Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 34-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын (мындан ары - Кызмат) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Борбор Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ушул Жобону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жана Кызматтын актыларын жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Борбор мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет.
4. Борбордун Кыргыз Республикасынын казыналык тутумунда өз алдынча балансы, алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактарга тиешелүү башка атрибуттары болот.
5. Борбордун расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору";
- расмий тилде: "Центр ветеринарной диагностики и экспертизы Ветеринарной службы при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";
2) кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ВДЭБ";
- расмий тилде: "ЦВДЭ".
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Борбордун юридикалык дареги: 720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, М.Рыскулов көчөсү, 33.
7. Борбор өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык органдары, мамлекеттик, коомдук, илимий уюмдар жана башка жеке/юридикалык жактар менен өзүнүн компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Борбордун милдеттери жана функциялары
8. Борбордун милдеттери:
- жаныбарлардын вирустук, бактериялык жана мите ылаңдарын аныктоо боюнча өз убагында, так, квалификацияланган диагностика иштерин, химиялык-токсикологиялык, радиологиялык жана башка изилдөөлөрдү, ошондой эле жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларга (чийки заттарга) ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү;
- жаныбарлардын ылаңдарынын диагнозун коюунун методдорун өркүндөтүү жана Борбордун аймактык ветеринардык лабораторияларынын ишин башкаруу;
- зооантропонозду кошуп алганда, жаныбарлардын ылаңдарынын диагнозун аныктоо жана ал ылаңдар менен күрөшүү чараларын уюштуруу маселелерин чечүүдө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кызматтын аймактык органдарына жана башка жеке жана юридикалык жактарга өзүнүн компетенциясынын чегинде методикалык, консультативдик жана практикалык жардам көрсөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Борбор төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча:
- Борбордун ишинде колдонулган келип түшкөн диагностикумдарга контролдук сыноолорду жүргүзүү жана аларды колдонуу боюнча сунуштамаларды берүү;
- ченемдик укуктук актыларга ылайык жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктардын (чийки заттардын) биологиялык коопсуздугуна милдеттүү талаптарды камсыз кылуу боюнча тамак-аш азыктарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын коопсуздугунун көрсөткүчтөрүнө лабораториялык сыноолорду жүргүзүү;
- жаныбарлардын ылаңдарына диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүн жана аймактык ветеринардык лабораторияларын аккредитация процессине даярдоо жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык техникалык компетенттүүлүгүн ырастоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- ченемдик укуктук актыларга ылайык жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктарга (чийки заттарга) ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү;
- ченемдик укуктук актыларга ылайык жаныбарлардын ылаңдарына жана жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктарга (чийки заттарга) салыштырып текшерүүлөрдү жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- ченемдик укуктук актыларга ылайык лабораториялык диагностика жана экспертиза үчүн жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукциялардын (чийки заттарга) пробаларын (үлгүлөрүн) жана патологиялык материалдарды алуу;
- изилдөөлөрдүн жыйынтыгын сыноолордун протоколу түрүндө юридикалык жана жеке жактарга белгиленген тартипте берүү;
2) кызматтарды көрсөтүү:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүн жана аймактык ветеринардык лабораторияларын зарыл диагностикалык каражаттар менен камсыз кылуу;
3) колдоо көрсөтүү:
- эпизоотияга каршы жана эпидемиологияга каршы иш-чараларды тез арада жүргүзүү үчүн өзгөчө кооптуу зооантропоноздук оорулардын аныкталган учурлары жөнүндө Кызматка (анын аймактык бөлүмдөрүнө) жана башка тиешелүү уюмдарга маалымдоо;
- жаныбарлардын өзгөчө кооптуу ылаңдарынын диагнозу аныкталгандыгы жөнүндө Кызмат оперативдүү жана үзгүлтүксүз маалымат берүү үчүн Кызмат тарабынан белгиленген формада даярдоо;
- ветеринардык диагностикалык методдордун илимдин алдыңкы жетишкендиктерине шайкеш келүүсүн эсепке алуу, жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалык изилдөөлөрдүн жаңы методдорун үйрөнүү жана жалпылоо;
- Борбордун аймактык ветеринардык лабораторияларынын ишин координациялоо;
- жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын текшерүү боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу жана Борбордун аймактык ветеринардык лабораторияларына жайылтуу;
- материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, кадрдык курамы жана практикалык лабораториялардын ишинин потенциалы тууралуу маалыматтар базасын түзүү;
- ветеринардык диагностика жана экспертиза жаатында илимий-изилдөө мекемелери менен кызматташуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Борбордун укуктары
10. Борбор милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- жаныбарлар ылаңдаган учурда сунушталган жаңы диагностикалык каражаттарга жана методдорго аларды пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштамаларды берүү менен өндүрүштүк сыноолорду жүргүзүүгө;
- Кызматка ветеринардык иштин жана ветеринардык диагностиканын натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;
- белгиленген тартипте эл аралык жана аймактык конференцияларга, семинарларга, тренингдерге, ошондой эле эл аралык донорлордун долбоорун даярдоого катышууга жана Кызмат менен макулдашуу боюнча ветеринардык-диагностикалык ишмердүүлүктүн маселелери боюнча эл аралык кызматташуу жүргүзүүгө;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүн жана аймактык ветеринардык лабораторияларды аккредитациялоо жана аттестациялоо боюнча комиссиялардын ишине катышууга;
- өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык/жеке жактардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан суроого жана алууга;
- Борбордун иши менен байланыштуу конкурстарды, семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, илимий-изилдөө институттары менен макулдашуу боюнча көз карандысыз экспертиза жүргүзүү үчүн адистерди тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Борбордун ишин уюштуруу
11. Борборду директор башкарат, аны Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Борбордун директорунун орун басарларын Борбордун директорунун сунушу боюнча Кызматтын директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Борбордун директору:
- Борбордун ишине түздөн-түз жетекчилик кылат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- жаныбарлардын ылаңдарына ветеринардык диагностиканы жана жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктарды (чийки заттарды) экспертизалоону уюштурууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелери, ишканалары жана уюмдары жана чет мамлекеттер менен болгон мамилелерде Борбордун атынан иш алып барат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
- Борбордун кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоболорун жана Борбордун кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Борбордун чыгымдар сметасын, штаттык расписаниесин, түзүмүн, штаттык санын, эмгек акы төлөө фондун жана аймактык ветеринардык лабораториялары жөнүндө жобону Кызматка бекитүүгө берет;
- Борбордун айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга сунуштарды Кызматка берет;
- Борбордун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Борбордун аймактык ветеринардык лабораторияларынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине мыйзамдарда белгиленген тартипте 3 жылда бир жолу квалификациясын аныктоо үчүн аттестация өткөрөт;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктерин жана кызматкерлерин, Борбордун кызматкерлерин мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана ээлеген кызматынан бошотот;
- Кызмат менен макулдашуу боюнча Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш пландарын бекитет;
- Борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө отчетту квартал сайын жана жылдын жыйынтыгы боюнча Кызматка берет;
- лабораториялык изилдөөлөрдүн жаңы методдорун киргизүүгө шарт түзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борборду жетектөөгө жана ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка ыйгарым укуктарды аткарат.
Борбордун директору жок болгон мезгилде анын директорунун милдеттерин аткаруу Борбордун директорунун орун басарына жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Борбордун түзүмүнө Борбордун аймактык ветеринардык лабораториялары жана түзүмдүк бөлүмдөрү кирет.
5-глава. Мүлк жана финансы
15. Борбордун негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
16. Борборду каржылоо республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынан жүргүзүлөт.
17. Борбор оперативдүү башкаруу укугунда мамлекеттик имаратты, жабдууларды, инвентарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
6-глава. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
18. Борборду өзгөртүп түзүү жана жоюу, жоюлган же өзгөртүп уюштурулган учурда мүлктү бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Борбордун иши токтотулган учурда анын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.