Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 218, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515, 2024-жылдын 10-майындагы № 229 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары – МСК) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МСК Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. МСК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштөөчү, бюджетке салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү жыйноону, алардын өз убагында жана толугу менен төлөнүшүнө контроль жүргүзүүнү, жеке жактарды жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)
4. МСК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. МСК өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
6. МСК юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы жана чыгымдар сметасы, обочолонгон мүлкү, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү, фирмалык бланктары, бурчка басылуучу штамптары бар.
Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. МСК борбордук органдан жана аймактык салык органдарынан турат.
МСКнын борбордук органы ыйгарым укуктуу салык органы болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамында каралган бардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
8. МСКнын туусу, символика белгилери бар; МСКнын кызматкерлери атайын формадагы кийим кийишет.
9. МСКнын толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы”;
2) расмий тилде: “Государственная налоговая служба при Министерстве финансов Кыргызской Республики”.
10. МСКнын кыскартылган фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “МСК”;
2) расмий тилде: “ГНС”.
11. МСКнын юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 219.
2. МСКнын ишинин максаттары
12. МСКнын ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, салыктык эмес кирешелер боюнча мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)
3. МСКнын милдеттери
13. МСКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана башка төлөмдөрдүн толук жана өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу;
2) жеке жактарды жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоо;
3) салык кызматы органдарынын ишин уюштурууну жакшыртуу;
4) салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарын өркүндөтүүгө мыйзамда белгиленген тартипте катышуу;
5) Евразия экономикалык бирлигинде (мындан ары – ЕАЭБ) товарларды импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө ЕАЭБдин эл аралык келишимдик базасына ылайык бюджетке кыйыр салыктардын толук түшүүсүн камсыз кылуу;
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)
4. МСКнын функциялары
14. МСК өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруучу функциялар:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү жыйноону, түшүшүн контролдоону, салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын сакталышын контролдоону уюштурат;
- мамлекеттик салык саясатын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу саясатын ишке ашырат;
- салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарды тарифтик, фискалдык саясатты өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга белгиленген тартипте катышат;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына киргизилүүчү оңдоолордун долбоорлоруна эксперттик баалоо жүргүзүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору даярдаган өкмөттөр аралык экономикалык макулдашуулардын долбоорлоруна өз компетенциясынын чегинде эксперттик баалоо жүргүзүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү эсептөө жана төлөө менен байланышкан салыктык эсептөөлөрдүн, отчёттордун, декларациялардын жана башка документтердин формалары боюнча сунуштарды Министрликке киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолун түзүүгө катышат;
- салыктар боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Министрликке жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (мындан ары - Социалдык фонд) сунуштарды киргизет;
- аймактык салык органдарынын аткарылган иштери жөнүндө отчёттордун формаларын белгилейт, бюджетке төлөмдөрдү жыйноо боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматтарды алат, жалпылайт жана талдайт, ошондой эле аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- жогору турган органдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча салык органдарынын иштеринин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду, маалымкаттарды жана маалыматтарды берет;
- юридикалык жактарды, алардын филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана жеке жактарды - салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү төлөөчүлөрдү салыктык (эсепке алуу) каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу, ошондой эле кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) боюнча салык салынуучу субъектти каттоо жана жокко чыгаруу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштурат жана контролдойт;
- жеке ишкерлерди, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларды - салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү төлөөчүлөрдү мамлекеттик каттоону, салыктык (эсепке алуу) каттоону, кайра каттоону жана алардын ишин токтотууну жүргүзөт;
- салыктык каттоо, салык жана мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар жөнүндө маалымкаттардын жана аларды берүү тууралуу арыздардын формаларын аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилген контролдук-кассалык машиналарды тийиштүү салык органдарында каттоо жана эсепке алуу боюнча ишти жүргүзөт;
- салык төлөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча атайын салык режимин колдонууну ишке ашырат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо, эл аралык келишимдик базага ылайык ЕАЭБдин алкагында кызматтарды көрсөтүүдө көзөмөлгө алууну жана кыйыр салыктардын бюджетке толук түшүүсүн камсыз кылат;
- товарларды эсепке алуу пункттарында алымдардын төмөндөтүлгөн ставкалары колдонулуучу товарларды ташып киргизүү маселелери боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоону жана башкарууну ишке ашырат;
- түшүүлөрдүн резервин аныктоону жана импортко карата бюджетке кыйыр салыктардын түшүүсүн көбөйтүү боюнча сунуштарды киргизүүнү камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын лотереялар жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте контролдук-кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштурат;
2) жөнгө салуучу функциялар:
- үчүнчү жактан салык төлөөчүгө тийиштүү сумманы өндүрүүнү жана алып коюуну, ошондой эле чет өлкөлүк валютаны өндүрүүнү жана алып коюуну белгиленген тартипте ишке ашырат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- салык төлөөчүлөр тарабынан салыктык эсептөөлөрдүн, отчеттордун, декларациялардын жана бюджетке төлөмдөрдү эсептөө менен байланышкан башка документтердин өз убагында тапшырылышын контролдойт, ошондой эле ушул документтердин пайданы, кирешени, салык салынуучу башка объекттерди аныктоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү эсептөө бөлүгүндө тууралыгын текшерет;
- юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча салыктык текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- юридикалык жана жеке жактардан, республикамын финансы органдарынан, банк мекемелеринен, ошондой эле жарандардан документтерди алат, алардын негизинде салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине же бюджеттен тышкаркы фонддорго төлөнүүгө тийиш жана иш жүзүндө түшкөн башка төлөмдөрдүн суммаларын, ошондой эле салык жана финансы санкцияларынын, айыптардын, туумдардын жана пайыздардын суммаларын эсепке алууну (ар бир төлөөчү жана төлөмдүн түрү боюнча) ишке ашырат;
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүнө жана ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда, анын ичинде чарбалык жана башка иштерди өзгөчө режимде жүргүзгөн ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, биргелешкен жана чет өлкөлүк ишканаларда, банктарда жана башка финансылык-кредиттик мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарында, чет өлкөлүк жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине же бюджеттен тышкаркы фонддорго салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү эсептөөгө жана төлөөгө байланыштуу документтерин, бухгалтердик китептерин, отчетторун, пландарын, сметаларын, декларацияларын жана башка документтерин текшерет, ошондой эле керектүү түшүндүрмөлөрдү сурап алат;
- мекемелер жана уюмдар тарабынан мамлекеттик алымдарды жана башка салыктык эмес төлөмдөрдү төлөөдө алынган акча каражаттарын өндүрүүнүн тууралыгын, толуктугун жана сакталышын камсыздоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын калктан салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана төлөмдөрдү төлөөнүн эсебине акча каражаттарын кабыл алууда белгиленген талаптарды сактоо маселелери боюнча контролдойт жана текшерет;
- калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналардын колдонулушун контролдойт, чарбалык субъекттер тарабынан товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн толук эсепке алууну жана алардан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоолорун, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык каттоосунун болушун, кирешелерди, зарыл болгон бухгалтердик жана салыктык документтерди эсепке алуунун жүргүзүлүшүн, товарларда тийиштүү маркалоонун болушун жана аны колдонуунун тууралыгын камсыздоо максатында рейддик салыктык контролду, хронометраждык изилдөөлөрдү жүргүзөт, салык постторун орнотот;
- салык төлөөчүлөргө эсептелген салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана башка төлөмдөрдүн суммалары жөнүндө, салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка төлөмдөр боюнча карыздын төлөнгөндүгү жөнүндө чечимдерди, ошондой эле үчүнчү жактардан салык төлөөчүлөргө тийиштүү суммаларды өндүрүү жана алып коюу жөнүндө чечимдерди жиберет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетинин алдындагы милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган салыктык жана финансылык санкцияларды, пайыздарды жана туумдарды, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдары жана жарандар тарабынан жол берилген ушул тартип бузуулар үчүн айыптарды колдонуунун тууралыгын жана өз убагында өндүрүүнү камсыз кылат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- КНС боюнча экспорттук жеткирүүлөрдү ырастоо жана эл аралык келишимдик базага ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына товарларды экспорттоодо көзөмөлгө алуу максатында контролдойт;
- импорттолуучу жана экспорттолуучу товарларды эсепке алат жана талдайт;
- (абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- чарбалык субъекттер тарабынан банктарда ачылган эсептик, валюталык жана башка эсептер жана ал эсептер боюнча операциялардын чагылдырылышы тууралуу маалыматтардын толук жана туура берилишин контролдоо боюнча иштерди жүргүзөт;
4) колдоо көрсөтүүчү функциялар:
- салык төлөөчүлөр жана аймактык салык органдарынын кызматкерлеринин арасында Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин уюштурат;
- жарандардын, юридикалык жана жеке жактардын салык салуу, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө маселелери боюнча жана салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын мыйзамга туура келбеген иш-аракеттерине арыздарын, сунуштарын жана даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берилген салык төлөөчүнүн, жеке жактын арызы боюнча Кыргыз Республикасындагы алардын салыктык статусун (резиденттигин) ырастап берет;
- салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында каралган өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алат;
- төлөнгөн салыктын ашып кеткен суммасын салыктардын башка түрлөрү боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмесинин эсебине которот, салык төлөөчүнүн макулдугу менен акча каражаттарынын суммасынын калган бардык бөлүгүн алдыдагы төлөмдөр боюнча салык төлөөчүнүн милдеттеринин эсебине киргизет;
- салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча пайыздарды эсептөө менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасына корутунду жазып берет;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толугу менен Социалдык фондго өткөрүп берүүнү ишке ашырат;
- иш менен камсыздоо жана эмгек акылары жөнүндө билдирүүлөрдү Социалдык фондго электрондук сактагычтар аркылуу өткөрүп берет;
- мамлекеттик каттоодон өткөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат базасын, ошондой эле экономикалык жана ишкердик жүргүзгөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат базасын статистика органдарына өткөрүп берет;
- аймактык салык органдарынын ишин уюштурат, жүргүзөт жана контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бардык деңгээлдеги аймактык салык органдарынын ишине ички аудитордук текшерүү жүргүзөт жана МСКнын компетенциясынын чегинде баалоонун натыйжалары боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
- укук коргоо органдарынын, ошондой эле мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын демилгеси боюнча түзүлгөн комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине кагышуу үчүн салык эксперттери катары кызматкерлерди жиберет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоо, финансы жана башка контролдоочу мамлекеттик органдар менен тыгыз карым-катнашта иш жүргүзөт;
- эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларда каралган чектерде чет мамлекеттердин салык жана башка компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте кызматташат жана өз ара иш жүргүзөт;
- тейлеген тармагына жараша укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- салык кызматы органдарында бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүүнү, иштетүүнү жана өркүндөтүүнү камсыздайт;
- МСКнын системасында кадрларды тандоону жана жайгаштырууну ишке ашырат, квалификациялуу кадрларга муктаждыкты аныктайт, адистерди даярдоону уюштурат, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын салык кызматын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 218, 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. МСКнын укуктары
15. МСК төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) мамлекеттик органдардан, менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жана жеке жактардан өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан салык салуу объекттерине жана салыктык милдеттенмени, камсыздандыруу төгүмү жана башка төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди эсептөөгө байланышкан маалыматтарды суроого жана алууга;
3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте баалоонун кыйыр методдорунун негизинде салык төлөөчүлөргө салыкты алдын ала эсептөөгө, салык милдеттерин жана камсыздандыруу төгүмү боюнча милдеттерин аныктоого;
4) мамлекеттик бюджетке жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларына салыктык жана финансылык санкцияларды колдонууга жана айыптарды, туумдарды жана пайыздарды эсептөөгө;
5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында каралган, салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка төлөмдөр, капиталдаштыруу боюнча карыздар, ошондой эле салыктык жана финансылык санкциялар, айыптар, туумдар жана пайыздар боюнча өз учурунда төлөнбөгөн суммаларын мамлекеттик бюджетке жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине төлөтүү талабын коюу жолу менен өндүрүүгө, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүп алууга;
6) салык төлөөчүдөн салыкты, камсыздандыруу төгүмүн бөлүп төлөө графигин тапшыруусун же салыктын, камсыздандыруу төгүмүнүн төлөнүшүн камсыздоочу башка чараларды көрүүсүн талап кылууга;
7) мамлекеттик бюджетке жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине карызы бар салык төлөөчүнүн банктык, анын ичинде валюталык эсептерине, ошондой эле салык төлөөчүгө карызы бар үчүнчү жактардын эсебине салыктык төлөм талабын коюуга;
8) банктардан жана башка финансылык-кредиттик мекемелерден салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш, ссудалык, валюталык жана башка эсептери бар экендиги, ачылганы, өзгөртүлгөнү, жабылганы, белгилүү убакыттын ичинде коммерциялык жана башка эсептер менен операциялары болгону жөнүндө маалыматты, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн эсептеринде каражаттардын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык суроого жана алууга;
9) камсыздандыруу төгүмүн төлөөдө аныкталган эреже бузууларды жоюу талабы аткарылбаган, камсыздандыруу төгүмүн эсептөөгө жана төлөөгө байланыштуу документтер МСКнын кызмат адамдарына берилбеген учурларда камсыздандыруу төгүмүн төлөөчүлөрдүн банк мекемесиндеги жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги эсептери боюнча операцияларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотуп турууга;
10) салыктык контролдоонун жүрүшүндө, салыктык текшерүүнү, рейддик салык контролун, хронометраждык изилдөөнү жүргүзүүдө жана салык постун орнотууда иш жүзүндөгү маалыматтардын салык төлөөчү берген документтерге шайкештигин аныктоо үчүн аймактарды, жайларды жана салык салынуучу объектилерди изилдөө максатында ишкердик жүргүзүүгө пайдаланылуучу аймакка же жайга жазуу жүзүндө берилген ыйгарым укуктун негизинде кирүүгө;
11) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12) Кыргыз Республикасына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо) кыйыр салыктардын толук түшүүсүн камсыз кылуу максатында транспорттук каражаттарды кароого;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салуу чөйрөсүндөгү укук бузууларга бөгөт коюуга;
14) мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле субъекттердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында салык салуу чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды чогултууга жана талдоо жүргүзүүгө;
15) салык салуу предметине тиешелүү документтерди алууга, ошондой эле көчүрмөсүн жасатууга;
16) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген учурларда имаратты, жабдууларды, документтерди жана башка буюмдарды мөөр жана пломба коюп бекитүүгө, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарынын эсебин алып коюуга;
17) фискалдык программалык камсыздоонун анын функциялык дайындоолоруна шайкештик предметине текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
18) товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарынын эсебин төмөнкү учурларда алууга:
– салык төлөөчүлөр КНС боюнча отчетун нөлдүк көрсөткүч менен тапшырса же салык төлөөчүлөр товарларды сатуу фактылары болуп туруп, катары менен 2 календардык айдын ичинде КНС боюнча отчет тапшырбаса;
– салыктык каттоосуз ишкердик жүргүзсө;
19) салык контролун жүргүзүүдө – салыктык каттоосуз жана/же патенттин негизинде салык төлөнбөй иш жүргүзгөн учурда салык төлөөчүнүн ишкердик иши менен байланышкан мүлк объекттерин мөөр басып бекитүүгө;
20) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде кошумча укуктук натыйжаларды колдонууга;
21) укук бузуулар жөнүндө иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциясынын алкагында кароого;
