Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 11-октябры № 213
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 648 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта Соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы коллизицияларды жана боштуктарды жоюу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 648 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта Соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы, преамбуласындагы жана 1-пунктундагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускамада:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пунктунун биринчи абзацындагы «9» деген цифра «8» деген цифра менен алмаштырылсын;
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Процесстик мыйзамдардын талаптары же экспертизага жиберилген материалдарды тариздөө эрежелери сакталбаган учурда МСЭКтин (анын түзүмдүк бөлүмүнүн) жетекчиси берилген материалдардагы кемчиликтерди жоюу үчүн тиешелүү материалдарды аткарбастан үч жумуш күндүн ичинде экспертизаны дайындаган органга кайтарат.»;
- 17-пунктундагы «МСЭКтин жетекчиси» деген сөздөр «МСЭКтин (анын түзүмдүк бөлүмүнүн) жетекчиси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 38-пунктунун «б» пунктчасынын үчүнчү абзацындагы «30 (отуз) календарлык күндүн» деген сөздөр «10 (он) жумуш күндүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |