Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июлундагы № 84 токтомуна) |
Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү тартиби жана шарттары
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү тартиби жана шарттары өзгөчө кырдаалды алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү маселелерин (мындан ары - чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам) жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү тартиби жана шарттары "Эл аралык чукул жардам жөнүндө", "Кыйроодон-куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
2-глава. Чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн негиздери жана шарттары
3. Чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү маселесин кароого негиздер болуп төмөндөгүлөр эсептелинет:
1) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткан чет мамлекеттин жетекчилигинин (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын) жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талабы (кайрылуусу);
3) өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткан чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын эл аралык жамааттарга жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылуусу;
4) Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын эл аралык коомдоштукка белгиленген механизмдер аркылуу өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткан чет мамлекетке жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылуусу;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы.
4. Эл аралык чукул жардамды чет мамлекетке көрсөтүү Кыргыз Республикасынан гуманитардык жардамды кабыл алууга чет мамлекеттин жетекчилигинин (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын) макулдугу менен ишке ашырылат.
5. Чет мамлекетке эл аралык чукул жардам көрсөтүү маселесин кароодо төмөндөгү шарттар эске алынат:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясий жана тышкы экономикалык кызыкчылыктары;
2) колдо бар финансылык мүмкүнчүлүктөрү;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик материалдык резервинде болгон материалдык баалуулуктар;
4) авариялык-куткаруу, медициналык-санитардык түзүлүштөрдү жана эпидемияга каршы отряддарды чет мамлекеттин аймагындагы кырсык болуп өткөн зонага жөнөтүү мүмкүнчүлүгү.
3-глава. Чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды финансылык камсыздоо
6. Чет мамлекетке эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинин каражатынын;
2) бекитилген бюджеттин чегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго бөлүнгөн каражатынын;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактарынын.
7. Башка өлкөгө гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервин колдонуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлөт.
4-глава. Чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү маселесин кароо
8. Чет мамлекетке эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө негиздер келип чыкканда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тийиштүү мамлекеттик органдарга алардын компетенциясына кирген маселелердин чегинде тапшырмаларды берет.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасында көрсөтүлгөн, тартылган мамлекеттик органдар жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген мөөнөттө эл аралык чукул жардамдын түрлөрү, номенклатурасы, көлөмү боюнча өздөрүнүн сунуштарын киргизишет.
10. Тартылган мамлекеттик органдардын сунуштары финансылык чыгымдарды талап кылса, финансы-экономикалык эсептери менен коштоолуусу зарыл.
11. Тартылган мамлекеттик органдардын эл аралык чукул жардамынын түрлөрү, номенклатурасы, көлөмү боюнча сунуштарын жалпылоо Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
12. Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сунуштарды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун белгиленген тартипте демилгелейт.
5-глава. Чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү маселеси боюнча тартылган мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
13. Чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө тартылган мамлекеттик органдар төмөндөгү негизги функцияларды жана иш-чараларды жүргүзүшөт:
1) Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасын негизги аткаруучу болуп эсептелет;
- Жарандык коргонуу, өрт өчүрүү, радиациялык коопсуздук, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүргүзөт, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашуулардын иш жүзүнө ашырылышын жана аткарылышын камсыздайт;
- чукул жардам көрсөтүү боюнча кайрылган чет мамлекеттин аймагында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча издеп-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис жумуштарды уюштурат жана жүргүзөт;
- чет мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар кызматтары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдары менен табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана гуманитардык жардам көрсөтүү менен байланышкан келишимдерди белгиленген тартипте түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмаларынын чакырылышын, каралып чыгышын жана башка аткаруучулардын сунуштарын жалпылоону камсыз кылат;
- чет мамлекетке эл аралык чукул жардам көрсөтүү чөйрөсүндө тартылган мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүгө жардам сураган чет мамлекетке эл аралык чукул жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгып, кароого киргизет;
- гуманитардык жардамдын жүгүн түзүүнү, аны жеткирүүнү жана чет мамлекеттин бийлик органдарынын жана/же эл аралык гуманитардык уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өткөрүп берүүнү жүргүзөт;
- авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн жөнөтөт жана өзгөчө кырдаал катталган аймакта улуттук жана эл аралык түзүлүштөр менен кош аракетте издеп-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис жумуштардын аткарылуусун камсыздайт;
- сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын баасынын ордун толтурууга финансы-экономикалык эсептерди берет;
- эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө керектелүүчү товарларды, жумуштарды жана кызматтарды белгиленген тартипте сатып алат;
- авариялык-куткаруу түзүлүштөрүнүн кызматкерлеринин ден соолугун жана өмүрүн милдеттүү камсыздандырууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик материалдык резервинен материалдык баалуулуктарды брондоп чыгаруу иретинде белгиленген тартипте берет;
- эл аралык чукул жардам көрсөтүү үчүн керектүү материалдык баалуулуктарды сатып алууну камсыздайт;
- сатып алынуучу мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык баалуулуктарынын баасынын ордун толуктоого финансы-экономикалык эсептерди берет;
2) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы компетенциясынын жана ыйгарым укуктарынын чегинде эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө тартылган жана расмий түрдө кайрылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын, алардын кызмат адамдарын жана кызматкерлерин саясий-дипломатиялык колдоо, анын ичинде чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине көрсөтүлгөн категориядагы жана түрдөгү визаны берүү боюнча нота тариздөө аркылуу колдоо менен камсыз кылат;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыларын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет мамлекетке эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинин эсебинен Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык каржылоону камсыздайт;
- тартылган мамлекеттик органдарга чет мамлекетке товарларды киргизүү жана бажылык тариздөө тартибине тиешелүү маселелер боюнча консультациялык жардам берүүнү камсыздайт;
- өзгөчө кырдаалга кабылган чет мамлекет менен чектеш башка чет мамлекеттердин аймагы аркылуу персоналдарды жана товарларды транзит менен өткөрүү маселелери боюнча тартылган мамлекеттик органдарга консультациялык жардам берүүнү жана көмөк көрсөтүүнү камсыздайт;
- чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлүп жаткан товарларды чыгаруу, жабдууларды, транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү бажылык көзөмөлдөөдөн өткөрүү менен байланышкан бажылык иш-чараларды артыкчылыктуу түрдө жүргүзүүнү камсыздайт;
4) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- зарыл болгон дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын жеткиликтүүлүгү боюнча сунуш киргизет;
- керектелүүчү медициналык жабдыктары менен медициналык-санитардык топторду, анын ичинде: биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү отряддарды, көчмө ооруканаларды, адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүчү бригадаларды түзөт, даярдайт жана жөнөтөт;
- эпидемияга каршы керектелүүчү жабдыктары менен эпидемияга каршы көчмө отряддарды, анын ичинде санитардык-эпидемиологиялык (эпидемиологиялык, радиологиялык), санитардык-гигиеналык (токсикологиялык) бригадаларды, адистештирилген эпидемияга каршы бригадаларды, эпидемиялык изилдөөчү топторду түзөт, даярдайт жана жөнөтөт;
- авариялык-куткаруу, медициналык-санитардык түзүлүштөрдүн, эпидемияга каршы отряддардын кызматкерлеринин жана гуманитардык жардамды коштоп баруучу адамдардын медициналык кароодон жана вакцинациядан өтүүсүн камсыздайт;
- авариялык-куткаруу, медициналык-санитардык түзүлүштөрдүн, эпидемияга каршы отряддардын кызматкерлеринин жана гуманитардык жардамды коштоп баруучу адамдардын вакцинациясынын баасынын ордун толтурууга финансы-экономикалык эсептерди берет;
5) транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- гуманитардык жүктөрдү, авариялык-куткаруу, медициналык-санитардык топторду жана эпидемияга каршы отряддарды белгиленген пунктка жеткирүүгө транспорттук каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугу, түрлөрү жана саны, жүктөө графиги боюнча сунуштарды киргизет;
- гуманитардык жүктөрдү ташуунун, жүктөп-түшүрүү жумуштарынын, авариялык-куткаруу, медициналык-санитардык топторду жеткирүүнүн барсынын ордун толтурууга финансы-экономикалык эсептерди берет;
6) улуттук коопсуздук жана мамлекеттик чек ара чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктунан кызматкерлерди, гуманитардык жүктү артыкчылыктуу тартипте чек ара көзөмөлүнөн өткөрүүнү камсыздайт;
7) коомдук тартипти, жеке жана коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аймагында гуманитардык жүктү, авариялык-куткаруу, медициналык-санитардык түзүлүштөрдү жана эпидемияга каршы отряддарды мыйзам тарабынан белгиленген тартипте коштоону уюштурат.
Ушул Тартипте көрсөтүлбөгөн аткаруу бийлигинин башка органдары төмөндөгүлөргө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү:
1) чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам берүү маселелери боюнча методикалык колдоо көрсөтүүгө;
2) чет мамлекетке эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө тартылган мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү зарыл болгон уруксаттарды жана/же башка документтерди алууга белгиленген тартипте көмөк көрсөтүүгө.
6-глава. Товарлардын, камсыздоо буюмдарынын, дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапатына жана колдонуу мөөнөтүнө болгон талаптар
14. Товарлардын, камсыздоо буюмдарынын, дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапаты жана колдонуу мөөнөтү чет мамлекеттин суроо-талабында (кайрылуусунда), Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын кайрылуусунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келүүсү зарыл.
15. Суроо-талапта (кайрылууда) жогоруда аталган талаптар чагылдырылбаган учурда эл аралык чукул жардам көрсөтүү чет мамлекетте табигый кырсыктарга чара көрүүнүн минималдуу стандарттарына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине шайкеш келиши керек.
7-глава. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө катышкан адамдарга эмгек акы төлөө жана алардын жоопкерчилиги
16. Чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө катышкан адамдарга эмгек акы төлөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- негизги жумуш ордунан;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына жана командировкалык чыгымдардын ченемдерин жана алардын ордун толтуруу тартибин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык;
- Кыргыз Республикасынын тартылган мамлекеттик органдарынын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде.
17. Чет мамлекетке эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө катышкан жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тартиптик, материалдык жана жазык жоопкерчилигине тартылат.
8-глава. Чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүүнү аяктоо тартиби
18. Чет мамлекетке эл аралык чукул жардам көрсөтүү иш-чаралары аяктагандан кийин Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине чет мамлекетке эл аралык чукул жардам көрсөтүү менен байланышкан аткарылган тиешелүү тапшырмалар жана иш-чаралар, финансылык чыгымдары боюнча жалпыланган отчетун берет.