Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 9-августу № 117
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Т.Токтошев, А.У.Жапаров, Ш.И.Абдылдаев, У.Б.Примов, Т.У.Жоробеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-августундагы № 117 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Т.Токтошев, А.У.Жапаров, Ш.И.Абдылдаев, У.Б.Примов, Т.У.Жоробеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - конституциялык Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду чыгарат:
1. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун преамбуласында ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын (мындан ары - Эсептөө палатасы) уюштуруу жана ишинин тартибин, ошондой эле анын көз карандысыздыгынын кепилдигин аныктайт деп берилген.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Преамбула (киришүү) - ченемдик укуктук актынын милдеттүү эмес өз алдынча бөлүгү, анда актыны кабыл алуунун (чыгаруунун) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматтар камтылат. Преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгө жол берилбейт.
Анткени преамбула ченемдик буйрумдарды белгилейт, долбоордун преамбуласын алып салуу зарыл же өз алдынча берене катары тариздөө керек.
2. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 6-бөлүгү менен төраганын, аудитордун менчигинде же башка укугунда болгон объекттерди тинтүү, кароо, текшерүү же башка аракеттерди жүргүзүүгө, ошондой эле бийлик органдарынын кирүүсүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет деп белгилөө сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-беренесине ылайык жеке менчикте жана башка ээликте болгон турак жайды жана бөлөк объекттерди тинтүүгө, алып коюуга, кароого жана башка аракеттерди жүргүзүүгө, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнө сот чечиминин негизинде гана жол берилет.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 14-беренесине ылайык, жазык-процесстик кодекс менен каралган учурларда тинтүү, алып коюу, текшерүү жүргүзүүгө жана процесстик иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле өзүнүн менчигинде же башка укукта болгон турак жайга же башка объекттерге кирүүгө соттун чечимисиз жол берилет. Мындай иш-аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш.
Жалпысынан, сунушталган жоболор Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жөнгө салуу предмети болуп саналат.
Баяндалгандарды эске алып, 3-берененин 6-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 14-беренесине шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.
3. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 5-беренеси менен ушул Конституциялык Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөрдүн тизмеги аныкталган.
Сунушталган тизмек толук болгондуктан берененин аталышындагы "негизги" деген сөз алып салынсын.
4. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 2-пункту менен, финансылык аудит катары финансылык отчеттуулук боюнча ченемдик базада колдонулуучу бардык олуттуу көз караштардан алганда финансылык отчеттуулукка ылайык келиши жөнүндө пикирин билдирүү менен, жалпысынан финансылык отчеттуулук олуттуу бурмалоолорду камтыбастыгынын негиздүү тастыктоосун алууга багытталган көз карандысыз иш экендигин билдирерин көрсөтүү сунушталат.
Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 49-беренесинин 1-бөлүгү менен, Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоорун даярдоодо алдын ала караштырууга мүмкүн болбогон жана кечиктирилгис мүнөздөгү же маанилүү ишке байланыштуу чыгымдар болгон учурунда кошумча каржылоо үчүн Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине кайрылууга укуктуу экендигин белгилөө сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын тексти адабий тилдин ченемдерин жана юридикалык терминологияны сактоо менен берилет. Укуктук ченемдерди баяндоодо өтө эле жалпылаштырылган же өтө эле майдаланган туюнтмалар колдонулбашы керек.
Сунушталган туюнтмалар бүдөмүк жана баалоочу болуп саналат, алар укук колдонууда субъективдүү колдонулушу мүмкүн жана тийиштүү түрдө колдонууда карама-каршылыктарды жаратышы мүмкүн.
Аталган Мыйзамдын талаптарын эске алып, жогоруда аталган туюнтмаларды кайра карап чыгуу зарыл.
Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 3, 4 жана 5-пункттары 49-беренесинин 1-бөлүгү боюнча да ушундай эле сын пикирлер.
5. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 5-пункту менен Эсептөө палатасынын функцияларынын бири болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөө боюнча республикалык бюджетке чегерилүүчү кирешенин туура чегерилүүсүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүргүзүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, башка банктардын жана Кыргыз Республикасынын банктык системасына кирген банктык эмес кредиттик уюмдардын аудити эсептелет деп белгилөө сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлдү.
Буга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 5-пунктун жогоруда аталган Жарлыкка шайкеш келтирүү зарыл.
6. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 9-пункту менен Эсептөө палатасынын функцияларынын тизмеги каралган, алардын катарына Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин маселелерине тиешелүү мамлекеттик программаларды, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиштүү болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талдоо кирет.
"Эл аралык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан кол коюлган же эл аралык конференцияларда добуш берүү жолу менен кабыл алынган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер ратификациялоого жатат. Эл аралык укуктун ченемдерине ылайык тараптар ратификациялоо жөнүндө шартташкан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер да Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланууга жатат.
Муну менен катар эле сунушталган редакцияда, ошондой эле ченемдик укуктук актылар жана мамлекеттик программалар ратификацияланууга тийиштүү.
Ушуга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 9-пунктунун редакциясы жеткире иштелип чыгууга тийиш.
Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 39-беренесинин 2-бөлүгү боюнчада ошондой эле сын пикир.
7. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 5-бөлүгү менен Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору жана кызматчылары Этика кодексинин эрежелерин аткарбагандыгы үчүн ушул конституциялык Мыйзам менен белгиленген учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартыларын кароо сунушталат.
Долбоордо Этика кодексинин эрежелерин аткарбагандык үчүн жоопкерчиликтин учурларын жана тартибин белгилеген жобо камтылган эмес, ошондуктан долбоордун 9-беренесинин 5-бөлүгүн кайра карап чыгуу зарыл.
8. Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча ченем жаратуучу мамлекеттик орган болуп саналбагандыгына байланыштуу, конституциялык Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо зарыл деп эсептейбиз:
"1. Эсептөө палатасынын түзүмү, штаттык ырааттамасы Эсептөө палатасынын ишин ишке ашыруу үчүн тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган кызматкерлердин штаттык санынын чегинде Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан бекитилет.".
9. Ошондой эле конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 5-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"5. Эсептөө палатасы мыйзамдарда белгиленген тартипте ведомстволук бөлүмдөрдү түзүүгө укуктуу, аларды уюштуруу жана ишинин тартиби Эсептөө палатасынын ишин ишке ашыруу үчүн тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын Президенти аныктоочу кызматкерлердин штаттык санынын чегинде тийиштүү жоболор менен аныкталат.".
10. Буга байланыштуу Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары ченемдик укуктук актылар менен белгилендиктен, конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"2) Эсептөө палатасынын кызматкерлерин материалдык дем берүү шарттарын бекитилген бюджеттин чегинде белгилейт.".
Демек, конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоо зарыл:
"Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары Эсептөө палатасы үчүн бекитилген бюджеттин чегинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.".
11. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 15-пунктунда "кредиттерди" деген сөздү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык "бюджеттик каражаттарды" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
12. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 2-бөлүгү менен Эсептөө палатасынын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарга да ээ боло алат деп белгилөө сунушталат.
Сунушталган жоболор потенциалдуу түрдө коррупциялык болуп саналат, анткени тийиштүү субъекттерге ченемдик жактан бекитилген критерийлерсиз эле тизмеги белгиленбеген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга укук берет.
Ушуга байланыштуу Эсептөө палатасынын төрагасынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон ыйгарым укуктардын толук тизмегин аныктоо зарыл, же болбосо башка ыйгарым укуктары кайсы ченемдик укуктук актыда караларын көрсөтүү зарыл.
13. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 4-бөлүгүнүн 10-пункту менен Эсептөө палатасынын төрагасынын ыйгарым укуктары каза болгон учурунда, же болбосо аны соттун чечими менен дайынсыз жоголгонун же каза болгонун таануу жөнүндөгү соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген учурда токтотулат деп белгилөө сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 80-беренесине ылайык эгерде жашаган жеринде үч жыл бою турган орду жөнүндө маалымат болбосо, ал эми алты ай бою ал өлүм коркунучундагы же белгилүү бир кырсыктан улам аны курман болду деп эсептөө негиз болгон шарттарда кабарсыз болсо, анда сот тарабынан ал өлдү деп жарыяланышы мүмкүн.
Башкача айтканда, эгер адам тиешелүү жагдайларда жоголсо, анда сот мындай адамды "каза болду" деп тааныйт.
Ушуга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 4-бөлүгүнүн 10-пунктундагы "дайынсыз жоголгон же" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Ушул сыяктуу сын пикирлер конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 9-пункту боюнчада бар.
14. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 5-бөлүгү, ошондой эле 20-беренесинин 5-бөлүгү боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз:
Соттун жана жазык сот өндүрүшүн ишке ашыруучу органдардын мыйзамсыз иш-аракетинен улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча өндүрүш, реабилитациялоого укуктун келип чыгуусунун негиздери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси менен регламенттелет.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 136-беренесине ылайык реабилитацияланганга мүлктүк зыяндын ордун толтуруу жазык куугунтуктун натыйжасында ал ажыраган эмгек акыны, пенсияны, жөлөк пулду, башка каражаттарды камтыйт.
Демек, мүлктүк зыяндын ордун толтуруу белгиленген тартипте жазыктык куугунтуктоо токтотулган же акталган адамды реабилитациялоо укугун тааныгандан кийин, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун актысынын негизинде жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу, мыйзамдын долбоорунун бул ченемдери Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарынын жогоруда аталган талаптарына каршы келет, ошондуктан конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 5-бөлүгүн, ошондой эле 20-беренесинин 5-бөлүгүн алып салууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
15. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин 3-бөлүгү менен Эсептөө палатасынын аудитору өзүнүн мыйзамсыз аракеттери же аракетсиздиги үчүн тартиптик, административдик жана жазык жоопкерчилигин тартат деп белгилөө сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген күндөн баштап Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси күчүн жоготкондугун белгилей кетүү керек.
Ушуга байланыштуу административдик жоопкерчилик деген түшүнүктү тактоону сунуштайбыз.
16. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин 2-бөлүгүндө конкурсту өткөрүүнүн жана мамлекеттик кызматты өтөөнүн тартиби, шарттары Эсептөө палатасы тарабынан аныкталаарын белгилөө сунушталган.
Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөнүн тартиби "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынаарын белгилей кетүү зарыл.
Ошону менен бирге аудит жаатында кесиптик адистерди тандоо максатында конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"2. Аудит жаатындагы кызматчылар үчүн конкурс өткөрүүнүн кошумча шарттарын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.".
17. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 40-беренесинин 4-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна киргизилгенге чейин бир айдан кем эмес мөөнөттө кароо үчүн кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө жактырылган мыйзам долбоорун Эсептөө палатасына жибере тургандыгын белгилөө сунушталат.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинде мыйзам чыгаруу демилге укугуна ээ болгон субъекттердин тизмеси аныкталган, алардын катарына Министрлер Кабинети кирбейт. Мыйзамдын долбоорун жактыруу жана аны Жогорку Кеңешке киргизүү бир эле учурда жүргүзүлөт.
Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн жоболорду Конституциянын 85-беренесине шайкеш келүүсүн кайра кароону сунуш кылабыз.
18. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 46-беренесин алып салуу зарыл деп эсептейбиз, анткени Эсептөө палатасынын кызматчыларынын кызмат өтөө мезгилинде өмүрүн жана ден соолугун медициналык камсыздандыруу милдеттүү медициналык камсыздандыруу аркылуу ишке ашырылат.
19. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 49-беренесинин 2-бөлүгү алып салынсын, анткени Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарыл болгондо, ага тийиштүү түзөтүүлөрдү кабыл алганга чейин, карамагына бюджеттик мыйзамдар маселеси кирүүчү Жогорку Кеңештин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча аткарылат.
20. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 49-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "30" деген цифраны "15" деген цифрага алмаштырууну сунуштайбыз, анткени фонддун өлчөмүн Эсептөө палатасын күтүүгө чыгымдардын суммасынан 30 пайызга чейин көбөйтүү мамлекеттик карызды төлөө зарылчылыгына байланышкан республикадагы татаал экономикалык абалга, бюджеттин тартыштыгын кыскартууга, COVID-19га байланышкан республикадагы олуттуу кырдаалга байланыштуу республикалык бюджеттин чыгымдарынын көбөйүшүнө алып келет.
21. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 52-беренесинин экинчи абзацына ылайык көз карандысыз аудиторду тандоо мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык конкурстук негизде ишке ашырылат жана Эсептөө палатасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык мамлекеттик сатып алуулар - сатып алуучу уюм тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген усулдар аркылуу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай каржылоо менен сатып алуу.
Ушуга байланыштуу, конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 52-беренесинин экинчи абзацындагы "конкурстук негизде" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
22. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 53-беренесинин 3-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү тапшыруу сунушталат:
1) мыйзамдык актыларды ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды даярдоо жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү;
2) конституциялык Мыйзамды ишке ашырууну камсыздаган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу.
Бирок, мыйзам долбоорунун жогоруда аталган беренесинин 1-бөлүгүндө Мыйзам ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кире тургандыгын белгилөө сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге, каралган конституциялык Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалымат мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылган эмес.
Ушуга байланыштуу Мыйзам менен мыйзамдык актылардын ортосундагы укуктук боштукту четтетүү максатында мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн кайра карап чыгуу зарыл.
23. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 53-беренесинин 4-бөлүгү менен Эсептөө палатасына ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап үч айлык мөөнөттө ушул конституциялык Мыйзамдын квалификациялык талаптарына ылайык кызматкерлердин ээлеген кызмат орду жөнүндө кадрдык маселелер боюнча иштерди уюштурууну тапшыруу сунушталат.
Мында, мыйзам долбоору менен Эсептөө палатасынын аудиторлоруна карата кесиптик ишинин мөөнөтүн 7 жылдан 9 жылга чейин көбөйтүү бөлүгүндө квалификациялык талаптар белгиленет. Ошондой эле аудиторлордун саны 9дан 3 аудиторго чейин кыскартылат.
Ошону менен бирге мыйзам долбоорунда чыгуу жөлөкпулун же компенсацияларды төлөөгө байланыштуу ченемдер белгиленген эмес. Ушуга байланыштуу бул маселени иштеп чыгууну сунуштайбыз.
24. Конституциялык мыйзам долбоорунун 53-беренесинин 5-бөлүгү менен Эсептөө палатасына Конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылат.
Ченем жаратуучу субъекттердин тизмеси "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде белгиленген, анын катарына Эсептөө палатасы кирбейт. Буга байланыштуу, долбоордун 53-беренесинин 5-бөлүгүндөгү "ченемдик" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
25. Жалпысынан конституциялык Мыйзамдын долбоорунун текстин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзамдык техника боюнча нускамага ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
26. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун оң жагын белгилей кетүү зарыл, анткени мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарынын суроо талабы боюнча анын ичинде ишкердик субъекттерине карата аудит жүргүзүү боюнча Эсептөө палатасынын функциясы каралган эмес. Алсак, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине)" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 124 Мыйзамы менен укук коргоо органдарынын суроо-талабы боюнча аудит жүргүзүү боюнча Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары алып салынган. Аталган оңдоолор Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке караштуу Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин 2020-жылдын 12-февралындагы № 1 сунуштамасынын негизинде кабыл алынган (Комитеттин жыйынынын 2020-жылдын 12-февралындагы № 1 протоколу).
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бул Корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.