Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 77 токтомуна) |
Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясы
1. Жалпы жоболор
Кесиптик/эмгек ишмердүүлүгүнүн түрү - тектеш мүнөзгө, эмгектин жалпы натыйжаларына жана шарттарына ээ, жалпыланган эмгек функцияларынын жыйындысы.
Экономикалык иштин түрү - ишмердүүлүктүн түрлөрүн классификациялоонун кыйла бөлүнгөн категорияларын мүнөздөөчү продукттардын (товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн) бир тектүү топтомун алууну шарттаган процесс.
Кыргыз Республикасынын экономикалык иштеринин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору - Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарын классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Билимдер - иш же окуу жаатына байланыштуу фактылардын, принциптердин, теориялардын жана практикалардын жыйындысы. Билимдер теориялык жана/же фактологиялык мааниде баяндалат жана окутуу аркылуу маалыматты өздөштүрүүнүн натыйжасы болуп саналат.
Квалификация - мыйзамда белгиленген документтердин түрлөрү менен ырасталган, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон өздөштүрүлгөн билимдерди, көндүмдөрдү жана алынган тажрыйбаны таануу.
Компетенция - билимди, көндүмдү жана тажрыйбаны ар кандай кесиптик иш-аракеттерде колдоно билүү.
Компетенттүү иштин критерийлери - талаптарга жана ченемдерге ылайык белгилүү бир эмгектик функцияларды аткаруунун натыйжаларынын сыпаттамасы.
Жеке компетенциялар - конкреттүү турмуштук жана/же кесиптик кырдаалды кыйла натыйжалуу чечүүгө багытталган жүрүм-турум аракеттери.
Жөндөмдөр - бул автоматизмге чейин жеткирилген, жогорку сапаттагы эмгек функцияларын аткара билүү.
Кыргыз Республикасынын квалификацияларынын улуттук алкагы - бул улуттук квалификациялык чакан системаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыздоого багытталган жана квалификациялардын ылайык келүүсүн тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуучу критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөштүрүлгөн баяндамасы.
Жалпыланган эмгек функциясы - белгилүү бир өндүрүштүк, өндүрүштүк эмес же бизнес процессинде түзүлгөн өз ара байланышкан эмгек функцияларынын жыйындысы.
Кыргыз Республикасынын кесиптеринин жалпы республикалык классификатору - бул аталыштардын бирдейлигине жетишүүгө мүмкүндүк берген эмгек ишмердүүлүгүнүн түрлөрүнүн тутумдаштырылган тизмеси, калктын иштин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшүнө статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, иш менен камсыз кылуу саясатын иш жүзүнө ашыруу, аналитикалык изилдөөлөрдү жана салыштырууларды аткаруу, анын ичинде эл аралык аналитикалык изилдөөлөрдү жана салыштырууларды аткаруу максатында статистикалык эсептөөлөрдү уюштуруу.
Квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары - белгилүү тармактагы/сектордогу квалификациялардын мазмунун системалык жана түзүмдөштүрүлгөн деңгээлдери боюнча баяндамасы.
Тармак - бул өндүрүлүүчү продукциянын, өндүрүш технологиясынын, негизги фонддордун жана иштегендердин кесиптик көндүмдөрүнүн жалпылыгы менен мүнөздөлгөн ишканалар менен уюмдардын жыйындысы.
Кесиптик стандар - бул эмгектик функциялардын мазмунунун жана аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кызматкердин квалификациясына карата коюлган талаптардын мүнөздөмөсү.
Кесип - бул атайын даярдыктын натыйжасында алынган жана квалификациясы жөнүндө тиешелүү документтер менен тастыкталган белгилүү бир билимди, көндүмдөрдү жана практикалык жөндөмдөрдү талап кылган адамдын эмгек ишмердүүлүгүнүн негизги түрү.
Эмгек функциясы - бул кызматкерде аларды аткаруу үчүн зарыл болгон билимдердин, ыктардын жана тажрыйбанын болушун болжолдогон эмгек аракеттеринин белгилүү бир топтому.
Функциялык талдоо - бул функциялар аркылуу эмгектик ишти сыпаттоо.
1. Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 505 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 79-б буйругу менен бекитилген 2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан жана кесиптик стандартты иштеп чыгуу, эксперттик баалоо жана колдонууга киргизүү тартибин белгилейт.
2. Кесиптик стандарттын максаты - кесиптик/эмгек ишинин белгилүү бир түрүнүн эмгек функцияларын сапаттуу аткарууга талаптарды сүрөттөө болуп саналат. Кесиптик стандарт квалификациялардын улуттук системасынын компоненттеринин бири болуп саналат жана кадрларды баалоодо, сертификаттоодо, даярдоодо жана кайра даярдоодо колдонулат.
3. Кесиптик стандартты негизги колдонуучулар төмөнкүлөр болуп саналат:
- жумуш берүүчүлөр (уюмдардын, мекемелердин жетекчилери) - жумушка алууда, алардын ишине баа берүүдө, эмгекке акы төлөө системасын иштеп чыгууда, кадр саясатын жүргүзүүдө, кадрларды натыйжалуу башкарууда, кадрларды ротациялоодо, ошондой эле кызмат орундары боюнча функциялардын кайталанышына жол бербөө үчүн кызматкердин квалификациясынын шайкештигин аныктоочу негизги ченемдик документ катары. Кесиптик стандарт жумуш берүүчүлөр тарабынан квалификацияларды жогорулатуу программаларын түзүүдө колдонулушу мүмкүн;
- кызматкерлер - тармактагы кесипке коюлган талаптарды түшүнүү, өздөрүнүн квалификациясын жогорулатууну жана мансаптык өсүштү пландоо үчүн;
- тармактык кеңештер, жумуш берүүчүлөрдүн ассоциациялары, жумуш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелери - жаңы кесиптик стандартты иштеп чыгуу жана колдонуудагы кесиптик стандарттарды жаңылоо үчүн;
- сертификаттоо жана квалификацияны ыйгаруу жаатында иш жүргүзгөн уюмдар/борборлор - персоналды сертификаттоо үчүн баалоо материалдарын иштеп чыгуу жана кызматкерлердин квалификациясын сертификаттоо критерийлерин иштеп чыгуу үчүн;
- билим берүү системасынын адистери - мамлекеттик билим берүү стандарттарын, кесиптик негизги билим берүүчү даярдоо программаларын жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу үчүн (тармактар боюнча);
- тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - эмгек рыногунун саясатын иштеп чыгуу үчүн.
2. Кесиптик стандартты иштеп чыгууну уюштуруу тартиби
4. Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кесиптик стандартты иштеп чыгуу жана илгерилетүү боюнча ишти түздөн-түз координациялайт. Кесиптик стандартты иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн артыкчылыктуу тармактар бекитилген улуттук стратегиялык документтерге жана Кыргыз Республикасынын тармактык өнүгүү программаларына ылайык аныкталат.
5. Кесиптик стандартты иштеп чыгуулардын заказчысы тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жумуш берүүчүлөр жана өкмөттүк эмес уюмдар болушу мүмкүн.
6. Кесиптик стандарт тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, тармактык кеңештер, кесиптик бирликтер, жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелери тарабынан иштелип чыгышы мүмкүн.
Кесиптик стандартты иштеп чыгууга тармактык экcперттер, айрым кесиптердин кызматкерлери, жумуш берүүчүлөр, билим берүү системасынын, кесиптик бирликтердин, сертификаттоо жана квалификацияларды ыйгаруу боюнча иш жүргүзгөн органдардын/уюмдардын, изилдөө уюмдарынын өкүлдөрү, көз карандысыз экcперттер жана консультанттар тартылышы мүмкүн.
7. Кесиптик стандартты иштеп чыгууга жана баалоого байланыштуу чыгымдар заказчыга жүктөлөт.
8. Кесиптик стандарттын иштелип чыккан долбоору коомдук талкуулоо жол-жобосунан өтөт (тегерек столдор, кесиптик стандартты иштеп чыгуучулардын сайтына жайгаштыруу ж.б.).
3. Кесиптик стандартты баалоо жана бекитүү тартиби
9. Кесиптик стандартты көз карандысыз баалоо тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн эксперттик топ тарабынан жүргүзүлөт. Эксперттик топту түзүүнүн тартиби жана анын иштөө регламенти тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Эксперттик топтун курамына кесиптик бирликтин жана кесиптик стандарт арналган тармактын өкүлдөрү кириши керек. Кесиптик стандартты баалоого билим берүү системасынын өкүлдөрү катыша алышат. Кесиптик стандартты текшерүүгө катышкан экcперттердин саны, кесиптик стандартты иштеп чыгуучуларды кошпогондо, кесиби боюнча базалык билими, ошондой эле бул чөйрөдө үч жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар жумуш берүүчүлөрдүн арасынан 3 адамдан кем эмес курамда түзүлөт. Кесиптик стандартты баалоону өз убагында жүргүзүү жана анын объективдүүлүгү эксперттик топтун төрагасына жүктөлөт.
10. Кесиптик стандарттын долбоору иштеп чыгуучулар тарабынан электрондук жана кагаз түрүндө тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилиши керек. Эксперттик топ кесиптик стандарттын долбоордун 30 календардык күндүн ичинде анын түзүлүшүнүн жана таризделишинин кесиптик стандарттын макети менен шайкештигин төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:
- кесиптик стандарттын мазмуну каралып жаткан квалификация үчүн бардык зарыл талаптарды камтууга тийиш;
- каалаган колдонуучунун кабыл алуусун жеңилдетүү үчүн кесиптик стандартта ушул документте сунушталган бирдиктүү терминология, ошондой эле функциялык анализди иштеп чыгууда конкреттүү, түшүнүктүү аныктамалар колдонулушу керек;
- кесиптик стандарт Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерге жана эл аралык укуктун башка ченемдерине шайкеш келиши керек.
11. Сунушталган кесиптик стандарттын долбоору менен тиркелген макеттин ортосунда дал келбестиктер болгон учурда, тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аны иштеп чыгуучуларга жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарып берет.
12. Эксперттик топ кесиптик стандарттын долбооруна баалоо жүргүзөт жана корутунду түзөт (2-тиркеме). Эгерде кесиптик стандартты баалоо боюнча эксперттик топтун сын пикирлери бар болсо, иштеп чыгуучу бир айдын ичинде кесиптик стандарттын долбоорун жеткире иштеп чыгат жана кайрадан кароого киргизет.
13. Тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эксперттик оң корутундусу менен кошо кесиптик стандарттын долбоорун макулдашууга берет.
14. Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кесиптик стандарттын долбоорун эки жуманын ичинде карайт. Оң кароодон кийин ал тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайтарылат.
15. Кесиптик стандарттын долбоору тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу/тескемеси менен үч күндүк мөөнөттө бекитилет жана эки нускада эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоого жиберилет.
16. Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кесиптик стандарт каттоодон өткөндөн кийин бир жуманын ичинде тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга 1 нусканы жиберет.
17. Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үч жумушчу күндүн ичинде кесиптик стандартты реестрге киргизет жана өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат. Бекитилген кесиптик стандарт эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилди деп эсептелинет.
4. Уюмда кесиптик стандарттарды ишке киргизүүнүн жол-жобосу
18. Уюмдар кызмат орундарынын аталыштарын жана кесиптердин шайкештигин аныктоодо, өзүнүн кызматкерлерине карата кесиптик талаптарды белгилөөдө эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын реестрине киргизилген кесиптик стандартты жетекчиликке алышат.
19. Кесиптик стандартты ишке киргизүү жол-жобосунун этаптары:
- жумушчу топту түзүү жана кесиптик стандартты ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу;
- иш-чаралардын планын ишке ашыруу.
20. Жумушчу топту түзүү жана кесиптик стандартты ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жумушчу топтун курамы боюнча буйрук чыгарууну жана анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын аныктоону камтыйт. Топко эмгек боюнча адистер же штаттык ырааттаманы иштеп чыгууга жооптуу кызматкерлер, персоналды башкаруу боюнча адистер, юристтер, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кириши мүмкүн.
21. Жумушчу топ уюмдун ишмердигинин түрлөрүн эске алуу менен зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды изилдейт жана зарыл иш-чараларды, аларды жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн, жооптуу адамдарды жана кесиптик стандартты ишке киргизүү жол-жоболорун аткаруу критерийлерин караган кесиптик стандартты ишке киргизүү боюнча планды иштеп чыгат.
22. Иш-чаралар планын ишке ашыруу этабында аткаруучулар кесиптик стандарт кайсы кызмат орундары үчүн милдеттүү экендигин аныкташат, кызматкерлердин квалификациясынын кесиптик стандартка шайкештигин текшеришет жана уюмдун документтерине (штаттык таблица, кызматтык нускамалар, тарифтик торчо ж.б.) өзгөртүүлөрдү киргизишет. Кызмат орундарын аныктоо жана кызматкерлердин квалификациясынын шайкештигин текшерүү штаттык ырааттамада көрсөтүлгөн кызмат орундарын эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтындагы бекитилген кесиптик стандарттардын реестри менен салыштыруу аркылуу жүргүзүлөт. Кандайдыр бир айырмачылыктар аныкталса, анда аларды жумушчу топтун жыйналышынын протоколуна жазып коюу зарыл.
23. Кийинки кадам кызматтык нускамада билимине, стажына жана кызмат орундарынын аталышына коюлган талаптарды өзгөртүү болуп саналат. Эгерде кызматтык нускама эмгек келишиминин ажырагыс бөлүгү болсо, анда аны өзгөртүү эмгек келишимине кошумча макулдашуу тариздөө аркылуу кызматкердин макулдугу менен гана мүмкүн болот. Эмгек китепчесиндеги жана кызматкердин жеке карточкасындагы ээлеген кызмат ордунун өзгөртүлгөн аталышы жөнүндө жазууларды киргизүү керек.
24. Андан ары, штаттык ырааттамага (жаңы документти бекитүү же колдонуудагы штаттык ырааттамага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө буйрук чыгаруу) өзгөртүүлөр киргизилет. Бул этаптагы акыркы кадам - уюмдун укуктук актыларын шайкеш келтирүү болуп саналат. Ошентип, эмгегине акы төлөө жөнүндөгү жобо анда көрсөтүлгөн квалификациялык деңгээлдерди эске алуу менен акы төлөө системасын камтышы керек.
25. Кесиптик стандартты ишке киргизүүнүн жыйынтыктарын чыгаргандан кийин жумушчу топ тарабынан андан аркы иш-аракеттердин планы түзүлөт:
- кызматкерлердин кесиптик стандарттын талаптарына квалификациялык шайкештигин аныктоо үчүн зарыл болгон аттестациялоону/сертификаттоону уюштуруу;
- кесиптик стандартта белгиленген көндүмдөргө ээ болбогон кызматкерлерди окутуу;
- эмгек келишимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү же кызматкерлер менен кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүшү жана шарттары жөнүндө макулдашууларды түзүү.
5. Кесиптик стандартты иштеп чыгуунун тартиби
26. Кесиптик стандартты иштеп чыгуу жол-жобосу кесиптик иштин же кесиптин айкын бир түрүндө аткарылууга тийиш болгон функцияларды аныктоодон турган функциялык талдоо ыкмасына негизденет.
27. Кесиптик стандарттын долбоору кесиптик стандарттын макетине ылайык иштелип чыгат (1-тиркеме). Кесиптик стандарттын макетин тариздөөнүн үлгүсү 2-тиркемеде келтирилген.
28. Кесиптик стандарт төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтыйт:
- 1-бөлүм. Жалпы маалымат;
- 2-бөлүм. Эмгек функцияларынын тизмеги (кесиптик иштин түрүнүн функциялык картасы);
- 3-бөлүм. Эмгек функцияларынын сыпаттамасы;
- 4-бөлүм. Кесиптик стандартты иштеп чыгуучулар жөнүндө маалымат.
29. Кесиптик стандарттын аталышы атооч жөндөмөсүндөгү зат атооч менен берилген кесиптик стандарттын жалпыланган аталышы катары келтирилет (мисалы, маалыматтык системалар боюнча адис).
30. Каттоо номери эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кесиптик стандартты бекитүү учурунда толтурулат.
31. 1-бөлүм. "Жалпы маалыматтар" төмөнкүлөрдү камтыйт:
- 11-12 белгиден: бир же эки тамгалуу жана он сандык белгиден турган кесиптик стандарттын коду - XXXXYYYYZZZZ.
Мисалы, СВ1475330001:
XXXX - экономикалык иштин түрүнүн секциясы, чакан секциясы жана бөлүмү;
YYYY - Кесиптердин жалпы республикалык классификатору боюнча баштапкы топ;
ZZZZ - реестрдеги кесиптик стандарттын катар номери;
- Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторун (мындан ары - ЭИМК) жана Кесиптердин жалпы республикалык классификаторун (мындан ары - КЖРК) эске алуу менен аныкталуучу кесиптик иштин түрүнүн аталышы;
- кесиптик иштин бул түрү эмнеге багытталгандыгынын күтүлүүчү натыйжасын сыпаттаган кесиптик иштин түрүнүн негизги максаты;
- кесиптердин топтору - кесиптик стандарттын жалпыланган эмгек функциялары менен өз ара байланыштыгы КЖРКга ылайык бир же бир нече баштапкы топтордун аталыштарына ылайык (XXXX төрт белги) көрсөтүлөт. Эгерде маалымат жок болсо, графага сызыкча коюлат;
- экономикалык иштин түрлөрү менен өз ара байланыштыгы: ЭИМКга ылайык экономикалык иштин бир же бир нече чакан класстарынын (XX.XX.X), класстардын (XX.XX) же топтордун (XX.X) коду жана аталышы көрсөтүлөт.
32. 2-бөлүм. "Эмгек функцияларынын тизмеги (кесиптик иштин түрүнүн функциялык картасы)" эмгек функцияларынын таблица түрүндө сыпатталышын камтыйт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жалпыланган эмгек функциясынын коду менен аталышы жана квалификациясынын деңгээли. Код латын алфавитинин баш тамгасы түрүндө, алфавиттин биринчи тамгасынан баштап таризделет, ал эми квалификациялык деңгээл Кыргыз Республикасындагы Квалификациялардын улуттук алкактарынын деңгээлдеринин дескрипторлоруна ылайык аныкталат (мындан ары - КУА);
- эмгек функциясынын коду жана аталышы, квалификациясынын деңгээли. Кесиптик стандарттын эмгектик функциясынын коду - XXXXYYYYZZZZNV 14 белгиден турат. Эмгектик функциялар Квалификациялардын улуттук алкактарынын негизинде квалификациялардын деңгээли менен өз ара байланыштуу. Ар бир эмгек функциясы үчүн квалификациялардын деңгээлинин номери аныкталат.
Мисалы, СВ1431190001А1:
XXXX - ЭИМК түрүнүн секциясы, чакан секциясы жана бөлүмү;
YYYY - КЖРК боюнча баштапкы топ;
ZZZZ - реестрдеги кесиптик стандарттын катар номери;
N - жалпыланган эмгек функциясын тамга менен белгилөө;
V - эмгек функциясынын номери.
33. 3-бөлүм. "Эмгек функцияларынын сыпаттамасы" төмөнкүдөй параметрлер аркылуу эмгек функцияларынын сыпаттамасын камтыйт:
- жалпыланган эмгек функциясынын аталышы жана коду, бул маалыматтар 2-бөлүмдүн маалыматтары менен бирдей болууга тийиш;
- эмгек функциясынын аталышы жана коду, бул маалыматтар 2-бөлүмдөгү маалыматтар менен бирдей болушу керек;
- КУАга ылайык квалификациялардын деңгээлдери жана квалификациялардын тармактык алкактарынын деңгээлдери/деңгээлчелери, бул маалыматтар 2-бөлүмдөгү маалыматтар менен бирдей болушу керек;
- компетенттүү иштин критерийлери аларды өлчөөнүн так мүмкүнчүлүгү түзүлгөндөй сыпатталышы керек, бул үчүн сыпаттамада баалоочу сөздөр камтылууга тийиш;
- эмгек функциясын сапаттуу аткаруу үчүн талап кылынган зарыл билимдер: бул бөлүмдө ченемдик документтерде, анын ичинде техникалык документтерде аныкталган билимдер көрсөтүлүшү мүмкүн;
- иш-аракет кандайча жүзөгө ашырылышы керектигин көрсөтүүчү зарыл көндүмдөр;
- жеке компетенциялар: жеке компетенциялардын топтому кесиптик иштин чөйрөсүнө жараша өзгөрүп турат;
- жумушчу чөйрөнүн сыпаттамасы: өндүрүш чөйрөсүнүн жана эмгек процессинин факторлору, эмгек каражаттарынын жана эмгек предметтеринин өзгөчөлүгү;
- баалоого карата көрсөтмөлөр баалоонун критикалык элементтерин, баалоону жүзөгө ашыруу шарттарын, баалоо ыкмаларын камтууга тийиш.
34. 4-бөлүмдө таблица формасында кесиптик стандарттын иштеп чыгуучулары жөнүндө толук маалымат берилет, анда кесиптик стандартты иштеп чыгуучулардын аты-жөнү, кызматы, иштеп чыгуучу уюмдардын аталышы, кесиптик стандарттын иштелип чыккан күнү жана кесиптик стандарттын колдонуу мөөнөтү камтылат.
35. Кесиптик стандарттын колдонуу мөөнөтү иштеп чыгуучулар тарабынан тармактын өзгөчөлүгүнө жараша, бирок 5 жылдан ашпаган мөөнөткө белгиленет.
6. Кесиптик стандартты тариздөө
36. Кесиптик стандарт 14 өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифтин колдонуу менен ортолору бир саптык аралык менен таризделет.
37. Кесиптик стандарттын бөлүмдөрү, бөлүмдүн ичиндеги бөлүмчөлөр жана пункттар бир саптык аралык менен бөлүнөт.
38. Кесиптик стандарттын баракчасынын номерлери барактын ылдыйкы тилкесинин оң жагына коюлат.
39. Документтин ар бир барагынын тилкелеринин өлчөмү төмөнкүдөй болууга тийиш: сол жагы 3 см; оң, жогорку жана төмөнкү жагы - 2 см.
|
| Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясынын 1-тиркемеси |
Кесиптик стандарттын МАКЕТИ __________________________________________________________________________ (кесиптик стандарттын аталышы атооч жөндөмөсүндөгү зат атооч аркылуу берилет)
Каттоо номери ______________________________________________________________________
(кесиптик стандартты бекиткенден кийин аны реестрге киргизүү учурунда ыйгарылат)
1. Жалпы маалыматтар
1.1. Кесиптик стандарттын коду |
|
1.2. Кесиптик ишмердүүлүктүн түрү | Кесиптик ишмердүүлүктүн түрлөрү 5 деңгээлге (чакан класска) ылайык ЭИМК(1) боюнча аныкталат |
1.3. Кесиптик ишмердүүлүктүн түрүнүн негизги максаты |
|
1.4. КЖРК(2) боюнча кесиптер тобу (КЖРК боюнча баштапкы топ) | Кесиптер тобу КЖРКга ылайык кесиптердин жалпыланган эмгек функциялары менен өз ара байланыштуу бир же бир нече баштапкы топторунун аталышына (ХХХХ төрт белгиси) ылайык көрсөтүлөт. Маалымат жок болгон учурда графага сызыкча коюлат. |
1.5. ЭИМК менен өз ара байланыштыруу | Кесиптик ишмердүүлүктүн бул түрүн өз ара байланыштырууда ЭИМКга ылайык экономикалык иштин бир же бир нече чакан класстарынын (хх.хх.х), класстардын (хх.хх) же топторунун (хх.х) кодун жана аталышын көрсөтүү зарыл. |
(1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификатору.
(2) Кесиптердин жалпы республикалык классификатору (КЖРК 009-2019) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдын 6-майындагы № 10 токтому менен колдонууга киргизилген.
2. Эмгек функцияларынын тизмеги (кесиптик ишмердүүлүктүн түрүнүн функциялык картасы)
Коду | Жалпыланган эмгек функцияларынын аталышы | Квалификация деңглли | Эмгек функцияларынын аталышы | Коду | Квалификация деңгээли |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жалпы/өтмө функциялар: | |||||
3. Эмгек функцияларынын сыпаттамасы
3.1. Жалпыланган эмгек функциясынын коду жана аталышы | Латын алфавитинин баш тамгасы түрүндө, алфавиттин биринчи тамгасынан баштап таризделүүчү код |
3.1.1. Эмгек функцияларынын коду жана аталышы |
|
КУА боюнча деңгээли |
|
КТА деңгээли/деңгээлчеси |
|
Компететтүү иштин критерийлери |
|
Зарыл билимдер |
|
Зарыл көндүмдөр |
|
Жеке компетенциялар |
|
Жумушчу чөйрөнүн сыпаттамасы |
|
Баалоого карата көрсөткүчтөр |
|
4. КСты иштеп чыгуучулар жөнүндө маалымат
№ | Уюм | Кызмат орду | Аты-жөнү | Колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Иштеп чыккан күнү: |
|
| ||
Колдонуу мөөнөтү: |
|
| ||
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭИМК | - | Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификатору; |
КУА | - | Кыргыз Республикасынын квалификациялардын улуттук алкагы; |
КЖРК | - | кесиптердин жалпы республикалык классификатору; |
КТА | - | квалификациянын тармактык алкагы. |
|
| Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясынын 2-тиркемеси |
Кесиптик стандартты толтуруунун ҮЛГҮСҮ
Тигүү өндүрүшүнүн техник-технологу ______________________________________________________________________ (кесиптик стандарттын аталышы атооч жөндөмөсүндөгү зат атооч аркылуу берилет)
Каттоо номери _______________________________________________________________________
(кесиптик стандартты бекиткенден кийин, аны реестрге киргизүү учурунда ыйгарылат)
1. Жалпы маалымат
1.1. Кесиптик стандарттын коду | СВ1431190001 |
1.2. Кесиптик ишмердүүлүктүн түрү | 14.13.0. Башка сырткы кийимдерди өндүрүү |
1.3. Кесиптик ишмердүүлүктүн түрүнүн негизги максаты | Ар кандай ассортименттеги сапаттуу тигилген буюмдарды чыгарууну уюштуруу |
1.4. КЖРК( ) боюнча кесиптер тобу (КЖРК боюнча баштапкы топ) | 3119 - техниктер |
1.5. ЭИМК менен өз ара байланыштыгы | 14.1 - Аң териден жасалган кийимдерден тышкары кийим чыгаруу өндүрүшү. 14.11 - Булгаарыдан жасалган кийимдерди чыгаруу өндүрүшү 14.12 - Жумушчу кийимдерди чыгаруу өндүрүшү 14.13 - Башка сырткы кийимдерди чыгаруу өндүрүшү 14.19 - Ич кийимдерди чыгаруу өндүрүшү |
(1) Кесиптердин жалпы республикалык классификатору (КЖРК 009-2019) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдын 6-майындагы № 10 токтому менен күчүнө киргизилген.
2. Эмгек функцияларынын тизмеги (кесиптик ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн функциялык картасы)
Коду | Жалпыланган эмгек функцияларынын аталышы | Квалификациялардын деңгээли | Эмгек функцияларынын аталышы | Коду | Квалификациялардын деңгээли |
А | Тигүү өндүрүшүндө технологиялык процесстерди даярдоо жана уюштуруу | 5 | Массалык тигүү өндүрүшүндө технологиялык процесстерди даярдоо | А.1 | 5 |
Тигүү өндүрүшүнүн адистештирилген бөлүмчөлөрүнүн ишин уюштуруу | А.2 | 5 | |||
Тигүү өндүрүшүнүн өндүрүштүк участокторунда персоналды башкаруу боюнча ишти уюштуруу | А.3 | 5 | |||
| Үзгүлтүксүз линияларда тигилүүчү буюмдарды даярдоо (массалык өндүрүш) | 5 | Чыгарылуучу продукциянын сапатына техникалык контролду жүзөгө ашыруу | Б.1 | 5 |
Өндүрүш участокторунда коопсуздук техникасын, өрт коопсуздугун жана эмгекти коргоону сактоо | Б.2 | 5 | |||
Жалпы/өтмө функциялар: - башка кызматкерлер менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү, кесиптик баарлашуу этикасын сактоо; - өз ишин уюштуруу; - технологиялык процесстердин жана өнөр жай коопсуздугунун чараларынын талаптарын сактоо; - өз ыйгарым укуктарынын чектеринде чечимдерди кабыл алуу | |||||
3. Эмгек функцияларынын сыпаттамасы
3.1. Жалпыланган эмгек функциясынын коду жана аталышы | А. Тигүү өндүрүшүндө технологиялык процесстерди даярдоо жана уюштуруу |
3.1.1. Эмгек функцияларынын коду жана аталышы | СВ1431190001А1 - Массалык тигүү өндүрүшүндө технологиялык процесстерди даярдоо |
КУА боюнча деңгээли | 5 |
КУА деңгээли/деңгээлчеси | - |
Компетенттүү иштин критерийлери | 1. Буюмдарды жасап чыгаруунун техникалык шарттарына ылайык тигилген кийимдерди иштеп чыгуунун сарамжалдуу ыкмаларын жана технологиялык режимдерин тандоо. 2. Жумуштарды аткаруу тартибин, тигилген кийимдердин деталдарын иштеп чыгуунун жана чогултуунун ар бир операциясынын жүрүшүн белгилейт. 3. Жабдууларды, техникалык жабдууларды жайгаштыруу жана жумуш орундарын уюштуруу пландарын түзөт, өндүрүш кубаттуулугун жана жабдууларды иштетүү жүктөмүн эсептеп чыгат. 4. Убакыттын (өндүрүштүн) техникалык жактан негизделген ченемдерин иштеп чыгууга, буюмдардын конструкцияларын жөнөкөйлөтүүнү иштеп чыгууга катышат |
Керектүү билимдер | - тигүү өндүрүшүнүн жабдуулары; - ар кандай ассортименттеги тигилген кийимдерди тикме ыкмалары; - конструктордук жана технологиялык документтерди окуу эрежелери; - тигүү буюмдарын жасап чыгаруу стандарттары; - бир жумушчу үчүн аянттын санитардык ченемдери; - эмгекти коргоо, өндүрүштүк санитария жана өрт коопсуздугу боюнча эрежелер; - операцияларды аткарууга жумуш убактысын ченемдештирүү усулдары |
Керектүү көндүмдөр | - тигилүүчү буюмдарды тигүүнүн технологиялык ырааттуулугун түзүү; - белгиленген үлгүдөгү техникалык документтерди жүргүзүү; - санитардык жана өндүрүштүк ченемдерди эске алуу менен тигүү өндүрүшүнүн технологиялык жүрүшүнө карата жумушчу орундарды жайгаштырылышын уюштуруу; - технологиялык операцияларды аткарууга убакыттын ченемдерин эсептеп чыгаруу; - конструктордук жана технологиялык документтерди окуп чыгуу |
Жеке компетенциялар | Колдоо кызматтары менен байланышуунун негизги багыттарын билүү (баш ийүү түзүмү боюнча) жана иш процессинин бардык катышуучулары үчүн түшүнүктүү болгон терминологияны колдонуу. Иш процесстеринин башка катышуучулары менен натыйжалуу өз ара аракеттенип, уюштуруу жана технологиялык маселелерди чечүүдө аларга колдоо көрсөтүү. Иш процесстерин аткаруу үчүн баарлашуунун ар кандай ыкмаларын колдонуу. Иш процесстерине талдоо жүргүзүүнү, көйгөйлөрдүн себептерин жана кесепеттерин аныктоо, ошондой эле аларды чечүү жолдорун сунуштоо жөндөмү |
Жумушчу чөйрөнүн сыпаттамасы | Жумуш чөйрөсү төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн: - өндүрүштүк цехтерди жана тигүү жабдууларынын ар кандай түрлөрүн; - тигилген буюмдардын конструктивдүү жана технологиялык чечимдеринин ар кандай түрлөрүн; - ченемдик-техникалык, конструктордук жана технологиялык документтерди; - ишкананын конструктордук кызматы жана тигүү жүрүшүнүн нугунун жумушчулары менен өз ара аракеттенүү |
Баалоого карата көрсөткүчтөр | Бул бирдик боюнча компетенттүүлүгүнүн далилдери жумуш ордунда жүргүзүлүүчү операцияларга тиешелүү болушу керек, критерийлерге жооп берүүгө жана төмөнкүлөргө байланыштуу көндүмдөрдү жана билимди өздөштүрүүнүн күбөлүгүн камтууга тийиш: - технологиялык процесстерди уюштуруу боюнча талаптарды, жол-жоболорду жана нускамаларды; - технологиялык операцияларды аткаруу убактысын негиздүү эсептөөнү; - тармактык стандарттарды эске алуу менен продукцияны кайра иштетүүнүн технологиялык ырааттуулугун иштеп чыгууну. Баалоо процесстеринин негизги аспектилерин, анын ичинде тапшырмаларды аткаруу жөндөмдөрүн, күтүлбөгөн тобокелдиктерди жана жагдайларды контролдоону камтууга мүмкүнчүлүк берген шартта моделдөө чөйрөсүндө жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул бирдик стандарттын башка бирдиктери менен бир пакетте бааланат. Баалоо стратегиясы талап кылынган билимдерди жана көндүмдөрдү баалоого жана аларды төмөнкүдөй баалоо усулдарынын бир нечесин колдонуп, аларды иш жүзүндө пайдаланууга багытталышы керек: - талапкердин керектүү билимдерин жазуу жүзүндө жана/же оозеки баа берүү; - талапкердин компетенттүүлүгү жөнүндө байкалуучу, документ менен ырасталган жана/же документтештирилген далилдери (мурунку иш берүүчүлөрдөн); - талап кылынган натыйжаларга коопсуз жана натыйжалуу жетишүү үчүн тиешелүү иш процесстерин жана усулдарын колдонулушун көрсөтүү |
4. Кесиптик стандартты иштеп чыгуучулар жөнүндө маалымат
№ | Уюм | Кызмат орду | Аты-жөнү | Колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Иштеп чыккан күнү: |
|
| ||
Колдонуу мөөнөтү: |
|
| ||
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭИМК | - | Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификатору; |
КУА | - | Кыргыз Республикасынын квалификациялардын улуттук алкагы; |
КЖРК | - | кесиптердин жалпы республикалык классификатору; |
КТА | - | квалификациянын тармактык алкагы. |
|
| Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясынын 3-тиркемеси |
Кесиптик стандарттын долбооруна карата эксперттик топтун корутундусунун ФОРМАСЫ
"_____________________________________________________________" кесиптик стандарттын аталышы
1. Кесиптик стандарт иштелип чыккан квалификация Кесиптердин жалпы республикалык классификатору тарабынан каралган:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Баалоону негиздөө:
| ||
2. Сунуш кылынган квалификацияны киргизүү Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун учурдагы жана (же) келечектеги муктаждыктарына негизделет:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Баалоону негиздөө:
| ||
3. Кесиптик стандарттын түзүмү кесиптик стандарттын макетине ылайык келет:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда(1) негиздөө(2):
| ||
4. Кесиптик иш жааты туура аныкталган:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
5. Кесиптик иш жаатынын негизги максаты туура аныкталган:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
6. Эмгек ишмердүүлүктүн түрү туура аныкталды:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
7. Эмгек функциялары туура аныкталды:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
8. Эмгек функцияларынын компоненттери туура аныкталган:
8.1.1. Аткаруу критерийлери:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
8.1.2. Зарыл билимдер:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
8.1.3. Зарыл көндүмдөр:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
8.1.4. Баалоого карата талаптар:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
8.1.5. Жумушчу чөйрө:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
9. Жеке компетенциялар туура аныкталган:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
10. Жалпы кесиптик билим туура аныкталган:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
11. Жалпы кесиптик жөндөмдөр туура аныкталган:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
12. Жеке компетенцияларды баалоо усулдары туура аныкталган:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
13. Кесиптик терминология жагын алып караганда текстте каталар жана (же) так эместиктер жок:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
14. Кесиптик стандарт долбооруна тиркелген түшүндүрмө катында кесиптик стандарт долбоорун иштеп чыгуу жол-жобосу толук сыпатталып берилет:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
15. Кесиптик стандарт долбоору талкууланды жана төмөнкү кызыкдар тараптар менен макулдашылды:
1) ___________________________________________________________________________
2) ___________________________________________________________________________
3) ___________________________________________________________________________
4) ___________________________________________________________________________(3)
Түшүндүрмөлөр (зарыл учурда)(4):
|
16. Коомдук талкуулоонун натыйжалары жетиштүү деңгээлде эске алынды же негиздүү эске алынган жок:
Ооба ⎕ |
| Жок ⎕ | |
| Терс баа берилген учурда негиздөө:
| ||
17. Эксперттик комиссия кесиптик стандарт долбоорун бекитүүгө сунуштайт:
Ооба ⎕ | Жеткире иштеп чыккандан кийин ⎕ | Жок ⎕ | |
| Баш тартууну негиздөө: же жеткире иштеп чыгуу боюнча сунуштар: | ||
Эксперттик топтун төрагасы
_____________________________________________________________________________________ Аты-жөнү |
| |
| ________________________________ колу |
|
Эксперттик топтун мүчөсү
_____________________________________________________________________________________ Аты-жөнү |
| |
| ________________________________ колу |
|
Эксперттик топтун мүчөсү
_____________________________________________________________________________________ Аты-жөнү |
| |
| ________________________________ колу |
|
Эксперттик топтун мүчөсү
_____________________________________________________________________________________ Аты-жөнү |
| |
| ________________________________ колу |
|
Эксперттик топтун мүчөсү
_____________________________________________________________________________________ Аты-жөнү |
| |
| ________________________________ колу |
|
Эксперттик топтун мүчөсү
_____________________________________________________________________________________ Аты-жөнү |
| |
| ________________________________ колу |
|
| Күнү: 202__-жылдын "___" ___________________ |
___________________________
(1) Бул жерде жана мындан ары: тийиштүү негиздемесиз терс баа көңүлгө алынбайт жана оң баа деп эсептелет.
(2) Бул жерде жана мындан ары: оң бааланганда башкалары өчүрүлөт.
(3) Зарыл учурда жаңы саптарды кошуңуз же керексиздерин өчүрүңүз.
(4) Түшүндүрүп берүү зарылчылыгы жок болгон учурда бардык талаачаны өчүрүңүз.