Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 30-июлу № 96
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына чарбалык коомдогу мамлекеттик үлүштү жана ишкананы өткөрүп берүү маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 230 Жарлыгын аткаруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана анын ведомстволук уюмдарынын ишин күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүштүн 65%ын мүлктүк комплекси менен кошо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы "Типография" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берсин жана аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасы деп кайра атасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун карамагына өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик ишканалардын уставдарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасынын уставы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун тиркемесинин 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |