ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 499 «Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2008-жылдын 8-сентябры № 499

 

Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы N 563-б буйругуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык компанияларынын рыноктук наркын белгилөө жана алардын инвестициялык жагымдуулугун көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Ведомстволор аралык комиссия:

- бир айдын ичинде 2008-жылдын IV кварталына жана 2009-жылдын I кварталына иш планын иштеп чыксын жана бекитсин;

- энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов