Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 616 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| ||
|
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 304 токтомуна) |
Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен төлөө тартибин жөнгө салат.
2. Мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө үчүн казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алат.
3. Казыналык милдеттенмелер түрүндө төлөнүүгө тийиш болгон кредитордук карыздардын суммасынын минималдуу чеги 500000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленет.
4. Ушул Жобо атайын эсептердин каражаттары жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кошпогондо, мамлекеттик органдардын бюджеттик каражаттар бөлүгүндөгү гана кредитордук карыздарын төлөө маселелерин жөнгө салат жана республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдар жана мекемелер кредиторлору болуп саналган мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарына жайылтылбайт.
2. Мамлекеттик органдардын кредитордук карыздары жөнүндө маалыматтарды чогултуу
5. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында кредитордук карыздары бар мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик орган) суммасы ушул Жобонун 3-пунктунда белгиленген минималдуу чектин өлчөмүнөн ашкан кредитордук карыз жөнүндө, анын ичинде ушул мамлекеттик органдын карамагындагы ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр боюнча маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну жүргүзөт.
6. Маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча кредиторлордун өңүтүндө кредитордук карыздын көлөмү, кредитордук карыздын суммасы жана негиздүүлүгү белгиленет.
7. Мамлекеттик орган карызды жөнгө салуу жөнүндө маселени кредиторлор менен макулдашат жана макулдашуу жетишилгенде кредиторлорго карызды которуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтөт.
8. Кредитордун карызды жөнүндө макулдашуу түзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурда мамлекеттик орган ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча реестр түзөт жана буйрук менен бекитет.
9. Мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ырастоочу документтерди милдеттүү түрдө тиркөө менен кредиторлордун бекитилген реестрин берет.
10. Кредитордук карыздардын келип чыгышын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарларды жеткирүү (жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө түзүлгөн келишимдин жана/же милдеттенменин келип чыгышына негиз болгон башка документтин көчүрмөлөрү;
2) кредитор менен текшерип салыштыруу актыларынын көчүрмөлөрү;
3) талап кылуу укуктарын башкага берүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө кредитордун жазуу жүзүндөгү макулдугунун көчүрмөсү.
11. Мамлекеттик органдын жетекчиси кредитордук карыздардын болушу жана ушул Жобонун 9 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
12. Ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн бардык ырастоочу документтер болгондо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги реестрди аткарууга кабыл алат.
13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги келип түшкөн реестрдин жана ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн ырастоочу документтердин негизинде белгиленген тартипте:
1) кредитор жана мамлекеттик орган менен карыздарды которуу жөнүндө макулдашууга кол коёт;
2) казыналык милдеттенмелердин эмиссиясын жүргүзөт;
3) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кредитор менен карыздык макулдашууга кол коёт (казыналык милдеттенмелерди номиналдык наркы боюнча милдеттүү сатып алуу шарттарын көрсөтүү менен).
14. Мамлекеттик орган карыздарды которуу жөнүндө кол коюлган макулдашуунун негизинде кредитордук карыздарды төмөнкүдөй бухгалтердик жазуу аркылуу макулдашууда көрсөтүлгөн суммага азайтат:
Дебет 33 000 000 "Милдеттенмелердин тиешелүү эсеби";
Кредит 41 111 100 "Финансылык натыйжа".
15. Мамлекеттик органдын бухгалтердик кызматы ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык реестрге киргизилген ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан 14-пункттун аткарылышынын контролун жана мониторингин жүзөгө ашырат.
16. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул Жобонун 13-пунктунун негизинде казыналык милдеттенмелер боюнча карыздарды төмөнкү бухгалтердик жазуу аркылуу карыздык макулдашууда көрсөтүлгөн суммага көбөйтөт:
Дебет 41 111 100 "Финансылык натыйжа";
Кредит 33 000 000 "Баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин тиешелүү эсеби".
3. Казыналык милдеттенмелерди жайгаштыруу, конвертациялоо жана төлөө
17. Кредитор сатып алынуучу казыналык милдеттенмелерди баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экинчи рынокко жайгаштырууга укуктуу.
18. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда казыналык милдеттенмелер боюнча карыздарды төлөөгө каражаттарды карайт.
