Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 9-марты № 83
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116, 2021-жылдын 15 ноябрындагы №259, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2022-жылдын 18-февралындагы № 82, 2024-жылдын 12-февралындагы № 53, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(Преамбула Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15 ноябрындагы №259, 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер жана суу мамлекеттик инспекциясы түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментин кошуу жолу менен өзгөртүлүп түзүлсүн жана анын аталышы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти болуп өзгөртүлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-январындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун 3-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомунун 10-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 "Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо чаралары жөнүндө" токтомунун 7-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жана ведомстволук мекемелерин күтүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо булагы болуп республикалык бюджет эсептелери аныкталсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- юридикалык жакты өзгөртүүгө байланышкан иш-чараларды Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 25 (3204) жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |