Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-декабры № 313
Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Аскер багытындагы товарларды жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-декабрындагы № 613 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |