатуу учурунда, аны отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалар боюнча импорттоо милдеттенмеси жөнүндө кепилдик катты.
8. Лицензия алууга электрондук түрдө арыз берүүдө арыз ээси отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтындагы же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталындагы арызды толтурат, ошондой эле аны менен бирге эле ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында каралган документтердин түп нускаларынын сканирленген түрлөрүн тиркейт.
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында арыз ээлерин каттоо жана идентификациялоо Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Электрондук арызды толтуруудан кийин арыз ээси арыз кабыл алынган датаны көрсөтүү менен арыздын кабыл алынганы жөнүндө ырастоону алат.
Арыз ээси берилген документтердин аныктыгы үчүн толук жоопкерчилик тартат. Анык эмес маалыматтар берилген учурда, арыз ээси Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3. Лицензиянын мазмуну
9. Лицензияда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
2) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (болгон учурда) аталышы, анын ичинен фирмалык аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери;
3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
4) лицензиялануучу иштин түрү;
5) лицензияны колдонуу мөөнөтү;
6) иш жүргүзүлүүчү аймак;
7) лицензия берилген дата жана каттоо номери;
8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
10. Лицензия ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндө же электрондук түрдө таризделет. Лицензиялардын бланктары типографиялык ыкма менен даярдалат, корголуу даражасы, эсепке алуу сериясы жана номери бар. Лицензиялардын бланктары так эсепке алынуучу документтер болуп эсептелет. Лицензиялардын бланктарын даярдоо, эсепке алуу жана сактоо отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
11. Лицензия ушул Жобонун 9-главасында белгиленген тартипте лицензиялардын реестрине (мындан ары - реестр) киргизилет.
12. Кызыкдар жактардын талабы боюнча лицензиат лицензиянын түп нускасын көрсөтүүгө милдеттүү.
13. Лицензия жоголгон же жараксыз болуп калган учурда лицензиат ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын дубликатын алууга укуктуу. Лицензиянын дубликаты "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинде аныкталган тартипте берилет.
4. Лицензиардын ыйгарым укуктары
14. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) ушул Жобонун 3-пунктунда каралган иштин түрлөрүнө лицензияларды берет;
2) лицензияларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
3) лицензиянын колдонулушун токтотуп турат;
4) лицензиялардын колдонулушун кайра жаңылайт;
5) лицензиялардын реестрин түзөт жана жүргүзөт;
6) лицензиялардын дубликатын берет;
7) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу жөнүндө чечимди кабыл алат;
8) лицензияларды кайра тариздөө жол-жобосун жүргүзөт;
9) лицензиаттар тарабынан лицензиялык талаптардын сакталышына лицензиялык контроль жүргүзөт;
10) лицензиялык шарттар бузулган учурда Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык алгачкы текшерүү органдарына чара көрүү үчүн тиешелүү маалыматтарды жөнөтөт;
11) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыздарды берет;
12) лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
5. Арызды кароонун, лицензияны берүүнүн жана кайра тариздөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
15. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган жазуу жүзүндө жана/же электрондук түрдө арыз берилген күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
16. Лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет.
Лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерге даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
17. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттө лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгы жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө жана/же электрондук түрдө кабарлоого милдеттүү.
18. Реестрге лицензия жөнүндө маалыматтар киргизилген күндөн тартып лицензия расмий түрдө берилди деп саналат. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензия берилген күнү лицензияны берүү жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.
19. Эгерде отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензияны берүү үчүн белгиленген мөөнөттө арыз ээсине лицензияны берүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө жана/же электрондук түрдө кабарлабаса, анда лицензия берилди деп саналат. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензияны берүү үчүн мөөнөт аяктаган датадан кийинки күндөн кечиктирбестен лицензияны берүү жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүүгө жана суралган лицензияны арыз ээсине берүүгө милдеттүү.
20. Арыз ээси белгиленген мөөнөттөрдө лицензияны берүүдөн жазуу жүзүндө жана/же электрондук түрдө баш тартууну же лицензиянын өзүн албаган учурда, лицензияны берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган датадан тартып отуз календардык күндүн ичинде отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга өзү билдирген иштин түрүн жүзөгө ашырууну баштагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
21. Лицензия төмөнкү учурларда кайра таризделет:
1) юридикалык жак кайра уюштурулганда;
2) юридикалык жактын аталышы өзгөргөндө;
3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндө;
4) лицензия ээликтен ажыратылганда;
5) лицензиянын колдонуу мөөнөтү узартылганда;
6) юридикалык жакты реструктуризациялоодо.
22. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер пайда болгондо, лицензиат отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү.
23. Лицензияларды кайра тариздөө жөнүндө арыз кайра тариздөөнүн негиздерин жана жаңы маалыматтарды көрсөтүп, тийиштүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен лицензиат тарабынан кайра тариздөө үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып он беш жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
24. Лицензияларды кайра тариздөө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тийиштүү арызды алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензияларды кайра тариздөөдө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
6. Лицензияны берүүдөн баш тартуу
25. Лицензияны берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) субъекттердин бул категориясы үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамдарда каралган тыюу салуунун болушу;
2) арыз ээсине иштин бул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими болсо;
3) арыз ээси анык эмес же толук эмес маалымат берсе;
4) эгерде арыз ээси берген документтер "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
5) лицензияны кароо жана берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнбөсө.
26. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган баш тартуунун толук негиздерин жана себептерин баяндоо менен бир гана жолу жазуу жүзүндө баш тартууну берүүгө укуктуу.
27. Лицензияны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензияны берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө арыз ээсине жөнөтүлөт.
28. Лицензияны берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер четтетилген учурда арыз кайра каралууга тийиш. Мында арызды кароонун жана лицензияны берүүнүн мөөнөтү арыз кайра кароого берилген күндөн тартып эсептеле баштайт.
7. Лицензиянын колдонулушун токтотуп туруу, токтотуу жана жокко чыгаруу
29. Лицензиянын колдонулушу мурда эскертүү алган жана айып салынган субъект ушул Жобонун 10-ukfdfcsylf көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды үчүнчү жолу бузган учурда отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан үч айга чейинки мөөнөткө токтотулуп турат.
30. Лицензиат лицензияны токтотуп туруу жөнүндө чечимди "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттанууга укуктуу.
31. Лицензиат лицензиянын колдонулушун токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузуулардын четтегилгендиги тууралуу лицензиарга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
32. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензиянын колдонулушун токтотуп койгон себептер четтетилбеген учурда лицензия отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын арызын кароонун негизинде соттун чечими менен жокко чыгарылат.
33. Лицензиянын колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) жеке жак жеке ишкер катары ишин токтоткондо;
2) юридикалык жак жоюлганда;
3) лицензиянын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
4) лицензиат (лицензиаттын укук улантуучусу) лицензиялануучу иштин түрүн жүргүзүүнү ыктыярдуу токтоткон учурда ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз бергенде;
5) лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмегинен иштин белгилүү бир түрү алып салынганда;
6) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) жеке жак - жеке ишкер каза болгондо.
34. Лицензиянын колдонулушу токтотулганда лицензиар лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматты реестрге киргизет. Маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып лицензиянын колдонулушу токтотулду деп таанылат.
35. Лицензиатта болгон кагаз жүзүндөгү лицензия лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып жараксыз болуп саналат.
8. Лицензияны колдонулушун кайра жаңылоо
36. Лицензиянын колдонулушу ушул Жободо көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды бузууларды арыз ээси четтеткен шартта, лицензиянын колдонулушу токтотулуп турган мөөнөт аяктагандан кийинки күндөн тартып, же болбосо арыз ээси талаптарды бузууларды мөөнөтүнөн мурда четтеткен учурда, лицензиянын колдонулушун токтотуп туруу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайра жаңыланат.
37. Лицензиялык талаптарды аныкталган бузуулар мөөнөтүнөн мурда четтетилген учурда, арыз ээси отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт жана лицензиялык текшерүүнү демилгелейт.
38. Лицензиянын колдонулушу реестрге бул тууралуу маалыматтар киргизилген датадан кайра жаңыланды деп саналат.
39. Арыз ээси отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын лицензиянын колдонулушун кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө чечимине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттанууга укуктуу.
9. Лицензиялардын реестри
40. Реестр берилген лицензиялардын болушун, ошондой эле алардын укуктук статусун ырастоочу жалгыз расмий булак болуп саналат.
41. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндө жана электрондук форматта реестрди жүргүзөт.
Лицензиялардын реестри отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет.
42. Реестрде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде болсо) аталышы, анын ичинен фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги;
2) жеке жактын - жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, анын жашаган жери, анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
3) лицензиялануучу иштин түрү;
4) лицензиянын колдонуу мөөнөтү;
5) иш жүргүзүлгөн аймак;
6) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
7) лицензия берилген дата жана каттоо номери;
8) лицензиянын колдонулушун токтотуп туруунун жана кайра жаңылоонун негизи жана мөөнөтү;
9) лицензияны токтотуунун негизи жана датасы.
43. Реестр отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жетүүгө тыюу салынган маалыматтардан тышкары, анда камтылган маалыматтар менен кызыкдар жактардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.
44. Реестрге лицензиаттын маалыматтарынын бардык өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматтар киргизилет.
10. Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү лицензиялык талаптар
45. Электр энергиясы жаатындагы ишти жүргүзүүдө тиешелүү жабдуулардын болушуна карата талаптар.
Төмөнкү иштерди жүргүзгөн лицензиатта:
1) электр энергиясын өндүрүү боюнча, - менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн электр станциясынын болушу милдеттүү;
2) электр энергиясын берүү боюнча, - менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда 10 кВ - 35 кВ жана андан жогору чыңалуудагы электр тармактарынын жана подстанциялардын болушу милдеттүү;
3) электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча, - менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда электр тармактарынын жана подстанциялардын болушу милдеттүү;
4) электр энергиясын сатуу боюнча, - менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда электр станцияларынын жана (же) тармактардын жана (же) подстанциялардын болушу милдеттүү;
5) электр энергиясын экспорттоо боюнча, - менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда электр станцияларынын жана (же) тармактардын жана (же) подстанциялардын, же болбосо электр энергиясын башка тармактар боюнча берүү мүмкүндүгүнүн болушу милдеттүү;
6) электр энергиясын импорттоо боюнча, - менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда электр станцияларынын жана (же) тармактардын жана (же) подстанциялардын, же болбосо электр энергиясын башка тармактар боюнча берүү мүмкүндүгүнүн болушу милдеттүү.
46. Жылуулук энергиясы жаатында иш жүргүзүүдө тиешелүү жабдуулардын болушуна карата талаптар.
Төмөнкү ишти жүргүзгөн лицензиатта:
1) жылуулук энергиясын өндүрүү боюнча, - менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу үчүн жылуулук станциясынын болушу милдеттүү;
2) жылуулук энергиясын берүү боюнча, - менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда магистралдык жылуулук тармактарынын жана (же) жылуулук менен камсыздоочу уюмдун керектөөчүсүн кошуу үчүн магистралдык жылуулук тармактарынан тарамдардын болушу милдеттүү;
3) жылуулук энергиясын бөлүштүрүү боюнча, - менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда жылуулук бөлүштүрүүчү жана (же) кварталдык тармактардын жана (же) акыркы керектөөчүлөрдү кошуу үчүн бөлүштүрүүчү жылуулук тармактарынан тарамдардын болушу милдеттүү;
4) жылуулук энергиясын сатуу боюнча, менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда жылуулук станцияларынын жана (же) магистралдык жылуулук жана (же) бөлүштүрүүчү жана (же) кварталдык тармактардын болушу милдеттүү.
47. Мунай жана жаратылыш газы жаатында иш жүргүзүүдө тиешелүү жабдуулардын болушуна карата талаптар.
Төмөнкү ишти жүргүзгөн лицензиатта:
1) мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү боюнча, - менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда мунайдан жана жаратылыш газынан катуу, суюк жана газ түрүндөгү көмүр суутектерден кайра пайдаланылуучу продукттарды, органикалык жана органикалык эмес заттарды алуунун технологиялык, техникалык процесстеринин комплексин жүргүзүүчү өндүрүштүк түзүлүштөрдүн болушу милдеттүү;
2) жаратылыш газын өндүрүү боюнча, - менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда жаратылыш газын алуунун технологиялык, техникалык процесстеринин комплексин жүргүзүүчү өндүрүштүк түзүлүштөрдүн болушу милдеттүү;
3) жаратылыш газын берүү боюнча, - менчигинде же карамагында жана пайдалануусунда жаратылыш газын казып алуучу, сактоочу жана кайра иштетүүчү жерден керектөөчүгө чейин ташуу үчүн жогорку басымдагы (0,6-7,5 Мпа) магистралдык өткөрүү түтүктөрүнүн, жер үстүндөгү жана жер астындагы инженердик курулмалардын, коммуникация объекттеринин болушу милдеттүү;
4) жаратылыш газын бөлүштүрүү боюнча, - менчигинде жаратылыш газын акыркы керектөөчүлөргө сатуу үчүн орточо басымдагы (0,005-0,6 Мпа) бөлүштүрүүчү өткөрүү түтүктөрүнүн, жер үстүндөгү жана жер астындагы инженердик курулмалардын, коммуникация объекттеринин, аппаратуранын жана жабдуулардын болушу милдеттүү;
5) жаратылыш газын сатуу боюнча, - менчигинде же тескөөсүндө жаратылыш газын акыркы керектөөчүлөргө сатуу үчүн төмөн басымдагы (0,005 Мпа) бөлүштүрүүчү өткөрүү түтүктөрүнүн, жер үстүндөгү жана жер астындагы инженердик курулмалардын, коммуникация объекттеринин, аппаратуранын жана жабдуулардын болушу милдеттүү.
