Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-ноябры № 259
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы, преамбуладагы, 1 жана 5-пункттарындагы суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү” деген сөздөр “чарба” деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 7-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү бөлүмдөрүнө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жободо:
- аталышындагы, 3 жана 11-пункттарындагы “, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү” деген сөздөр “чарба” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
“, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү” деген сөздөр “чарба” деген сөз менен алмаштырылсын;
“,суу ресурстары” деген сөздөр “ресурстары, сугат жана өндүрүш максаттарына суу ресурстары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
“аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнү,” деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- “6. Министрликтин толук аталышы:
мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги».;
расмий тилде: “Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики”.”;
- 7-пунктундагы “, аймактарды, жергиликтүү өз алдынча башкарууну” деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пунктунда :
экинчи абзацындагы “жер, суу ресурстарын” деген сөздөр “ирригациялык жана мелиорациялык системалдагы жер ресурстарын, суу ресурстарын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү жана он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пунктунда:
- 1-пунктxасында:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“-айыл, токой, балык чабасы, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, ирригация жана мелиорация чөйрөсүндөгү жер ресурстарын, суу ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, кыймылсыз мүлккөукуктарды каттоо, жерлерди которуу (трансформациялоо), жер кадастры,ирригациялык жана меллиорациялык объекттердин кадастры, топография, геодезия жана картография, жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жоготуулардын ордун толтуруунун ченемдерин өркүндөтүү, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту касыз кылуу, жер жана суу мамилелери жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарын сактоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;”;
алтынчы абзацындагы “, аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн” деген сөздөр алып салынсын;
тогузунчу, онунчу, кырк бешинчи, кырк алтынчы, кырк сегизинчи жана кырк тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйрма үчүнчү абзацындагы “жана органикалык аймактарды түзүү” деген сөздөр алып салынсын;
отуз алтынчы абзацындагы аймактарды” деген сөз алып салынсын;
кырк жетинчи абзацындагы “региондук өнүктүрүүнүн маселелери” деген создөр “анын компетенциясына тиешелүү маселелер” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчасында:
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“-товарлардын айрым түрлөрүн ташып кирүүгө жана ташып чыгууга (импорт, экспорт) эксперттик корутундуну берет;”;
он биринчи абзацындагы “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:
“-тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда Кыргыз Республикасына товарлардын айрым түрлөрүн ташып кирүүгө тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрөт;”;
3-пунктчасында:
жыйырманчы абзацындагы аймактарды” деген сөз алып салынсын;
отузунчу абзацындагы “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
кырк биринчи абзацындагы “региондорду туруктуу өнүктүрүүнүн моделин эске алуу менен” деген сөздөр алып салынсын;
кырк экинчи, кырк үчүнчү, кырк төртүнчү жана кырк алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
кырк бешинчи абзацындагы “региондорду” деген сөз “анын компетенциясына тиешелүү чөйрөлөрдү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
кырк жетинчи абзацы “жер үстүндөгү” деген сөздөрдөн мурда “мамлекеттик суу чарба системаларынан берилген” деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктчасында:
экинчи абзацындагы “жана аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү” деген сөздөр алып салынсын;
он төртүнчү абзацындагы “, региондорду өнүктүрүүгө” деген сөздөр алып салынсын;
он алтынчы абзацындагы “, региондорду жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү” деген сөздөр алып салынсын;
он тогузунчу абзацындагы “, аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү” деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пунктунун жетинчи абзацындагы “өкмоттор аралык” деген сөздөр ’’жогорку” деген сөз менен алмаштырылсын;
12-пунктундагы “статс-катчынын” деген сөз “министрдин биринчи орун басарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“ Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрдин сунушу жок министрдин биринчи орун басарын жана министрдин орун басарларын бошотууга укуктуу.”;
15-пунктунда:
бешинчи абзацындагы “, мамлекеттик агенттик, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик инспекция түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын” деген сөздөр алып салынсын;
он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- борбордук аппараттын кызматкерлерин, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин, водомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын ээлеген кызмат ордуна дайындайт жана ээлеген кызмат одунан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;” ;
Он алтынчы жана он жетинчи абзацтарындагы “Өкмөтүнүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Төмөнкүдөй мазмундагы жыйрма жетинчи абзац менен толукталсын:
“- мамлекеттик ишканалардын,уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин, алардын орун басарларын, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызмат орундарынын номенклатурасына кирген башка адамдарды кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунушту Министрлер Кабинетинин Төрагасына белгиленген тартипте жиберет.”;
- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Министрдин орун басарлары министр тарабынан алардын карамагына берилген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат, тейлеген багыттар бюнча ишти уюштурушат.
Министрликтин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо, которуу, ротациялоо жана бошотуу мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.”;
-17-пунктунда:
“Аппаратынын” деген сөз “Президентинин Администрациясынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “статс-катчы” деген сөз алып салынсын;
- 20-пункту “ички аудитин” деген сөздөр кийин “аудит чөйрөсүндөгү” деген сөздөр менен толукталсын;
- 22-пунктундагы “статс-катчы” деген сөз “министрдин биринчи орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пункту “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “жарандык” деген сөз менен толукталсын;
4) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- мамлекеттик кайра каттоону белгиленген тартипте жүргүзүүнү камсыздасын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин бекитилген штаттык санынын, тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинии чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
| 2-Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин башкаруу
СХЕМАСЫ