Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 313 токтомуна) |
Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) куралдарды жана аскердик техниканы, ошондой эле контролдонууга тийиш болгон жана лицензия боюнча жүзөгө ашырылуучу аскердик багыттагы башка продукцияларды Кыргыз Республикасына импорттоодо, анын ичинде убактылуу импорттоодо, Кыргыз Республикасына убактылуу экспорттоодо лицензия берүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
арыз ээси - лицензия алуу үчүн лицензиялоочу органга кайрылган юридикалык жак же жеке ишкер;
акыркы пайдалануучунун сертификаты - ташылып келген аскердик багыттагы продукциянын билдирилген максаттарда гана колдонулушу, ошондой эле экспорттоочу чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын уруксатысыз үчүнчү өлкөлөргө экспорттолбой тургандыгы жөнүндө кыргыз импорттоочунун милдеттенмесин ырастаган, Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген документ;
лицензия - анда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортуна, экспортуна уруксат берүүчү расмий документ.
3. Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортуна жана экспортуна лицензия берүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги эсептелет.
4. Лицензия тышкы соода келишимине (сатып алуу-сатуу контрагы) киргизилген товардын аталыштарынын санына карабастан, анын бир түрүнө берилет.
5. Лицензия бир календардык жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Бир жолку лицензиянын колдонуу мөөнөтү тышкы соода контрагынын (келишиминин) колдонуу мөөнөтү же лицензия берүү үчүн негиз болуучу документтин колдонуу мөөнөтү менен чектелет.
6. Лицензия берүү үчүн Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарынан, улуттук коопсуздугунан улам куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын экспортунун же импортунун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу негиз болуп эсептелет.
Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын экспортунун же импортунун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө арызды карайт.
7. Лицензиялардын бланктары типографиялык ыкма менен даярдалат, алардын коргоо даражасы, эсептик сериясы жана номери бар. Лицензиялардын бланктары так эсептеги документтер болуп эсептелет жана ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
8. Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортуна жана экспортуна лицензия алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилиши керек:
1) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык боюнча арыз;
2) тышкы соода келишими, ага тиркемелер жана (же) толуктоолор, ал эми тышкы соода келишими жок болгон учурда -тараптардын ниеттерин ырастаган башка документтер;
3) салык органында эсепке алуу жөнүндө документтин көчүрмөсү;
4) эгерде иштин мындай түрү Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиялоо киргизилген товарларды жүгүртүү менен байланышкан болсо, иштин лицензиялануучу түрүн жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү;
5) товардын келип чыгышын ырастаган документтин көчүрмөсү;
6) акыркы пайдалануучунун сертификаты (экспорттоодо) - Кыргыз Республикасынан экспорттолгон аскердик багыттагы продукцияларды билдирилген максаттарда гана колдонууга жана аларды Кыргыз Республикасынын макулдугусуз реэкспорттоого же үчүнчү өлкөлөргө берүүгө жол бербөө боюнча чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын милдеттенмелери камтылган белгиленген тартипте легалдаштырылган документ;
7) арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ;
8) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү - юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн;
Берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн ар бир барагы арыз ээсинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Чет тилдеги документтер берилген учурда документтин тексти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулуп, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек.
9. Акыркы пайдалануучунун сертификатын алуу үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына төмөнкүдөй документтерди берет:
1) акыркы пайдалануучунун сертификатын алууга арызды;
2) экспорттоочу жана/же акыркы пайдалануучу менен контракттын көчүрмөсүн жана идентификациялоо үчүн түп нускасын;
3) аскердик багыттагы продукциянын техникалык мүнөздөмөлөрү жана аны колдонуу чөйрөсү жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматты;
4) импорттоочунун кепилдик милдеттенмесин (Кыргыз Республикасына аскер багытындагы продукциянын импорту жөнүндө, ушул продукцияны көрсөтүлгөн максаттарда колдонуу жөнүндө, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты жок аны Кыргыз Республикасынын аймагында чарбалык иш жүргүзгөн башка субъектке өткөрүп берүүгө жана/же үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттоого жол бербөө жөнүндө акыркы пайдалануучунун күбөлөндүрүүсү).
Акыркы пайдалануучунун сертификаты ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
10. Төмөнкү учурларда лицензия талап кылынбайт:
1) кыргыз өндүрүшүнүн аскердик багыттагы продукцияларын эл аралык көргөзмөлөрдө көрсөтүү (иш-аракетте көрсөтүү) үчүн ташып чыгууда, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген көргөзмө экспонаттарынын (көргөзмөдө көрсөтүлүүчү аскердик багыттагы продукциялардын үлгүлөрүнүн) номенклатурасы жана саны болгон учурда;
2) чет өлкөлүк өндүрүштүн аскердик багыттагы продукцияларын эл аралык көргөзмөлөрдө көрсөтүү (иш-аракетте көрсөтүү) үчүн ташып келүүдө;
3) сыноолорду жүргүзүү, окутуу үчүн аскердик багыттагы продукцияларды ташып чыгууда;
4) коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет өлкөлүк юридикалык жактар менен түзгөн контракттар боюнча оңдоо же алмаштыруу үчүн аскердик багыттагы продукцияларды кийин ташып келүү менен ташып чыгууда;
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана укук коргоо органдарынын муктаждыктары үчүн аскердик багыттагы продукцияларды ташып келүүдө (коргоонун жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында);
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди ишке ашырууда.
11. Арыз ээси берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
12. Лицензия берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкү негиздер боюнча лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу:
1) бул категориядагы субъекттер үчүн иштин белгилүү түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамда каралган тыюу салуунун болушу;
2) арыз ээсине иштин бул түрү менен иштөөгө тыюу салуучу соттун чечиминин болушу;
3) арыз ээсинин туура эмес же толук эмес маалыматты берүүсү;
4) арыз ээси берген документтердин ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеши;
5) карап чыгуу жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнбөгөндүгү.
13. Ушул Жобого ылайык берилген лицензия бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын жасоо жана аскердик багыттагы продукцияларга бажылык контролдоо жүргүзүү үчүн зарыл шарт болуп саналат.
14. Лицензиянын колдонуу мөөнөтү арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде бир жолу узартылышы мүмкүн.
Лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартуу жана (же) ага башка өзгөртүүлөрдү киргизүү лицензиар тарабынан аталган кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
Колдонуу мөөнөтү аяктаган лицензиялар узартылбайт жана (же) өзгөртүлбөйт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органдарына көрсөтүлбөйт.
15. Лицензияларды берүү (кайра тариздөө, узартуу) үчүн салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык бир жолку лицензиялык жыйым алынат.
16. Ушул Жобонун талаптарын бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
|
| Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИ | ||
1. Арыз ээси (аталышы жана дареги) | 2. № _____________ лицензия | |
3. Экспорт/импорт (керектүүсү белгиленет) | 4. Лицензиянын тиби башкы/бир жолку | |
5. Сатып алуучу/сатуучу (аталышы жана дареги) | 6. Лицензиянын колдонуу мөөнөтү | |
7. Контракт (келишим) 20____ "___" _____________ № _______ | ||
8. Акыркы пайдалануучу (аталышы жана дареги) | 9. Чыгарылган өлкө | |
10. Сатып алуучу/сатуучу өлкө | 11. Акыркы пайдалануучу өлкө | |
12. Аталышы жана ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | 13. Өлчөө бирдиги | 14. Саны |
15. Төлөм валютасы | 16. Баасы | |
17. Лицензия берүүнүн негизи | ||
18. Кошумча маалымат | ||
19. Эксперт-уюм | 20. Лицензия берген ыйгарым укуктуу адам Аты-жөнү _______________________________________ Кызматы ________________________________________ Колу ____________________________________________ Мөөр ___________________________________________ Датасы __________________________________________ | |
|
| Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
АРЫЗ
Лицензиардын аталышы ____________________________________
Юридикалык жактын аталышы________________________________
Импортко/экспортко лицензия берүүнү өтүнөм (керектүүсү белгиленет) |
|
Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк серия № _________ берилди _________________ (качан жана ким тарабынан) |
|
Турган жери |
|
ОКПО коду |
|
Дареги, телефону |
|
Идентификациялык салык коду (ИНН) |
|
Уюштуруу-укуктук формасы |
|
Жеке ишкердин паспорттук маалыматтары Серия __________ № __________ берилди __________ (качан жана ким тарабынан) |
|
Башка маалыматтар (арызды кароо үчүн зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлөт) |
|
Продукциянын ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
|
Продукциянын аталышы |
|
Лицензиянын колдонуу мөөнөтү |
|
Саны |
|
Жалпы наркы (миң), төлөм валютасы (сом, АКШ доллары, евро, рубль) |
|
Импорттоочу, юридикалык дареги |
|
Импорттоочу өлкөнүн аталышы |
|
Экспорттоочу, юридикалык дареги |
|
Экспорттоочу өлкөнүн аталышы |
|
Продукция багытталган өлкө |
|
Продукция чыгарылган өлкө |
|
Пайдалануунун максаты |
|
Өндүрүүчү, юридикалык дареги |
|
Контракт (№ жана түзүлгөн датасы) |
|
Арыз эсинин ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү |
|
20___-ж. "___" ___________________ ____________________
(Дата) (Колу, М.О.)
_____________________ № ______________ арызга тиркеме
| |||
№ | Товарды сыпаттоо | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товарды сыпаттоо | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товарды сыпаттоо | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товарды сыпаттоо | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товарды сыпаттоо | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товарды сыпаттоо | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товарды сыпаттоо | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
Барактар бардыгы | Арыз ээсинин ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү Кызматы Колу жана датасы Мөөр | ||
|
| Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Акыркы пайдалануучунун СЕРТИФИКАТЫ
№ __________________ сертификат | ||
1. Импорттоочу, анын дареги телефону | 2. Импорттолуучу өлкө |
|
3. Экспорттоочу, анын дареги телефону | 4. Экспорттолуучу өлкө |
|
5. Акыркы керектөөчү, анын дареги, телефону жана иштөө тармагы | ||
6. Акыркы пайдалануу | ||
7. Продукциянын аталышы жана толук мүнөздөмөсү | 8. ТЭИ ТН боюнча продукциянын коду | 9. Төлөө валютасындагы жалпы наркы (миң): Сом АКШ доллары |
10. Сертификат суроо үчүн негиз | 11. Өлчөө бирдиги | 12. Саны |
13. Ушуну менен 7-пунктта көрсөтүлгөн продукция өлкөнүн муктаждыгы үчүн гана пайдаланылары жана экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын уруксатысыз реэкспорттолбой тургандыгы ырасталат | ||
14. Ушул документ кол коюлган күндөн тартып алты айдын ичинде экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилүүгө тийиш | ||
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Аты-жөнү Кызматы Колу М.О. Датасы |
|
|