Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-июлу № 56
"Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Ж.Турдумамбетов демилгелеген "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага | У.А. Марипов |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 56 токтому менен жактырылган |
"Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Ж.Турдумамбетов демилгелеген "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунда салыктардын негизги суммалары жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарды толук жабууда салык карыздарын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү мөөнөтүн, ошондой эле "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (мындан ары - Мыйзам) колдонуу мөөнөтүн бир жылга узартуу караштырылат.
Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар, айып пулдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жолу менен COVID-19 коронавирустук инфекциясынын (мындан ары - коронавирустук инфекция) пандемия шарттарында жарандарды, бизнести жана финансы секторун колдоо Мыйзамдын максаты болуп санала тургандыгын белгилейбиз.
Өзгөчө абал мезгилиндеги коронавирустук инфекциянын шарттарында ишкердиктин көпчүлүк субъекттеринин иши токтотулган. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын 1-июлуна карата салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизги суммалары боюнча пайда болгон карыздарын төлөгөн салык төлөөчүгө пайыздарды, туумду, салыктык санкцияларды эсептен чыгарып салуу мүмкүндүгү берилген (анын ичинде импортко КНС жана акциз салыгы).
Мында карыздарды жабуу мөөнөтү белгиленген, ага ылайык ишкердик субъекттерге 2021-жылдын 1-июлуна жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин карыздарды жабууда туумдарды, салыктык санкцияларды жана айып пулдарды тиешелүүлүгүнө жараша 100 жана 50 пайызга эсептен чыгаруу мүмкүндүгү берилген.
Кайра түзүмдөштүрүүнүн жыйынтыгы жана статистикалык маалымат төмөнкү таблицаларда көрсөтүлгөн:
2020-жылдын 1-июлуна карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар жөнүндө маалымат
Милдеттенме | Субъекттердин саны | Сумма (млн. сом) |
Салыктар | 158094 | 7219,2 |
Камсыздандыруу төгүмдөрү | 11938 | 1937,0 |
Бардыгы | 170032 | 9156,3 |
2021-жылдын 1-июнуна карата салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кошуп эсептелген пайыздардын, туумдардын, салыктык санкциялардын суммаларын кайра түзүмдөштүрүүгө келип түшкөн арыздар жөнүндө маалымат
Милдеттенме | Субъекттердин саны | Сумма (млн. сом) |
Салыктар | 4942 | 594,7 |
Камсыздандыруу төгүмдөрү | 2740 | 294,9 |
Бардыгы | 7682 | 889,7 |
2021-жылдын 1-июнуна карата салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын негизги суммаларын төлөгөн субъекттер тууралуу маалымат
Милдеттенме | Субъекттердин саны | Сумма (млн. сом) |
Салыктар | 2791 | 321,3 |
Камсыздандыруу төгүмдөрү | 2251 | 177,5 |
Бардыгы | 5042 | 498,8 |
2021-жылдын 1-июнуна карата салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эсептен чыгарылган карыздар жөнүндө маалымат
Милдеттенме | Субъекттердин саны | Сумма (млн. сом) |
Салыктар | 4703 | 194,6 |
Камсыздандыруу төгүмдөрү | 1634 | 88,1 |
Бардыгы | 6337 | 282,7 |
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесине ылайык бардык салык төлөөчүлөр үчүн бирдей талаптар, атап айтканда адилеттүү салык салуу болушу керек. Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда буга чейин туумдарды жана айып пулдарды төлөп койгон салык төлөөчүлөр тарабынан нааразычылык пайда болушу мүмкүн.
Ушуга байланыштуу 2020-жылдын 1-июлуна карата пайда болгон салыктарды кечиктирип жана (же) толук эмес төлөөгө эсептелген туумдарды жана салыктык санкцияларды төлөө милдеттенмесинен салык төлөөчүлөрдү бошотуу жөнүндө ченемди сактоо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мындан тышкары Мыйзамда коюлган максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесин төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"1-берене.
"Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2020-жылдын 18-августу, № 65 (3137) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренесинде:
а) 4-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "Финансы" деген сөз "Экономика жана финансы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 7-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде" деген сөздөр "ушул Мыйзамда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2) 3-беренесинде:
а) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык фондунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "ушул Мыйзамда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин алып салууну сунуш кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын кабыл алуу зарылдыгы жок.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жогоруда берилген сунуштарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну колдойт.