Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 77 токтомуна) |
Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуунун методологиясы
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын экономикалык иштеринин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору - Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарын классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Дескрипторлор - квалификациянын ар кандай деңгээлдери үчүн окутуунун натыйжаларынын жалпыланган түрүндө баяндалышы. Дескрипторлор системасы инварианттык болуп саналат, башкача айтканда, квалификацияларды салыштырууга жеңил болуучу белгилүү бир билим берүү контекстине байланыштырылган эмес.
Информалдуу окутуу - адамдын жумушуна, үй-бүлөдөгү жашоосуна же окутууда максаттар, узактыгы жана жардам маанисинде уюштурулбаган жана түзүмдөштүрүлбөгөн бош убактысын өткөрүүгө байланышкан анын күнүмдүк жашоосунун жүрүшүндө ишке ашырылуучу окутуу жана окутууда жардам берүү; окуучунун көз карашы боюнча атайын ниет коюлбаган болушу мүмкүн.
Формалдык эмес окутуу - окутуунун максаты жана узактык маанисинде жана окутуу учурунда жардам берүү, б.а. күнүмдүк эмгектенүү учурларында болуучу, окутуучу компонентти камтуучу, бирок билими жөнүндө документти берүү менен аяктабаган пландаштырылган иштин жүрүшүндө ишке ашырылуучу окутуу.
Билим - иш же окуу жаатына байланыштуу болгон фактылардын, принциптердин, теориялардын жана практикалардын жыйындысы. Билимдер теориялык жана/же фактологиялык мааниде баяндалат жана окутуу аркылуу маалыматты өздөштүрүүнүн натыйжасы болуп саналат.
Квалификация - мыйзамда белгиленген документтердин түрлөрү менен ырасталган, эмгек ишмердүүлүгүн иш жүзүнө ашыруу үчүн зарыл болгон өздөштүрүлгөн билимдерди, көндүмдөрдү жана алынган тажрыйбаны таануу.
Компетенция - билимди, көндүмдү жана тажрыйбаны ар кандай кесиптик иш-аракеттерде колдоно билүү.
Жеке компетенциялар - белгилүү бир турмуштук жана/же кесиптик кырдаалды кыйла натыйжалуу чечүүгө багытталган жүрүм-турум аракеттери.
Магистр - бул жогорку кесиптик билимдин квалификациялык деңгээли, ал аспирантурага жана (же) негизги докторантурага (PhD/адистешүүсү боюнча) окууга жана кесиптик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укук берет.
Жөндөмдөр - бул автоматизмге чейин жеткирилген, эмгек функцияларын сапаттуу аткара билүү.
Кыргыз Республикасынын квалификацияларынын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык чакан системаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыздоого багытталган жана квалификациялардын ылайык келүүсүн тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуучу критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөштүрүлгөн баяндамасы.
Кыргыз Республикасынын кесиптеринин жалпы республикалык классификатору - бул аталыштардын бирдейлигине жетишүүгө мүмкүндүк берген эмгек ишмердүүлүгүнүн түрлөрүнүн тутумдаштырылган тизмеси, калктын иштин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшүнө статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, иш менен камсыз кылуу саясатын иш жүзүнө ашыруу, аналитикалык изилдөөлөрдү жана салыштырууларды аткаруу, анын ичинде эл аралык аналитикалык изилдөөлөрдү жана салыштырууларды аткаруу максатында статистикалык эсептөөлөрдү уюштуруу.
Квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары - белгилүү тармактагы квалификациялардын мазмунун системалык жана түзүмдөштүрүлгөн деңгээлдери боюнча баяндамасы.
Тармак - бул өндүрүлүүчү продукциянын, көрсөтүлгөн кызматтардын жалпылыгы менен мүнөздөлгөн ишканалар менен уюмдардын мүнөзү боюнча жакын топтору.
Кесиптик стандарт - бул эмгектик функциялардын мазмунунун жана аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кызматкердин квалификациясына карата коюлган талаптардын мүнөздөмөсү.
Кесип - бул атайын даярдыктын натыйжасында алынган жана квалификациясы жөнүндө тиешелүү документтер менен тастыкталган белгилүү бир билимди, көндүмдөрдү жана практикалык жөндөмдөрдү талап кылган адамдын эмгек ишмердүүлүгүнүн негизги түрү.
Окутуунун натыйжалары - окуучунун окутуу аяктагандан кийин билет, түшүнөт жана жасай алат деп констатациялоо. Окутуунун натыйжалары жеке жетишкендиктерди, өзүнчө курсту, билим берүү программасынын/модулунун бөлүгүн же бүтүндөй билим берүү программасын ийгиликтүү аяктагандан кийин алынган жана көрсөтүлгөн жеке билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү көрсөтөт. Окутуунун натыйжалары баалоо критерийлерин камтыйт, алынган даражага карата минималдуу талаптарды чагылдырат. Окутуунун натыйжаларын милдеттерден жана максаттардан айырмалоо керек, анткени алар мугалимдин милдеттерине караганда окуучулардын жетишкендиктерине көбүрөөк байланыштуу. Ар бир квалификациялык деңгээлдеги окутуунун натыйжалары Улуттук квалификациялардын алкактарында чагылдырылат жана формалдуу, формалдуу эмес жана информалдуу окутуу аркылуу алынган натыйжаларды баалоо жана таануу үчүн негиз болуп саналат.
Адис - жогорку кесиптик билимдин квалификациялык деңгээли, ал аспирантурага жана (же) негизги докторантурага (PhD/адистешүүсү боюнча) окууга кабыл алууга жана кесиптик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укук берет.
Көндүмдөр - алган билимин практикада колдоно билүү.
Квалификациялык деңгээл - бул квалификациялык алкакта белгиленген жана сүрөттөлгөн кызматкерлердин компетенттүүлүгүнө коюлган талаптардын жыйындысы. Квалификациялык деңгээл билимдин, жөндөмдүн, жоопкерчиликтин жана өз алдынчалуулук параметрлери боюнча айырмаланат.
Формалдык билим берүү - максаттары, узактыгы жана окутууга көмөктөшүү багытында түзүлүп, билими жөнүндө документти берүү менен аяктаган билим.
1. Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 505 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 79-б буйругу менен бекитилген 2020-2021- жылдарга Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан жана Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу, эксперттик баалоо жана колдонууга киргизүү тартибин белгилейт.
2. Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясы терминдерди жана аныктамаларды, квалификациялык тармактык алкактарды иштеп чыгуу механизмдерин, аны баалоо жана бекитүү механизмдерин критерийлерин, ошондой эле анын квалификациялардын тармактык алкактарынын макетине ылайык таризделишине талаптарды камтыйт (1-тиркеме). Квалификациялардын тармактык алкактарын толтуруунун мисалы 2-тиркемеде келтирилген.
3. Квалификациялардын тармактык алкактары Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын элементтеринин бири болуп саналат. Квалификациялардын тармактык алкактарынын максаты - кызматкерлердин билимин, көндүмдөрүн жана жеке компетенцияларын квалификациялардын улуттук алкагынын (мындан ары - КУА) негизинде түзүлгөн квалификациясы менен корреляциялоо, ошондой эле тармактагы кесиптерди жана кызмат орундарын түзүү.
4. Квалификациялардын тармактык алкактары баяндалган квалификациялык деңгээлдер/чакан деңгээлдер кесиптик стандартта колдонулат.
5. Квалификациялардын тармактык алкактарынын колдонуучулары баардык кызыкдар тараптар болуп саналат (мисалы, жумуш берүүчүлөрдүн/кызматкерлердин бирикмелери, билим берүү органдары, уюмдар, тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ж.б.).
6. Квалификациялардын тармактык алкактары төмөнкүлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет:
1) тармактагы квалификациянын деңгээлин/чакан деңгээлинин жана алардын тармактар аралык байланыштарын;
2) деңгээлдердин дескрипторлорун (билим, жөндөм жана жеке компетенциялар);
3) квалификацияга жетүү жолдору;
4) сертификаттоо үчүн квалификацияларга талаптар;
5) адамдык ресурстарды өнүктүрүүнүн жаңы талаптары.
2. Квалификациялардын тармактык алкактарында ишти уюштуруу тартиби
7. Эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу жана илгерилетүү боюнча ишти түздөн-түз координациялайт.
8. Квалификациялардын тармактык алкактарын өнүктүрүүгө жана аны андан ары илгерилетүүгө кызыкдар тарап заказчы болуп саналат, заказчы квалификациялардын тармактык алкактарынын негизги талаптарын аныктайт, долбоорду каржылоону камсыз кылат. Заказчылар тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болушу мүмкүн.
9. Квалификациялардын тармактык алкактарын тармактык кеңештер, жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелери тарабынан иштелип чыгат, алар өз ишине адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана тиешелүү тармактын башка өкүлдөрүн тартууга укуктуу.
10. Квалификациялардын тармактык алкагында ишти уюштуруу төмөнкүдөй ырааттуулукта жүзөгө ашырылат:
1) тармакты өнүктүрүүнүн стратегиясын жана приоритеттерин, конкреттүү иш-аракеттердин өзгөчөлүктөрүн, кызматкерлердин квалификацияларына коюлуучу талаптар, кесиптик билим берүүнүн жана окутуунун программалары жана формалары жөнүндө билими бар адистерди, эксперттерди жана тиешелүү тармактын башка өкүлдөрүн тартуу менен квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү;
2) квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоору ушул Методологиянын 5-бөлүмүндө жана квалификациялардын тармактык алкактарынын макетинде каралган тартипке ылайык иштелип чыгат;
3) иштелип чыккан квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоору 30 күндүн аралыгында коомдук талкуулоо жол-жобосунан өтөт (тегерек столдор, квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуучулардын сайтына жайгаштырылат ж.б.);
4) талкуулоонун натыйжаларын эске алуу менен долбоорду жеткире иштеп чыгуу (зарылчылык болсо).
3. Квалификациялардын тармактык алкактарын баалоо тартиби
11. Квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоору иштеп чыгуучулар тарабынан тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук жана кагаз түрүндө берилиши керек. Квалификациялардын тармактык алкактарын баалоо тиешелүү тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн эксперттик топ тарабынан жүргүзүлөт. Эксперттик топту түзүүнүн тартиби жана анын иштөө регламенти тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Эксперттик топтун курамына квалификациялардын тармактык алкактары арналган тармактын өкүлдөрү жана тармактык кесиптик бирликтин өкүлдөрү (эгер бар болсо) кирет. Тармактын өкүлдөрү катары тармактын ишканалары жана кесиптик бирикмелер кирген бизнес ассоциациялар болушу мүмкүн. Квалификациялардын тармактык алкактарын баалоого билим берүү системасынын өкүлдөрү да катыша алышат. Квалификациялардын тармактык алкактарын баалоонун өз убагындалыгын жана объективдүүлүгү эксперттик топтун төрагасына жүктөлөт.
12. Эксперттик топ квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоору келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде анын түзүлүшүнүн жана таризделишинин квалификациялардын тармактык алкактарынын макетине шайкештигин, ошондой эле төмөнкү критерийлер боюнча баа берет:
1) квалификациялардын тармактык алкактарынын мазмуну квалификациялардын тармактык алкактарынын макетинде көрсөтүлгөн бардык зарыл талаптарды камтууга жана каралып жаткан тармактын өзгөчөлүктөрүн эске алууга тийиш;
2) маалыматка ээ колдонуучунун кабылдоосунун ыңгайлуулугу үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын кыска болушу керек, ушул Методологияда сунуш кылган терминология, ошондой эле түшүнүктүү аныктамалар колдонулушу керек;
3) квалификациялардын тармактык алкактары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкеш келиши керек.
13. Квалификациялардын тармактык алкактарынын сунушталган долбоору Макет менен дал келбеген учурда, тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгуучуларга аны жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарып берет. Эксперттик топ квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоорун кайрадан баалайт.
14. Квалификациялардын тармактык алкактарынын долбооруна оң баа берилген учурда, эксперттик топ корутунду чыгарат.
15. Квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоорунун заказчысы эксперттик топтун корутундусунун көчүрмөсү менен Квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоорун эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга өткөрүп берет.
4. Квалификациялардын тармактык алкактарын бекитүү тартиби
16. Эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эки жумалык мөөнөттө квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоорун Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин карайт. Түздөн-түз карама-каршылыктар жок болгон учурда, эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга корутунду берет.
17. Квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоору үч күндүк мөөнөттө тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет жана эки нускада эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоого жөнөтүлөт.
18. Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квалификациялардын тармактык алкактарын каттоодон кийин бир жуманын ичинде 1 нусканы тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
19. Эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үч жумушчу күндүн ичинде тармактык квалификациялык алкакты реестрге киргизет жана өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат. Бекитилген квалификациялардын тармактык алкактары эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу тартиби
20. Квалификациялардын тармактык алкагы Квалификациялардын тармактык алкактарынын макетине ылайык иштелип чыгат жана беш бөлүмдөн турат:
1) тармак жөнүндө жалпы маалымат;
2) тармактагы кызмат орундарынын, кесиптеринин тизмеси;
3) тармактык кызмат орундары жана кесиптери үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын түзүмү;
4) тармактар аралык кызматтар жана кесиптер үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын түзүмү;
5) иштеп чыгуучулар жөнүндө маалымат.
21. Тармак жөнүндө жалпы маалымат. Квалификациялардын тармактык алкактарынын бул бөлүмүндө төмөнкү пункттар көрсөтүлүшү керек:
1) квалификациялардын тармактык алкактарынын коду эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын реестрине киргизүү жана квалификациялардын тармактык алкактарын колдонууга, сактоого, издөөгө ыңгайлуу болушу үчүн талап кылынат. Код алфавиттик жана сандык белгилерден турат - XXXYYYZZZZ:
- XXX - бул квалификациялардын тармактык алкактарынын аббревиатурасы;
- YYY - реестрдеги квалификациялардын тармактык алкактарынын катар номери (ар бир квалификациялардын тармактык алкагына үч орундуу катар номери берилет);
- ZZZZ - экономикалык иштин түрүнүн секциясы, чакан секциясы жана бөлүмү.
1-мисал - КТА090QА86:
КТА - квалификациялардын тармактык алкагы;
КТА090 - реестрдеги квалификациялардын тармактык алкактарынын номери;
КТА090QА - Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторуна (мындан ары - ЭИМК) ылайык секция, чакан секция;
КТА090QА86 - ЭИМКдагы бөлүм - саламаттык сактоо.
2-мисал - КТА035А02:
КТА - квалификациялардын тармактык алкагы;
КТА035 - реестрдеги квалификациялардын тармактык алкактарынын номери;
КТА035А - ЭИМКга ылайык секция;
КТА035А02 - ЭИМКдагы бөлүм - токой чарбасы жана ушул чөйрөдөгү кызматтарды көрсөтүү;
2) тармактын аталышы ЭИМКга ылайык көрсөтүлөт;
3) тармактын негизги максатын түзүүдө анын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы эске алынат. Мисалы, саламаттык сактоо тармагы үчүн максат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо;
4) тармак ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан негизги ченемдик укуктук актылардын тизмесин тизмектөө зарыл.
22. Тармактын кызматтарынын, кесиптеринин тизмеси. Квалификациялардын тармактык алкактарынын бул бөлүмү төмөнкү максаттарда иштелип чыгат:
- Кыргыз Республикасынын кесиптеринин, кызматчылардын кызмат орундарынын жана тарифтик категорияларынын жалпы республикалык классификаторуна жана Жумуштардын жана жумушчулардын кесиптеринин бирдиктүү тарифтик-квалификациялык маалымдамасына ылайык тармакта болгон кесиптердин жана кызматкерлердин категориялары боюнча кызмат орундарын талдоо жана топтоо (мисалы, жогорку квалификациялык деңгээлдеги жетекчилер, адистер ж.б. категориялар).) жана КР УКА деңгээлдери боюнча.
- кызматтардын жана кесиптердин тармактык жана тармактар аралык топторун аныктоо.
Кызмат орундарын жана кесиптерин талдоо жана аныктоо үчүн Кесиптердин жалпы республикалык классификаторун (мындан ары - КЖРК), тармактын уюмдарынын штаттык ырааттамалары, кызматкерлердин кызматтык нускамалары ж.б. колдонсо болот.
23. Тармактык кызмат орундары жана кесиптер үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын түзүмү төмөнкү элементтерден турат:
1) квалификациялардын тармактык алкактарынын деңгээли - УКА деңгээлине ылайык аныкталат. Айрым тармактарда деңгээлдердин астындагы деңгээлдер болушу мүмкүн экендигин эске алуу керек. Мисалы, саламаттык сактоодо КР УКА 7 деңгээлинде 7.1 (адистер) жана 7.2 (ординаторлор) деңгээлдери бар. 7.1де эксперименталдык билим берүү программаларында же чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринде магистрдин диплому бар врачтар да кире алышат;
2) квалификациялардын тармактык алкактарынын макети үчүн УКАнын дескрипторлорунун тизмеси колдонулган: билим, жөндөм, жеке компетенциялар (1 - өз алдынчалуулук, 2 - жоопкерчилик, 3 - байланыш). Бул дескрипторлордун мазмуну тармактын өзгөчөлүктөрүн чагылдырышы керек;
3) "Кызматтардын аталышы" графасында ушул макеттин экинчи бөлүмүндөгү кызматтардын жана кесиптердин тизмеси колдонулат. Мындан тышкары, ар бир кесип квалификациялардын тармактык алкактарынын деңгээли менен байланыштуу болушу керек;
- УКА боюнча минималдуу квалификациялык деңгээлин аныктоо үчүн аталган кызмат орду жана кесип үчүн билим деңгээлин эске алуу керек;
- "Квалификациянын деңгээлине жетүү жолдору" графасында жогорулоонун жана квалификацияны жогорулатуунун мүмкүн болгон траекториялары жөнүндө маалыматтар келтирилген. Квалификациянын деңгээлине билимдин ар кандай түрлөрү (формалдык, формалдык эмес, информалдуу), иш тажрыйбасы ж.б. аркылуу жетишүүгө болот, мисалы, врач кызмат ордунда иштөө үчүн адистин жогорку кесиптик билими, ушул чөйрөдөгү иш тажрыйбасы жана квалификациясын жогорулатуу талап кылынат.
24. Жыйынтыктоочу бөлүгүндө квалификациялардын тармактык алкактарынын иштеп чыгуу жөнүндө толук маалымат таблица түрүндө берилет, ал иштеп чыгуучунун аталышын (тармактык кеңеш/кесиптик бирикме/бизнес ассоциациялар ж.б.), толук аты-жөнү, иштеп чыгуучулардын кызматы жана тармактык квалификациялык алкактын иштелип чыккан күнү жана квалификациялардын тармактык алкактарынын колдонуу мөөнөттөрүн камтыйт.
25. Квалификациялардын тармактык алкактарынын колдонуу мөөнөтү 5 жылга белгиленди. Тармактын өзгөчөлүктөрүнө жана зарылчылыкка жараша квалификациялардын тармактык алкактары көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда жаңыртылышы мүмкүн.
26. Квалификациялардын тармактык алкактарын тариздөө үчүн бирдиктүү таризди колдонуу керек:
- квалификациялардын тармактык алкактары 14 өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифтин колдонуу менен бир сап аралыктык интервал менен таризделет;
- квалификациялардын тармактык алкактарынын бөлүмдөрү, чакан бөлүмдөрү жана бөлүмдүн ичинде пункттар бир сап аралыктык интервал менен ажыратылат;
- тармактык кызмат орундары жана кесиптер үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын түзүлүшү альбомдук форматта таризделет;
- документтин ар бир барагынын тилкелеринин өлчөмү төмөнкүдөй болууга тийиш: сол жагы - 3 см; оң, жогорку жана төмөнкү жагы - 2 см;
- квалификациялардын тармактык алкактарынын барактарынын номерлери барактын төмөнкү тилкесинин оң жагына коюлушу керек.
|
| Квалификациялардын тармактык алкактарынын иштеп чыгуу методологиясынын 1-тиркемеси |
Квалификациялардын тармактык алкактарынын МАКЕТИ
1. Тармак жөнүндө жалпы маалымат
Квалификациялардын тармактык алкактарынын коду (экономикалык иштин түрүнүн секциясы, чакан секциясы, бөлүмү) |
|
Тармактын аталышы |
|
Тармактын негизги максаттары |
|
Алкагында тармактын иши жүргүзүлгөн негизги ченемдик укуктук актылардын тизмеси | 1. 2. |
2. Тармактагы кызмат орундардын, кесиптердин тизмеси
___________________________________________________________ (тармактын коду жана аталышы)
Жетекчилер | Жогорку квалификациялык деңгээлдеги адистер | Орто квалификациялык деңгээлдеги адистер | Документтерди даярдоо жана тариздөө, эсепке алуу жана тейлөө менен алектенген кызматчылар | Тармактын(1) кызматкерлеринин башка категориялары | Квалификациясы жок жумушчулар |
Тармактык кызмат орундары, кесиптер | |||||
|
|
|
|
|
|
Тармактар аралык кызмат орундар, кесиптер | |||||
|
|
|
|
|
|
(1) Тармактын кызматкерлеринин башка категориялары үчүн өзүнчө тилкелерди түзүү сунушталат.
3. Тармактык кызмат орундары жана кесиптер үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын түзүмү
__________________________________________________________________ (тармактын коду жана аталышы)
КТА деңгээли, чакан деңгээли | Билим | Жөндөмдөр | Жеке компетенциялар (өз алдынчалуулук, жоопкерчилик, баарлашуу) | Кызмат орундарынын аталышы | КУА үчүн минималдуу квалификациялык деңгээл | Квалификация деңгээлине жетүү жолдору |
|
|
|
|
|
|
|
4. Тармактар аралык кызмат орундар жана кесиптер үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын түзүмү
______________________________________________________________ (тармактын коду жана аталышы)
Квалификациялардын тармактык алкактарынын деңгээли, чакан деңгээли | Билим | Жөндөмдөр | Жеке компетенциялар (өз алдынчалуулук, жоопкерчилик, баарлашуу) | Кызмат орундарынын аталышы | КУА үчүн минималдуу квалификациялык деңгээл | Квалификация деңгээлине жетүү жолдору |
|
|
|
|
|
|
|
5. Квалификациялардын тармактык алкактарынын иштен чыгуучулары жөнүндө маалымат
Иштеп чыгуучунун аталышы (тармактык кеңеш/кесиптик бирикме/бизнес-ассоциациялар ж.б.) |
| |
Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу күнү: |
| |
Колдонуу мөөнөтү: |
| |
Иштеп чыгууга катышуучулар: | Аты-жөнү | Кызмат орду жана уюмдун аталышы |
Кыскартуулардын тизмеси:
КУА - квалификациялардын улуттук алкагы.
|
| Квалификациялардын тармактык алкактарынын иштеп чыгуу методологиясынын 2-тиркемеси |
Квалификациялардын тармактык алкактарынын МИСАЛЫ
1. Тармак жөнүндө жалпы маалымат
Квалификациялардын тармактык алкактарынын коду (экономикалык иштин түрүнүн секциясы, чакан секциясы жана бөлүмү) | КТА090QА86 |
Тармактын аталышы | Саламаттык сактоо |
Тармактын негизги максаттары | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын коргоо жана чыңдоо |
Алкагында тармактын иши жүргүзүлгөн негизги ченемдик укуктук актылардын тизмеси | 1. ОКЗ 2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2018-жылдын 30-майындагы № 387 "Медициналык жана фармацевтикалык адистиктердин номенклатурасын, кызмат орундарынын номенклатурасын жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жана фармацевтикалык кызмат орундарына шайкештиктин тизмесиң бекитүү жөнүндө" буйругу |
2. Тармактагы кызмат орундарынын, кесиптеринин тизмеси
________________________________________________________ (тармактын коду жана аталышы)
Жетекчилер | Эң жогорку квалификациялык деңгээлдеги адистер | Орто квалификациялык деңгээлдеги адистер | Документтерди даярдоо жана тариздөө, эсепке алуу жана тейлөө менен алектенген кызматчылар | тармактын(1) кызматкерлеринин башка категориялары | Квалификациялуу эмес жумушчулар |
Тармактык кызмат орундар, кесиптер | |||||
Оорукананын директору | Врачтар (адистик багыттар боюнча) | Медайым | Санитарка |
| Ооруларды тейлеген кенже медициналык кызматчы |
Башкы врач | Ординатор | Улук медайым | Тиш техник |
| Бала багуучу |
Бөлүм башчылары | Провизор | Фельдшер | Каттоочу |
|
|
Администратор | Башкы медайым | Лаборант |
|
|
|
Дарыкана директору | Статист | Ортодонт |
|
|
|
| Стоматолог | Фармацевт |
|
|
|
Тармактар аралык кызмат орундар, кесиптер | |||||
Системалык администратор | Башкы бухгалтер | Кассир | Электрик |
| Тазалоочу айым |
Ашкананын директору | Программист | Ашпозчу |
|
| Кароолчу |
Башкы энергетик |
| Бухгалтер | Комендант |
| Жүк ташыгыч |
|
|
| Кампачы |
| Идиш жуугуч |
|
|
|
|
| Прачка |
|
|
|
|
| Үтүктөөчү |
|
|
|
|
| Лифтер |
3. Тармактык кызмат орундары жана кесиптер үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын түзүмү
____________________________________________________________ (тармактын коду жана аталышы)
Квалификациялардын тармактык алкактын деңгээли, чакан деңгээл | Билим | Жөндөмдөр | Жеке компетенциялар (өз алдынчалуулук, жоопкерчилик, баарлашуу) | Кызмат орундарынын аталышы | КУА боюнча квалификациянын минималдуу деңгээли | Квалификация деңгээлине жетүү жолдору |
71 |
|
|
| Оорукананын директору, башкы врач, бөлүм башчысы, администратор | 7ден төмөн эмес | ЖКБ (адистик, магистр даражасы) жана тармактагы иш тажрыйбасы жана/же кошумча кесиптик билим |
72 |
|
|
| Врачтар (адистиктер боюнча), ординатор, провизор, башкы медайым, статист, дарыкана директору | 7ден төмөн эмес | ЖКБ (адистиги, ординатура) же тармактагы иш тажрыйбасы жана/же кошумча кесиптик билим |
6 |
|
|
| Коомдук саламаттык сактоо врачтары, стоматолог, провизор, башкы медайым, статист | 6дан төмөн эмес | ЖКБ (бакалавриат, магистратура) же тармактагы иш тажрыйбасы жана/же кошумча кесиптик билим |
5 |
|
|
| Медайым, башкы медайым, фельдшер, лаборант, ортодонт, фармацевт | 6дан төмөн эмес | ОКБ же тармактагы иш тажрыйбасы жана/же кошумча кесиптик билим |
4. Тармактар аралык кызмат орундар жана кесиптер үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын түзүмү
__________________________________________________________ (тармактын коду жана аталышы)
Квалификациялардын тармактык алкактын деңгээли, чакан деңгээл | Билим | Жөндөмдөр | Жеке компетенциялар (өз алдынчалуулук, жоопкерчилик, баарлашуу) | Кызмат орундарынын аталышы | КУА боюнча квалификациянын минималдуу деңгээли | Квалификация деңгээлине жетүү жолдору |
7 |
|
|
| Системалык администратор, ашкананын директору | 7ден төмөн эмес | ЖКБ (адистик, магистратура) жана тармактагы иш тажрыйбасы жана/же кошумча кесиптик билим |
6 |
|
|
| Башкы бухгалтер, программист | 6дан төмөн эмес | ЖКБ (бакалавриат, магистратура) же тармактагы иш тажрыйбасы жана/же кошумча кесиптик билим |
5. Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу жөнүндө маалымат
Иштеп чыгуучунун аталышы (тармактык кеңеш/кесиптик бирикме/бизнес-ассоциациясы ж.б.) |
| |
Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу датасы |
| |
Колдонуу мөөнөтү: |
| |
Иштеп чыгууга катышуучулар: | Аты-жөнү | Кызмат орду жана уюмдун аталышы |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖКБ | - | жогорку кесиптик билим; |
КУА | - | Кыргыз Республикасынын квалификацияларынын улуттук алкагы; |
КЖРК | - | Кыргыз Республикасынын кесиптеринин жалпы республикалык классификатору; |
КТА | - | квалификациялардын тармактык алкагы; |
ОКБ | - | орто кесиптик билим. |