Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-ноябры № 234
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Алкоголдук рынокту мамлекеттик контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Түрлөрү, аталыштары жана сыйымдуулугу (алкоголдук буюмдар үчүн) боюнча акциздик продукцияны маркалоо салык кызматы органынын акциздик маркаларды берүү тууралуу чечиминде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.";
- 12-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пунктунун үчүнчү абзацындагы "2-тиркемесине" деген сөздөр "№ 3 тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы № 3 тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
Тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого № 3 тиркеме |
___________________________________________________________________
(Салык кызматынын органынын аталышы)
Акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсебине акциздик буюмдарды СПЕЦИФИКАЦИЯЛОО 20___-жылдын "___" _____________ № ______
Салык төлөөчүнүн аталышы |
|
Юридикалык дареги жана телефону |
|
ИСН |
|
Катар № | Акциздик продукциянын түрү | Акциздик продукциянын маркасы (аталышы) | Идиштин сыйымдуулугу. Тамеки буюмдарынын түрү | Сатып алынуучу акциздик маркалардын саны |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Уюмдун жетекчиси: | ____________________ (аты-жөнү) | ____________ колу |
|
| |
М.О.". |
|
|