Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-декабры № 327
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
1) «Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында» III бөлүмүндө:
- 19-главасы (Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринен Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу (2006-жылдагы үлгүсү) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 22-главасы (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мекенине кайтып келүүгө күбөлүк берүү) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 27-главасы (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарандык абалдын актыларын жазууну каттоо: никеге турууну каттоо жана никеге тургандыгы тууралуу күбөлүктү берүү; соттон тышкаркы тартипте ажырашуу жана ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк берүү (тараптардын ар бирине); фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу материалды каттоо жана тариздөө; туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүү) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда 36-глава менен толукталсын;
- ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда 48-глава менен толукталсын;
2) «Маалымат берүү тармагында» V бөлүмүндө:
- 16-главасы (5 бетке чейинки көлөмдөгү документтерди суратып алдыруу) ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
1-тиркеме
« | ||
47. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын-паспортун (ID-карта) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 15-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылгандар жана 16 жашка чыга элек адамдар. Эскертүү. 16 жашка чыга элек, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам паспорт алууда (алмаштырууда) арыз-анкетага анын мыйзамдуу өкүлү кол коёт |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 725 «Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө»; - 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө»; - 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 «Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы натыйжасы | Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө жана консулдук мекемесинде Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын –паспортун (ID-карта) берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары – ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолсуз кирүү камсыздалган, бул объекттер пандус, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү, кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасын кошо алганда – кызмат көрсөтүүнү алууга берилген арызды каттоо күнүнөн тартып эки айга чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө бөлүнгөн убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mfa.gov.kg сайтынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке кайрылууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында: www.mfa.gov.kg жайгаштырылат. |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында: www.mfa.gov.kg; - дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде жайгаштырылган маалымат такталарында, буклеттерде; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы аркылуу |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде кызматты көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат табличкалары жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкү документтер сунушталат: - анкета-арыз, ал Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери тарабынан «Паспорт» АМТ аркылуу толтурулат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү тастыктоочу дүмүрчөктөр (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алымды төлөшпөйт). Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге толуктоо катары төмөнкү документтер берилет: 1) адам 16 жашка толгондо: - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу акт жазуусунан көчүрмө – КБМРде маалыматтар жок болгон учурда; - ата-энесинин (камкорчу/ көзөмөлчү) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болгон учурда) паспорттору арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн же болбосо жалпы жарандык паспорту (бар болсо) – КБМРде маалыматтар жок болгон учурда; - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү тууралуу өтүнүч – камкорчу/ көзөмөлчү катары чыгып жаткан юридикалык жактар үчүн; 2) адам өз убагында документтештирилбеген учурда (ал 18 жашка толсо же андан улуу куракта болсо): - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу акт жазуусунан көчүрмө – КБМРде маалыматтар жок болгон учурда; - арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду же болбосо жалпы жарандык паспорту (бар болсо); 3) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда: - алмаштырылууга тийиш болгон паспорт; 4) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда: а) паспорттун жарактуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу же болбосо арыз ээсинин каалоосу боюнча: - алмаштырылууга тийиш болгон паспорт; б) жеке маалыматтарын өзгөртүүгө же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунда жаңылыш жүргүзүлгөн жазуулар табылгандыгына байланыштуу: - алмаштырылууга тийиш болгон паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөн учурда), никеге туруусу же никесин бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турууда же никесин бузууда), күйөөсүнүн (аялынын) өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (күйөөсү (аялы) каза болгон учурда) же акт жазуусунан көчүрмө – КБМРде маалыматтар жок болгон учурда же болбосо мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 формасы жок болгон учурда; 5) 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспортун алмаштырууда: - алмаштырылууга тийиш болгон 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспорту; - арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду; 6) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту, 2004- же 1994-жылдардын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун бузуп алгандыгына байланыштуу кайрылган учурда: - алмаштырылууга тийиш болгон бузулган паспорт. Арыз ээсинин инсандыгын жана паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт үчүн жана КБМРде маалыматтар жок учурунда) аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан мурда берилген паспортко карата №1 формасынын негизинде бузулган паспортту берүү фактын текшерүү жүргүзүлөт; 7) 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жоготуп алгандыгына байланыштуу: - арыз ээсинин жоготуп алган паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик алымдын коюму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет. Консулдук кызматты көрсөтүү үчүн баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Консулдук кызмат көрсөтүү үчүн алынган каражаттардын коюму тууралуу маалымат тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке өзү кайрылган учурда көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү электрондук форматта көрсөтүлбөйт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк берилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада каралган учурларда баш тартылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күнүнүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күнүнөн тартып 14 иш күнүнөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
».
2-тиркеме
« | ||
49. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мекенине кайтып келүүгө күбөлүк берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 18-пункт |

3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта турган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Тышкы миграция жөнүндө»; - «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө». Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 725 «Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө»; - 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө»; - 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 «Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу» |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы натыйжасы | Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - электрондук/кезек күтүү принциби боюнча. Жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары – ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү камсыздалган, бул объекттер пандустар, кармоочтор менен жабдылган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар, жылытуусу, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү тариздөөнүн мөөнөтү документ кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) иш күнүнөн ашпаган убакытты түзөт. Жарандын ким экендигин аныктоо үчүн кошумча убакыт талап кылынган өзгөчө учурларда чет өлкөдөгү мекеменин жетекчисинин чечими боюнча кайрылууну кароо мөөнөтү кошумча 10 (он) иш күнүнөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө бөлүнгөн убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (зарыл болгон маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mfa.gov.kg сайтынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке кайрылууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин маалымат такталарынан, буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат тактасында, сайтында: www.mfa.gov.kg жайгаштырылат |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты: www.mfa.gov.kg; - маалымат такталары, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы |

10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык тактачалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: - арыз; - электрондук-санариптик форматтагы фотосүрөт (3,5х4,5 см, ак фондо). Мындан тышкары, учурга жараша төмөнкүлөр кошумча берилет: а) паспорт жоголгондо: - арыз ээсинин ким экендигин идентификациялоого жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын ырастоого мүмкүндүк берүүчү документтер (жоголгон паспортунун көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет); - арыз ээсинин паспорту жоголгондугу боюнча кайрылуу фактысын ырастаган, ал жүргөн мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген документ (протокол, маалымкат ж.б.). Көрсөтүлгөн документтерди берүү мүмкүн эмес болгон учурда арыз ээси паспорттун жоголуусунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кеңири түшүндүрмө берет; б) паспорт жараксыз болгон учурда: - жараксыз болгон паспорт (паспорттун фрагменттери); - арыз ээсинин ким экендигин идентификациялоого жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын ырастоого мүмкүндүк берүүчү документтер (жоголгон паспортунун көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет); в) паспорттун колдонуу мөөнөтү бүткөн учурда: - колдонуу мөөнөтү бүткөн паспорт; г) 18 жашка чыга элек арыз ээсине тариздөө учурунда: - жеке катышуусуз күбөлүктү тариздөөнүн жүйөөлүү себебин көрсөтүү менен ата-энесинин, асырап алуучусунун же камкорчусунун арызы; - арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; - ата-энесинин, асырап алуучусунун же камкорчусунун паспортторунун көчүрмөсү; - арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү (бар болсо); - асырап алуучусу же камкорчусу кайрылган учурда - бул арыз ээсине камкорчулук кылуу же аны асырап алуу тууралуу ыйгарым укуктуу органдардын чечими; - жаран жүргөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат (бир жашка чейинки балдарга); д) арыз ээсин жүргөн өлкөсүнөн экстрадициялоодо, депортациялоодо же реадмиссиялоодо: - арыз ээси жүргөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын күбөлүктү тариздөө тууралуу өтүнүчү менен каты; - паспортунун көчүрмөсү. Арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтер жок болгон учурда, анын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын экиден кем эмес жаранынын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча сурамжылоо жолу менен аныкталат, алардын ким экендигин чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы ошондой эле АМС аркылуу текшерет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик алымдын ставкасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет. Консулдук кызмат көрсөтүүнүн бааларынын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Консулдук кызмат көрсөтүү үчүн алынган каражаттардын ставкалары тууралуу маалымат тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү арыз берүүчү дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге жеке кайрылган учурда көрсөтүлөт. Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жободо каралган учурларда кызмат көрсөтүү зарыл болгон документтерди почта боюнча жиберүү аркылуу аралыктан (арыз ээсинин жеке катышуусуз) таризделиши жана берилиши мүмкүн. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкү учурларда аралыктан (арыз ээсинин жеке катышуусуз) берилиши мүмкүн: - ата-энеси, камкорчусу же асырап алуучусу менен видео байланышуу аркылуу милдеттүү консулдук интервью алган учурда 16 жашка чыга элек арыз ээси ата-энесинин, камкорчусунун же асырап алуучусунун же болбосо мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүч каты боюнча кайрылганда; - арыз ээси жүргөн жана арыз ээсин Кыргыз Республикасына экстрадициялоо, депортациялоо же реадмиссиялоо боюнча аккредитациялаган өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кайрылганда; - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жок же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери арыз ээси турган жерден алыс жайгашкан өлкөдө жүргөн арыз ээси кайрылганда. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аралыктан ишке ашырууда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтер почта боюнча жөнөтүлөт, аларды жөнөтүү боюнча чыгымдардын ордун арыз ээси же жүргөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы толтурат. Мында арыз берүүчү же болбосо анын ата-энеси (камкорчусу/асырап алуучусу) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча анкета түрүндө толтурулган арызды берет |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - кызмат көрсөтүүгө кайрылган адамдын аны алууга укугу же башка адамдын атынан иш-аракет кылууга ыйгарым укугу жок болсо; - документтердин белгиленген талаптарга шайкеш келбеши (зарыл документтердин толук тизмеси берилбегенде жана/же туура эмес толтурулган учурда, каталарды оңдоого жана документтерди топтоого убакыт берилиши керек); - берилген документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтардын болушу |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан анын мыйзамдуу өкүлдөрү даттануу менен кайрыла алышат. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда арыз ээсинин аты-жөнү, жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги, телефон номери, дооматтын маңызы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күнүнүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күнүнөн тартып 14 иш күнүнөн ашпашы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |

3-тиркеме
« | ||
50. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жарандык абалдын актыларын жазууну каттоо: - никеге турууну каттоо жана никеге тургандыгы тууралуу күбөлүктү берүү; - соттон тышкаркы тартипте ажырашуу жана ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк берүү (тараптардын ар бирине); - фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу материалды каттоо жана тариздөө; - туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 23-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жүргөн же болуучу Кыргыз Республикасынын жарандары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын кодекстери: Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Жарандык абалдын актылары жөнүндө»; - «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 725 «Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө»; - 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө»; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы натыйжасы | Ушул стандарттын 1-пунктунда белгиленген маселелер боюнча жарандык абалдын катталган актылары |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү/электрондук кезек күтүү принциби боюнча. Жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү камсыздалган, бул объекттер пандустар, кармоочтор менен жабдылган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар, жылытуусу, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт |
7 | Мамлекеттик кызмат керсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 20 мүнөттөн ашык эмес. Жарандык абал актыларындагы жазууларды каттоо 5 (беш) иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт, эгерде арыз ээси тарабынан сунушталган документтерди кошумча текшерүү талап кылынса, мамлекеттик кызматты сунуштоо 10 (он) иш күнүнө чейинки мөөнөттү түзөт. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө бөлүнгөн убакыт – 20 мүнөттөн ашык эмес |

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mfa.gov.kg сайтынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке кайрылууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин маалымат такталарынан, буклеттерден. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат тактасына, сайтына: www.mfa.gov.kg жайгаштырылат |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mfa.gov.kg; - маалымат такталары, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы |

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык тактачалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - ата-энесинин бири, жакын тууганы же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү арыз; - бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген, баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалымкат же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөттөрдө врач же медициналык башка кызматкер, ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат; - баланын ата-энесинин же алардын биринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери (КБМРде жок болгон учурда); - никелешүү тууралуу күбөлүк («ЖААЖ» АМСте жок болгон учурда); - ата-энеси (же ата-энесинин бири) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган бала чет мамлекетте төрөлгөн учурда чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, туулгандыгынын фактысын ырастоочу документ (туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башкалар); - жашына карабастан баланын туулгандыгынын фактысын аныктоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими – туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк жок болгон учурда. Ата-энесинин (атасынын же энесинин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери жок болгон учурда баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт: - бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалымкаттын; - никелешүү тууралуу күбөлүктүн (бар болсо). Туулгандыгы тууралуу жарандык абалдын актысын ырастоо иретинде ата-энелерге социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укук берген туулгандыгы тууралуу актыны жазуудан көчүрмө берилет. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк ата-энеси (алардын бири) паспорт же алардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документ менен документтештирилгенден кийин берилет. Бир жашка чыккан же андан ашкан баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт: - ата-энесинин (ата-энесинин биринин); - жакын тууганынын; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн; - камкорчулук жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгон учурда камкорчунун; - он алты жашка чыкканда туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкатты тиркөө менен баланын өзүнүн. Ошондой эле туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат жок болгон учурда туулгандыгынын фактысын аныктоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде. Никени мамлекеттик каттоо берилген арыздын негизинде жубайлардын же алардын ата-энелеринин биринин жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт. Биргелешкен арызда никени түзүүгө өз ара ыктыярдуу макулдугу, ошондой эле никени түзүүгө тоскоол болгон жагдайлардын жок экендиги ырасталууга тийиш. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилген учурда жүргүзүлөт: - никеге туруп жаткан адамдардын биргелешкен арызы; - биргелешип арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, никеге туруп жаткан адамдардын өзүнчө арыздары; - никеге туруп жаткандардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер; - эгерде адамдардын бири мурда никеде турган болсо, никесинин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк; - мурдагы никедеги жубайлардын бири каза болгон учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк; - эгерде никеге туруп жаткан адамдардын биринин жашы жете элек болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу. Ажырашууну мамлекеттик каттоо жубайлардын экөөнүн же алардын биринин жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана консулдук мекемесине берилген, жубайлардын ажырашуу жөнүндө биргелешкен арызынын негизинде жүргүзүлөт. Экөөнүн ортосунда жашы жете элек балдары жок жубайлардын өз ара макулдугу боюнча жана мүлктүк талаш-тартыштар болбогондо ажырашууну мамлекеттик каттоо ажырашуу жөнүндө биргелешкен арыз жубайлар тарабынан берилген күндөн тартып 1 ай өткөндөн кийин жубайлардын экөөнүн тең же алардын биринин катышуусунда жүргүзүлөт. Мында төмөнкүдөй документтер берилет: - никени бузуу жөнүндө биргелешкен арыз; - арыз ээлеринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер; - никелешүү тууралуу күбөлүк. Он алты жашка толо элек адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо ата-энесинин биргелешкен арызынын негизинде жана төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт: - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; - ата-энесинин (алардын биринин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер; - эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк; - аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк (болсо); - ата-энесинин биринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (ата-энесинин биринин биргелешкен арыз берүү мүмкүндүгү болбогон учурда); - жаранды дайынсыз жок деп таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими (ата-энесинин пикирин эске алуу милдеттүү эмес). Он жашка толгон жашы жете элек балага карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Аталыгы мыйзамдуу түрдө аныкталбаган баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо энесинин арызы боюнча, ал мындай өтүнүч менен кайрылган учурда алып жүргөн фамилияга өзгөртүү менен жүргүзүлөт. Жашы жеткен адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт: - арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ; - арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү («ЖААЖ» АМСте туулгандыгы тууралуу актыны жазуу болбогон учурда); - эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк («ЖААЖ» АМСте никелешүү тууралуу актыны жазуу болбогон учурда); - жашы жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо) («ЖААЖ» АМСте туулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда); - эгерде арыз ээси никесинин бузулгандыгына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк («ЖААЖ» АМСте никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда) |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизинде көрсөтүлөт. Мамлекеттик алым чендери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет. Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн прейскурант тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын чени жөнүндө маалымат тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, дипломатиялык өкүлчүлүк жана консулдук мекемелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жеке өзү кайрылган учурда көрсөтүлөт. Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт |

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга болот: - кызмат сурап кайрылган адам аны алууга укугу же башка адамдын атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок болсо; - документтердин белгиленген талаптарга шайкеш келбеши (зарыл документтердин толук эмес тизмеси берилгенде жана/же туура эмес толтурулган учурда каталарды оңдоого жана документтерди топтоого убакыт берүү); - берилген документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтардын болушу |

4-тиркеме
« | ||
36. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өлгөндүгүн каттоо жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, (тизмеги), 4-глава, 32-пункт |

3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Каза болгон адамдын туугандары, башка жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Жарандык абалдын актылары жөнүндө»; - «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору: - 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 725 «Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - электрондук/кезек күтүү принциби боюнча. Жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү камсыздалган, бул объекттер пандустар, кармоочтор менен жабдылган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар, жылытуусу, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт |
7 | Мамлекеттик кызмат керсөтүүнүн мөөнөтү | Консультация алуу үчүн кезек күтүү – 20 мүнөттөн ашык эмес; - консультация алуу – 10 мүнөттөн ашык эмес; - документтерди тапшыруу учурунда күтүү убактысы – 10 мүнөт; - кабыл алынган документтерди кароо, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү тариздөө - арыз катталган күндөн тартып үч календардык күндөн жети календардык күнгө чейин; - документтерди берүүдө күтүү убактысы – 10 мүнөт |

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mfa.gov.kg сайтынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке кайрылууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин маалымат такталарынан, буклеттерден. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат тактасында, сайтында: www.mfa.gov.kg жайгаштырылат |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mfa.gov.kg; - маалымат такталары, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы |

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - өлгөндүгү тууралуу белгиленген үлгүдөгү, саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген маалымкат; - өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорту, аскердик билети), болсо; - өлгөндүгү анык деп белгилөө же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими; - негизсиз репрессияланган жана кийин «Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы жөнүндө компетенттүү органдар тарабынан берилген документ |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |

15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине жеке кайрылган учурда көрсөтүлөт. Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт |

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан анын мыйзамдуу өкүлдөрү даттануу менен кайрыла алышат. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда арыз ээсинин аты-жөнү, жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги, телефон номери, дооматтын маңызы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күнүнүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күнүнөн тартып 14 иш күнүнөн ашпашы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
».
5-тиркеме
« | ||
48. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 151-пункт |

3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинен сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, 16 жашка чыга элек адамдар. Эскертүү. Жалпы жарандык паспортту сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам алып жаткан (алмаштырган) учурда жана жалпы жарандык паспортту 16 жашка чыга элек жаран алып (алмаштырып) жаткан учурда, анкета-арызга анын мыйзамдуу өкүлү кол коёт |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору: - 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 725 «Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө»; - 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө»; - 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 «Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө жана консулдук мекемесинде Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү камсыздалган, бул объекттер пандустар, кармоочтор менен жабдылган. - электрондук/кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар, жылытуусу, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгын берүүнү кошкондо, кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – кызмат көрсөтүүнү алууга арыз катталган күндөн тартып эки айга чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес |

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mfa.gov.kg сайтынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке кайрылууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин маалымат такталарынан, буклеттерден. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат тактасында, сайтында: www.mfa.gov.kg жайгаштырылат |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mfa.gov.kg; - дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде жайгаштырылган маалымат такталары, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы |

11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: - анкета-арыз, ал Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери тарабынан «Паспорт» АМТ аркылуу толтурулат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастаган квитанция - (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт). Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет: 1) 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурда: - 16 жашка толо элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; - 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана кол коюлган арыз (арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт). Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн, апостилдештирилген же легалдаштырылган макулдугун берүү зарыл, эгерде бул жол-жобо Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган болсо; 2) 16 жашка толгон адам кайрылганда: - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту же 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (болгон учурда) же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; 3) жалпы жарандык паспортту алмаштырып жаткан жаран кайрылганда: а) виза белгилери үчүн барактар бүткөндүгүнө, колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу: - алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт; б) жеке маалыматтар өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортуна жазуулар катасы менен киргизилгендиги аныкталганына байланыштуу: - алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк, никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк, жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк; в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда: - алмаштырылууга тийиш, бузулган жалпы жарандык паспорт. Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери аймактык бөлүмгө мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө суроо-талап жиберет; 4) арыз ээсинин каалоосу боюнча же виза барактары бүткөнүнө байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда жана колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо: 5) жалпы жарандык паспорт жоголгондо: - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту же 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (болгон учурда) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк. Арыз ээсинин ким экендигин аныктоо мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери аймактык бөлүмгө мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө суроо-талап жиберет; Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин кызматкери анкета-арызды толтуруу учурунда арыз ээсинин бетин фотосүрөткө тартып алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик алымдын ставкасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет. Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары жөнүндө маалымат тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар берилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада каралган учурларда баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда арыз ээсинин аты-жөнү, жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күнүнүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күнүнөн тартып 14 иш күнүнөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине соттук тартипте даттанууга укуктуу |

6-тиркеме
« | ||
29. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары турган жарандардан 5 бетке чейинки көлөмдөгү документтерди суратып алдыруу – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-глава, 9-пункт |

3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта турган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 725 «Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө»; - 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө»; - 2021-жылдын 5-мартындагы № 74 «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу документтерди талап кылуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы натыйжасы | Арыз ээси тарабынан дипломатиялык өкүлчүлүктөн же консулдук мекемеден зарыл болгон документтерди (маалымдама, маалымат, информация, документтердин жуп нускасы) алуусу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - электрондук/кезек күтүү принциби боюнча. Жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү камсыздалган, бул объекттер пандустар, кармоочтор менен жабдылган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар, жылытуусу, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 3 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү, анын ичинде керектөөчүгө кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасын берүү – 2 (эки) иш күнүнөн 14 (он төрт) иш күнүнө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө чектелген убакыт – 7 мүнөт |

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (зарыл болгон маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mfa.gov.kg сайтынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке кайрылууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин маалымат такталарынан, буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат тактасында, сайтында: www.mfa.gov.kg жайгаштырылат |

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 74 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу документтерди талап кылуунун тартиби жөнүндө нускаманын (мындан ары – Нускама) тиркемесине ылайык форма боюнча жеке маалыматтарды иштеп чыгууга, өткөрүп берүүгө жана сактоого макулдукту камтыган арыз; - арыз ээсин ким экендигин ырастоочу документтер (Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту, чет мамлекеттин жаранынын же жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастоочу документ). Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет: 1) суралган документтин аныктыгы жөнүндө маалыматтарды талап кылууда: - аныктыгын тастыктоо керек болгон документтин көчүрмөсү; 2) өзүнө карата документтер суралган адамдын мыйзамдуу өкүлү кайрылганда: - белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; 3) өзүнө карата документтер суралган адамдын камкорчусу/көзөмөлчүсү кайрылганда: - адамды камкорчу/көзөмөлчү катары дайындоо жөнүндө соттун чечими же чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген башка документ; 4) 18 жашка чыга элек жаранга карата документтер суралганда, анын мыйзамдуу өкүлү кайрылганда: - документи суралган 18 жашка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүк; 5) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын талаптарына жараша документтерди талап кылуу үчүн негиз болуп саналган башка документтер. Ар бир документти талап кылуу үчүн Нускаманын 5-пунктунда каралган документтерди тиркөө менен жеке маалыматтарды иштеп чыгууга, өткөрүп берүүгө жана сактоого макулдукту камтыган өзүнчө арыз талап кылынат. Турган өлкөдө жазык сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан адамга карата документтерди жана маалыматтарды талап кылуу турган өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органынын расмий кайрылуусунун негизинде (арыз ээсинин кайрылуусуз) жүргүзүлөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт |

15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке кайрылган учурда ишке ашырылат. Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт. |

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