Загрузка документа…
| 1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык
камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2023-жылдын 21-январындагы № 27, 2023-жылдын 13-июнундагы № 296, 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 670, 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63, 2026-жылдын 9-мартындагы № 165, 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) төмөнкү чөйрөдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат:
– эмгек, анын ичинен эмгекти коргоо жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү маселелери;
– калкты социалдык коргоо, анын ичинде жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды (мындан ары – ДМЧА) жана улгайган жарандарды колдоо;
– социалдык камсыздоо жана гендердик теңчилик;
– үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо;
– миграция, анын ичинен иммигранттардын, этностук кыргыздардын жана качкындардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын алкагында адам сатуунун курмандыктары маселелери.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
4. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар.
Министрликтин толук расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги»;
– расмий тилде: «Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики».
Министрликтин кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: «КР ЭСКММ»;
– расмий тилде: «МТСОМ КР».
Министрликтин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215.
2. Министрликтин максаты жана милдеттери
5. Министрликтин максаты төмөнкү чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу болуп саналат:
– эмгек, анын ичинен эмгекти коргоо жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү маселелери;
– калкты социалдык коргоо, анын ичинде жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды, ДМЧАны жана улгайган жарандарды колдоо;
– социалдык камсыздоо жана гендердик теңчилик;
– үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо;
– миграция, анын ичинен иммигранттардын, этностук кыргыздардын жана качкындардын, ошондой эле адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери.
6. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– мамлекеттик жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана натыйжалуу көрсөтүү;
– эмгек мамилелерин, кызматкерлерге эмгек акы төлөө системасын өнүктүрүү, эмгекти коргоону кошкондо, жарандардын эмгектик укуктарын коргоону жана эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыздоо;
– калкты иш менен камсыз кылууну жогорулатууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды социалдык колдоо ченемдерин өркүндөтүү;
– мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул түрүндө мамлекеттик колдоо системасын өнүктүрүү жана уюштуруу;
– турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам берүү;
– гендердик теңчиликти камсыздоого көмөк көрсөтүү;
– ДМЧА жана улгайган жарандардын жашоосун жакшыртуу, алардын мамлекеттик жана социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
– Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик миграция саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
– миграция чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актыларды ишке ашыруу жана алардын аткарылышын контролдоо;
– Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаалга мониторинг жана баалоо жүргүзүү;
– Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө уюштурулган түрдө ишке орноштуруу системасын өнүктүрүү;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 165 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
– иммигранттардын – этностук кыргыздардын жана кайрылмандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
– улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарын эске алуу менен эл аралык милдеттенмелерге ылайык качкындардын укуктарын камсыз кылуу;
– адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, ошондой эле адам сатуунун курмандыктарын коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
– миграция чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты, эл аралык – келишимдик базаны өнүктүрүү.
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен чет өлкөдөгү мекендештердин ортосундагы маданий жана социалдык өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана кызматташууну камсыз кылуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2026-жылдын 9-мартындагы № 165 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Министрликтин функциялары
7. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат функцияларын:
– Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
– тейлеген тармактарда улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
– Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Министрликтин жана ведомстволук бөлүмдөрдүн чыгымдарын каржылоонун көлөмдөрүн аныктайт жана пландоону ишке ашырат;
– эмгекти коргоо жана эмгек шарттарынын коопсуздугунун кепилдиктери чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
– эмгек акы төлөө жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
– мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду чектөө жана төлөө маселелерин өркүндөтүү жана реформалоо боюнча иштин багыттарын ишке ашырат;
– жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткандарды, адам сатуунун курмандыктарын социалдык коргоо системасын өркүндөтүү чөйрөсүндө сунуштарды иштеп чыгат;
– социалдык ченемдерди жана кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
– жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга, ДМЧА, улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдарды аккредитациялоо системасын иштеп чыгат жана киргизет;
– гендердик теңчилик жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
– мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдын алкагында чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
– миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын жана артыкчылыктарын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 165 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
– Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстерге талдоо, болжол, мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна уруксаттарды берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
– Кыргыз Республикасынын жарандарын уюштурулган түрдө топтоону жана чет өлкөдө ишке орноштурууну жүзөгө ашырат;
– жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу чөйрөсүндө иш жүргүзүү укугуна уруксат берүү жөнүндө арыздарын карайт;
– Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында иммигрант статусун берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
– иммигранттарга – этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууну камсыздайт;
– Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтөрдү каттайт жана Кыргыз Республикасынын качкындар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте качкын статусун берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
– башпаанек издеген адамдардын, качкындардын, кайрылмандардын эсебин жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасында кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүчтөрдү каттайт жана Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрылман статусун берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
– иммигранттарды – этностук кыргыздарды жана кайрылмандарды социалдык-экономикалык адаптациялоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыздайт;
– тейлеген тармагындагы чөйрөдө укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
– кызыкдар мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук бирикмелер менен биргеликте адам сатуунун курмандыгы болгон адамдардын убактылуу жашоосу үчүн башпаанек жайларды түзөт;
– Кыргыз Республикасында адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин иштеп чыгат;
– Кыргыз Республикасынын аймагындагы адам сатуунун масштабдары, абалы жана тенденциялары жөнүндө маалыматты топтойт жана талдайт;
– Кыргыз Республикасынын адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык келишимдеринин долбоорлорун даярдоого катышат;
– Кыргыз Республикасынын адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдарын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жаранды аргасыз мигрант деп таануу жана бул статусту токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
– Кыргыз Республикасына келип түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүүнү эсепке алуу тартибинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт;
– программалык негизде Министрликтин системасынын консолидацияланган бюджетин түзүү жана аткаруу жаатындагы саясатты ишке ашырат;
‒ орто мөөнөттүү жана программалык бюджетти болжолдойт, бюджетти каржылоону жана аткарууну, ошондой эле Министрликтин системасындагы чыгымдарды талдоону уюштурат;
‒ Министрликтин системасындагы уюмдарды оптималдаштыруу жана өзгөртүп түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
‒ кызыкдар болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге эмгек, калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, социалдык жактан камсыз кылуу жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын маселелери боюнча ишти координациялайт;
- миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республикадан тышкары жакта каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чыгымдарды компенсациялайт;
- үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды чогултат, жалпылайт жана талдайт, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын системасынын натыйжалуулугун баалайт жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтөт;
- мигранттардын арасында алардын террористтик ишке тартылышын болтурбоо максатында, анын ичинде алардын арасында терроризмдин маңызын жана коркунучтуулугун түшүндүргөн материалдарды таратуу жолу менен иш жүргүзөт;
2) жөнгө салуу функциялары:
‒ эл аралык бала асыроо жаатында иштеген субъекттерди, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга кызмат көрсөтүү жаатында иштеген субъекттерди, ошондой эле жарым стационардык уюмдарды жана социалдык кызматтардын кардарларына социалдык кызмат көрсөтүүчү социалдык тейлөө мекемелерин аккредитациядан өткөрөт;
‒ жумуш издегендерди жана жумушсуз жарандарды эсепке алууну жана каттоого алууну камсыздайт;
‒ эмгек ресурстарына болгон муктаждыкты болжолдойт.
3) координациялоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
‒ Министрликтин тейлеген багыттары боюнча улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткарууда ведомстволук мекемелердин, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн ишин координациялайт жана контролдойт;
‒ менчигинин түрүнө карабастан, Министрликтин уюмдарынын ишин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, координациялайт, контролдойт жана тармакты өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды көрөт;
‒ ведомстволук мекемелерде, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө финансылык, операциялык процесстердин ички аудитин жүргүзөт;
‒ менчигинин түрүнө карабастан, социалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерде кепилге алынган мамлекеттик минимумдук социалдык стандарттардын ченемдерин жана талаптарын сактоого мониторинг жүргүзөт жана контролдойт;
‒ менчигинин түрүнө карабастан, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү уюмдардын жана мекемелердин ишине мониторинг жүргүзөт;
‒ «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында берилүүчү социалдык кызматтардын жүзөгө ашуусуна Министрликтин компетенциясынын чегинде мониторинг жүргүзөт;
‒ мамлекеттик материалдык резервди башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн гуманитардык жардамдан тышкары, гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүүнү эсепке алуу тартибин координациялайт;
‒ эмгек мыйзамдарынын, эмгектик укуктардын ченемдери камтылган башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органынын ишин, анын ичинде эмгекти коргоо маселелерин координациялайт;
‒ өндүрүштө болгон кырсыктарды иликтөө, алардын себебин талдоо маселелерин координациялайт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча иштерди координациялайт жана мамлекеттик органдар жана башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
‒ адамдарды сатууну болтурбоого жана алдын алууга багытталган эл аралык келишимдерге, улуттук жана мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзөт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 165 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ адам сатуунун алдын алуу жана күрөшүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана башка субъекттердин ишин координациялайт;
‒ Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте консультацияларды, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, эл аралык келишимдерди түзөт, чет мамлекеттердин тиешелүү ыйгарым укуктуу органдары, эл аралык жана коомдук уюмдар менен өз ара кызматташууну уюштурат;
‒ өз компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштарын аткаруу иш-чараларын өткөрүүгө жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоого көмөк көрсөтөт;
‒ белгиленген компетенциясынын чегинде адам укуктары жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын берүүгө катышат;
‒ качкындардын, башпаанек издегендердин, иммигранттардын ‒ этностук кыргыздардын, кайрылмандардын жана Кыргыз Республикасында иштөөгө уруксаты бар чет өлкөлүк жарандардын эсебин жүргүзүүгө катышат;
‒ Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат банктарын түзөт;
‒ жүктөлгөн милдеттерине ылайык адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча атайын мекемелердин ишин контролдойт;
- чет өлкөдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын колдоого багытталган эл аралык келишимдерге, улуттук жана мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзөт;
- кызыкдар болгон министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жапа жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен миграция маселелерин чечүүдө өз ара аракеттенет;
- миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө байланышкан эл аралык, республикалык, региондук жапа жергиликтүү деңгээлдеги иш-чараларды белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт.
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча түзөтүүчү программаларды иштеп чыгууну координациялайт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишине алардын көз карандысыздыгынын тиешелүү мыйзамдарда аныкталган кепилдиктерин эске алуу менен мониторинг жүргүзөт жана бул чөйрөдө алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды жөнөтөт;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
‒ башка министрликтер жана ведомстволор менен аракеттешип, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга байланышкан маселелерди чечүүгө катышат, жабыр тарткандарга реабилитациялык жардам көрсөтүүнү уюштурат;
‒ жумушсуздарды кесиптик окутууну жана кайра окутууну, аларды акы төлөнүүчү иштерге тартууну уюштурат;
‒ мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды жана кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча жөлөкпулду, сөөк коюуга (расымдык) жөлөкпулдарды жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулду чектейт жана төлөйт;
‒ жумушсуз адамдарды, калктын аялуу катмарын, ошондой эле ДМЧАларды ишке орноштурууга, кесиптик окутууга жана кайра окутууга көмөк көрсөтөт;
‒ социалдык тейлөө мекемелеринде мамлекеттик стандарттарга ылайык социалдык тейлөөнү уюштурат;
‒ ДМЧАларга санаторийлик-курорттук дарыланууга жеңилдетилген жолдомолорду берет;
‒ ДМЧАларды, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды күбөлөндүрүүдөн өткөрөт жана медициналык-социалдык реабилитациялоону жүргүзөт;
‒ ДМЧАларды реабилитациялоонун атайын техникалык каражаттары, анын ичинде кыймылдоонун атайын каражаттары менен камсыз кылат;
‒ балдарды коргоо, анын ичинде жетим балдарды жана ата-энесинен кароосуз калган балдарды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу, улуттук жана эл аралык асыроо, бала асыраган үй-бүлөлөр институтун киргизүү, аларга социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу жаатында чараларды көрөт;
‒ ДМЧАларды камсыз кылуу үчүн реабилитациялоонун техникалык каражаттарын жана шаймандарын өндүрүү жана сатуу чөйрөсүн кеңейтет, протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоо технологиясын өркүндөтөт;
‒ турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды, үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо, муктаждыктарын баалоо, социалдык коштоо иштерин жергиликтүү деңгээлде уюштуруучу, жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына мамлекет тарабынан кепилденген социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык кызматтардын тармагын түзөт;
‒ социалдык долбоорлорду сынак аркылуу тандоону, каржылоону, алардын аткарылуусун мониторингдөөнү жана контролдоону ишке ашырат;
‒ балдарга жана алардын ата-энелерине, аларды алмаштыруучу адамдарга, жарандарга телефон аркылуу, анын ичинде балдарга карата ырайымсыздык жана зомбулук болгон учурларда шашылыш консультацияларды жана психологиялык жардамды көрсөтөт;
‒ миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча маалымдоо-түшүндүрүү ишин жүргүзөт;
‒ миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга байланышкан эл аралык, республикалык, региондук жана жергиликтүү иш-чараларды белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт;
‒ мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөдө жумушка орношууга көмөктөшөт;
‒ Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдары белгилеген тартипте уруксат берүүчү документтерди ыйгарат;
‒ миграция маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
‒ адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жана реабилитациялык кызматтарды көрсөтөт;
‒ качкын статусун жана качкындардын күбөлүктөрүн берүү жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берет;
‒ кайрылмандын күбөлүгүн берет, Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзамдарда каралган этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө көмөк көрсөтөт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге методикалык, маалыматтык, консультациялык жана уюштуруучулук жардам көрсөтөт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө илимий жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана электрондук басылмаларга маалымат берет;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтарга жетүүнү, анын ичинде өзүнүн сайтына жайгаштыруу жолу менен жетүүнү камсыз кылат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге бюджеттен тышкары каражаттарды тартууга жана эл аралык уюмдар, жеке жана юридикалык жактар менен кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өзүнүн иши жөнүндө отчетторду жыл сайын түзөт жана жарыялайт;
- терроризм актысынын кесепетинен жабыр тарткан адамдарды жана ага бөгөт коюуга катышкан адамдарды ишке орноштуруу маселелери боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;
5) колдоо функциялары:
‒ социалдык коргоо жаатындагы жарандык коргоону ишке ашыруу боюнча иш-чараларды өткөрөт;
‒ Министрликтин уюмдарынын инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
‒ тейлеген маселелерди кароодо сот органдарында, мамлекеттик башка органдарда Министрликтин кызыкчылыгын белгиленген тартипте көрсөтөт;
‒ каржылоо булагына карабастан Министрликтин компетенциясынын чөйрөсүндө финансы каражаттарынын, гуманитардык жардамдын, гранттардын жана кредиттердин түшкөнүн жана колдонулушун эсепке алууну уюштурат, аларды пайдалануу боюнча бухгалтердик жана финансылык отчетторду камсыздайт;
‒ мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыкты аныктайт жана борбордук сатып алууларды жүргүзөт;
‒ өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде көрсөтөт, тейлеген багыттар боюнча байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт;
‒ мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү чектөөнү жана төлөөнү жүзөгө ашырат;
‒ Министрликтин системасындагы кадрларды тандоо, жайгаштыруу, өстүрүү жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу ишин белгиленген тартипте аткарат;
‒ кызыкдар тараптар менен бирге эмгек, иш менен камсыздоого көмөк көрсөтүү, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо, үй-бүлөдө турмуштук оор кырдаалды болтурбоо, жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча программаларды ишке ашырат;
‒ мамлекеттик, социалдык кызматтарды көрсөтүү жана социалдык төлөмдөрдү төлөө, ошондой эле жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо, калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн Министрликтин маалыматтык системасынын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;
‒ Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдары, ошондой эле эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү менен бирге адам сатуунун курмандыктарын социалдык жактан коргоо борборлорунун тармагын жана качкындар жана башпаанек издеген адамдар үчүн убактылуу жайгаштыруу пункттарын өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзөт;
‒ Министрликтин маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмүн жана маалымат ресурстарын, анын ичинен ведомство ичинде/ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу ишин эске алуу менен өнүктүрүүнү жана иштетүүнү камсыздайт;
‒ мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта көрсөтүү максатында Министрликтин маалыматтык системаларынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
‒ донор өлкөлөрдүн жана эл аралык финансы институттарынын гуманитардык жардамын жана гранттык колдоосун тартуу боюнча иштерди өз компетенциясынын чегинде аткарат;
‒ мыйзамда белгиленген тартипте уюмдардын жана жарандардын кайрылууларын караштырат, Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат;
‒ мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик уюмдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда көмөк көрсөтөт.
- чет өлкөдөгү мекендештердин диаспоралары жана улуттук-маданий бирикмелери менен байланыш түзөт;
- чет өлкөлөрдө эмгек мигранттарынын укуктарын жапа мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт.
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан берилген материалдардын жана сунуштамалардын негизинде жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын, жумушсуз жарандардын, турмуштук оор кырдаалдагы балдардын, мигранттардын арасында терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чараларды, анын ичинде терроризмге каршы пикирди түзүү максатында терроризмдин маңызын жана коркунучун түшүндүрүү боюнча брошюраларды, видеороликтерди чыгаруу жолу менен өткөрүүнү уюштурат;
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 , 2023-жылдын 21-январындагы № 27, 2023-жылдын 13-июнундагы № 296, 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 670, 2026-жылдын 9-мартындагы № 165 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Министрликтин укуктары
8. Министрлик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
‒ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Министрликтин мамлекеттик саясатынын негизги багыттары жана Министрликтин ишинин маселелери боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
– тейлөөчү тармактарда ведомстволук актыларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
– аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан башка уюмдардан Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча маалыматты сурап алууга;
– Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан социалдык мекемелердин иши жөнүндө отчетторду угууга;
– Министрликтин уюмдарынын түзүмүн жана уставдарын (жоболорун) бекитүүгө;
– өзүнүн компетенциясынын чегинде Министрликтин уюмдарынын типтүү уставдарын (жоболорун) иштеп чыгууга;
– жоболору жана курамы Министрликтин чечими менен бекитилүүчү белгиленген иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңешүүчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык координациялык жана кеңешүүчү органдарды түзүүгө;
– белгиленген тартипте Министрликтин системасындагы кызматкерлерди сыйлоонун, анын ичинде материалдык жана моралдык сыйлоонун түрдүү формаларынын системасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
– тейлөөчү багыттар боюнча белгиленген тартипте чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырууга, эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыздоого;
– тейлөөчү багыттар боюнча эл аралык конгресстерди, кеңешмелерди, семинарларды, конференцияларды жана конкурстарды уюштурууга жана өткөрүүгө;
– мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
– коомдук уюмдардын, ассоциациялардын, фонддордун, кыймылдардын жана жеке адамдардын кайрымдуулук жана гуманитардык ишин колдоого;
– изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгууга, минималдуу социалдык стандарттарды киргизүү процессин жүргүзүүгө, социалдык, реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө келишимдерди түзүүгө;
– мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдарга ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
– мамлекеттик сыйлыктарды уюштуруу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте Министрликтин ведомстволук сыйлыктарын уюштурууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген башка укуктарды жана ыйгарым укуктарды аткарууга.
5. Министрликтин ишин уюштуруу
9. Министрликти Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри (мындан ары – министр) жетектейт.
10. Министрликте министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарларынын мамлекеттик кызмат орундары түзүлгөн.
11. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, министрге түздөн-түз баш ийишет жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурушат. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси менен кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Министр:
- Министрликтин ишин жалпы жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык финансы каражаттарын тескейт;
-- Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- министрдин номенклатурасына кирген адамдарды белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына, шаардын мэрине Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген адамдарды кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын, ошондой эле Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн, штаттык ырааттамасын бекитет. Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мекемелердин чыгашалар сметаларын бекитет;
- белгиленген тартипте ченемделбеген иш күнү үчүн үстөк акы, ошондой эле башка сый төлөмдөрүн белгилейт;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлер тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте киргизет;
- ведомстволук жана аймактык бөлүмдөргө тапшырма берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Министрликтин мүлкүн, каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү түзөт;
- кызмат орду боюнча Министрликтин жарандык коргонуусунун начальниги болуп саналат;
- Министрликтин мамлекеттик жарандык кызматчыларына мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгарат;
- мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте министрдин орун басарларына мамлекеттик класстык чендерди ыйгарууга сунуш берет;
- Министрликтин системасында өзгөчө айырмаланган кызматкерлерге Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте сунуштайт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Министрликтин кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө чечимдерди чыгарат, алардын кызматтык маяналарына үстөк акыларды, анын ичинде кызматкерлердин ишин баалоонун жыйынтыгы же министрдин тейлеген орун басарынын сунушу боюнча сый үстөк акыларын белгилейт.
– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 27, 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Министрликте 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр (коллегиянын төрагасы), биринчи орун басары, министрдин орун басарлары коллегиянын курамына кызмат орундары боюнча кирет.
Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, ошондой эле Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын жетекчилери кирет.
Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүм менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет. Коллегия жөнүндө жобону жана анын иштөө регламентин министр бекитет.
14. Министрликтин коллегиясынын, борбордук аппаратынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу жана пландоо жана Министрликтин ишинин башка маселелери министр тарабынан бекитилүүчү тиешелүү документтер менен регламенттелет.
15. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. Министрликте мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комиссия, ошондой эле башка комиссиялар иштейт.
161. Министрликтин функцияларын жана милдеттерин толук кандуу аткарууну камсыздоо максатында Министрликтин түзүмүндө ведомстволук бөлүмдөр, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөр, ошондой эле ишин коомдук башталышта жүргүзгөн коомдук өкүлдөр ишин жүргүзөт.
(В редакции КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2023-жылдын 21-январындагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Корутунду жоболор
17. Министрликти жана анын карамагындагы уюмдарды кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
18. Министрлик жоюлган учурда Министрликтин ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.