Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 18-октябры № 222
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартибин бекитүү жөнүндө
Суу экосистемаларын сактоо жана калыбына келтирүү, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 88-беренесине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 47-беренесине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүдөй жайгашкан суу объекттеринен суу алууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар үчүн кен казуу тармагында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын ставкалары бекитилсин:
- деңиз деңгээлинен 2700 метрден жогору белгиде - суунун бир куб метри үчүн 100 сом;
- деңиз деңгээлинен 2700 метрден төмөн белгиде - суунун бир куб метри үчүн 60 сом.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары жер үстүндөгү суу объекттеринен суу алууну жүзөгө ашыруучу экономикалык иштин субъекттери үчүн өнөр жай чөйрөсүндө жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын ставкасы суунун куб метри үчүн 2,3 сом ставка боюнча бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине киргизүүнү камсыз кылсын:
- төлөө мезгилинен мурунку жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө - каралган каражаттардын чегинде акыркы үч жыл үчүн суу ресурстарын башкаруу, изилдөө, баалоо жана коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган бюджеттин чыгымдар бөлүгү боюнча маалыматтарды;
- төлөө мезгилинен мурунку жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө - келерки үч жылга суу ресурстарын башкаруу, изилдөө, баалоо жана коргоо боюнча иш-чараларды, ошондой эле авариялардын жана табигый кырсыктардын (селдер, суу ташкындары, суу басуу, суу каптоо, эрозия жана жээктердин кыйрашы) натыйжасында сууларга зыяндуу таасирди жана анын булганышын алдын алуу, жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга чыгымдардын планын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
- ушул токтомдун 4-пунктунда аталган министрликтерден жана ведомстволордон алынган маалыматтардын негизинде төлөө мезгилинен мурунку жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө келерки үч жылга Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын ставкасынын өлчөмүн аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизсин;
- жыл сайын, кийинки жылдын 30-январына чейинки мөөнөттө отчеттук жылда жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизип турууну камсыз кылсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Суу пайдалануучулар:
- ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде өз алдынча, жеке каражаттарынын эсебинен жер үстүндөгү сууну булактан алуучу жерде (суу өткөргүч түтүктүн өндүрүштүк аймакка кирген жеринде) метрология боюнча ыйгарым укуктуу органда текшерүүдөн өткөн, алынган суунун көлөмүн эсептөөчү приборлорду/түзүлүштөрдү орнотууга милдеттүү;
- сууну пайдалануу жөнүндө жылдык отчетту (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын 24-июлундагы № 6 токтому менен бекитилген № 2 (суу чарба) формасы боюнча) суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, суу ресурстары үчүн төлөмдөр жөнүндө статистикалык отчетту жана кварталдык отчетту - салык кызматынын органдарына, суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана мамлекеттик расмий статистика органына беришет.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү аныктоонун жана алуунун убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 22-октябрындагы № 108 (3287) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |