Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 334 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 15-тиркеме |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 648, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 661 , 2024-жылдын 31-июлундагы N 438 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "бирдиктүү терезе" системасын киргизүү, тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашыруу жана илгерилетүү максатында түзүлдү.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндө "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары - башкаруучу орган) саналат.
5. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, башкаруучу органдын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча мүлккө ээ жана өз ишин актоочулук негизде жүргүзөт.
7. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен мөөрү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банктык мекемелеринде жана чет өлкөлүк банктарда улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда алыш-бериш эсептери жана башка эсептери, мөөрү, фирмалык аталышы менен бланктары, штамптары жана башка атрибуттары бар.
8. Ишкананын фирмалык толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Центр "единого окна" в сфере внешней торговли при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики".
9. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: БТБ МИ;
- расмий тилде: ГП ЦЕО.
10. Ишкананын юридикалык дареги: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 106.
11. Бул Уставга өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизилет.
12. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантия) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине жооп бербейт.
13. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы алар бекиткен жоболордун негизинде иш алып барат.
14. Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
2. Ишкананын максаты
15. Ишкана өз ишин импорттук-экспорттук операцияларды жөнгө салуу үчүн арыз ээлеринин зарыл болгон уруксат берүүчү-лицензиялык документтерди алуусунун жеткиликтүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн жана ыкчамдуулугун камсыз кылуу аркылуу соода жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында жүргүзөт.
3. Ишкананын милдеттери жана функциялары
16. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) "бирдиктүү терезе" системасын түзүү;
2) тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн импорттук-экспорттук иш чөйрөсүндө бажыга караштуу жол-жоболорду жүргүзүүдө "бирдиктүү терезе" системасын уюштуруу, өнүктүрүү, кызматтарды көрсөтүү жана талаптагыдай иштөөсүн камсыз кылуу.
3) маалыматтык системаларды/программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыз кылуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы N 438 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ишкана жүктөлгөн иш милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашырууга жана илгерилетүүгө катышат;
2) тышкы экономикалык иштин катышуучулары болуп эсептелген жеке жана юридикалык жактарга "бирдиктүү терезе" системасынын иштөө жана өнүгүү тартиби, шарттары тууралуу маалымат жана консультация берет;
3) тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын маалыматтарын эсепке алат жана каттоодон өткөрөт;
4) мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын маалыматтык системалары менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
5) тышкы соода иши боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларга жана башка документтерге коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн белгиленген тартипте камсыз кылат;
6) тышкы соода чөйрөсүндө маалыматтык, коммуникациялык жана башка кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу максатында кызыкдар тараптардын ортосунда документтерди автоматташтырылган түрдө өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат;
7) "бирдиктүү терезе" принцибинин алкагындагы экспорттук-импорттук операцияларды тариздөөгө тартылган мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ишин координациялоону жүзөгө ашырат жана мониторинг жүргүзөт;
8) "бирдиктүү терезе" системасынын электрондук ченемдик укуктук маалыматтар базасын түзөт, ишке киргизет жана жаңыртып турат;
9) "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тиешелүү мамлекеттик органдарга, жеке жана юридикалык жактарга статистикалык жана башка маалыматтарды берет;
10) мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ишинин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жөнүндө маалыматты жана Ишкананын иши тууралуу башка маалыматтарды даярдайт жана башкаруучу органга берет;
11) Ишкананын иши, "бирдиктүү терезе" системасынын ишинин натыйжалуулугу тууралуу отчетторду башкаруучу органга берет;
12) башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү маселеси боюнча эл аралык уюмдар жана институттар менен өз ара аракеттенет жана тажрыйба алмашат;
13) документтерди кагаз жана электрондук форматтарда жүргүзөт, топтойт, эсепке алат жана сактайт;
14) "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тиешелүү документтерди тариздөө боюнча көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жыйымдарды алат, ошондой эле мамлекеттик органдарга кызмат көрсөтүүлөргө белгиленген тартипте төлөм жүргүзөт;
15) чарба жүргүзүү укугуна өткөрүлүп берилген мүлктүн сакталышын жана дайындалышы боюнча пайдаланылышын камсыз кылат;
15-1) маалыматтык системаларды/программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгат жана ишке киргизет;
15-2) ишке киргизилген маалыматтык системаларды/программалык камсыздоо продуктуларын техникалык коштоону жана модернизациялоону жүзөгө ашырат;
15-3) окутуу жүргүзөт жана маалыматтык системаларды пайдалануучуларга аларды эксплуатациялоодо колдоо көрсөтөт;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иштин түрлөрүн жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы N 438 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна ага өткөрүлүп берилген мүлктүн менчик ээси болуп эсептелбейт.
Ишкана ага өткөрүлүп берилген каражаттарды жана мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана ушул Уставда аткарылган иштер үчүн пайдаланат.
4. Ишкананын укуктары жана милдеттери
19. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашыруу жана илгерилетүү боюнча ишти өркүндөтүү жөнүндө сунушту башкаруучу органга берүүгө;
2) тышкы экономика жана тышкы соода чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды башкаруучу органга берүүгө;
3) тышкы соода операцияларын администрациялоого тартылган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга;
4) тышкы экономикалык иштин катышуучуларын эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардан, жеке жана юридикалык жактардан "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында маалымат суроого жана алууга;
5) тышкы экономикалык иштин катышуучулары тууралуу маалыматтарды белгиленген тартипте эсепке алууга жана каттоого;
6) "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тышкы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтерин берүү максатында тартылган "бирдиктүү терезе" системасына тартылган ведомстволордон/уюмдардан жана арыз ээлеринен тиешелүү документтерди кабыл алууга, өткөрүп берүүгө жана алмашууга;
7) Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын электрондук базасы жана башка ыкмалар аркылуу тышкы экономикалык иштин катышуучуларына, жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө;
8) Ишкананын чарбалык башкаруусундагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
9) чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктү башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте ижарага берүүгө;
10) башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча өкүлчүлүгүн ачууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана өкүлчүлүктөрдүн жайгашкан жери боюнча чет мамлекеттердин мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, юридикалык жакты (фонддорду, ассоциацияларды (бирликтерди), коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдарды) уюштурууга катышууга;
11) өзүнчө мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга, жалпы юрисдикция сотторунда доогер жана жоопкер катарында чыгууга;
12) тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын, жеке жана юридикалык жактардын керектөөлөрүнө жараша аткарылуучу иштердин жана кызматтардын көлөмдөрүн аныктоого;
13) Ишкананын максаттарына жана маселелерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
14) материалдык ресурстарды жана башка мүлктү сатып алуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен белгиленген тартипте накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
15) ушул Уставга ылайык башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү аймактык кызматтарды түзүүгө;
16) юридикалык жана жеке жактардан улуттук дагы, чет өлкөлүк дагы валютада коммерциялык негизде алынуучу кредиттик каражаттарды пайдаланууга;
17) көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын белгиленген тартипте бекитүүгө;
18) жарандык-укуктук келишимдерди түзүүнүн негизинде Ишкананын кызматкерлерин окутуу, консультацияларды берүү жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн адистерди тартууга;
19) Ишкананын кызматкерлерин конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн, анын ичинде чет мамлекеттердин аймактарына иш сапарларга жиберүүгө;
20) Ишкананын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында аларды Ишкананын каражаттарынын эсебинен окутууга;
21) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишканада иштерди аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
22) жарнама берүүчү болууга;
23) акы төлөнүүчү жана акысыз негизде маалыматтык, коммуникациялык, статистикалык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө;
24) Ишкана мамлекеттин жана анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишти аткарууга.
20. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө режими жана эс алуу убактысы, аларды социалдык жактан камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкана өзүнүн кызматкерлерине жеңилдиктерди берет.
21. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык жүктөлгөн маселелердин жана функциялардын бир кыйла натыйжалуу аткарылышын камсыз кылууга;
2) башкаруучу органга Ишкананын иши тууралуу отчет тапшырууга;
3) тартылган мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ишинин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жөнүндө жана башка маалыматтарды ушул Уставга ылайык башкаруучу органга берүүгө;
4) башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча кызматкерлердин эмгек акысын төлөө формасын жана системасын аныктоого жана иш убактысын суммалаштырып эсепке алууну киргизүү тууралуу чечим кабыл алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга;
6) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү, ошондой эле коопсуз эмгек шарттары менен камсыз кылууга жана Ишкананын кызматкерлеринин ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп берүүгө;
7) Ишкананын отчетторун салык жана башка органдарга өз убагында берүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка жыйымдарды төлөөгө.
22. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана башка мыйзам тарабынан корголгон сырды, анын ичинде Ишканада иштөө токтотулгандан кийин да сактоого милдеттүү.
23. Келишимдик, кредиттик, эсептик, салыктык жана башка милдеттенмелерди бузууларда Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5. Башкаруучу органдын компетенциясы
24. Башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайрадан уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) фонддорго, ассоциацияларга (бирликтерге), коммерциялык эмес уюмдарга жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башкаруучу органдын компетенциясына тиешелүү башка маселелерди чечүү.
25. Башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүүгө;
2) Ишканадан финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчёттун документтерин, ошондой эле Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын жана финансылык-чарбалык ишин талдоого зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына кирүүгө;
4) аткаруу органынын отчётун угууга;
5) Ишкананын директорун кызматтан бошотууга, ага карата сыйлоо чараларын колдонууга жана тартиптик жоопкерчиликке тартууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуш киргизүүгө.
Башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
26. Башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруучу органдарынын өз убагында түзүлүшүн камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүүгө;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга таратпоого.
Башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
6. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
27. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы жоюу же кайра уюштуруу боюнча сунуш киргизүү;
2) Ишкананын түзүмү менен штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын иштеринин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата жумуш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
12) Ишканага таандык мүлктүн дайындалышы боюнча пайдаланылышын жана сакталышына контролду жүргүзүү;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
7. Ишкананы башкаруу
28. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 648, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомдоруна ылайык күчүн жоготту)
29. Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын директору кызмат ордуна квалификациялуу талаптарга ылайык келген талапкерлердин арасынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
30. Ишкананын директору үч жылдык мөөнөткө дайындалат жана ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
31. Ишкананын директору башкаруучу орган менен макулдашылган, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматтан бошотулат.
32. Ишкананын директору төмөнкү учурларда кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы жөнүндө отчётун кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
33. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-план) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун бекитүүгө киргизет жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берет;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык иштери жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчётторду даярдоо жана берүү;
5) башкаруучу органдын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга макулдашууга киргизүү;
7) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруучулук түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
8) кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
9) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
10) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
11) бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзүүнү уюштуруу;
12) Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктоо;
13) Ишкананын ушул уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
34. Ишкананын директору төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын милдеттерине жана максаттарына, Ишкананын уставына жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ болууга.
35. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчётторду, финансылык (бухгалтердик) отчёттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди башкаруучу органга киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын бардык чөйрөдөгү ишине байланышкан зарыл болгон бардык маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) укук коргоо органдарына Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүүгө;
5) үчүнчү жактарга коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды таратпоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө белгиленген тартипте маалымат берүүгө.
Ишкананын директору ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да тартат.
36. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук формасында кабыл алынат.
37. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
5) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын уставында каралган ыйгарым укуктарынын алкагында Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчётторунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө техникалык коопсуздуктун сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
38. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттерин талаптагыдай аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.
39. Ишканада директордун орун басары кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
40. Ишкананын директору кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин директордун орун басарына жүктөлөт.
41. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктардан пайдаланат жана жоопкерчиликти тартат.
42. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
43. Ишкананын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директор кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
8. Ишкананын жетекчилик курамы
44. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдарга төмөнкүлөр кирет:
- директор, директордун орун басары;
- башкы бухгалтер.
45. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өзүнүн укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
46. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кирбейт:
1) чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) жеке менчик формасына карабастан, чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде бир эле учурда өз алдынча же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик ишин жүргүзүүгө, уюштуруучулук-укуктук жана менчик формасына карабастан, коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
9. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
47. Ишкана өз ишин башкаруучу орган тарабынан үч жылдык мезгилге бекитилген стратегиялык өнүктүрүү планынын жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджеттин негизинде ишке ашырат.
48. Ишкананын иш пландарынын негизин жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдерди түзөт.
49. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген келишимдин предметин, милдеттенмелерди аныктоону жана ар кандай башка шарттарды чарбалык өз ара мамилелерин эркин тандайт.
50. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. Ишкананын финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
51. Ишкана квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчёт берет:
1) ички аудиторго (эгерде ички аудит кызматы бар болсо);
2) башкаруучу органга;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
52. Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансылык-чарбалык ишин жүзөгө ашырат.
53. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын баяндоону;
2) тармактын жана рыноктун, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалына баалоону;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансы планын;
8) тобокелдиктерди талдоону.
54. Ишкананын директору жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётун, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берет.
55. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
56. Маалыматка жетүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматты бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
57. Ишкананын ишин текшерүү өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
10. Ишкананын мүлкү
58. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
59. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүлүп берилген мүлк;
2) чарбачылык иштен алынган киреше;
3) жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде аткарылган иштерден жана көрсөтүлгөн кызматтардан алынган киреше;
4) мамлекеттик бюджеттин каражаттары;
5) бюджеттик ссудалар;
6) гранттар, банктардын жана башка мекемелердин кредиттери;
7) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
60. Ишкана тарабынан жеке финансылык-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан кайрадан түзүлгөн, алган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу (ижара) укугун ишке ашырат.
61. Ишканадан анын негизги фонддорунун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдаланып жаткан мүлкүн уюштуруучунун же соттун чечими боюнча гана алып коюуга болот.
62. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте жана мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
63. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат.
Ишкананын мүлктү пайдалануусунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерди, негизги каражаттарды жана мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен чарба жүргүзүү укугу болуп саналат.
64. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, ижарага берүүгө, чарбакер коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары кошууга жана менчик ээсинин макулдугусуз бул мүлктү башкача жол менен тескөөгө укугу жок.
65. Ишканага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон мүлктү ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген учурларды кошпогондо өз алдынча тескейт.
66. Ишкана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген таза кирешенин бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин анын алыш-бериш эсебине которот, отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө андан ары республикалык бюджетке жиберет.
67. Ишканада "бирдиктүү терезе" системасын өнүктүрүү фонду түзүлөт, ал Ишкананын таза кирешесинин жана гранттык каражаттарынын эсебинен куралат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 648, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомдоруна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 648, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомунун редакциясына ылайык)
68. "Бирдиктүү терезе" системасын өнүктүрүү фондунун акча каражаттары өзүнчө ачылган банк эсебинде топтолуп, төмөнкүдөй максаттарга жумшалат:
1) "бирдиктүү терезенин" маалыматтык системасынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө;
2) "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасын натыйжалуу киргизүү үчүн технологияларды, материалдык-техникалык каражаттарды өркүндөтүүгө жана модернизациялоого;
3) "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тышкы экономикалык ишти өнүктүрүү максатында заманбап технологиялар менен камсыздоого жана жабдууга;
4) Ишкананын айырмаланган айрым кызматкерлерине дем берүүгө жана сыйлоого.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 648, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ишкананы кайрадан уюштуруу жана жоюу
69. Ишкана бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же өзгөртүп түзүү формасында кайра уюштурулат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
70. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
71. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекти болуп эсептелбеген Ишкананы чарбалык коомго өзгөртүп түзүү чечими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык, анын ичинде эмгектик мамилелер чөйрөсүндөгү укуктар жана милдеттер боюнча анын укугун улантуучу болуп саналат.
72. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
73. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
Эгерде жоюлуп жаткан Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.