Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-январы № 27
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жободо:
- 7-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы отуз сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды чогултат, жалпылайт жана талдайт, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын системасынын натыйжалуулугун баалайт жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;";
- 3-пунктчада:
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча иштерди координациялайт жана мамлекеттик органдар жана башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;";
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү жана жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча түзөтүүчү программаларды иштеп чыгууну координациялайт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишине алардын көз карандысыздыгынын тиешелүү мыйзамдарда аныкталган кепилдиктерин эске алуу менен мониторинг жүргүзөт жана бул чөйрөдө алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды жөнөтөт;";
4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү - жыйырма тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге методикалык, маалыматтык, консультациялык жана уюштуруучулук жардам көрсөтөт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө илимий жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана электрондук басылмаларга маалымат берет;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтарга жетүүнү, анын ичинде өзүнүн сайтына жайгаштыруу жолу менен жетүүнү камсыз кылат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге бюджеттен тышкары каражаттарды тартууга жана эл аралык уюмдар, жеке жана юридикалык жактар менен кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өзүнүн иши жөнүндө отчетторду жыл сайын түзөт жана жарыялайт;";
- 12-пунктта:
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- министрдин номенклатурасына кирген адамдарды белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;";
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына, шаардын мэрине Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунуштарды киргизет;";
- 16-1-пункттагы "чет өлкөлөрдө" деген сөздөр "чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөр" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти жөнүндө жободо:
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма сегизинчи - отузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө методикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жардам алууга муктаждыктарына мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана координациялоо чөйрөсүндөгү иши жөнүндө ар кварталдык жыйынды отчетту, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иши жөнүндө маалыматты Министрликке берет;".
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 27-январындагы № 6 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|