Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-декабры № 307
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын сууну коргоо зоналарын жана суу объекттеринин тилкелерин белгилөө тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жободо:
1) 7-пунктундагы "областтык, райондук мамлекеттик администрацияларга" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 8-пунктундагы "Кыргыз Республика Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин органдары камсыз кылат" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган камсыз кылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Сууну коргоочу зоналардын жана суу объекттеринин тилкелеринин өлчөмдөрү, алардын курамына кирген жерлерди пайдалануунун тартиби, ошондой эле сууларды коргоо схемаларынын долбоорлору айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";
4) 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Дарыялардагы сууну коргоочу зонанын эң аз кеңдиги төмөнкүдөй узундуктагы дарыялар үчүн эки жээги боюнча суунун көп жылдык орточо жээгинин четинен белгиленет:
Дарыянын узундугу | Сууну коргоочу зонанын кеңдиги, м |
10 км аз | 50 м |
10дон 50 км чейин | 75 м |
50дөн 100 км чейин | 100 м |
100 км ашык | 150 м |
";
5) 33-пунктундагы "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-декабрындагы N 154 жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |