Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 12-августундагы № 449 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 27-сентябры № 185
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкаларын жана жыйымды эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Жер казынасын пайдалануунун укуктук жөнгө салынышын өркүндөтүү максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 31-главасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- пайдалуу кендерди издөөдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкасы 2-тиркемеге ылайык;
- пайдалуу кендерди чалгындоодо жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкасы 3-тиркемеге ылайык;
- пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом күчүнө киргенге чейин берилген лицензиялар боюнча лицензияларды кармоо үчүн жыйымдардын ставкаларынын өлчөмүн аныктоо мөөнөтүн эсептөө лицензиянын алгачкы берилген күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 760 "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөө, төлөмдүн ставкаларын жана төлөмдү эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 1-октябрындагы № 101 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |
|
| 2-тиркеме |
Пайдалуу кендерди издөөдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым СТАВКАСЫ
Пайдалуу кендердин түрлөрү | 1-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 2-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 3-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 4-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 5-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 6-жыл үчүн, ЛКЖ кийинки ар бир жыл үчүн жыйым 50%га көбөйтүлөт |
Пайдалуу металл кендер: |
|
|
|
|
|
|
Асыл металлдар (алтын, күмүш, платиноиддер). Сейрек кездешүүчү жана чачыранды элементтер (сейрек топурак, тантал, ниобий, гафний, цирконий, цезий, литий). Кара металлдар (темир, марганец, хром, титан, ванадий), түстүү металлдар (алюминий, рубидий, жез, никель, кобальт, коргошун, цинк), сейрек кездешүүчү металлдар (калай, вольфрам, мышьяк, молибден, бериллий, висмут, сымап, сурьма, стронций). Уран, торий жана радиоактивдүү чийки зат | 10 | 10 | 50 | 100 | 200 | 500 |
Чачыранды кендер (алтын) | 300 | 500 | 1000 | 2000 | 3000 | 5000 |
Металл эмес пайдалуу кендер (рудалык эмес): |
|
|
|
|
|
|
Баалуу, жарым-жартылай баалуу, зергерлик жана жасалгалоочу таштар (ташка айланган жыгач, мрамор ониксн, альмамдин), пьезоолтикалык жана оптикалык материалдар (исландия шпаты, оптикалык флюорит, пьезооптикалык кварц). Айнек, керамика, отко чыдамдуу чийки заттар (фарфор ташы, кварц-полевошпаттык тектер, каолин, карапа жасалуучу чопо, чопо жана кыш куюлуучу чопо топурак, кварц кумдары, кумдак таш, кварцит, тальк, пирофиллит, волластонит, акиташ теги), абразивдүү чийки зат (корунд, наждак, кайрак таш, трепел), туздар жана туздардын эритиндиси (туз, натрий сульфаты). Агрохимиялык чийки заттар (тоют тузу, агроруда, апатиттер, фосфориттер, селитра, глауконитгер, уюган күкүрт, чым көң), химиялык чийки заттар (барит, бор, күкүрт колчеданы), металлургия үчүн рудалык эмес чийки заттар (серпентинит, магнезит, кремнезем чийки заты, андалузит, флюс флюорити, флюс акиташ теги, доломит). Кынама таш жана дубал ташы (кумдак таш жана конгломераттар, мрамор, акиташ теги, доломиттер, роговиктер) каптама таш (мрамор, үлүл-акиташ теги, доломит-акиташ теги, гранит, магма тектери, роговиктер), акиташ жана цемент үчүн чийки заттар (акиташ үчүн акиташ теги, цемент үчүн акиташ теги жана доломиттер, мергелдер, ылай жана чопо топурак, цементке, гипске активдүү кошулмалар), чополуу сланецтер, сланецтер, вулканомиктовдуу конгломерат, туфоалевролит, жилалуу кварц, граносиенит, глиеж, кынаматаш, курулуш ташы, вулканиттер. гранодиорит, ангидрит, кой таштар жана гранитоиддердин чоң кесеги, мраморлошкон акиташ теги, базальт. Бетон жана курулуш эритмеси үчүн чийки заттар (кум-шагыл аралашмасы, курулуш куму, кычкыл эффузивдер, керамзит жана аглопорит өндүрүшү үчүн чийки зат), башка металл эмес кендер (петролургиялык чийки зат, озокерит, слюда, кремнийи көп чийки зат, бентонит чопосу, асбест, графит, гипс) | 100 | 100 | 500 | 1000 | 2000 | 3000 |
Күйүүчү кендер: |
|
|
|
|
|
|
Көмүр | 250 | 300 | 400 | 500 | 600 | 1000 |
Мунай жана газ | 20 | 20 | 30 | 50 | 70 | 90 |
Эскертүү:
1) ЛКЖ - лицензияны кармоо үчүн жыйым;
2) ЭК - эсептик көрсөткүч;
3) пайдалуу кендерди издөөдө төлөнүүчү жыйым ставкасынын өлчөмү алтынчы жылдан кийинки ар бир жыл үчүн 50 пайызга көбөйтүлөт.
|
| 3-тиркеме |
Пайдалуу кендерди чалгындоодо жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым СТАВКАСЫ
Пайдалуу кендердин түрлөрү | 1-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 2-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 3-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 4-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 5-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 6-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 7-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 8 жана кийинки жылдар үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ |
Пайдалуу металл кендер: |
|
|
|
|
|
|
|
|
Асыл металлдар (алтын, күмүш, платиноиддер. Сейрек кездешүүчү жана чачыранды элементтер (сейрек топурак, тантал, ниобий, гафний, цирконий, цезий, литий). Кара металлдар (темир, марганец, хром, титан, ванадий), түстүү металлдар (алюминий, рубидий, жез, никель, кобальт, коргошун, цинк) жана сейрек кездешүүчү металлдар (калай, вольфрам, мышьяк, молибден, бериллий, висмут, сымап, сурма, стронций). Уран, торий жана радиоактивдүү чийки зат | 10 | 20 | 40 | 60 | 100 | 160 | 180 | 200 |
Чачыранды кендер (алтын) | 50 | 100 | 300 | 400 | 500 | 600 | 800 | 1000 |
Металл эмес пайдалуу кендер (рудалык эмес): |
|
|
|
|
|
|
|
|
Баалуу, жарым-жартылай баалуу, зергерлик жана жасалгалоочу таштар (ташка айланган жыгач, мрамор оникси, альмандин), пьезооптикалык жана оптикалык материалдар (исландия шпаты, оптикалык флюорит, пьезооптикалык кварц). Айнек, керамика, отко чыдамдуу чийки заттар (фарфор ташы, кварц-полевошпаттык тектер, каолин, карапа жасалуучу чопо, чопо жана кыш куюлуучу чопо топурак, кварц кумдары, кумдак таш, кварцит, тальк, пирофиллит, волластонит, акиташ теги) абразивдүү чийки заттар (корунд, наждак, кайрак таш, трепел), туздар жана туздардын эритиндиси (туз, натрий сульфаты), агрохимиялык чийки заттар (тоют тузу, глауконит, агроруда). Кынама таш жана дубал ташы (кумдак таш жана конгломераттар, мрамор, акиташ теги, доломит, роговик) каптама таш (мрамор, үлүл-акиташ теги, доломит-акиташ теги, гранит, магма тектери, роговик), акиташ жана цемент үчүн чийки заттар (акиташ үчүн акиташ теги, цемент үчүн акиташ теги жана доломит, мергель, ылай жана чопо топурак, цементке, гипске активдүү кошулмалар), чополуу сланецтер, сланецтер, вулканомиктовдуу конгломерат, туфоалевролит, жилалуу кварц, граносиенит, глиеж, кынама таш, курулуш ташы, вулканит, гранодиорит, ангидрит, кой таштар жана гранитоиддердин чоң кесеги, мраморлошкон акиташ теги, базальт. Бетон жана курулуш эритмеси үчүн чийки заттар (кум-шагыл аралашмасы, курулуш куму, кычкыл эффузивдер, керамзит жана аглопорит өндүрүшү үчүн чийки зат), башка металл эмес кендер (петролургиялык чийки зат, озокерит, слюда, кремнийи көп чийки зат, бентонит чопосу, асбест, графит, гипс) | 20 | 40 | 30 | 100 | 150 | 200 | 300 | 400 |
Күйүүчү кендер: |
|
|
|
|
|
|
|
|
Көмүр | 20 | 30 | 50 | 70 | 120 | 150 | 200 | 250 |
Мунай жана газ | 2 | 4 | 6 | 10 | 12 | 14 | 16 | 18 |
Эскертүү:
1) ЛКЖ - лицензияны кармоо үчүн жыйым;
2) ЭК - эсептик көрсөткүч;
3) пайдалуу кендерди чалгындоодо төлөнүүчү жыйым ставкасынын өлчөмү сегизинчи жылдан кийинки ар бир жылга 8-жылдын чендери боюнча белгиленет.
|
| 4-тиркеме |
Пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым СТАВКАСЫ
Пайдалуу кендердин төрлөрү | 1-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 2-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 3-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 4-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 5-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 6-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 7-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 8-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 9-жыл үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ | 10 жана кийинки жылдар үчүн, 1 га ЭК үчүн ЛКЖ |
Пайдалуу металл кендер: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Асыл металлдар (алтын, күмүш, платиноиддер). Сейрек кездешүүчү жана чачыранды элементтер (сейрек топурак, тантал, ниобий, гафний, цирконий, цезий, литий) | 50 | 80 | 150 | 300 | 400 | 450 | 500 | 550 | 600 | 800 |
Кара металлдар (темир, марганец, хром, титан, ванадий), түстүү металлдар (алюминий, рубидий, жез, никель, кобальт, коргошун, цинк), сейрек кездешүүчү металлдар (калай, вольфрам, мышьяк, молибден, бериллий, висмут, сымап, сурма, стронций). Уран, торий жана радиоактивдүү чийки зат | 10 | 20 | 40 | 6 | 100 | 160 | 180 | 200 | 220 | 240 |
Чачыранды кендер (алтын) | 100 | 200 | 400 | 500 | 600 | 800 | 1000 | 1500 | 2000 | 3000 |
Металл эмес пайдалуу кендер (рудалык эмес): |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Баалуу, жарым-жартылай баалуу, зергерлик жана жасалгалоочу таштар (ташка айланган жыгач, мрамор оникси, альмандин), пьезооптикалык жана оптикалык материалдар (исландия шпаты, оптикалык флюорит, пьезооптикалык кварц). Айнек, керамика, отко чыдамдуу чийки заттар (фарфор ташы, кварц-полевошпаттык тектер, каолин, карапа жасалуучу чопо, чопо жана кыш куюлуучу чопо топурак, кварц кумдары, кумдак таш, кварциттер, тальк, пирофиллит, волластонит, акиташ теги), абразивдүү чийки заттар (корунд, наждак, кайрак таш, трепсл), туздар жана туздардын оритиндиси (туз, натрий сульфаты), агрохимиялык чийки заттар (тоют тузу, глауконит, агроруда). Кынама таш жана дубал ташы (кумдак таштар жана конгломераттар, мрамор, акиташ теги, доломиттер, роговиктер), каптама таш (мрамор, үлүл-акиташ теги, доломит-акиташ теги, гранит, магма тектери, роговик), акиташ жана цемент үчүн чийки зат (акиташ үчүн акиташ теги жана цемент үчүн доломит, мергель, ылай жана чопо толурак, цементке, гипске активдүү кошулмалар), чополуу сланецтер, сланецтер, вулканомиктовдуу конгломерат, туфоалевролит, жилалуу кварц, граносиенит, глиеж, кынама ташы, курулуш ташы, вулканит, гранодиорит, ангидрит, кой таштар жана гранитоиддердин чоң кесеги, мраморлошкон акиташ теги, базальт. Бетон жана курулуш эритмеси үчүн чийки заттар (кум-шагыл аралашмасы, курулуш куму, кычкыл эффузивдер, керамзит жана аглопорит өндүрүшү үчүн чийки зат), башка металл эмес кендер (петролургиялык чийки зат, озокерит, слюда, кремнийи көп чийки зат, бентонит чопосу, асбест, графит, гипс) | 20 | 40 | 100 | 150 | 200 | 250 | 300 | 400 | 500 | 600 |
Күйүүчү кендер: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Көмүр | 40 | 60 | 80 | 100 | 150 | 200 | 250 | 350 | 400 | 500 |
Мунай жана газ | 2 | 2 | 6 | 10 | 12 | 14 | 16 | 18 | 20 | 30 |
Эскертүү:
1) ЛКЖ - лицензияны кармоо үчүн жыйым;
2) ЭК - эсептик көрсөткүч;
3) пайдалуу кендерди иштетүүдө төлөнүүчү жыйым ставкасынын өлчөмү онунчу жылдан кийинки ар бир жылга 10-жылдын ставкасы боюнча белгиленет.