Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 22-сентябры № 179
Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Руханий баалуулуктарды, тарыхты, маданиятты пропагандалоо максатында, "Манас эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемесинин, 51-тиркемеге ылайык;";
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 5-1-тиркеме менен толукталсын;
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 2-главасында:
5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
"Жыйынтыгы" позициясындагы "207" деген цифралар "206" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 5-главасында:
46-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
47-пунктундагы "3" деген цифра "2" деген цифра менен алмаштырылсын;
"Жыйынтыгы" позициясындагы "10" деген цифралар "7" деген цифра менен алмаштырылсын;
- 6-главасында:
49-пунктундагы "8" деген цифра "7" деген цифра менен алмаштырылсын;
"Жыйынтыгы" позициясындагы "47" деген цифралар "46" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"Бардыгы" позициясындагы "308" деген цифралар "303" деген цифралар менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
"А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси" деген I бөлүмүндө:
- 5-главасында:
118-пунктундагы "9" деген цифра "7" деген цифра менен алмаштырылсын;
"Жыйынтыгы" позициясындагы "54" деген цифралар "52" деген цифралар менен алмаштырылсын;
6-главасынын "Бардыгы" позициясындагы "505" деген цифралар "503" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, облустук филармониялар жана Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" деген II бөлүмүндө:
- 6-главасында:
118-пунктундагы "11" деген цифралар "9" деген цифра менен алмаштырылсын;
"Жыйынтыгы" позициясындагы "42" деген цифралар "40" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"Бардыгы" позициясындагы "188" деген цифралар "186" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри" деген III бөлүмүндө:
- 3-главасында:
11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
"Жыйынтыгы" позициясындагы "5" деген цифра "4" деген цифра менен алмаштырылсын;
"Бардыгы" позициясындагы "118" деген цифралар "117" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- эскертүүнүн 1-пунктундагы "91" деген цифралар "89" деген цифралар менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
"Драмалык жана музыкалык-драма театрлары, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры" деген I бөлүмүндө:
- 3-главасында:
"Облустук драма театрлары" графасынын 45-пунктундагы "1" деген цифра алып салынсын;
"Жыйынтыгы" позициясындагы "21" деген цифралар "20" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 5-главасында:
"Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры" графасынын 60 жана 66-пункттарындагы "1" деген цифра алып салынсын;
"Райондук драма театрлары" графасынын 68-пунктундагы "1" деген цифра алып салынсын;
"Жыйынтыгы" позициясындагы "32", "7" деген цифралар тиешелүү түрдө "30", "6" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 6-главасында:
"Райондук драма театрлары" графасынын 76-пунктундагы "1" деген цифра алып салынсын;
"Облустук драма театрлары" графасынын 80-пунктундагы "1" деген цифра алып салынсын;
"Райондук драма театрлары" графасынын 82-пунктундагы "3" деген цифра "2" деген цифра менен алмаштырылсын;
"Жыйынтыгы" позициясындагы "19", "5" деген цифралар тиешелүү түрдө "18", "3" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"Бардыгы" позициясындагы "198", "172" жана "55" деген цифралар тиешелүү түрдө "196", "170" жана "52" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- эскертүүдө:
2-пунктундагы "171" деген цифралар "169" деген цифралар менен алмаштырылсын;
3-пунктундагы "160" деген цифралар "158" деген цифралар менен алмаштырылсын;
5-пунктундагы "105" деген цифралар "103" деген цифралар менен алмаштырылсын;
9-пунктундагы "15" деген цифралар "10" деген цифралар менен алмаштырылсын;
10-пунктундагы "35" деген цифралар "33" деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пунктчасы менен толукталсын:
"5-1) "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемесинин, 5-1-тиркемеге ылайык;";
- ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 51-тиркеме менен толукталсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- "Маданият чөйрөсүндөгү ведомстволук мекемелер" позициясы "Манас ордо" Кыргыз улуттук комплекси" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" деген сөздөр менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн;
- "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемесинин уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
- белгиленген тартипте "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемесин юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырсын.
7. Бул токтомдун ишке ашырылышы штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылары белгиленсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
У.А. Марипов | ||
|
| ||
|
| ||
|
| 1-тиркеме | |
|
|
| |
|
| ||
|
|
|
|
"Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемесинин ТИПТҮҮ ЧЕКТҮҮ ШТАТЫ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1. Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Директор | 1 |
2 | Директордун орун басары | 1 |
3 | Башкы бухгалтер | 1 |
| Жалпы | 3 |
2. Негизги персонал | ||
1-§. Көркөм персонал | ||
4 | Көркөм жетекчи | 1 |
5 | Башкы сүрөтчү | 1 |
6 | Режиссер-коюучу | 1 |
| Жалпы | 3 |
2-§. Артисттик персонал | ||
7 | Манасчы артисттер | 20 |
| Жалпы | 20 |
3. Техникалык тейлөөчү персонал | ||
8 | Чарба бөлүмүнүн башчысы | 1 |
9 | Костюмер | 1 |
10 | Айдоочу | 1 |
| Жалпы | 3 |
4. Кенже тейлөөчү персонал | ||
11 | Кызматтык жайларды тазалоочу | 2 |
12 | Кароолчу | 1 |
13 | Вахтер | 1 |
| Жалпы | 4 |
| Бардыгы | 33 |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
"Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяналар |
1 | Директор | 9000 |
2 | Директордун орун басары | 8000 |
3 | Башкы бухгалтер | 8000 |
4 | Көркөм жетекчи | 8000 |
5 | Башкы сүрөтчү | 7000 |
6 | Режиссер-коюучу | 6000 |
7 | Манасчы артисттер | 6000 |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
|
"Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери үчүн КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Квалификациялык талаптар |
1. Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Директор | "Маданият жана искусство" багыты боюнча жогорку кесиптик билим, жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы |
2 | Директордун орун басары | "Маданият жана искусство" багыты боюнча жогорку кесиптик билим, жетекчилик кызматтарда 2 жылдан кем эмес иш стажы же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы |
3 | Башкы бухгалтер | Бухгалтердик эсеп, экономика багыттары боюнча жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы |
2. Негизги персонал | ||
2.1. Көркөм персонал | ||
4 | Көркөм жетекчи | Жогорку кесиптик билим, 5 жылдан кем эмес чыгармачылык иш стажы, бир же андан көп сахналык иштердин болушу |
5 | Башкы сүрөтчү | Театрдык-декорациялык искусство, көркөм сүрөт искусствосу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим, сүрөтчү кызматында 3 жылдан кем эмес иш стажы, бир же андан көп сахналык иштердин болушу |
6 | Режиссер-коюучу | "Маданият жана искусство" багыты боюнча жогорку кесиптик билим, режиссёр кызматында 3 жылдан кем эмес иш стажы, бир же андан көп сахналык иштердин болушу |
2.2. Артисттик персонал | ||
7 | Манасчы артисттер | Айтуучу искусство, актёрдук искусство багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билим, 10 жылдан кем эмес айтуучулук иш стажы |