Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 270
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн-маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти жөнүндө жободо:
- аталышында "Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти" деген сөздөр "Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пунктунда "Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти" деген сөздөр "Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункт "булактардын" деген сөздөн кийин "каражаттарынын" деген сөз менен толукталсын;
- 9-пунктунун экинчи абзацында "Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти" деген сөздөр "Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Департаменттин ишинин негизги максаты Кыргыз Республикасынын биотүрдүүлүгүн сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (мындан ары - ӨКЖА) тармагын кеңейтүү, уюштуруу менен туруктуу иштөөсү жаатында мамлекеттик башкаруу, координациялоо жана мониторинг жүргүзүү болуп саналат.";
- 12-пунктунда:
биринчи абзацтагы "ӨКЖА тармагындагы" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзац "ишке ашыруу" деген сөздөрдөн кийин "жана сунуштарды иштеп чыгуу" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзац "изилдөө" деген сөздөн кийин "жана уюштуруу" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи, тогузунчу, онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- ӨКЖАда жайгашкан жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жана бүтүндөй жаратылыш комплексин коргоону уюштуруу жана камсыз кылуу;
- жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин абалы, ӨКЖАда жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана талдоону уюштуруу;
- жаңы ӨКЖАларды түзүү жана иштеп жаткан ӨКЖАларды жана алардын функционалдык зоналарын кеңейтүү боюнча иштерди уюштуруу;
- ӨКЖАнын тармагын өнүктүрүү үчүн экологиялык, экономикалык жана илимий негиздеме аркылуу биотүрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу.";
- 13-пунктунда:
1-пунктчасынын он төртүнчү абзацында "Министрликтин ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн координациялоосунун алдында" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:
"3-1) контролдоо чөйрөсүндө:
ӨКЖАнын бардык категорияларынын жүргүзүлгөн ишине, ӨКЖАны коргоого жана биологиялык түрдүүлүктү сактоого, анын ичинде жаратылыш ресурстарын пайдаланууга жана калыбына келтирүүгө, ӨКЖАнын аймагында жайгашкан жаратылыш ландшафттарын зыянкечтерден, оорулардан жана экосистемага зыян келтирүүчү башка аракеттерден коргоого ведомстволук контролду жүзөгө ашырат;";
4-пунктчасынын расмий тилдеги текстинин сегизинчи абзацы "ресурсов биоразнообразия" деген сөздөрдөн кийин "в" деген байламта менен толукталсын;
- 16-пунктунда:
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте айырмалоочу белгилери бар бекитилген үлгүдөгү форма кийимин кийүүгө, кызматтык куралды жана атайын каражаттарды (транспорт, байланыш, кол кишен, резина таяктар, жаш агызуучу заттар) сактоого, алып жүрүүгө, жана пайдаланууга;";
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Департаменттин ведомстволук контролду жүзөгө ашыруучу кызматкерлери тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын жана ӨКЖА тармагында башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча түзүлгөн материалдарды (протоколдорду, актыларды жана башка материалдарды) белгиленген тартипте кароого, күнөөлүү адамдарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо коюуга, күнөөлүү адамдарды белгиленген жоопкерчиликке тартуу жана аларга белгиленген тартипте жаза колдонуу үчүн, тиешелүү иштер боюнча материалдарды укук коргоо жана сот органдарына өткөрүп берүүгө.";
- 20-пунктунун экинчи абзацында "бир" деген сөз алып салынсын;
- 21-пунктунда "алардын кызматтык милдеттери Министрликтин буйругу менен бекитилет" деген сөздөр алып салынсын;
- 23-пунктунун алтынчы абзацында "министр тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу кызматкерлерден тышкары" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |