ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 361 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 «Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 31-декабры № 361

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 «Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калкты керектүү дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 «Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пунктунда:

биринчи абзацындагы «2021-жылдын 31-декабрына чейин» деген сөздөр «2022-жылдын 1-июнуна чейин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине (мындан ары – Улуттук тизме) жана/же» деген сөздөр алып салынсын;

алтынчы абзацындагы «Улуттук тизмеге жана/же» деген сөздөр алып салынсын;

11-пунктунун биринчи абзацындагы «2021-жылдын 31-декабрына чейин» деген сөздөр «2022-жылдын 1-июнуна чейин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

– 2-пунктундагы «жана социалдык өнүктүрүү» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.У. Жапаров