Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-июлу № 77
Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясын жана Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясын жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелерине, кесиптик жамааттарга, кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кесиптик стандарттарды жана квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгууда методикалык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясы 1-тиркемеге ылайык;
- Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кесиптик стандарттарды жана квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгууда жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелерине жана башка кызыкдар уюмдарга Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясын жана Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясын жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Эмгек чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Методологияларды колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 23-июлундагы № 81 (3260) жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |