Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-сентябры № 491
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 9-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 151 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 77 (3526) санына жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 796 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (мындан ары - ММК полиси) - бул милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун жана адамдын милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү бир жолку төлөгөндүгүн ырастоочу, камсыздандырылуу статусун берүүчү документ.
2. ММК полиси - бул Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган, сүрөттөрдү, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдердеги жазууларды камтыган бирдиктүү үлгүдөгү документ:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММК фонду) логотиби;
- "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси" деген сөздөр;
- цифра менен белгиленген жеке номер;
- фамилиясы, аты, атасынын аты;
- туулган датасы;
- камсыздандыруу категориясы;
- колдонуу мөөнөтү.
3. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына камтылбаган адамдар ММК полисин сатып алышат.
4. ММК полиси жеке жана акы төлөөнүүчү негизде ыйгарылуучу чектелген колдонуу мөөнөтүнө ээ.
ММК фонду менен келишимдер боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарында кош бойлуулук боюнча эсепке турган камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга - Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүргөн жана мыйзамдуу негизде эмгек ишин жүргүзгөн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден эмгектенгендердин үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган кош бойлуу аялдарга ММК полиси акысыз негизде берилет.
5. ММК полисинин наркы ушул Жобонун тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү өз алдынча төлөгөн адамдар үчүн ММК полисинин наркын эсептөө методикасына ылайык эсептелет.
6. ММК полисинин наркы жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын жарандарына ММК фондунун кызматкерлери тарабынан жеткирилет.
7. ММК полисин тариздөө жана берүү тартиби ММК фонду тарабынан аныкталат.
2-глава. ММК полиси бар жарандардын камсыздандырылуу статусун, укуктарын жана милдеттерин ырастоо
В. ММК фонду менен келишимдер боюнча иштеген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары камсыздандырылуу статусун ырастоо үчүн ММК фондунун камсыздандырылган адамдардын маалыматтык базасындагы жазууларды текшерет.
9. ММК полиси бар адамдарга ММК фонду менен келишимдер боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ишке ашырылуучу милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларга ылайык медициналык-санитардык жардам камсыз кылынат.
10. ММК полиси бар адамдар Кыргыз Республикасынын жарандарды медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат.
3-глава. ММК полисин сатуудан түшкөн каражаттарды эсепке алуу жана отчеттуулук
11. ММК полисин сатуудан түшкөн каражаттар ММК фондунун бюджетинин киреше бөлүгүндө, ал эми аларды пайдалануу бюджеттин чыгаша бөлүгүндө чагылдырылат.
12. ММК полисин сатуудан келип түшкөн каражаттар андан ары аларды Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга пайдалануу үчүн бюджеттик ресурстардын администратору катары ММК фондунун казыналык өздүк эсебине келип түшөт жана эске алынат.
13. ММК полистерин сатуудан түшкөн каражаттар боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук ММК фонду тарабынан жүзөгө ашырылат.
4-глава. ММК фондунун жоопкерчилиги
14. ММК фондунун аймактык башкармалыктары төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
- берилген ММК полистери боюнча эсепке алуу жана каттоо;
- камсыздандырылган адамдардын маалыматтар базасын өз убагында жаңылоо;
- ММК полисин өз убагында тариздөө жана берүү;
- калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтууну жетишсиз кеңейтүү.
|
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобого тиркеме |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин наркын эсептөө МЕТОДИКАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 796 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын жарандары, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден келген Кыргыз Республикасында эмгектенгендердин үй-бүлө мүчөлөрү, качкындар жана Кыргыз Республикасында баш калка издеген адамдар жана кайрылмандар, кайрылмандар жана "Мекен-карт" болгон учурда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин наркы (мындан ары - ММК полиси) - бул 12 календардык ай үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдүн өлчөмү.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден келген Кыргыз Республикасында эмгектенгендердин үй-бүлө мүчөлөрү, качкындар, Кыргыз Республикасында баш калка издеген адамдар, кайрылмандар жана "Мекен-карт" болгон учурда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер үчүн ММК полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
ПН = ЖМӨ х 2% х 12 ай, мында:
ПН - ММК полисинин наркы;
ЖМӨ (жашоо минимумунун өлчөмү) - адамдын жашоо-турмушун камсыз кылуу жана анын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон минималдуу керектөө себетинин наркынын чоңдугу боюнча бирдей материалдык жыргалчылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу топтомунун нарктык баасы, ошондой эле милдеттүү төлөмдөрдүн жана жыйымдардын (төгүмдөрдүн) суммасы;
2% - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөрдүн ставкасы;
12 - календардык айлардын саны.
Эскертүү: учурдагы жылдын 15-январынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталуучу өткөн календардык жыл үчүн Кыргыз Республикасында түзүлгөн социалдык-демографиялык топ үчүн жашоо минимумунун өлчөмү.
3. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн ММК полисинин наркы - бул 6 же 12 календардык ай үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдүн өлчөмү.
4. Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуган чет өлкөлүк адамдар үчүн ММК полисинин наркы - бул 12 календардык ай үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдүн өлчөмү.
5. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуган чет өлкөлүк адамдар үчүн ММК полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
ПН = ОАЭА - төмөнкүлөр үчүн:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар х 2% х 6 же 12 ай;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуган чет өлкөлүк адамдар х 2% х 12 ай, мында:
ПН - ММК полисинин наркы;
ОАЭА - Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында тиешелүү жылга белгиленген орточо айлык эмгек акысы;
2% - ММК фондуна чегерүү ставкасы;
6 же 12 - календардык айлардын саны.
Эскертүү: өткөн календардык жыл үчүн чет өлкөлүк жарандардын орточо айлык эмгек акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан отчеттук жылдан кийинки жылдын июнунда аныкталат.