48. Отун-энергетикалык комплекси жаатында иш жүргүзүүдө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга отчетторду берүү боюнча талаптар.
Лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбеген мөөнөттө статистикалык отчеттун формасына ылайык иштин ар бир түрү боюнча өзүнчө отчетторду берүүгө;
2) жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбеген мөөнөттө өз тармагын өнүктүрүү, модернизациялоо планын аткаруу жөнүндө отчетту (электр тармактарында жоготууларды төмөндөтүүнү, тейлөө сапатын жакшыртууну көрсөтүү менен) берүүгө;
3) жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбеген мөөнөттө тарифтерге инвестицияларды кошуу максатында инвестициялык өнүктүрүү программаларын макулдашууга берүүгө;
4) квартал сайып отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбеген мөөнөттө натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү боюнча отчетту берүүгө;
5) ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбеген мөөнөттө техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча отчетту берүүгө.
|
| 1-тиркеме |
Форма
|
| Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке |
|
| __________________________________ __________________________________ (арыз ээсинин маалыматтары жана дареги) |
АРЫЗ
_________________________________________________________________________ иштерин (иштин түрүнүн (түрлөрүнүн) так жана толук аталышы) жүргүзүү укугуна лицензия (лицензияларды) берүүнү өтүнөм _________________________________________________________________________________ Юридикалык жактын толук аталышы же жеке жактын аты-жөнү _________________________________________________________________________________ Уюштуруу-укуктук формасы __________________________________________________________ Менчигинин түрү __________________________________________________________________ Юридикалык дареги ________________________________________________________________ (юридикалык жактын катталган дареги же жеке жактын иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт) Жайгашкан жери __________________________________________________________________ (юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги көрсөтүлөт) Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) _____________________________________ Юридикалык жактын ОКПО коду ______________________________________________________ Юридикалык жак катталган (кайра катталган) дата _______________________________________ Башка маалыматтар _______________________________________________________________ (арызды кароо үчүн зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлөт) Арызга тиркеме: (керектүү документтердин тизмеги)
Толтурулган дата 20___-жылдын "___" ______________
М.О.
|
|
|
| 2-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик
ЛИЦЕНЗИЯ
Каттоо номери № _____ |
| 20___-жылдын "___" _____________ |
Юридикалык жактын аталышы же жеке жактын аты-жөнү: __________________________________ __________________________________________________________________________________ Уюштуруу-укуктук формасы: __________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ Юридикалык дареги: _________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ Жайгашкан жери: ___________________________________________________________________ Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери: __________________________________________________________________________________ Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери: ___________________________________________ Лицензиялануучу иштин түрү: _________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ Лицензиянын колдонуу мөөнөтү: _______________________________________________________ Негиз: _____________________________________________________________________________ Лицензиялоо маселелери боюнча маалыматты (кабарлоону) электрондук түрдө жөнөтүүнү өтүнөм: ___________________________________________________________________________ (ооба/жок)
Директор _______________________
М.О. Лицензиянын сериялык номери
|
|
|
| 3-тиркеме |
Форма
|
| Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке |
|
| __________________________________ __________________________________ (арыз ээсинин маалыматтары жана дареги) |
АРЫЗ
_________________________________________________________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт) ____________________________________________________________________________ ишти жүргүзүүгө ______________________________ сериясындагы, 20___-жылдын "___" ___________ № _____________________ лицензиянын дубликатын берүүнү өтүнөм. Уюштуруу-укуктук формасы __________________________________________________________ Менчигинин түрү __________________________________________________________________ Юридикалык дареги ________________________________________________________________ (юридикалык жактын каттоосу боюнча дареги көрсөтүлөт) Иш жүзүндөгү дареги _______________________________________________________________ (юридикалык жактын иш жүзүндөгү жайгашкан жеринин дареги көрсөтүлөт) Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) _____________________________________ Юридикалык жактын ОКПО коду ______________________________________________________ Төмөнкүлөргө байланыштуу юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) датасы _________________ ____________________________ (керектүүсү (керектүүлөрү) калтырылсын): - жоголгонуна; - жараксыз болуп калгандыгына. Лицензиаттын телефонунун (факсынын) номери: ________________________________________ Лицензиаттын электрондук почтасынын дареги: _________________________________________ Лицензиялоо маселелери боюнча маалыматты (кабарлоону) электрондук түрдө жөнөтүүнү өтүнөм: __________________________________________________________________________ (ооба/жок)
Толтурулган дата 20___-жылдын "___" ___________
М.О.
