Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 39 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүүнүн жана аткаруунун тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мындан ары - мамлекеттик колледждер) чыгымдарын каржылоо механизмин аныктайт.
2. Мамлекеттик колледждердин чыгымдар сметаларын түзүү, бекитүү жана аткаруу мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан бекитилген формалар боюнча аныкталат.
2-глава. Мамлекеттик колледждерди бюджеттик каржылоонун көлөмдөрүн түзүү
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги адистиктер боюнча студенттердин санына жана бир студентке карата мамлекеттик колледждерди бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерине (мындан ары - чыгымдардын ченеми) ылайык ченемдик каржылоого өткөрүлгөн мамлекеттик колледждердин бюджеттик чыгымдарын аныктайт.
4. Мамлекеттик колледждердин келерки жылга карата чыгымдар сметасын түзүү үчүн пландалган мезгилдин башына карата студенттердин болуусун жана жыл ичинде кабыл алуу, бүтүрүп чыгаруу жана айрым студенттердин окутуу мөөнөтү аяктаганга чейин окуудан кетүүсүнө байланыштуу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен студенттердин орточо жылдык саны эсептелет. Бул көрсөткүчтөр жеке жактар түрүндө алынат.
Студенттердин орточо жылдык санын эсептөөнүн мисалы:
- жылдын башына карата студенттердин иш жүзүндөгү саны - 200 адам;
- 1-сентябрдан баштап студенттерди кабыл алуу - 100 адам;
- 1-июлдан баштап студенттерди бүтүрүп чыгаруу - 80 адам.
Жылдын башына карата жеке жактар түрүндө аныкталган студенттердин иш жүзүндөгү саны орточо жылдык санга барабар деп кабыл алынат.
Студенттерди кабыл алуунун орточо жылдык саны окуу жылы 1-сентябрдан башталгандыгын эске алуу менен аныкталат, башкача айтканда студенттер учурдагы жылда 4 ай окушат жана студенттердин физикалык санын 100 адам деп кабыл алууда, орточо жылдык кабыл алуу 33 студентти түзөт (100 адам х 4 ай : 12 ай).
Студенттерди бүтүрүп чыгаруунун орточо жылдык санын аныктоо алар жыл ичинде окубаган убакыттын узактыгына жараша жүргүзүлөт. Студенттердин физикалык саны 80 адам болгон учурда орточо жылдык бүтүрүп чыгаруу 40 студентти түзөт (80 адам х 6 ай : 12 ай).
Ошентип, бул мисалда студенттердин орточо жылдык саны төмөнкүнү түзөт:
- жылдын башына карата студенттердин иш жүзүндөгү саны: 200 адам;
- 1-сентябрдан баштап студенттерди орточо жылдык кабыл алуу: +33 адам;
- 1-июлдан баштап студенттерди орточо жылдык бүтүрүп чыгаруу: 40 адам;
- студенттердин орточо жылдык саны: 193 студент.
5. Мамлекеттик колледждер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине пландалуучу жылдын 1-январына карата адистиктер боюнча колледжде окуган студенттердин саны; 1-сентябрдан баштап студенттерди күтүлүүчү кабыл алуу жөнүндө; пландалуучу жылдын 1-июлунан баштап студенттерди бүтүрүп чыгаруу жөнүндө маалыматтарды беришет.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик колледждердин адистиктер боюнча студенттерди кабыл алуу планын Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү адистиктердин тизмесине ылайык белгилейт.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик колледждердин келерки жылга чыгымдарынын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөөнү адистиктер боюнча студенттердин орточо жылдык санынын жана чыгымдардын ченеминин негизинде төмөнкү формула боюнча аныктайт:
,
мында:
Кi - i мамлекеттик колледж боюнча келерки жылга чыгымдардын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө.
7.1. КiБП i мамлекеттик колледж боюнча билим берүү процессине чыгымдардын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
БКЧjБП - келерки жылга j-адистиги боюнча мамлекеттик колледждердин билим берүү процессине чыгымдарынын ченеми;
ССj - j-адистиги боюнча мамлекеттик колледждин студенттеринин орточо жылдык саны;
КЖАТ - иштеп жаткан жатакана болгон учурда, жатакананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондуна чыгымдарды чагылдырган билим берүү процессине карата 1,08 жогорулатылган коэффициент;
БТАЗЧi - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик колледждердин кызматкерлеринин эмгек акысына бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштеген стажына үстөк акы;
БТАЗКi - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн мамлекеттик колледждердин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча төлөөлөрдүн коэффициенти.
7.2. КiБЧ - i мамлекеттик колледж боюнча билим берүү чөйрөсүнө чыгымдардын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
БКЧБЧ - келерки жылга жылытуунун түрлөрү боюнча мамлекеттик колледждердин билим берүү чөйрөсүнө чыгымдарынын ченеми;
СС - мамлекеттик колледждин студенттеринин орточо жылдык саны;
КЖОГ - Токмок агроэкономикалык колледжинин билим берүү чөйрөсүнө чыгымдардын ченемине карата 3,0 жогорулатылган коэффициент.
7.3. ТАМiЖЕТ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна ылайык жетим балдардын ичинен студенттердин тамактануусуна чыгымдар.
8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик колледждердин келерки жылга чыгымдардын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөөсүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинин жалпы долбооруна киргизет жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине берет.
9. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги келерки жылга республикалык бюджеттин долбоорунда мамлекеттик колледждердин чыгымдарын бюджеттик классификациянын тийиштүү беренесинде чагылдырылган жетим балдардын ичинен студенттердин тамактануусуна чыгымдардан тышкары, экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бир берене менен карайт.
3-глава. Мамлекеттик колледждердин бюджеттик каражаттары боюнча чыгымдар сметасын бекитүү
10. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик колледждерге келерки жылга бюджеттик каржылоонун жалпы контролдук көрсөткүчтөрүн бюджеттик классификациянын тийиштүү беренесинде чагылдырылган жетим балдардын ичинен студенттердин тамактануусуна чыгымдардан тышкары, экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бир сумма менен жеткирет.
11. Мамлекеттик колледждер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аныктаган жалпы чыгымдардын чегинде экономикалык классификациянын беренелери боюнча чыгымдар сметасын өз алдынча бөлүштүрүшөт жана бекитишет, аны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине маалымат иретинде беришет.
12. Мамлекеттик колледждер келерки жылга контролдук көрсөткүчтөрдү бөлүштүрүүдө эмгек акы төлөө фондуна студенттердин саны жана бир студентти каржылоонун типтүү ченемдери боюнча аныкталган жалпы чыгымдардын 75 пайызынан кем эмес бөлүгүн жумшашат.
13. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бюджеттик каражаттардын колдонулушун, эмгек акы жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча кредиттик карыздарга жол бербөөнү контролдойт.
14. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдар сметасын түзүүдө мамлекеттик колледждердин түзүмүн жана чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча пландалган иш-чаралар эске алынат.
15. Мамлекеттик колледждин жетекчиси жана башкы бухгалтери каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жана финансылык жылдын аягында кредиттик карыздарга жол бербөө үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
4-глава. Мамлекеттик колледждердин бюджетин тактоо
16. Чыгымдар сметасын тактоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
17. Чыгымдар сметасына өзгөртүүлөр төмөнкү себептер боюнча киргизилет:
1) бюджет бекитилгенден кийин жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга же колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу;
2) окуу жылынын башына карата топтордун санынын көбөйүшүнө (азайышына) алып келген студенттердин санынын көбөйүшүнө (азайышына) байланыштуу;
3) республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарынын максаттуу бөлүнүшүнө байланыштуу.
18. Студенттердин жана топтордун санынын өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттик колледждердин чыгымдар сметасын тактоо мамлекеттик колледждердин ортосунда бюджетти кайра бөлүштүрүү же кошумча каражат бөлүү аркылуу жүргүзүлөт.
5-глава. Мамлекеттик колледждердин бюджетин аткаруу
19. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан жаңы финансылык жылга каржылоо боюнча контролдук көрсөткүчтөр берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик колледждер боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү бөлүштүрөт.
20. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ай сайын ар бир мамлекеттик колледж үчүн кредиттерди өз-өзүнчө ачат. Мамлекеттик колледж бюджеттик каражаттарды алуучу болуп саналат.
21. Бөлүнүүчү каражаттардын суммасы аларга бюджетти аткаруу процессинде мыйзамдарда белгиленген тартипте киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жактырылган сметалардын чегинде болушу керек.
