Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 218
"Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 3, 84-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
6-статьянын 1-бөлүгүндө:
"43" деген цифралар "70" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Электр энергиясы боюнча мамлекеттик агентствосу" деген сөздөр "отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Жалал-Абат областындагы Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын куруудан тартылган зыянды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
1998-жылдын 12-сентябрындагы № 122 "Жалал-Абат областындагы Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын куруудан тартылган зыянды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Жалал-Абат областындагы Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын куруудан тартылган зыянды компенсациялоонун укуктук негиздерин бекемдейт.
Аталган мыйзамдын 6-беренесине ылайык тартылган зыянды каржылоонун булаш болуп "Электр станциялары" ААК тарабынан Жалал-Абат областындагы Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайы эсебине жыл сайын чегерилүүчү 43,0 млн. сом суммасы, бул суммадан аны инфляцияга индексациялоону эске алуу менен жана бул сумманы Токтогул ГЭСинен иштелип чыккан электр энергиянын өздүк наркына кошуу менен. 2002-жылга чейин компенсациянын суммасы 16,8 млн. сом болчу.
Токтогул ГЭСин суу сактагычы менен курууда Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын экономикасына чоң зыян келтирилген. Суу сактагычты куруунун натыйжасында 22 калктуу конуш суу алдында калган жана 23 миң га айыл чарба жерлери, токойлор жана чарба тилкелери айыл чарба жүгүртүүсүнөн чыгарылган. Райондун экономикасынын жана калкынын жоготуулары толугу менен камсыздалган эмес. Маселен, өздөштүрүү пландалган 15,8 миң га жердин 6,3 миң га гана өздөштүрүлгөн, бирок бул жерлер түшүмдүүлүгү аз, шарттуу сугарылуучу ички контурларга жайгашкан. Анын ичинен 4,4 миң га жерлери насостук станциялар аркылуу сугарылат.
Токтогул районунда жана Каракөл шаарынын Жазы-Кечүү айылында жерлерди өздөштүрүүгө, сугат каналдарды курууга, калктуу конуштарды суу менен камсыздоого, суу чарба курулуштарын реконструкциялоого ички чарба жолдорду оңдоого бардык каражаттардын 70%, социалдык муктаждыктарга 30% жумшалат.
2003-жылдан тартып курулуш материалдарынын баасы 10-12 эсеге жогорулады. Жыл сайын өндүрүштүк жана социалдык инфраструктуранын курулуш иштерин жүргүзүүчү курулуш уюмдарынын капиталдык салымдарына жана эмгек акы фондуна баалардын индекси көтөрүлүүдө.
2003-жылы 43,0 млн. сомду 3 ири объектисине капиталдык салым катары кошууга мүмкүн болсо, азыркы учурда өткөн мезгил ичиндеги инфляцияны жана доллардын курсунун өскөнүн эске алсак бул каражаттар 1 объектти бүтүрүүгө гана жетет.
2016-жылы Үч-Терек айыл аймагынын Сары-Талаа массивинде 5 миң га жерди жана Жаңы-Жол айыл аймагынын Бүркүт-Кайрак массивинде 1,5 миң га жерди өздөштүрүүнү аяктоо пландалууда. Булардын болжонгон баасы 1 млрд. сом турат. Төмөнкү суу чарба курулуштарынын долбоорлору даярдалды: Чолпон-Ата айыл аймагындагы Чаркайын каналын куруу - смета боюнча баасы - 57 млн. сом, Ничке-Сай айыл аймагынын Монол каналын куруу - смета боюнча баасы - 30 млн. сом, Толук айып аймагынын Майлуу-Төр каналын куруу - смета боюнча баасы - 45 млн. сом жана Өзгөрүш айып аймагынын Кумдама каналын куруу - смета боюнча баасы - 45 млн. сом.
Жогоруда айтылгандардын негизинде "Жалал-Абат областындагы Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын куруудан тартылган зыянды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору даярдалып, мында Жалал-Абат областындагы Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын куруудан тартылган зыянды компенсациялоону 43,0 млн. сомдон 70,0 млн. сомго көтөрүү каралды.
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык ушул Мыйзамынын долбоору 2016-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жайгаштырылган. Коомдук талкууну жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштар жана сын-пикирлер түшкөн жок.
Бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзамдардын ченемдерине каршы келбейт.
Мыйзамды кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча сарптоолорду талап кылбайт жана социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерди алып келбейт.
Министрдин м.а. |
| А.Кожошев |
|
|
|
(Министр жокто |
| Д.Иманалиев) |
"Жалал-Абат областындагы Токтогул районунун жана Каракол шаарынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын куруудан тартылган зыянды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
№ | Колдонуудагы редакция | Сунушталып жаткан өзгөртүү же толуктоо | Жаңы редакциясы |
1 | 6-берене. Компенсацияны каржылоо булактары Тартылган зыянды каржылоонун булагы катары "Электр станциялары" ААК тарабынан Жалал-Абат областындагы Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайы эсебине жыл сайын чегерилүүчү 43,0 млн. сом суммасы болуп эсептелсин, бул суммадан аны инфляцияга индексациялоону эске алуу менен жана бул сумманы Токтогул ГЭСинен иштелип чыккан электр энергиянын өздүк наркына кошуу менен, бул жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу энергетика боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан электр энергиясынын тарифинин түзүмүндө каралат. | 1) 6-берененин 1-бөлүгүндө: "43" саны "70" санына алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу энергетика боюнча мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын. | 6-берене. Компенсацияны каржылоо булактары Тартылган зыянды каржылоонун булагы катары "Электр станциялары" ААК тарабынан Жалал-Абат областындагы Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайы эсебине жыл сайын чегерилүүчү 43,0 млн. сом суммасы болуп эсептелсин, бул суммадан аны инфляцияга индексациялоону эске алуу менен жана бул сумманы Токтогул ГЭСинен иштелип чыккан электр энергиянын өздүк наркына кошуу менен, бул жыл сайын отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электр энергиясынын тарифинин түзүмүндө каралат. |
Министр |
| А.Кожошев |