Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19- октябры № 224
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Бюджеттик процессти автоматташтыруу милдеттерин оперативдүү чечүүнү, мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагындагы иш-чараларды сапаттуу ишке ашырууну, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууну, салыктык жол-жоболорду, бажылык башкарууну фискалдаштырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-2-пункт менен толукталсын:
"5-2. Ушул токтомдун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасына жайылтылбай тургандыгы белгиленсин.".
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы үч жылдын ичинде жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешени толук өлчөмдө өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планды) ишке ашырууга багыттоого укуктуу экендиги аныкталсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |