Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 12-августундагы № 449 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-сентябрындагы № 185 токтомуна) |
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн шарттарын аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын колдонулушун калыбына келтирүү - "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында же сот органынын чечими менен жер казынасын пайдалануу укугун токтотууну (жокко чыгарууну) жараксыз деп таануунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугуна мурда жокко чыгарылган лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү боюнча жол-жобо;
төлөөчү - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси болгон жана иш жүзүндө пайдаланган юридикалык же жеке жак;
жер казынасын пайдаланууга лицензияларды кармоо үчүн жыйым - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси (төлөөчү) төлөй турган салым;
жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды эсептөө - жыйым жөнүндө маалыматты камтыган, документ түрүндө таризделген, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымдын суммасын эсептөө жана/же кайра эсептөө;
жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны иш жүзүндө пайдалануу - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси болуу жана аны колдонуу, анын ичинде техникалык документтерди түзүү, ал боюнча экспертиза жүргүзүү, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу, ошондой эле жер казынасын коргоо бөлүгүндө эксперттик корутундуну алуу, жерге укуктардын ээсинен макулдукту алуу же техногендик түзүлүштөрдөн пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишти кошкондо жер бөлүндүсүн алуу жана жер казынасынын белгилүү бир участокторун пайдалануу мезгили;
ал жеткис күч жагдайы (форс-мажор) - болтурбай коюу төлөөчүдөн көз каранды болбогон жагдай, ушул жагдайдан улам төлөөчүнүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны иш жүзүндө пайдаланууга мүмкүндүгү болгон эмес.
2. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымдын негиздери
3. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым (мындан ары - жыйым) Кыргыз Республикасында пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө жана/же чалгындоо жана/же иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси болгон төлөөчү тарабынан төлөнүүгө тийиш.
4. Жыйым төлөө объектиси болуп пайдалуу кендердин белгилүү бир түрлөрү боюнча лицензиялык аянттын чегинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны иш жүзүндө пайдалануу саналат.
5. Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөдө жана/же чалгындоодо жана/же иштетүүдө жыйымды эсептеп чыгаруу үчүн база болуп лицензиялык аянттын өлчөмү саналат.
6. Иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууда тоо-кен казып алуу ишканасын долбоорлоо жана куруу мезгилиндеги жыйымдар лицензиялык аянттын гектары үчүн эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет. Долбоордук кубаттуулукка жеткенден кийин, лицензиялык макулдашуу менен белгиленген пайдалуу кенди казып алуунун жылдык көлөмү 90 пайызга аткарылган шартта жыйымдар төлөнбөйт. Пайдалуу кенди казып алуунун жылдык көлөмү 90 пайыздан кем аткарылган учурда төлөөчү тиешелүү жылга пайдалуу кендерди казып алуу планынын аткарылбай калган көлөмүнө пропорциялуу суммада жыйымды төлөөгө милдеттүү.
Эсептөө жылдык отчеттун жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
3. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөөнүн, кайра эсептөөнүн, эсебинин тартиби
7. Жыйымды эсептөө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензиялык аянттын өлчөмүнө, пайдалуу кендердин түрү боюнча ставкага, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын берүү датасына жана жер казынасын иш жүзүндө пайдалануунун мезгилине ылайык жүргүзүлөт.
8. Эгерде төлөөчү лицензиялык аянттардын биринде пайдалуу кендердин эки же андан көп түрүн издөө жана/же чалгындоо жана/же иштетүү менен алектенсе, лицензияны кармоо үчүн жыйымдын өлчөмү эсептерди жүргүзүүдө пайдалуу кендердин башка түрлөрүнө карата көбүрөөк болгон пайдалуу кендердин бир гана түрү боюнча аныкталат.
9. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны алгандан кийин, лицензиялык макулдашууну иш жүзүндө алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде төлөөчү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы (мындан ары "Кыргызмамжердолбоорлоо" МИ) тарабынан берилген лицензиялык аянттын курамына кирген айыл аймактарынын так чек аралары жана аянттары жөнүндө маалымкатты берүүгө милдеттүү. Эгерде "Кыргызмамжердолбоорлоо" МИ белгиленген мөөнөттө лицензиялык аянттын курамына кирген айыл аймактарынын так чек араларын жана аянттарын аныктабаса, анда жыйым "Кыргызмамжердолбоорлоо" МИ айыл аймактарынын так чек араларына жана аянттарына тийиштүү жообун берүү үчүн белгиленген мөөнөтү аяктаган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде республикалык бюджетке төлөнөт.
10. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Кыргызмамжердолбоорлоо" МИден маалымкат алгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде 4 нускада жыйымдын эсебин түзөт жана бир нусканы - төлөөчүгө, экинчисин - тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, үчүнчү нусканы - салык кызматы органдарына жиберет, төртүнчү нускасы жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат.
11. Жыйымдын эсеби аймагында лицензияланган аянт жайгашкан ар бир административдик-аймактык бирдик боюнча түзүлөт.
12. Кийинки календардык жылдарга жыйымдын эсебин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төлөөчүгө жыйымдын эсеби берилген жылдын 20-мартынан кечиктирбей берүүгө тийиш.
13. Жыйымды эсептөө боюнча эсеп жүргүзүүдө пайдаланылган маалыматтарга өзгөртүү киргизген жагдайлардын бар экендиги белгиленген учурларда жыйымдын эсеби кайра эсептелүүгө тийиш, атап айтканда:
а) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү, токтотуу (жокко чыгаруу);
б) лицензиялык аянттын өлчөмүн жана/же жайгашуусун өзгөртүү;
в) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо;
г) ал жеткис күчтөр жагдайлары (форс-мажор);
д) жыйымды эсептөөдө, кайра эсептөөдө пайдаланылган маалыматтардын жана/же эсептөө тартибинин чындыкка ылайык келбегендигин аныктоо;
е) эсептөөнү жана/же кайра эсептөөнү жана/же ал боюнча эсептөө жана/же кайра эсептөө жүргүзүлгөн негиздерди соттун чечими боюнча анык эмес деп таануу.
14. Жер казынасын пайдалануу, лицензиялык аянттын өлчөмүн жана/же жайгашуусун өзгөртүү укугуна лицензияларды кайра жаңылоодо, калыбына келтирүүдө, токтотууда (жокко чыгарууда), трансформациялоодо, өткөрүп берүүдө жыйымдын эсеби жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими кабыл алынган күндөн тартып жүргүзүлөт.
15. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечим белгиленген тартипте анык эмес деп таанылган учурда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечим чыгарылган учурдан тартып жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө чечим чыгарылган учурга чейинки мезгил жер казынасын иш жүзүндө пайдалануу мезгили катары жыйымдын эсебине киргизилбейт жана ставканы аныктоого таасирин тийгизбейт.
16. Төлөөчү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиядан баш тарткан учурда жыйымды эсептөө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечими чыгарылган учурдан тартып, ал эми мындай чечим жок болгон учурда - төлөөчү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиядан баш тарткандыгы жөнүндө арыз берилген күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин токтотулат.
17. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушу токтотулган (жокко чыгарылган) учурда ушул Тартиптин 16-пунктунда каралган учурлардан тышкары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечим чыгарган күндөн тартып төлөөнү эсептөө токтотулат.
18. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушу токтотула турган учурда токтото туруу мезгили төлөөчүнүн өтүнмөсү боюнча ал жеткис күч жагдайына (форс-мажор) байланыштуу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушу токтогон учурлардан тышкары жер казынасын иш жүзүндө пайдалануу мезгили катары жыйымдын эсебине киргизилет.
19. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуунун бир түрүнөн экинчисине трансформациялаган учурда лицензияны жер казынасын пайдалануунун жаңы түрүнө иш жүзүндө пайдалана баштаган учур катары аны төлөөчүгө берген учур эсептелет. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоодо төлөөчү "Кыргызмамжердолбоорлоо" МИ тарабынан берилүүчү жер казынасын пайдалануунун жаңы түрүнө лицензиянын лицензиялык аянтына жана лицензиялык аянттын трансформацияланбаган бөлүгүнө кирген айыл аймактарынын так чек аралары жана аянттары жөнүндө маалымкаттарды берүүгө милдеттүү.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартипте белгиленген жалпы тартипте жер казынасын пайдалануунун жаңы түрүнө берилген лицензия боюнча эсептөөдөн чыгарылган лицензиялык аянттын жыйымын эске алуу менен трансформацияланбаган лицензия боюнча жыйымды кайра эсептөөгө тийиш.
20. Лицензиялык аянттын өлчөмү жана/же жайгашуусу өзгөргөн учурда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган өзгөрүүлөргө ылайык кайра эсептөөнү жүргүзүшү керек.
Лицензиялык аянттын өлчөмү өзгөрүлгөндө, эсептелген жыйым жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга лицензиялык аянттын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө арыз берилген күндөн тартып жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензиялык аянттын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин кайра эсептелүүгө тийиш.
Лицензиялык аянттын өлчөмү жана/же жайгашуусу өзгөрүлгөндө төлөөчү "Кыргызмамжердолбоорлоо" МИ тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү, лицензиялык аянттарга кирген айылдык аймактардын так чек аралары жана аянттары жөнүндө маалымкатты берүүгө милдеттүү.
21. Лицензиялоонун шарттарында каралган милдеттенмелерди төлөөчү тарабынан аткарылышына жолтоо болгон ал жеткис күч жагдайлары (форс-мажор) орун алган мезгилде төлөм эсептелбейт.
Ал жеткис күч жагдайлары (форс-мажор) болгондо төлөөчү бул тууралуу мындай жагдайлар келип чыккан күндөн тартып 60 календардык күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү. Арызда ал жеткис күч жагдайларынын (форс-мажордун) мүнөзү, алардын болушунун мөөнөтү жана жер казынасын иш жүзүндө пайдалануунун мүмкүн эместигине негиздеме көрсөтүлүшү керек.
Мындай арыз жок болсо, ал жеткис күч жагдайлары (форс-мажор) жана алардын узактык мезгили ырасталбаган болуп саналат жана жыйымдын эсебине иш жүзүндө пайдаланган катары киргизилет.
22. Ал жеткис күч жагдайларынын (форс-мажор) болушу жана алардын аракетинин мөөнөтү ал жеткис күч жагдайларына (форс-мажорго) мүнөздүү болгон маселелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктары бар компетенттүү мамлекеттик органдардын расмий документтери менен ырасталышы керек. Расмий документтер ал жеткис күч жагдайларынын (форс-мажор) аракеттери башталган жана аяктаган (арызды берген мезгилде мындай кырдаал аяктаган учурда) так даталарды камтууга тийиш. Төлөөчү мындай документтерди өзүнүн арызына тиркөөгө милдеттүү.
23. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиясы ал жеткис күч жагдайлары (форс-мажор) жөнүндө арыз берилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жыйымды эсептөөдө мындай жагдайларды эске алуудан баш тартуу же кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарат.
24. Эгерде ал жеткис күч жагдайлары (форс-мажор) жөнүндө төлөөчү тарабынан берилген арыз ушул Тартиптин 20 жана 21-пункттарында белгиленген талаптарга жооп бербесе, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартуунун жүйөсүн көрсөтүү менен жыйымды эсептөөдө мындай ал жеткис күч жагдайларын (форс-мажорду) эске алуудан баш тартат. Жыйымды эсептөөдө ал жеткис күч жагдайларын (форс-мажорду) эске алуудан баш тартуу жазуу жүзүндө таризделет жана 7 жумуш күндүн ичинде төлөөчүнүн акыркы белгилүү дарегине жөнөтүлөт.
25. Жыйымды кайра эсептөө киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн себеби жөнүндө белги менен ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү тиркелип, эсеп түрүндө таризделет.
26. Жыйымды кайра эсептөө зарылчылыгы келип чыкканда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн себеби жөнүндө белги менен 4 нускада таризделген жаңы эсептөө түрүндө жыйымдын эсебин кайра карап чыгат. Бир нускасы төлөөчүгө, экинчи нускасы тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, үчүнчүсү - салык кызматынын органына жөнөтүлөт, төртүнчү нускасы жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат.
27. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун узартууга өтүнмө жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө каралбаса, мындай мөөнөт аяктаган күндөн тартып өтүнмө боюнча чечимди чыгаруу учуруна чейинки мезгилде лицензия анык болуп саналат жана жер казынасын иш жүзүндө пайдалануу мезгили катары жыйымдын эсебине киргизилет.
28. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия жаңы төлөөчүгө өткөрүп берилген учурда жыйымдын эсебин эсептөө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия өткөрүп берилгенге чейинки тартипте жана ошол эле ставка боюнча жүргүзүлөт.
29. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдар боюнча отчеттор салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
4. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды төлөө тартиби
30. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууда төлөөчү жыйымдын эсебин алгандан кийин 15 календардык күндүн ичинде лицензиялык аянттар жайгашкан жери боюнча аймактык салык органында эсептик каттоого турушу керек.
31. Төлөөчү жыйымдын эсебин жана/же жыйымды кайра эсептөөнү жана/же жыйым милдеттенмесин төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарлоо ага талаптагыдай тапшырылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жыйымдын эсеби жана/же кайра эсептөө боюнча жыйымды төлөөгө милдеттүү.
32. Талаптагыдай тапшыруу деп жыйымдын эсебин жана/же кайра эсептөөнү жана/же төлөм милдеттенмесин төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарлоо лицензиаттын өзүнө же анын өкүлүнө кол койдуруу менен тапшыруу, эсепти заказ каты менен почта боюнча төлөөчүнүн акыркы белгилүү дарегине жиберүү түшүнүлөт.
33. Төлөөчүнүн почта дареги өзгөргөн учурда төлөөчү бул тууралуу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана лицензиялык аянттар жайгашкан жери боюнча тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзүнүн почта дареги өзгөргөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү. Эгерде жыйымдын эсеби өзүнүн почта дарегин алмаштырган төлөөчүгө почта дарегин алмаштыруу жөнүндө кабарлоонун мөөнөтү аяктаганга чейин жөнөтүлсө, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган почта дарегин алмаштыруу жөнүндө кабарлоону алган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде жыйымдын эсебин төлөөчүнүн жаңы дарегине кайра жөнөтүшү керек.
34. Өзүнүн дарегин алмаштырган жана бул тууралуу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, тийиштүү ыйгарым укуктуу салык органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына билдирбеген төлөөчү жер казынасын пайдалануу жана салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жыйымды өз убагында төлөбөгөндүктөн болуучу кесепеттердин тобокелдиги үчүн жоопкерчиликти өзү тартат.
35. Жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине түздөн-түз төлөнөт. Ошол эле учурда, эгерде лицензиялык аянт бир нече административдик-аймактык бирдиктердин аймагында жайгашса, жыйым тигил же бул административдик-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан аянтка пропорциялуу ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсебине төлөнөт.
36. Эгерде лицензиялык аянт же анын бөлүгү айылдык аймактын, шаардын чек араларына кирбесе, анда мындай лицензиялык аянт боюнча жыйымдар республикалык бюджетке андан ары аймактарды өнүктүрүү фонддоруна жиберүү үчүн жөнөтүлөт.
Ушул пункттун ченемдери аймагында лицензиялык аянттар жайгашкан жер участокторунун менчигинин түрүнө карабастан колдонулат.
37. Ыйгарым укуктуу салык органы жыйымдын эсебин жана/же кайра эсептөөнү лицензиялык аянттардын жайгашкан жери боюнча тийиштүү аймактык салык органдарына, аларды алган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде жөнөтүүгө милдеттүү.
38. Лицензиялык аянттар жайгашкан жери боюнча ыйгарым укуктуу салык органы лицензияны кармоо үчүн жыйым боюнча өздүк эсебинин карточкасын ачат. Өздүк эсебинин карточкасында эсептөөнүн негизинде чыгарылган жыйымдын суммасы жана казналыктын аймактык органынын көчүрмөсүнүн негизинде иш жүзүндө төлөнгөн сумма чагылдырылат, ал маалымат башкы салык органына жөнөтүлөт.
39. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир календардык жылга жыйымдын эсебин түзөт жана аны төлөөчүгө, салык кызматынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына жөнөтөт:
- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштеп чыгууга лицензиялар боюнча, анын ичинде жер астындагы сууларды тандоо жана пайдалануу боюнча аткарылган жумуштар жөнүндө бир жылдык отчет бергенден кийин, отчеттук жыл үчүн 20-марттан кечиктирбестен;
- геологиялык-издөө жумуштарына жана геологиялык чалгындоо жумуштарына лицензиялар боюнча учурдагы жыл үчүн 20-марттан кечиктирбестен.
Бир жыл үчүн жыйымдын жалпы суммасы кварталдар боюнча пропорционалдуу бөлүштүрүлөт жана төлөөчү отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен аны төлөшү керек.
40. Кайра эсептөө жүргүзүлгөн учурда төлөөчү жыйымдын суммасын кайра эсептөө менен кабарлоо алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жыйымдын суммасынын айырмасын төлөөгө милдеттүү.
41. Эгерде жыйымды кайра эсептөөдөн кийин ашыкча төлөнгөндүгү аныкталса, анда ашыкча төлөнгөн сумма жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аймактык салык органы тарабынан мындай төлөөчүнүн кийинки жыйымына чегерилет же анын арызы боюнча төлөөчүгө кайтарылып берилет.
5. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым боюнча карызды өндүрүп алуунун тартиби
42. Төлөм толук же жарым жартылай төлөнбөсө жана/же төлөмдү төлөө мөөнөттөрү бузулса, тийиштүү аймактык салык органы төлөм милдеттенмесин төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарлоону төлөөчүгө, ал эми жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоонун көчүрмөсүн төлөмдү төлөө үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабарлоону жеткирүүнүн негиздерин көрсөтүү менен жөнөтүүгө милдеттүү.
43. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү аймактык салык органынан төлөм милдеттенмесин төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарлоонун көчүрмөсүн алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун үч айга чейинки мөөнөткө токтотуп турат. Мында протоколго кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуп туруу жөнүндө чечимден көчүрмөнү токтотуп туруунун себебин көрсөтүү жана бузууларды жокко чыгаруу тууралуу эскертүүнү берүү менен тийиштүү аймактык салык органына жөнөтөт.
Төлөм лицензия токтотулган мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.
44. Ушул Тартиптин 48-пунктунда белгиленген тартипте лицензиянын колдонулушу токтотулган учурда жыйым жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) учуруна чейин эсептелет жана төлөнүүгө тийиш.
45. Төлөөчүгө кабарлоону тапшырган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде төлөм милдеттенмеси төлөнбөсө, тийиштүү аймактык салык органы жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды төлөм милдеттенмесин экинчи ирет төлөбөгөндүгү жөнүндө кабарлайт.
46. Тийиштүү аймактык салык органынан төлөм милдеттенмесин экинчи ирет төлөбөгөндүгү жөнүндө кабарлоону алган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде төлөм милдеттенмеси экинчи ирет төлөнбөсө, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотууга алып келген себептер мөөнөтүндө жоюлбагандыгынын негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотот (жокко чыгарат).
47. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны токтотуу (жокко чыгаруу) жыйымды жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки мезгил үчүн төлөөдөн бошотуу үчүн негиз болуп саналбайт.
48. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушу токтотулган (жокко чыгарылган) учурда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечимден көчүрмөнү тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана аймактык салык органына жөнөтөт.
49. Жыйым боюнча карыз болгон учурда аймактык салык органы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечимден көчүрмөнү алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жыйым боюнча карыздын суммасын төлөөчүдөн мажбурлап өндүрүү үчүн материалдарды сотко жөнөтүүгө милдеттүү.
50. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айыптар салыктык эмес кирешелерди алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
51. Төлөөчүдөн сот аркылуу өндүрүлгөн сумма салыктык эмес кирешелерди алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.