6-глава. Жогорку окуу жайларынын алдындагы өз алдынча бухгалтериялары жок мамлекеттик колледждерди каржылоонун өзгөчөлүктөрү
22. Жогорку окуу жайларынын алдындагы ченемдик каржылоо шарттарында иштеген, өз алдынча бухгалтериялары жок мамлекеттик колледждер (мындан ары - жождун алдындагы мамлекеттик колледждер) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "1S: Казна. Бюджет" маалыматтык системасында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги бекиткен казыналык жол-жоболорго ылайык республикалык бюджеттин каражаттарын эсепке алуу үчүн жеке бюджеттик, депозиттик жана атайын эсептерди ачууга;
2) чыгымдардын ченемдери боюнча аныкталган чыгымдардын чегинде мамлекеттик колледждин өз алдынча бухгалтериясын түзүүгө.
23. Мамлекеттик колледжди жождун бухгалтериясы келишимдик негизде тейлеген учурда мамлекеттик колледждин кирешелерин жана чыгымдарын эсепке алуу өзүнчө жүргүзүлөт жана эсепке алууда юридикалык жак статусу бар өз алдынча уюм катары чагылдырылат.
24. Жождордун алдындагы мамлекеттик колледждер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан келерки жылга аныкталган бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча контролдук көрсөткүчтөрдүн чегинде республикалык бюджеттин каражаттары боюнча чыгымдардын өзүнчө сметаларын түзүшөт.
25. Жождун алдындагы мамлекеттик колледждин чыгымдар сметалары жождун алдындагы мамлекеттик колледждин жетекчиси тарабынан бекитилет.
26. Бюджетти аткаруу процессинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги каражаттарды жождун алдындагы мамлекеттик колледждин эсебине өтүнмөгө ылайык которот.
27. Финансылык документтерди тариздөөдө биринчи кол коюу укугу жождун алдындагы мамлекеттик колледждин жетекчисине таандык болот.
28. Экинчи кол коюу укугу мамлекеттик колледжди тейлөөчү жождун бухгалтериясынын башкы бухгалтерине таандык болот.
29. Жождун алдындагы мамлекеттик колледждер отчетторду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген формалар боюнча жана мөөнөттөрдө беришет.
7-глава. Эсеп жана отчеттуулук
30. Оперативдүү жана бухгалтердик эсеп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
31. Республикалык бюджеттин каражаттары боюнча чыгымдар сметасын аткаруу жөнүндө отчет төмөнкүдөй түзүлөт:
1) студенттердин тамактануусуна чыгымдардан тышкары, отчеттук мезгил үчүн республикалык бюджеттен каржылоонун бекитилген планы бирдиктүү аккумуляциялык беренеде көрсөтүлөт, жетим балдардын ичинен студенттердин тамактануусуна бөлүнгөн каражаттардын өлчөмү бюджеттик классификациянын тиешелүү беренесинде көрсөтүлөт;
2) студенттердин тамактануусуна чыгымдардан тышкары, отчеттук мезгил үчүн республикалык бюджеттен каржылоонун такталган планы бирдиктүү аккумуляциялык беренеде көрсөтүлөт, студенттердин тамактануусуна бөлүнгөн каражаттардын өлчөмү бюджеттик классификациянын тиешелүү беренесинде көрсөтүлөт;
3) отчеттук мезгил үчүн республикалык бюджеттен каржылоонун суммасы бирдиктүү аккумуляциялык беренеде көрсөтүлөт, тамактанууга чыгымдарды каржылоонун суммасы бюджеттик классификациянын тиешелүү беренесинде көрсөтүлөт;
4) отчеттук мезгил үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан кассалык чыгымдардын суммасы экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бөлүү менен көрсөтүлөт;
5) отчеттук мезгил үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бөлүү менен көрсөтүлөт.
32. Мамлекеттик колледждер ай сайын казыналыктын региондук бөлүмүнө "Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдар сметасын аткаруу жөнүндө отчет" № 2 форма боюнча сметалык көрсөткүчтөр жана кассалык аткаруу бөлүгүндө "1S: Казна. Бюджет" автоматташтырылган казыналык системасында түзүлгөн отчеттор менен салыштырып текшерилген жана бирдей болгон отчетторду беришет.
33. Мамлекеттик колледждер квартал сайын финансылык жана бухгалтердик отчетторду ("Баланс", "Баланска тиркеме", "Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдар сметасын аткаруу жөнүндө отчет" № 2 форма, "Атайын каражаттар боюнча чыгымдар сметасын аткаруу жөнүндө отчет" № 4 форма) түзүшөт, аларды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине беришет.
34. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик колледждердин отчетторунун негизинде республикалык бюджеттин каражаттары боюнча жалпыланган отчетту түзөт жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине белгиленген мөөнөттө беришет.