Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1 июлу № 432
"2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен адистер (эксперттер) тобун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесин, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен адистер (эксперттер) тобун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен адистер (эксперттер) тобун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен адистер (эксперттер) тобун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен адистер (эксперттер) тобун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 432 токтому менен жактырылган |
2014-жылдын 10-октябрындагы Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен адистер (эксперттер) тобун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонулуудагы ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен адистер (эксперттер) тобун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашуунун ченемдери колдонулуудагы укуктук ченемдик актыларга каршы келбегендиги аныкталды.
Макулдашуу кол коюлганга чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Эл аралык иштер боюнча комитети менен макулдашуу жол-жобосунан өткөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 451-б буйругу менен жактырылган.
Берилген Макулдашууга Беларусь Республикасынын Минск шаарында 2014-жылдын 10-октябрында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри кол койгон.
Макулдашуунун максаты биргелешкен топту түзүү, колдонуу жана ишин токтотуу тартибин аныктоо болуп эсептелет, анын негизги милдетине төмөнкүлөр кирет:
- тышкы чек арада чек ара коопсуздугун камсыздоого практикалык жардам көрсөтүү;
- чек ара коопсуздугунун коркунучтарына талдоо жүргүзүү;
- тышкы чек арада түзүлгөн жагдай жөнүндө маалыматтарды топтоо.
Бул Макулдашууну ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
Макулдашуудан келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына республикалык бюджеттен жыл сайын каралуучу каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
"2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган, Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен адистер (эксперттер) тобун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен адистер (эксперттер) тобун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө Макулдашууга 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан кол коюлган.
Биргелешкен топтун ишмердигин түзүү, колдонуу жана токтотуу тартибин аныктоо Макулдашуунун максаты болуп саналат. Биргелешкен топтун негизги тапшырмалары:
- тышкы чек арада чек ара коопсуздугун камсыздоого тажрыйбалык көмөк көрсөтүү;
- чек ара коопсуздугунун коркунучун талдоо;
- тышкы чек арада түзүлгөн жагдай жөнүндө маалыматтарды топтоо.
Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргоо жана коопсуздук боюнча жана эл аралык иштер боюнча профилдик комитеттери менен макулдашылган. Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 451-р буйругу менен жактырылган.
Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдеринде жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгы боюнча сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт жана ишкерлик ишмердүүлүктү жөнгө салууга багытталбагандыктан, регулятивдүү аракеттерди талдоого жатпайт.
Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу негативдик, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Макулдашуудан келип чыккан иш-чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына жыл сайын республикалык бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашуулары жөнүндө" Мыйзамына ылайык жана ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында "2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган, Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен адистер (эксперттер) тобун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кароого сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы | Р.Дуйшенбиев |