19. Карыздык макулдашуунун шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги казыналык милдеттенмелер боюнча карыздарды төлөөнү жүзөгө ашырат.
|
| Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөөнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма |
| _____________________________________________ |
|
| (маморгандын аталышы) |
|
| 20___-ж. "___" __________ № __________ |
|
| буйругу менен бекитилген |
_____________ (датасы) карата абал боюнча кредиторлордун РЕЕСТРИ ____________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы)
№ | Жеткирүүчүнүн/кредитордун аталышы | Жеткирүүчүнүн ИСНи | Келишим дин № жана датасы | Келишим дин суммасы | анын ичинде: | Жалпы төлөнүүгө тийиш | анын ичинде: | Эскертүү | |
жеткирилген товардын наркы (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) | төлөндү | кредитордук карыз | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөөнүн тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
КАРЫЗДЫК МАКУЛДАШУУ № ___________
Бишкек ш.
202___-жылдын "___" ______________
Ушул Карыздык макулдашуу мындан ары биргеликте "Тараптар" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан чыгуучу бир тараптан _________________________________________ (мындан ары - Эмитент) менен экинчи тараптан ______________________________ (мындан ары - Ээси) ортосунда түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 202___-жылдын "___" _____________ № ________________ тескемесине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги _ менен Ээси ортосунда түзүлгөн Карызды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга ылайык Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө Карыздык макулдашууну түзүштү.
1. Предмети
1.1. Эмитент тарабынан __________________ өлчөмүндөгү Ээсинин алдындагы карызды казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен төлөө ушул Карыздык макулдашуунун предмети болуп саналат.
1.2. Эмитент 2 жылдын ичинде ар жылкы бирдей төлөмдөр менен милдеттүү сатып алуу шартында казыналык милдеттенмени (реквизиттер көрсөтүлсүн) (мындан ары - Казыналык милдеттенме) Ээсине ушул Карыздык макулдашуунун 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага өткөрүп берет.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Ээси карызды төлөөнүн ушул Карыздык макулдашууда көрсөтүлгөн ыкмасына жана мөөнөтүнө макулдугун берет.
2.2. Ээси сатып алынуучу казыналык милдеттенмелерди экинчи рынокко жайгаштырууга жана аны келишимдик наркта сатууга, күрөөгө коюуга же башка жол менен тескөөгө укуктуу.
2.3. Ээси Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруунун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте каттоону жүргүзүү үчүн үчүнчү жактарга казыналык милдеттенмелерди ээликтен ажыратуу жөнүндө Эмитентке билдирүүгө милдеттүү.
2.4. Эмитент 2 (эки) жылдын ичинде ар жылдык бирдей төлөмдөр менен казыналык милдеттенмелерди номиналдык наркы боюнча төмөнкүдөй даталарда сатып алууга милдеттүү:
- биринчи төлөм ___-жылдын ______________;
- экинчи төлөм ____-жылдын ______________.
2.5. Эмитент Казыналык милдеттенмелердин ээсине анын номиналдык наркын төлөөнү республикалык бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча Ээсинин болгон карызын өз ара эсептешүүдөн кийин жүзөгө ашырат.
2.6. Тараптар ушул Карыздык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелеринен бир тараптуу тартипте баш тартууга укугу жок.
3. Корутунду жоболор
3.1. Ушул Карыздык макулдашуу ага Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
3.2. Ушул Карыздык макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосунда келип чыгуучу бардык талаштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет, ал эми Тараптардын ортосунда макулдашуу жетишилбеген учурда талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
3.3. Ушул Карыздык макулдашууга ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор, эгерде алар жазуу жүзүндө түзүлсө жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлса гана жарактуу болот.
3.4. Ушул Карыздык макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада, бир нускасы Ээси үчүн жана эки нускасы Эмитент үчүн түзүлдү.
4. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
Эмитент: | Ээси: |
_______________________________________________ (органдын аталышы/аты-жөнү) _______________________________________________ Дареги: ________________________________________ _______________________________________________ (кызмат орду)
______________________________________ (фамилиясы, инициалдары)
______________________________________ М.О. (колу)
| _______________________________________________ (аты-жөнү/аты-жөнү) Дареги: ________________________________________ _______________________________________________ ОКПО _________________________________________ ИСН _________________________________________ (паспорт маалыматтары) _________________________________________ (фамилиясы, инициалдары) _________________________________________ (кызмат орду)
________________________________________ М.О. (колу) |