Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-сентябры № 162
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө", "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Урумкалиева Ч.Ч., Нурбаев А.М., Нурдинов Б.Н., Рыспаев К.Д., Бердиев А.Т., Атазов Ш.К., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Исмаилов У.Ч., Молдобекова Г.С., Турдумамбетов О.Ж., Жээнбеков А.Ш. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө", "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага | У. А. Марипов |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-июлундагы № 67 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө", "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Урумкалиева Ч.Ч., Нурбаев А.М., Нурдинов Б.Н., Рыспаев К.Д., Бердиев А.Т., Атазов Ш.К., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Исмаилов У.Ч., Молдобекова Г.С., Турдумамбетов О.Ж., Жээнбеков А.Ш. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө", "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Эгерде өлкөнүн аймагында төрөлгөн баланын ата-энеси этникалык кыргыздар болгон учурда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын төрөлгөндүгү боюнча алуу мүмкүндүгүн караган мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн өлкөнүн аймагында төрөлүшү негиз болуп саналат.
2. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-пунктунун "а" пунктчасын алып салууну сунуштайбыз, анткени кайрылмандар чет мамлекеттер тарабынан берилген документтерди бергенде алардын даярдалышынын легалдуулугун ырастоо зарыл, анын ичинде арыз ээлери тарабынан документтер чет тилде берилген учурда, аларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдериндеги котормолору тиркелүүгө тийиш, мында документтерди которгон котормочунун кол тамгасы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш (документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу 1961-жылдын 5-октябрындагы Гаага конвенциясына ылайык апостилдештирилүүгө тийиш, же болбосо, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 токтому менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого ылайык алар боюнча нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен консулдук мыйзамдаштыруу жүргүзүлүүгө тийиш).
3. "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, этникалык кыргыз - бул чет өлкөнүн жарандыгына ээ кыргыз улутундагы адам же жарандыгы жок кыргыз улутундагы адам.
Аталган Мыйзамдын 1-беренесине ылайык кайрылман - чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам болуп саналган, Кыргыз Республикасына ыктыярдуу түрдө көчүп келүүчү жана кайрылман статусун алган этникалык кыргыз. Кайрылман статусу - Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейинки убактылуу укуктук статус.
Ошого ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө этникалык кыргыздар болуп саналган адамдардын чет мамлекеттин жараны катары же жарандыгы жок адамдар катары алардын статусун ырастоочу документтери болууга тийиш.
Жазылганды эске алып, мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-пунктунун "в" пунктчасын алып салууну сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 3-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылган.
Муну менен "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилип жаткан долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш деп белгилейбиз.
Ошону менен бирге, мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катта каралып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин ылайык келтирүү зарыл болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат жок.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катты ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү актыларын иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө маалыматтар менен толуктоону сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлгөндүгүн маалымат иретинде билдиребиз.
Аталган буйруктун 2-пунктуна ылайык ведомстволор аралык эксперттик топко укук тармактары боюнча Кыргыз Республикасынын кабыл алынган концепцияларынын, стратегияларынын, программаларынын жана мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук, предметти жөнгө салуунун жетиштүүлүгү, укуктагы ички карама-каршылыктарды жана коллизияларды, боштуктарды жоюу принциптерине шайкеш келүүсүнө инвентаризация жүргүзүү тапшырылган.
Ошондуктан көпчүлүк мыйзамдар, тактап айтканда аталган мыйзам долбооруна ылайык өзгөртүүлөр киргизилүүчү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун ишинин алкагында кайра каралат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, сунушталып жаткан мыйзам долбоору ушул корутундуда баяндалган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыгууну талап кыларын белгилейбиз.