Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфосистемс» мамлекеттик ишканасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-октябрындагы N 224 токтому менен бекитилген» уставы
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-октябрындагы № 224 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугунда башкарууга негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги саналат.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Инфосистемс" при Министерстве финансов Кыргызской Республики";
3) кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Инфосистемс" МИ;
- расмий тилде: ГП "Инфосистемс".
6. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында эсептешүү жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантияны) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын кирешесинин бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкананын юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58 "а".
12. Ишкана финансылык сектор, фискалдаштыруу, бажылык жана салыктык башкаруу, соода, мамлекеттик мүлктү башкаруу, мамлекеттик сатып алуулар жана башка чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын иштеп чыгат жана коштойт (мындан ары - мамлекеттик органдар).
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын ишинин негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
2) мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
3) мамлекеттик органдардын ишин автоматташтыруу процессин башкаруу;
4) маалыматтык системалардын үзгүлтүксүз иштешин жана коштоону камсыздоо;
5) бизнес-процесстерди автоматташтыруу боюнча комплекстүү маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү (маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана коштоо).
14. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) мамлекеттик башкаруу органы үчүн программалык камсыздоо продукттарын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыз кылуу;
3) электрондук башкаруу, маалыматташтыруу, электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү долбоорлорду, башка электрондук тиркемелерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
4) мамлекеттик органдардын маалыматтык системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;
5) мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалыматтык системасын интеграциялоону камсыз кылуу;
6) бизнес-процесстерди автоматташтыруу боюнча маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү (маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана коштоо).
15. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик башкаруу органы үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана техникалык коштоо;
2) өз алдынча түзүлүүчү жана тандалган подрядчылар тарабынан жүзөгө ашырылуучу маалыматтык системаларды иштеп чыгууда жана киргизүүдө иштерди координациялоо жана долбоорду башкаруу;
3) мамлекеттик органдардын пайдаланууга берилген маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо;
4) техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу жана макулдашуу;
5) мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоону жүзөгө ашыруу;
6) мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын пайдалануучуларды эксплуатациялоого окутуу;
7) мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын пайдалануучуларды колдоо боюнча иштерди камсыз кылуу;
8) мамлекеттик органдарга жана башка жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык технологиялар жаатындагы консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
9) маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, коштоо жана пайдалануу үчүн кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
10) конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
11) маалыматтык технологиялар жаатындагы илимий изилдөө, билим берүү жана инновациялык иштерди жүргүзүү;
12) мамлекеттик органдарды автоматташтыруунун иштелип чыгуучу милдеттери боюнча программалык продуктуну ишке киргизүү;
13) программалык-аппараттык каражаттарды системалык-техникалык тейлөөнү ишке ашыруу жана мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын коштоо;
14) технологиялык схемаларды өркүндөтүү жана иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүү, маалыматтык системанын программалык продуктусун коштоону жана тестирлөөнү уюштуруу жаатындагы изилденген ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбанын негизинде маалыматтарды иштеп чыгуу;
15) мамлекеттик органдарга пайдаланылуучу программалык камсыздоо боюнча практикалык жана методикалык жардамдарды көрсөтүү, мамлекеттик органдардын кызматкерлерин маалыматтык технологиялардын көндүмдөрүнө окутуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
16) иштелип чыгуучу жана коштолуучу маалыматтык системалардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди маалыматтык коопсуздук жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүү;
17) Ишкана интеллектуалдык же өзгөчө укуктарга ээ болгон мамлекеттик органдардын программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгуу, ишке киргизүү, техникалык коштоо жана модернизациялоо боюнча иштерди аткаруу;
18) маалыматтык системалардын программалык-аппараттык комплексин жүргүзүү, ишке киргизүү, коштоо жана тейлөө боюнча иштерди аткаруу, иштелип чыккан программалык продукттарды башкаруу жана техникалык колдоо;
19) мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын абалына маалыматтык системалардын ээлеринин макулдугу менен мониторинг жүргүзүү.
16. Ишкана максаттарына жетүү жана өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ишти жүргүзүүгө укуктуу.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
2) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, рыноктук конъюнктурага жараша товарлардын, жумуштардын жана Ишкана тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын наркын өз алдынча аныктоого;
3) кеңешме, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
4) өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү түзүүгө;
7) Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн жеке жактарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде белгиленген тартипте ишке тартууга;
8) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарылдыгына жараша эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
9) эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну ишке ашырууга;
10) чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде юридикалык жана жеке жактарга менчик ээсинин макулдугу менен берүүгө, ижарага берүүгө;
11) консультацияларды берүү, изилдөөчүлүк, маалыматтык, укуктук жана башка иштерди мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырууга;
12) Ишкананын жумушчуларына консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн келишимдердин жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишимдердин негизинде белгиленген тартипте адистерди тартууга;
13) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы мамлекеттик стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
14) мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын коопсуздугун, алардын бүтүндүгүн камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
15) мамлекеттик маалыматтык системаларды жана ресурстарды түзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
16) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте сурап алууга жана алууга;
17) юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
18) жарнама берүүчү болууга;
19) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Ишкана өзүнүн ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумуштарын аткарган жана кызматтарын көрсөткөн мамлекеттик органдар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга, алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян боюнча белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
5) Ишкананын тиешелүү отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджет жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
6) чарбанын карамагына өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) милдеттерди аныктоо, маалыматтык системаларды иштеп чыгуунун жана киргизүүнүн мөөнөттөрүн, бюджетин баалоо үчүн санариптештирүү жаатындагы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга;
8) салыктык сырды түзүүчү маалыматтарды колдо болгон уюштуруучулук жана инженердик-техникалык каражаттарды колдонуу менен комплекстүү коргоону камсыздоого;
9) мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзүүчү маалыматтар менен иштөө үчүн Ишкананын кызматкерлерине уруксатты Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, мамлекеттик сырды, коммерциялык купуя сырды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тариздөөгө.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин да мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын жеке турмушун, ар-намысын жана кадыр-баркын козгоочу маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Ишкананы башкаруу
20. Ишкананы башкаруу Ишкананын директору тарабынан ишке ашырылат.
21. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор мамлекеттик башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
22. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчиси кызматына дайындалган директор мамлекеттик башкаруу органынын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
23. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) ишке ашыруу;
3) Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы тууралуу ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) эмгек акы төлөө фондун кошуп алганда кызматчыларды жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
7) кызматчылардын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
8) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
9) аткарылган иштер жана көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтерди (бааларды) бекитүү;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
24. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суратууга жана алууга;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктар.
25. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын суроо-талабы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле финансылык-чарбалык ишине жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди алып чыгуу, ошондой эле Ишкананын бардык иш чөйрөсүнө байланышкан зарыл маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка купуя сыр болуп саналган Ишкананын иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө.
Ошондой эле Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарат.
26. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
27. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
2) мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, Кыргыз Республикасынын ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлерине аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, анын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
7) Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлктөрүн жана башка активдерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалына, финансы каражаттарынын, мүлктүн жана Ишкананын башка активдеринин максаттуу пайдаланылышына, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
28. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
29. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орундары каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
30. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органынын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзүшөт.
31. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан бошотулган учурда, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу Ишкананын директорунун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
32. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет, жоопкерчилик тартат жана ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарды пайдаланат.
33. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү тартибин аныктайт.
34. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү жарандар менен болгон мамилеси келишимдердин негизинде түзүлөт.
35. Мамлекеттик башкаруу органынын чечими боюнча Ишканага башкаруунун корпоративдик формасы киргизилиши мүмкүн.
5. Ишкананын жетекчилик курамы
36. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) директор, директордун орун басарлары;
2) башкы бухгалтер.
37. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Ишкананын уставындагы максаттарына жана милдеттерине ылайык аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам тарабынан корголуучу сыр болуп саналган Ишкананын иши тууралуу маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
38. Төмөнкүлөр Ишкананын жетекчилик курамында боло алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет мамлекетте жашап турууга укугу бар жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштары үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка, анын ичинде алынып салынган кылмыштар үчүн соттолгон адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте жетекчилик кызмат ордун ээлеген, аны банкротко алып келген адамдар;
5) мамлекеттик администрациялык, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
6. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
39. Ишкана өз ишин жылдык иш пландын же мамлекеттик башкаруу органы тарабынан 3 жана андан көп жылга бекитилген узак мөөнөттүү иш пландын негизинде жүзөгө ашырат.
40. Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер Ишкананын иш планынын негизин түзөт.
41. Ишкана келишимдин предметин эркин тандайт, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин бардык башка шарттарын эркин аныктайт.
42. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсебин жүргүзөт жана финансылык отчеттуулугун түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
43. Ишкана бюджетти аткаруунун жүрүшү тууралуу жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (ички аудит кызматына, эгерде андай болсо);
2) мамлекеттик башкаруу органына.
44. Ишкана финансылык-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
45. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын баяндоо;
2) тармакты жана рынокту сыпаттоо, Ишкана тарабынан өндүрүлгөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
3) Ишкана тарабынан өндүрүлгөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгын негиздөө;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалына баа берүү;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүнүн планы;
6) уюштуруучулук план;
7) финансылык план;
8) тобокелдиктерди талдоо.
46. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органына келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетин аткаруу тууралуу отчетту киргизет.
47. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу үчүн жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
48. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматты бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
49. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7. Ишкананын мүлкү жана финансы
50. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп эсептелет. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
51. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилип берилген мүлк;
2) мүлк, анын ичинде ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же ээ болгон кирешелер, түшүмдөр, продукциялар;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бардык булактар.
52. Жаңы түзүлгөн, алынган же жеке финансылык-чарбалык иштен алынган кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен Ишкана тарабынан сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укугун уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык жүзөгө ашырат.
53. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катарында киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
54. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоону жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
8. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
55. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп алуу же кайра түзүү формасында жүргүзүлөт.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп алуу же кайра түзүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
56. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
57. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде (акционерлештирүү) болгон ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлөт.
Ишкананы кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар жана милдеттенмелер, анын ичинде эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү укуктар жана милдеттенмелер боюнча анын укугун улантуучу болуп саналат.
58. Ишкана төмөнкүдөй учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
59. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик башкаруу органынын чечими менен жоюу комиссиясы жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын жана зарыл учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасынан түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
60. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.