Загрузка документа…
|
| 8-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы N 94 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин (мындан ары – Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин укуктук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштеген, мамлекеттик сатып алуулар системасын жөнгө салууну камсыз кылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Департамент ушул Жобо менен берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык финансы институттары, өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара аракеттенет.
5. Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналык системасында жана коммерциялык банктарда алыш-бериш эсептери бар.
Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
6. Департамент өзүнө бекитилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугун ишке ашырат.
7. Департаменттин толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти”;
2) расмий тилде: “Департамент государственных закупок при Министерстве финансов Кыргызской Республики”.
8. Департаменттин кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “Мамлекеттик сатып алуулар департаменти”;
2) расмий тилде: “Департамент государственных закупок”.
9. Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а.
2. Департаменттин ишинин максаты
10. Департаменттин ишинин максаты мамлекеттик сатып алуулар системасын жөнгө салуу болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
11. Департаменттин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттик сатып алуулардын максималдуу үнөмдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу;
2) мамлекеттик сатып алуулар процессинде жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын ортосунда атаандаштыкты өнүктүрүү жана катышуусун кеңейтүү;
3) бардык жеткирүүчүлөргө (подрядчыларга) жана консультанттарга карата адилеттүү, бирдей жана калыс мамилени камсыз кылуу;
4) сатып алуучу уюмдарга методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү.
4. Департаменттин функциялары
12. Департамент жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
– мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү, анын ичинде сатып алуулардын тартиби жана жол-жоболору, келишимдерди түзүү жана аларга ылайык төлөмдөрдү жүргүзүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана Министрликке киргизүү;
– мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө маалыматтарды топтоо жана мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында (мындан ары – веб-портал) жайылтуу;
– даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын (мындан ары – Комиссия) катчылыгынын функциясын аткаруу;
– Комиссия тарабынан каралган даттанууларды веб-порталга жарыялоо жана Комиссиянын чечимдеринин аткарылышына байкоо жүргүзүү;
– сатып алуучу уюмдардын мамлекеттик сатып алууларына катышкан жеткирүүчүлөрдөн (подрядчылардан) жана консультанттардан келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына, анын ичинде электрондук каталогго мезгилдүү жазылуу, Комиссияга даттанууну берүү жана аны кароо үчүн төлөм түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын тийиштүү (депозиттик жана атайын) эсептерге топтоо жана башкаруу;
– Департамент, аудиторлор жана башка органдар тарабынан укук бузуулар каралган жана айкындалган учурда, ошондой эле Комиссиянын даттанууларды кароосунун жыйынтыктары боюнча айыптык санкцияларды колдонуу;
2) жөнгө салуу функциялары:
– сатып алуучу уюмдардын, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдердин бирдиктүү республикалык реестрлерин жана жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалымат базасын, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниетсиз жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү;
3) координациялоо жана мониторингдөө функциялары:
– мамлекеттик сатып алуулар процессине аралашпастан, мамлекеттик каражаттардын эсебинен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча сатып алуучу уюмдардын ишин координациялоо жана жөнгө салуу;
– мамлекеттик сатып алуулар боюнча айдын, кварталдын, жылдын ичинде сатып алуучу уюмдардын отчеттук маалыматтарын чогултуу жана талдоо, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга багытталган мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга кварталдык, жылдык мониторинг жүргүзүү, ошондой эле каралган даттануулар жана кайрылуулар боюнча статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды чогултуу жана жалпылоо;
4) колдоо функциялары:
– товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуучу уюмдарга көмөк көрсөтүү, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө окутуу жана консультациялык жардам көрсөтүү;
– мамлекеттик сатып алуулар маселелери боюнча сатып алуучу уюмдардын жана жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын кайрылууларына расмий жоопторду берүү;
5) кызмат көрсөтүү функциялары:
– веб-порталды жана веб-порталдын электрондук каталогун коштоо, жакшыртуу жана башкаруу.
5. Департаменттин укуктары
13. Функцияларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик же муниципалдык органдардан, кызматтардан, фонддордон жана ишканалардан, акционердик коомдордон жана башка органдардан анын компетенциясына кирген маселелер боюнча керектүү маалыматтарды суроого жана алууга;
2) мамлекеттик сатып алуулар процессин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн убактылуу жумушчу топторду түзүүгө;
3) тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча иш-чараларды (кеңешмелерди жана семинарларды) белгиленген тартипте уюштурууга жана өткөрүүгө;
4) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен түзүлүүчү эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгууга, Министрлик жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кол коюуга катышууга;
5) веб-портал менен иштөө боюнча конкурстун катышуучуларына техникалык колдоо көрсөтүүгө;
6) бузуулар жөнүндө материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүүгө;
7) адистерди иш сапарларга жана такшалмаларга жөнөтүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
14. Департаментти Кыргыз Республикасынын финансы министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
Департаменттин директору түздөн-түз министрге баш иет.
15. Департаментте директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде ишин жүзөгө ашырат.
16. Департаменттин директору:
1) Департаменттин ишин уюштурат;
2) эмгек акы фондунун жана штаттык санынын белгиленген чектеринде Департаменттин түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун министрдин бекитүүсүнө киргизет;
3) мыйзамдарда белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
4) Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын жана милдеттерин бекитет;
5) Департаментке жүктөлгөн функциялардын жана милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
6) Департаменттин ар жылдык иш планын бекитет;
7) Департаменттин кызматкерлерине белгиленген тартипте тартиптик таасир этүү чараларын көрөт;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин сыйлайт;
9) өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат.
10) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Департаменттин түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде министр тарабынан бекитилет, алардын өзгөрүшү Департаменттин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана мүмкүн. Мында жаңы директорду дайындоо Департаменттин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
18. Департаменттин ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен белгиленген тартипте ишке ашырылат.
19. Департамент өз ишинде Министрликке отчет берет.
7. Корутунду жоболор
20. Департаментти кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
21. Департаменттин иши токтотулган учурда Департаменттин документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.