22) зарыл учурларда укук коргоо органдарына жана башка органдарга алардын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча материалдарды берүүгө, ошондой эле сотко доо арыз берүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча уюмду жоюу жөнүндө кайрылууга;
23) белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү, айыптарды, пайыздарды, туумдарды жана башка санкцияларды бюджеттин кирешесине өндүрүү жөнүндө юридикалык жана жеке жактарга, ошондой эле жарандарга карата сотто доо коюуга;
24) салык төлөөчүлөрдү каттоочу органдарга Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен кайрылууга;
25) жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка органдар менен салыктарды башкаруу, анын ичинде импорт боюнча кыйыр салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөр боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
26) белгиленген тартипте IT-адистери менен контракттык негизде эмгек келишимдерин түзүүгө;
27) Министрлик жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана кол коюуга катышууга;
28) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкдар эмес эксперттерди атайын билимди жана көндүмдү талап кылган айрым маселелер боюнча изилдөө жүргүзүү жана консультация алуу үчүн ишке тартууга;
29) МСКнын компетенциясына кирүүчү буйруктарды өз алдынча же башка мамлекеттик органдар менен биргеликте чыгарууга;
30) аймактык салык органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жокко чыгарууга (иш-аракеттерин токтотууга);
31) аймактык салык органдарынын кызмат адамдары өз иштерин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту сактагандарын контролдоого, салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуу фактыларынын алдын алуу жана болтурбоо боюнча алдын алуучу иштерди жүргүзүүгө;
32) ички аудитти өткөрүүгө керектүү болгон документтерди (анын ичинде электрондук форматта) текшерүүгө, ички аудит объектисинин кызматкерлеринен ички аудитке тиешелүү зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн жана керектүү түшүндүрмөлөрдү алууга;
33) белгиленген тартипте салык, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө маалыматтык иштерди жүргүзүүгө;
34) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алууну жүзөгө ашырууга;
341) кызыктыруучу лотереялардын байге фондун түзүүнү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алуу жолу менен лотереянын жеңүүчүлөрүнө андан ары акысыз негизде өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырууга.
35) маалыматтык-презентациялык материалдардын, видеофильмдердин, картографиялык иштердин жана маалымдама адабияттардын, илимий-изилдөө иштеринин заказчысы катары чыгууга;
36) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 218, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 10-майындагы № 229 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. МСКнын милдеттери жана жоопкерчилиги
16. МСКнын бардык деңгээлдеги органдарынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, ошондой эле кызмат адамдарынын аракеттерине даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
17. МСК органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, юридикалык жана жеке жактардын мыйзам менен корголуучу укуктарын жана кызыкчылыктарын так сактоого, ошондой эле конкреттүү салык төлөөчү жөнүндө кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алынган маалыматты кызматтык максатта гана пайдаланууга, салык төлөөчү жөнүндө мыйзамда белгиленген салыктык сырды сактоого, жеке, коммерциялык жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын сакталышын өзүнүн компетенциясынын чегинде камсыздоого милдеттүү.
18. МСК бюджеттик-финансылык жана пенсиялык саясатты талдоо жана иштеп чыгуу үчүн талап кылынуучу отчётторду Министрликке жана Социалдык фондго мыйзамда белгиленген салыктык сырды сактоо шартында өз убагында берүүгө милдеттүү.
19. МСК органдары салык кызматы органынын кызмат адамынын салыкты эсептөөсүнө же башка чечимине канааттанбаган салык төлөөчүлөрдүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн жазуу жүзүндөгү даттанууларын кароого жана чечим чыгарууга, ошондой эле өзүнүн чечими жөнүндө себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу аларды кабарлоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)
20. МСКнын аймактык органдары Кыргыз Республикасынын салык жана банк мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, ошондой эле юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген учурларда салыктык каттоо, салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жөнүндө маалымкаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берилген салык төлөөчүлөрдүн арызы боюнча берүүгө милдеттүү.
21. МСК органдарынын кызмат адамдары өз милдеттерин аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган, салык төлөөчү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктык сырды жана камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган купуя маалыматтарды сактабаганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, мүлктүк жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат.
22. Салык кызматы органы жана алардын кызматкерлери өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыктан салык төлөөчүгө келтирилген тике зыяндардын орду (алынбай калган пайда дагы кошо камтылган чыгымдар) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында аныкталган тартипте толтурулууга тийиш.
7. МСКнын ишин уюштуруу
23. МСКны төрага жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын финансы министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
24. МСКнын төрагасы түздөн-түз министрге баш иет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде МСКнын ишин уюштурат.
МСКнын төрагасынын төрт орун басары болот, алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
МСКнын төрагасынын орун басарлары түздөн-түз МСКнын төрагасына баш ийишет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде өз иштерин жүзөгө ашырышат.
МСКнын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу анын орун басарларынын бирине жүктөлөт.
25. МСКнын төрагасы:
1) МСК органдарынын, анын ичинде аймактык органдарынын ишин жетектейт, МСКга жүктөлгөн милдеттердин жана тапшырмалардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) МСКнын атынан чыгат жана өз компетенциясынын чегинде анын Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен бирге кызматташуусун камсыздайт;
3) төраганын орун басарларынын арасында функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
4) МСКнын аймактык органдарынын түзүмүн бекитет, анын өзгөрүүсү МСКнын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүүсүнө байланыштуу гана болушу мүмкүн. Мында жаңы төраганы дайындоо МСКнын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт;
5) МСКнын аймактык органдарынын штаттык ырааттамасын белгиленген штаттык сандын чегинде бекитет;
6) МСКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрү жана аймактык органдары жөнүндө жоболорду бекитет;
7) МСКнын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларды жылдыруу жана ротациялоону ишке ашырат, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
8) министр тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде чечимдерди кабыл алат;
9) айрым ыйгарым укуктарды аймактык салык органдарынын жетекчилерине өткөрүп берет;
10) эмгек тартибинин сакталышын контролдойт жана иштөө шарттарын андан ары жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
11) биринчи кол коюу укугу менен акча каражаттарынын башкы тескөөчүсү болуп эсептелет;
12) белгиленген тартипте МСКнын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгарат, ошондой эле белгиленген тартипте атайын жогорку наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
13) МСКнын кызматкерлерин, ошондой эле МСКнын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн МСКнын төш белгилерин (сыйлыктарын) жана башка ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте түзөт жана бекитет, ушул төш белгилер (сыйлыктар) жөнүндө жоболорду жана алардын баяндалышын белгиленген тартипте бекитет, аталган адамдарды төш белгилер (сыйлыктар), МСКнын грамоталары менен сыйлайт жана аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун башка түрлөрүн колдонот;
14) аймактык салык органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
15) МСКнын алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
26. МСКда МСКнын төрагасы, төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, Министрликтин өкүлү, ошондой эле МСКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери курамына кирген 11 адамдан турган коллегия түзүлөт.
Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамы министр тарабынан бекитилет.
МСКнын коллегиясы жөнүндө жобо МСКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
27. Аймактык салык органдары өз иштерин МСКнын төрагасы бекиткен жоболорго ылайык ишке ашырат.
28. МСКда мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
29. МСКнын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук негизде иштеген консультациялык-байкоочу орган болуп саналган Коомдук кеңеш түзүлөт.
30. МСКны каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
31. МСК өзүнө бекитилип берилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүргүзөт.
32. МСК өз ишинде Министрликке отчет берет.
33. МСКнын жылдык отчету жана иш планы министр тарабынан бекитилет.
8. Корутунду жоболор
34. МСКнын ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
35. МСКнын иши токтотулган учурда МСКнын документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.