Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-мартындагы № 137 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү аныктоонун жана алуунун убактылуу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү аныктоонун жана алуунун ушул тартиби (мындан ары - Убактылуу тартип) суу пайдалануучу субъекттер чарбалык иштерин жүргүзүшкөндө жер үстүндөгү сууларды жаратылыш ресурстары катары пайдаланышкандыгы үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоого жана алууга багытталган.
1. Ушул Убактылуу тартипте колдонулган түшүнүктөр жана аныктамалар:
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары - Кыргыз Республикасынын чек арасынын ичинде жайгашкан бардык суулар;
суу пайдалануучулар - Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар;
жер үстүндөгү суулар - жер үстүндө агып жаткан же топтолгон суулар. Көлдүн, дарыянын, саздын суулары жана башка суулар болуп бөлүнөт;
санитардык коё берүү - суу сактагычтын төмөнкү бьефинде суунун сапатынын ченемдерин жана сууну пайдалануунун жакшы шарттарын сактоону камсыз кылуу үчүн сууну минималдуу чыгымдоо;
экологиялык коё берүүлөр - суу объекттеринин абалын экологиялык талаптарга ылайык кармап туруу үчүн суу сактагычтардан суулардын чыгарылышы.
2. Жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдү аныктоо
3. Жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөм.
Жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөм төмөнкү формула боюнча аныкталат:
П = М х Т, сом, мында:
М - алынган суунун иш жүзүндөгү көлөмү, м3;
Т - жаратылыш ресурсу катары жер үстүндөгү сууну пайдалангандык үчүн төлөмдүн нормативи, 0,025 сом/м3.
Жаратылыш ресурсу катары жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдүн ченеми суу ресурстарын башкаруу, коргоо, аларды эсепке алуу жана алардын сапатын изилдөө боюнча иштеген мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин иш жүзүндөгү чыгымдарынын негизинде аныкталган.
4. Суу объектисинен алынган суунун көлөмү сууларды пайдаланууну алгачкы эсепке алуу журналында чагылдырылган суу өлчөөчү приборлордун көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталат.
Мындай приборлор жок болгон учурда суу алуу техникалык каражаттардын иштөө убактысынын жана өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнө ылайык белгиленет, эгерде бул мүмкүн болбосо суу керектөөнүн нормалары колдонулат.
3. Жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдү алуунун тартиби жана шарттары
5. Төлөм уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан бардык суу пайдалануучулардан, анын ичинде чарбалык иш жүргүзүү укугу берилген чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар катышкан биргелешкен ишканалардан да алынат.
6. Жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөм суу ресурстары чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан жыл сайын алты айда бир жолу алынат.
Суу ресурстары чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы сууну пайдалангандык үчүн төлөмдү эсептөөнүн тууралыгын жана өз убагында алынышын контролдойт.
7. Жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөн төмөнкүлөр бошотулат:
- мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган мекемелер жана уюмдар;
- электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн сууну пайдалануучу гидроэлектр станциялар;
- өрт коопсуздугун камсыз кылуучу, өзгөчө кырдаалдарды жоюучу кызматтар;
- уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан сууну төмөнкүлөргө пайдаланган суу пайдалануучулар:
айыл чарба өсүмдүктөрүн жана жашылдандыруучу өсүмдүктөрдү сугарганда;
сууну калктын суу ичүү муктаждыктары үчүн алганда;
сууну санитардык жана экологиялык коё берүүлөрдө;
сууну балык өстүрүү жана суудагы биологиялык ресурстарды кайта калыбына келтирүү үчүн, кемелерде, анын ичинде өлчөмү кичине сүзүүчү каражаттарда сүзүү үчүн пайдаланганда;
суу объекттерине жана башка жаратылыш ресурстарына мамлекеттик мониторинг, ошондой эле геодезиялык, топографиялык, гидрографикалык жана издөө-тартуу жумуштарын жүргүзүүдө;
гидроэнергетикалык, мелиорациялык, балык чарбалык, суу-транспорттук жана канализация багытындагы гидротехникалык курулмаларды жайгаштырууда жана курууда;
мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын, балык чарбасынын керектөөлөрүн камсыздоодо.
8. Кыргыз Республикасындагы жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөм республикалык бюджетке кириштелет.