Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 18-октябры № 221
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик салык кызматынын органдарынын Социалдык өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун каржылоого каралган каражаттардын отуз пайызын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддоруна министрликтердин борбордук аппараттарынын штаттык санына ылайык каражаттарды пропорционалдуу бөлүштүрүү менен жөнөтөт деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Фондду каржылоого каралган каражаттардын отуз пайызы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондуна жөнөтүлө тургандыгы белгиленсин.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 26-октябрындагы № 109-110 (3288-3289) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |