Загрузка документа…
|
|
| |
|
| 3-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна) |
|
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 270, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 782 , 2026-жылдын 2-июлундагы № 456 токтомдорунун редакцияларына ылайык
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин (мындан ары - Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 270 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат, ал биотүрдүүлүктү сактоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын, илимий жана экологиялык туризмди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
4. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылган, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары (мамлекеттик жана расмий тилдерде), казыналык системада бюджеттик, атайын жана депозиттик эсептери бар.
6. Уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Департамент өзүнө бекитилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
7. Департамент өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
8. Департаментти каржылоо бюджеттик каражаттардын, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 270 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Департаменттин расмий толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти";
- расмий тилде: "Департамент сохранения биоразнообразия и особо охраняемых природных территорий при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики".
Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "БС ӨКЖАД";
- расмий тилде: "ДСБ ООПТ".
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 270 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2.
2. Департаменттин ишинин максаты
11. Департаменттин ишинин негизги максаты Кыргыз Республикасынын биотүрдүүлүгүн сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (мындан ары - ӨКЖА) тармагын кеңейтүү, уюштуруу менен туруктуу иштөөсү жаатында мамлекеттик башкаруу, координациялоо жана мониторинг жүргүзүү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 270 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департаменттин милдеттери
12. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- биотүрдүүлүктү сактоо жана ОКЖА тармагынын туруктуу иштеши жана өнүгүшү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- ӨКЖА тармагынын биотүрдүүлүк ресурстарынын абалын баалоо, аларды талдоо жана өзгөрүүлөрдү болжолдоо чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана ишке ашыруу;
- ӨКЖАдагы бардык жаратылыш объектилерин жана комплекстерин, жаратылыш процесстерин жана кубулуштарын изилдөө жана уюштуруу;
- биотүрдүүлүктү сактоо жана ӨКЖА тармагын өнүктүрүү чөйрөсүндө улуттук жана эл аралык долбоорлорду жана программаларды, келишимдерди жана макулдашууларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү;
- биологиялык жана ландшафттык түрдүүлүктү камсыз кылуу, ӨКЖА системасында экологиялык тең салмактуулукту колдоо;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, калктын жана башка кызыкдар жактардын биотүрдүүлүктүн абалы жана ӨКЖА субъекттеринин иши жөнүндө кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу;
- ӨКЖАда жайгашкан жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жана бүтүндөй жаратылыш комплексин коргоону уюштуруу жана камсыз кылуу;
- жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин абалы, ӨКЖАда жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана талдоону уюштуруу;
- жаңы ӨКЖАларды түзүү жана иштеп жаткандарын кеңейтүү, алардын функциялык зоналарын белгилөө боюнча иштерди уюштуруу;
- ӨКЖА тармагын экологиялык, экономикалык жана илимий жактан негизделген өнүктүрүү жолу менен биотүрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу;
- биотүрдүүлүк объекттерин сарамжалдуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
- пландоо жана отчеттуулук маселелерин кошкондо, ӨКЖАнын ишин координациялоону камсыз кылуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 270, 2026-жылдын 2-июлундагы № 456 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Департаменттин функциялары
13. Департамент жүктөлгөн милдеттерге ылайык ӨКЖА тармагында төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндө:
- Министрликке белгиленген тартипте төмөнкүлөргө тиешелүү сунуштарды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка материалдарды киргизет:
биотүрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу жаатында укуктук мамилелерди түзүү;
ӨКЖАны түзүү, зоналаштыруу жана чек араларын аныктоо, аларды пайдалануу, категорияларын өзгөртүү жана жоюу тартиби;
ӨКЖА тармагын жана жаратылыш объекттерин өнүктүрүү;
мамлекеттик жана ведомстволук мониторинг жүргүзүү, ӨКЖА тармагында белгиленген режимди сактоо;
ӨКЖАнын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү;
ӨКЖАнын паспортун жана жаратылыштын жылнаамасын жүргүзүү тартиби;
ӨКЖАнын аймагында жарандардын жүрүү тартиби;
жаратылыш-корук иши;
жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо зоналарын, кайра өндүрүү участокторун, экологиялык коридорлор тармагын түзүү жана иштетүү режими;
биотүрдүүлүк объекттерин эсепке алуу, кадастрын жана мониторинг жүргүзүү шарттары, мөөнөттөрү жана тартиби;
Министрликтин тиешелүү ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүн координациялоодо ӨКЖА тармагын иштетүү боюнча инвестицияларды, гранттык каражаттарды тартуу жана алдынкы тажрыйбаны пайдалануу;
биотүрдүүлүктү сактоону, кайра өндүрүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу чөйрөсүндө укуктук мамилелерди белгилөө;
жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн нормативдерин жана юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, козу карындарга жана мумие камтыган минералдык чийки затка келтирген зыяны үчүн айыптардын (доолордун) өлчөмдөрүн эсептөө үчүн тарифтерди белгилөө;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун нормативдерин жана ченемдерин белгилөө, аларды пайдаланууга чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде биотүрдүүлүктү сактоо, ӨКЖА тармагын, илимий жана экологиялык туризмди өнүктүрүү жана иштетүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты, улуттук жана эл аралык программаларды, долбоорлорду, макулдашууларды жана келишимдерди иштеп чыгууну демилгелейт жана жүзөгө ашырат;
- ӨКЖА субъекттеринин ишин уюштурат;
- башка кызыкдар юридикалык жана жеке жактар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин белгиленген тартипте жүргүзүүгө катышат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
2) координациялоо жана ӨКЖА тармагын башкаруу чөйрөсүндө:
- ӨКЖА тармагында биотүрдүүлүктү сактоо, ӨКЖАны туруктуу иштетүү жана аларга жеке адамдардын баруу режимин сактоо, ӨКЖА субъекттеринин аймагында илимий жана экологиялык туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялайт;
- ӨКЖАдагы жаратылыш ресурстарына жана процесстерине илимий инфраструктураны жана мониторинг жүргүзүү инфраструктурасын түзүүнү, тиешелүү аймактарда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү координациялайт;
- юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан) төмөнкүлөр боюнча ишин координациялайт:
ӨКЖА тармагында биотүрдүүлүк объекттери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендер боюнча эсепке алуу, кадастрдык жана мониторингдик иштерди жүргүзөт;
ӨКЖА тармагында жапайы жаныбарлар үчүн питомниктерди, реабилитациялык борборлорду түзөт жана иштетет;
- техникалык регламенттердин долбоорлорун жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоорлорун иштеп чыгууну демилгелейт;
- бизнестин, ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрү үчүн техникалык регламенттердин жоболорун түшүндүрүү боюнча методикалык жана консультативдик колдоо көрсөтүүнү жүзөгө ашырат;
- токой жайгаштыруу долбоорлорун жана картографиялык материалдарды, ӨКЖА тармагына тиешелүү болгон токой жайгаштыруу иш кагаздарын бекитет;
- ӨКЖА тармагына жана аңчылык жерлерине тиешелүү аймактарда токой жайгаштыруу жана аңчылык жайгаштыруу иштерин жүргүзүүгө катышат;
- ӨКЖА субъектеринин аймагында токой ресурстарын коргоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токойлорду өрттөн сактоо, мыйзамсыз кыюу, зыянкечтерден жана оорулардан сактоо иштерин координациялайт;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жана алар байырлаган (жашаган) жана өскөн чөйрөнү коргоону уюштурат жана жүзөгө ашырат, ошондой эле биотүрдүүлүк объекттерине таасир тийгизген менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча белгиленген тартипте чараларды көрөт;
- ӨКЖАга жана аңчылык жерлерге тиешелүү аймактарды токой-аңчылык жайгаштыруу боюнча иштерди пландайт жана жүргүзүүнү координациялайт;
- ведомстволук ӨКЖАнын финансы-чарбалык ишин пландоону, анын ичинде ӨКЖАны башкаруу пландарын түзүү, аткаруу жана талдоо, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн жана башка түшүүлөрдөн алынган каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө координациялайт;
3) ӨКЖА тармагын жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- ӨКЖА жерлерин, токойлорду пайдалануу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат, токой өстүрүү, токойду калыбына келтирүү, ӨКЖАда токой коргоо жана сактоо боюнча иш-чараларды аткарат;
- Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун (ЭЖКС) тиркемелерине жана конвенцияларга туура келген жапайы жаныбарлардын маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт;
- мамлекеттик органдар, илимий мекемелер менен биргеликте ӨКЖА тармагында жаратылыш компоненттеринин (объекттерди) жана ресурстарынын абалын баалоо, каттоо жүргүзөт;
- техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарын аткаруу үчүн комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашырат, алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана талдайт;
- токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларын (токой жоготууларын) жөнгө салат жана эсептерин жүргүзөт;
- ведомстволук ӨКЖАда жаратылыш ресурстарын пайдалануу, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана биотүрдүүлүктүн объекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен байланышкан финансы-экономикалык эсептөөлөрдү координациялоону жана методикалык коштоону ишке ашырат;
- ӨКЖАда кайтаруу жана биотехникалык иш-чараларды пландоону, уюштурууну жана өткөрүүнү жүзөгө ашырат;
3-1) контролдоо чөйрөсүндө:
ӨКЖАнын бардык категорияларынын жүргүзүлгөн ишине, ӨКЖАны коргоого жана биологиялык түрдүүлүктү сактоого, анын ичинде жаратылыш ресурстарын пайдаланууга жана калыбына келтирүүгө, ӨКЖАнын аймагында жайгашкан жаратылыш ландшафттарын зыянкечтерден, оорулардан жана экосистемага зыян келтирүүчү башка аракеттерден коргоого ведомстволук контролду жүзөгө ашырат;
4) колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө:
- мамлекеттик маалыматтар базасын (биотүрдүүлүк, ӨКЖА тармактары, жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү укук бузуулар, ӨКЖАнын ишинин финансылык-чарбалык көрсөткүчтөрү жана башкалар) түзүүнү, жүргүзүүнү жана талдоону, тиешелүү маалыматтык материалдарды даярдоону жана басып чыгарууну ишке ашырат;
- ӨКЖАда токой ресурстарына мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди аткарууга, токой фондун эсепке алууга, токой өстүрүүгө, токой кадастры үчүн маалыматтарды түзүүгө жана пайдаланууга колдоо көрсөтөт;
- жаратылыш жөнүндө билимди пропагандалоо жана жайылтуу боюнча иштерди жүргүзөт, биотүрдүүлүк ресурстарын сактоо боюнча конкурстарды, "Парктар маршы" акциясын, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды уюштурат жана өткөрөт;
- бизнестин, ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрү үчүн тиешелүү техникалык регламенттердин жоболорун түшүндүрүүнү камсыз кылат;
- биотүрдүүлүк ресурстарын сактоо, алардын абалын изилдөө, белгиленген тартипте экологиялык маалыматтарды жыйноо жана алмашуу чөйрөсүндө чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу программаларына өзүнүн компетенциясынын алкагында катышат, Министрликтин ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн координациялоосунун алдында Кыргыз Республикасын эл аралык деңгээлде чыгарат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө көмөктөшүү жана чектеш функцияларды аткаруу үчүн мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдарды, макулдашууларды, регламенттерди, көрсөтмөлөрдү түзөт;
- Министрликтин ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн координациялоосунун алдында ӨКЖА тармагында биотүрдүүлүк ресурстарын изилдөөгө, коргоого, калыбына келтирүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен меморандумдарды, макулдашууларды, келишимдердин корутундусун түзүүгө сунуш киргизет;
- Министрликтин ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн координациялоосунун алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, эл аралык Конвенцияларды, протоколдорду, келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле донорлордун жана эл аралык уюмдардын колдоосу (финансылык, техникалык) менен ишке ашып жаткан долбоорлорду, программаларды ишке ашырууга катышат;
5) кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү жана акысыз негизде мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 270, 2026-жылдын 2-июлундагы № 456 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Департамент юридикалык жана жеке жактардан келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карайт, ошондой эле анын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзөт.
15. Департамент Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо мыйзамдарына ылайык башка функцияларды, ошондой эле Министрлик тарабынан өткөрүп берилген функцияларды аткарат.
5. Департаменттин укуктары жана милдеттенмелери
16. Департамент жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан, башка мекемелерден жана уюмдардан суроого жана алууга;
- Департаменттин жана ӨКЖА субъекттеринин карамагында турган аймактарда археологиялык эстеликтерди изилдөөгө, сактоого жана пайдаланууга көмөк көрсөтүүгө;
- биотүрдүүлүктү коргоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, ошондой эле биотүрдүүлүк объекттерине жана алардын байырлаган/өскөн чөйрөсүнө таасир тийгизүү менен байланышкан иштин түрү менен алектенген юридикалык жактарга консультативдик жана методикалык жардам көрсөтүүгө;
- биотүрдүүлүк ресурстары жөнүндө билимдерди пропагандалоого жана жайылтууга, Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте айырмалоочу белгилери бар бекитилген үлгүдөгү форма кийимин кийүүгө, кызматтык куралды жана атайын каражаттарды (транспорт, байланыш, кол кишен, резина таяктар, жаш агызуучу заттар) сактоого, алып жүрүүгө, жана пайдаланууга;
- форма кийимин кийүүгө;
- Департаменттин ведомстволук контролду жүзөгө ашыруучу кызматкерлери тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын жана ӨКЖА тармагында башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча түзүлгөн материалдарды (протоколдорду, актыларды жана башка материалдарды) белгиленген тартипте кароого, күнөөлүү адамдарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо коюуга, күнөөлүү адамдарды белгиленген жоопкерчиликке тартуу жана аларга белгиленген тартипте жаза колдонуу үчүн, тиешелүү иштер боюнча материалдарды укук коргоо жана сот органдарына өткөрүп берүүгө;
- юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын жана ӨКЖАда жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтирүүчү башка укукка каршы аракеттерди белгиленген тартипте болтурбоого, аныктоого жана токтотууга;
- транспорт каражаттарын, буюмдарды, кол жүктөрдү, багажды, аңчылык, кармоо/чогултуу куралдарын, башка предметтерди, ошондой эле ӨКЖАда олжолонгон продукцияны кароону белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун жана ӨКЖАнын аймагындагы жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтирүүчү башка укукка каршы аракеттердин аныкталган фактылары боюнча протоколдорду, актыларды жана башка материалдарды түзүүгө;
- ӨКЖАда юридикалык жана жеке жактардан мыйзамсыз олжолонгон (сатып алынган) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин же продукциясын, ошондой эле алардан жасалган буюмдарды белгиленген тартипте алып коюуга, аларды белгиленген тартипте пайдаланууга, сатууга же жок кылууга;
- өзүнүн компетенциясына ылайык жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун жана ӨКЖАда жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтирүүчү башка укукка каршы аракеттердин аныкталган фактылары боюнча протоколдорду (актыларды) түзгөн адамдарга келтирилген зыяндын ордун толтурууда өндүрүлгөн доолордун суммаларынан сый акы каражаттарын төлөп берүүгө;
- ӨКЖА субъекттеринен жазгы жана күзгү кыдырып текшерүүлөр, жазгы токой өстүрүү иштерин техникалык кабыл алуу, токой өсүмдүктөрүн жана питомниктерди инвентаризациялоо боюнча жыйынды маалыматтарды, иштин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ар кварталдык финансы-чарбалык отчетторду кабыл алууга;
- иши же аракети биотүрдүүлүк ресурстарына таасир тийгизген юридикалык жана жеке жактардан (анын ичинде чет өлкөлүк) укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтердин көчүрмөлөрүн, маалыматтарды, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, ошондой эле белгиленген отчеттуулукту белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ӨКЖАнын каражаттарынын жана мамлекеттик мүлкүнүн максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырууга;
- ӨКЖАны башкаруу пландарын, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынуучу каражаттардын эсебинен ишке ашырылуучу иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялоого;
- биотүрдүүлүктү сактоо жана ӨКЖА тармагын өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди чечүү үчүн техникалык кеңешти уюштурууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 270, 2026-жылдын 2-июлундагы № 456 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнүн ишин аткарат.
18. Департаменттин кызмат адамдары функцияларын аткарууда мыйзамсыз иш-аракеттерге (аракетсиздикке) жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жоопкерчиликти тартат.
19. Департаменттин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ жана милдеттери бар.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
20. Департаментти директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин (мындан ары - министр) сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Департаменттин директорунун орун басары болот, ал директордун сунушу боюнча министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз Департаменттин директоруна баш иет жана Департаменттин ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын алкагында уюштурат. Департаменттин директору жок учурда анын функцияларын тиешелүү буйруктун негизинде директордун орун басары убактылуу аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 270 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери белгиленген тартипте директордун сунушу боюнча министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 270 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Департаменттин ишин контролдоону Министрлик жүргүзөт.
23. Департаменттин директору:
- Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды толук жана сапаттуу аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- өзүнүн компетенциясынын алкагында буйруктарды чыгарат;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн пландарын бекитет;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттенмелерин бекитет;
- Департаменттин түзүмүн, штаттык ырааттамасын, кирешелер жана чыгашалар сметасын Министрликке бекитүүгө берет;
- министр тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу кызматкерлерден тышкары Департаменттин кызматкерлерин кызматка кабыл алат жана кызматтан бошотот;
- Департаменттин ведомстволук сыйлыктары жөнүндө жобону бекитет;
- Департаменттин жана Департаменттин карамагындагы түзүмдөрдүн кызматкерлерин, белгиленген чөйрөдө иш жүргүзгөн башка адамдарды ардак наамдарды ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтөт;
- өзүнүн компетенциясынын алкагында Департаменттин кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын көрөт;
- министр тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Департаменттин кызматкерлерине жана ӨКЖА субъекттерине тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө Министрликке сунуш киргизет;
- Департаменттин кызматкерлерин жана ӨКЖА субъекттерин квалификациялык даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- Департаменттин жана ӨКЖА субъекттеринин кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүүгө, эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга көмөктөшөт;
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктарды, ошондой эле Министрлик өткөрүп берген башка функцияларды аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 270, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 782 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Департаменттин эсеби жана отчеттуулугу
24. Департаменттин негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчеттуулук мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
25. Департаменттин финансылык-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
8. Жоопкерчилик
26. Департаменттин кызмат адамдары жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда, тартиптик, материалдык жана жазык жоопкерчилигин, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
27. Департаменттин кызматкерлеринин аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
9. Корутунду жоболор
28. Департамент өз ишинде Министрликке отчет берет.
29. Департаментти кайра атоо, өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
30. Департаменттин иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.