Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22 июлу № 517
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган мыйзамдын долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жыл, 6-февраль, № 9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 1-беренеде:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"баалоочу (көз карандысыз эксперт) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган менен келишимдин негизинде баалоо ишин жүзөгө ашырган юридикалык же жеке жак;";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"түшүмдөн түшө турган болжолдуу киреше - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык комиссия аныктаган киреше;";
- 9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункттагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам өсүмдүк өстүрүүчүлүктөгү камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрүн белгилейт жана аны жүргүзүүнүн укуктук, финансылык жана уюштуруучулук негиздерин жөнгө салат.".
4. 2-берененин 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан" деген сөздөр "камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 5-берененин 1-бөлүгүнүн 7 жана 8-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) жагымсыз табигый кубулуштарды аныктоонун критерийлерин жана мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле жагымсыз табигый кубулуштун фактысын ырастаган маалымкаттын типтүү формасын бекитет;
8) жагымсыз табигый кубулуштун таасирине чалдыккан эгилген аянттын өлчөмүн аныктоо боюнча комиссияларды түзүүнүн жана алардын иштерин уюштуруунун тартибин, жагымсыз табигый кубулуштун фактысы боюнча текшерүү актынын формасын бекитет.".
6. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну уюштуруу
1. Мамлекеттин катышуусу менен өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларын камсыздандыруу ыктыярдуу болуп саналат. Эгерде айылдык товар өндүрүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн башка түрүн камсыздандырууну көздөсө, анда ал камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык камсыздандыруучу менен өз ара мамилени ишке ашырууга укуктуу.
2. Камсыздандыруучу уюмдар өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагындагы камсыздандыруу келишимин ушул Мыйзамга ылайык түзүшөт.".
7. 7-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
8. 11-беренеде:
1) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жагымсыз табигый кубулуштун таасирине чалдыккан аянттын өлчөмүн жагымсыз табигый кубулуштун таасирине чалдыккан аянттардын өлчөмүн аныктоо боюнча комиссия камсыздалуучунун арызын алган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде белгилейт. Бул комиссия жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 12-берененин 2-бөлүгүнүн төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жагымсыз табигый кубулуштардын болуу фактысын ырастаган маалымкат;
- жагымсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды белгилөө боюнча комиссия түзүү жөнүндө камсыздалуучунун арызынын көчүрмөсү, анда арызды кабыл алуу жөнүндө белги болушу керек;".
10. 13-беренеде:
- 1-бөлүктүн үчүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөрдөн мурда "камсыздандыруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүктүн бешинчи абзацындагы "жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөр алып салынсын.
11. 14-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-бөлүктө:
а) биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул каражаттардын эсебинен агенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнү жүргүзөт.";
б) экинчи абзацтагы "өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен агенттин ортосунда" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-бөлүктө:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Агентке келишимдин негизинде берилүүчү каражаттарды башкарууну ишке ашыруу үчүн казыналык системада белгиленген тартипте эсеп ачылат.";
б) экинчи-бешинчи абзацтардагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги" деген сөздөр алып салынсын.
12. 17-беренеде:
- 2-бөлүктө:
а) бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) он биринчи абзацтагы "камсыздалуучунун арызы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
13. 18-беренеде:
- 2-бөлүктүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жагымсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды белгилөө боюнча комиссияны түзүү жөнүндө мындай кырсыктын фактысын ырастоочу маалымкаттары болгондо, себүү аянттарына терс таасири аныкталгандан кийин үч иш күндүн ичинде арыз берүүгө;";
- 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
14. 19-беренеде:
- 2-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Агенттин ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органдар жүргүзөт.".
15. 20-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
16. 22-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-берене. Талаш-тартыштарды кароонун тартиби
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктөгү камсыздандыруу боюнча мамилелерден келип чыгуучу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.".
17. 23-беренедеги "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик" деген сөздөр "административдик жана жазык жоопкерчилиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|