Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 21-июлу № 82

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын тергөө бөлүмдөрүн чыңдоо, ошондой эле шаарлардын, райондордун прокуратураларынын жана адистештирилген прокуратуралардын тергөөчүлөрүнүн материалдык кызыкчылыгын күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 211 жана 212-пункттар менен толукталсын:

"

211

Шаардын, райондун прокуратураларынын, адистештирилген прокуратуранын улук тергөөчүсү

2,98

212

Шаардын, райондун прокуратураларынын, адистештирилген прокуратуранын тергөөчүсү

2,93

".

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 27-июлундагы № 82 (3261) жарыяланды

 

Төрага

У.А. Марипов