Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-марты № 137
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү аныктоонун жана алуунун убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө
Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү аныктоонун жана алуунун убактылуу тартиби (мындан ары - Убактылуу тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Убактылуу тартип жаратылыш ресурсу катары жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдү аныктоонун жана алуунун маселелери 2016-жылдын 1-октябрынан кечиктирилбей мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин колдонулаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги эки айлык мөөнөттө суу пайдалануу үчүн төлөм маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды жана кемтиктерди жоюуга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |