Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 11-марты № 89
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 токтомунун редакцияларына ылайык)
Калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- 3-главасынын III бөлүмүндө:
7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга, арызды тариздөөгө чектелген убакыт - 15-20 мүнөт. Телефон менен жана жеке аңгемелешүүдө адистердин консультация берүүсү 10 мүнөттөн ашпоого тийиш. ММК Полисин алуунун чектелген мөөнөтү арыз берилген жана анын наркы төлөнгөн күндөн тартып 5 иш күндөн ашпоого тийиш |
";
13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөгөн адамдар үчүн ММК Полисин тариздөө жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жарандарды мамлекеттик жана милдеттүү базалык медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан монополияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет |
".
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 25 (3204) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
| Тиркеме | |
|
|
|
|
| "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөгөн адамдар үчүн ММК Полисинин наркын эсептөөнүн МЕТОДИКАСЫ
1. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ММК Полисинин наркы - бул ММК Полиси сатып алынган учурдан тартып 12 календардык айга Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төлөнгөн төгүмдүн өлчөмү.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ММК Полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
СП = ПМ х 2% х 12 ай,
мында:
СП - ММК Полисинин паркы;
ПМ (жашоо минимуму) - минималдык керектөө корзинасынын наркынын чоңдугуна барабар жана адамдын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу жана анын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон материалдык жыргалчылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдык топтомунун, ошондой эле милдеттүү төлөмдөрдүн жана жыйымдардын (салымдардын) суммасынын нарктык бааланышы;
2% - ММК фондуна чегерилүүчү ставка;
12 - календардык айлардын саны.
Эскертүү: Өткөн календардык жылда Кыргыз Республикасында түзүлгөн жашоо минимумунун чоңдугу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталат.
3. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ММК Полисинин наркы - бул ММК Полиси сатып алынган учурдан тартып 6 же 12 календардык айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу турган же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жаран же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адам тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төлөнгөн салымдын өлчөмү.
4. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ММК Полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
СП = СМЗП - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн х 2% х 6 же 12 ай,
мында:
СП - ММК Полисинин наркы;
СМЗП - Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында тиешелүү жылга белгиленген орточо айлык эмгек акысы;
2% - ММК фондуна чегерилүүчү ставка;
6 же 12 - календардык айлардын саны.
Эскертүү: чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өткөн календардык жылдагы эмгек акысынын орточо айлык өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталат.".