Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна) 9-тиркеме
|
| 9-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун (мындан ары – Окуу борбору) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
3. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмү статусунда иштөөчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Окуу борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенет.
6. Окуу борбору өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар.
Окуу борборунун уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Окуу борбору ага бекитилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырат.
Окуу борборунун толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору”;
расмий тилде: “Учебный центр Министерства финансов Кыргызской Республики”.
Окуу борборунун кыскартылып аталышы:
мамлекеттик тилде: “Окуу борбору”;
расмий тилде: “Учебный центр”.
Окуу борборунун юридикалык дареги: 720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 58а.
2. Окуу борборунун максаты жана милдеттери
7. Окуу борборунун ишинин максаты Министрликтин системасынын кызматкерлеринин, мамлекеттик башкаруу секторунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
8. Окуу борборунун негизги милдеттери мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу, мамлекеттик сектордогу финансылык отчеттордун, ички аудит системасынын эл аралык стандарттары, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу жол-жоболору, казыналык системасында эсепке алууну жана отчеттуулукту автоматташтыруу маселелери боюнча Министрлик системасынын кызматкерлерин, мамлекеттик башкаруу секторунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу жана кайра даярдоо болуп саналат.
3. Окуу борборунун негизги функциялары
9. Аталган милдеттерди ишке ашыруу максатында Окуу борбору төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) Министрликтин системасынын кызматкерлерин, мамлекеттик башкаруу секторунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу;
2) окуу куралдарын, маалымдама адабияттарды, плакаттарды, брошюраларды иштеп чыгуу, анын ичинде Коомдук сектордун финансылык отчеттуулугунун эл аралык стандарттары (мындан ары – КСФОЭС), мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча иштеп чыгуу;
3) окутуунун натыйжалуу системасын түзүү;
4) окуу процессине инновациялык технологияларды киргизүү;
5) семинар-кеңешмелерди, тренингдерди, конференцияларды өткөрүү;
6) мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндө түшүндүрүү-консультациялык ишти жүргүзүү;
7) чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, юридикалык жактар жана жеке адамдар менен окуу, илимий иш маселелери боюнча түз байланыштарды ишке ашыруу, келишимдик негизде илимий-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
8) Окуу борборуна жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткаруу.
4. Окутууну өткөрүү тартиби
10. Окутуу Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрү менен биргеликте түзүлгөн окуу пландары жана программалары боюнча жүргүзүлөт.
Окутуу тилдери: угуучулардын суроо-талаптарына жана Окуу борборунун мүмкүндүгүнө жараша кыргыз, орус тилдеринде.
Окутуунун узактыгы окуу пландары менен аныкталат.
Окуу борбору окуу процессин ишке ашыруу үчүн Министрликтин жана башка министрликтердин, ведомстволордун адистерин тартууга укуктуу.
Министрликтин системасынын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу Окуу борбору тарабынын акысыз негизде (Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан бекитилүүчү окуу планына ылайык) жүргүзүлөт.
11. Окуу борборунда окутуудан жана кайра даярдоодон өткөн угуучулар белгиленген үлгүдөгү сертификат алышат.
5. Окуу борборунун ишин уюштуруу
12. Окуу борборун директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын финансы министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
13. Директор:
1) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана чектүү штаттык сандын чегинде Окуу борборунун түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорун министрдин бекитүүсүнө киргизет;
2) Окуу борборунун кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
3) Окуу борборунун окуу-методикалык, өндүрүштүк ишин уюштурат;
4) Окуу борборуна жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Окуу борборунун ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
14. Окуу борборунун директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Министрликтин жетекчилигине окуу процессин, окуу-методикалык ишти жана материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) Окуу борборунун атынан ишеним катсыз иштөөгө, анын кызыкчылыктарын коргоого;
3) Окуу борборунун атынан юридикалык жактар жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө, Окуу борборунун кызматкерлерине ишеним каттарды берүүгө;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде Окуу борборунун бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарууга, тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;
5) Окуу борборунун ишине тиешелүү маселелер боюнча уюмдар жана мекемелер менен кат алышууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен жана белгиленген эмгек акы төлөө фондунун чегинде окуу-көмөкчү жана административдик-чарбалык персоналдын эмгек акысын төлөө шарттарын белгилөөгө;
7) белгиленген тартипте өзүнүн кызматкерлерин кызматтык иш сапарларга жөнөтүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Окуу борборунун штаттык кызматкерлерин которууга, атайын эсептин каражаттарынан материалдык жардам көрсөтүүгө, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрүүгө.
15. Окуу борборунун түзүмү жана штаттык ырааттамасы министр тарабынан бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде бекитилет, аларды Окуу борборунун милдеттеринин жана функцияларынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана өзгөртүүгө болот. Мында директорду дайындоо Окуу борборунун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болбойт.
16. Окуу борборунун ишин каржылоо белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) окутуу үчүн акы төлөө түрүндө түшкөн каражаттардын;
2) мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын;
3) юридикалык жана жеке жактардын адистерин даярдоого жана кайра даярдоого келишимдерди аткаргандыгы үчүн алынган каражаттардын;
4) юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет мамлекеттердин кайтарымсыз берилүүчү каражаттарынын;
5) илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк жана коммерциялык иштен түшкөн өздүк каражаттардын;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын.
17. Окутуучулардын эмгек акысын төлөө аткарылган окуу жүктөмүнүн көлөмүнө ылайык белгиленген тартипте аныкталат.
6. Корутунду жоболор
18. Окуу борборунун ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. Окуу борборунун иши токтотулган учурда Окуу борборунун документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.