Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2 апрели № 200
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу айыл чарба продукциясын, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү, ошондой эле аларды сактоо, кайра иштетүү, ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу айыл чарба продукциясын, чийки заттарды жана азык- түлүктөрдү, ошондой эле аларды сактоо, кайра иштетүү, ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды ишке ашыруу тартиби бекитилсин.
2. “Кыргызагроазык-түлүк корпорациясы” ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) айыл чарба продукциясын, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү, ошондой эле аларды сактоо, кайра иштетүү, ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашыруу боюнча мамлекеттик агент болуп аныкталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын “2” – апрелиндеги
№ 200 токтому менен бекитилген
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу айыл чарба продукциясын, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү, ошондой эле аларды сактоо, кайра иштетүү, ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартиби
1. Айыл чарба продукциясын, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү, ошондой эле аларды сактоо, кайра иштетүү, ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу мамлекеттик агент тарабынан тоорук жүргүзүлбөстөн ишке ашырылат.
2. Айыл чарба продукциясын, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү, ошондой эле аларды сактоо, кайра иштетүү, ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен, ошондой эле мамлекеттик агенттин өз каражатынын эсебинен келишимдик баалар боюнча ишке ашырылат.
3. Айыл чарба продукциясын, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү сатып алууга бааларды аныктоодо республиканын региондору боюнча айыл чарба продукцияларына, чийки заттарга жана азык-түлүккө рыноктук баанын жана импорттолуучу продукцияларга баанын түзүлгөн деңгээли эске алынат.
4. Айыл чарба продукциясын, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү, ошондой эле аларды сактоо, кайра иштетүү, ташуу боюнча кызмат керсөтүүлөрдү сатып алуу келишимдик баалар боюнча жүргүзүлөт.
5. Айыл чарба продукциясын, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү, ошондой эле аларды сактоо, кайра иштетүү, ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу ушул продукцияларды кабыл алуу, коюу, сактоо жана пайдалануу тартибин аныктоочу колдонуудагы ченемдик- техникалык документтерге ылайык ишке ашырылат.
6. Айыл чарба продукциясынын, чийки заттардын жана азык-түлүктөрдүн сапаты жана коопсуздугу мамлекеггик стандарттарга, тийиштүү техникалык регламенттер, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык ченемдер жана эрежелер, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулган башка ченемдик укуктук актылар менен аларга коюлуучу техникалык шарттарга ылайык келүүгө тийиш.
7. Мамлекеттик агент:
- айыл чарба продукциясын, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү өндүрүүчүлөрдү, ошондой эле аларды сактоо, кайра иштетүү жана ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмдарды тандоону жүргүзөт;
- айыл чарба продукциясын, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү, ошондой эле аларды сактоо, кайра иштетүү жана ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда көлөмүн, сапатын, баасын, мөөнөтүн жана башка шарттарын карайт;
- түзүлгөн келишимдерге же андай келишим жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык айыл чарба продукцияларын, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү өндүрүүчүлөр, ошондой эле аны сактоо, кайра иштетүү жана ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр менен эсептешүүнү камсыз кылат;
- бюджеттик каржылоонун каражаттарынын эсебинен бюджеттик уюмдар үчүн айыл чарба продукцияларын, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү берип турууну ишке ашырат.
8. Айыл чарба продукцияларынын, чийки заттардын жана азык-түлүктөрдүн ички базарларын турукташтыруу, экспортту, ошондой эле бюджеттик каржылоонун эсебинен бюджеттик уюмдар үчүн айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрдү берүүнү камсыз кылуу продукцияларды, чийки заттарды жана азык-түлүктөрдү сатып алуу баасын, аларды сактоого, кайра иштетүүгө, ташууга кеткен чыгымдарды, ошондой эле даяр продукцияны чыгымсыз сатууну эске алуу менен соода үстөгүн камтыган баалар боюнча керектөөчүлөр (сатып алуучулар) тарабынан жүргүзүлөт.