|
|
|
| 4-тиркеме |
Форма
|
| Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке |
|
| __________________________________ __________________________________ (арыз ээсинин маалыматтары жана дареги) |
АРЫЗ
_________________________________________________________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт) ____________________________________________________________________________ ишти жүргүзүүгө _______________________ сериясындагы, 20___-жылдын "___" _________________ № _____________________ лицензияны кайра тариздөөнү өтүнөм. Уюштуруу-укуктук формасы __________________________________________________________ Менчигинин түрү __________________________________________________________________ Юридикалык дареги ________________________________________________________________ (юридикалык жактын каттоосу боюнча дареги көрсөтүлөт) Иш жүзүндөгү дареги _______________________________________________________________ (юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги көрсөтүлөт) Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) _____________________________________ Юридикалык жактын ОКПО коду ______________________________________________________ Төмөнкүлөргө байланыштуу юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) датасы _________________ ______________________________ (керектүүсү (керектүүлөрү) калтырылсын): - юридикалык жактын аталышы өзгөртүлгөнүнө; - юридикалык жактын кайра уюштурулгандыгына; - жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөнүнө; - лицензия ээликтен ажыратылганына; - юридикалык жакты реструктуризациялоого. Лицензияны кайра тариздөө үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документтин реквизиттери _____________________________________________________________________ Арыз ээсинин телефонунун (факсынын) номери: ________________________________________ Арыз ээсинин электрондук почтасынын дареги: _________________________________________ Лицензиялоо маселелери боюнча маалыматты (кабарлоону) электрондук түрдө жөнөтүүнү өтүнөм: __________________________________________________________________________ (ооба/жок)
Толтурулган дата 20___-жылдын "___" ________________
М.О.
|
|
|
| 5-тиркеме |
Форма
|
| Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке |
|
| __________________________________ __________________________________ (арыз ээсинин маалыматтары жана дареги) |
АРЫЗ
_________________________________________________________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт) ____________________________________________________________________________ ишти жүргүзүүгө ________________________ сериясындагы, 20___-жылдын "___" ________________ № __________________ лицензиянын колдонулушун токтотууну өтүнөм. Уюштуруу-укуктук формасы __________________________________________________________ Менчигинин түрү __________________________________________________________________ Юридикалык дареги ________________________________________________________________ (юридикалык жактын каттоосу боюнча дареги көрсөтүлөт) Иш жүзүндөгү дареги _______________________________________________________________ (юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги көрсөтүлөт) Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) _____________________________________ Юридикалык жактын ОКПО коду ______________________________________________________ ________________________________________________________ лицензиялануучу иштин түрү токтотулганына байланыштуу юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) датасы ________________________________ Арыз ээсинин телефонунун (факсынын) номери: ________________________________________ Арыз ээсинин электрондук почтасынын дареги: _________________________________________ Лицензиялоо маселелери боюнча маалыматты (кабарлоону) электрондук түрдө жөнөтүүнү өтүнөм: __________________________________________________________________________ (ооба/жок)
Толтурулган дата 20___-жылдын "___" ______________
М.О.
|
|
|
| 6-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 20__-жылдын "___" _____________ № ______ буйругу менен бекитилген |
Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө берилген лицензиялардын РЕЕСТРИ
№ | Лицензиаттын аталышы жана дареги | Лицензиялануучу иштин түрү | Иш жүргүзүлгөн аймак | Лицензиянын колдонуу мөөнөтү | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери | Лицензияны берүү жөнүндө чечимдин датасы жана номери | Лицензия берилген дата жана каттоо номери | Лицензиянын бланкынын номери жана сериясы | Лицензиянын колдонулушун токтотуп туруунун жана кайра жаңылоонун негизи жана датасы | Лицензиянын токтотуунун негизи жана датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|