Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-январы № 12
Транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин талаптарын сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин талаптарын сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
Тиркеме
Транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин талаптарын сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы “арналган транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы, октук салмак басымы, ченемдери жана башка линиялык параметрлери” деген сөздөр “белгиленген транспорт каражаттарынын максималдуу уруксат берилген салмак-габариттик параметрлери” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы “атайын жана” деген сөздөр алып салынсын;
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибинде:
– 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү–он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
“транспорт каражаттарын салмак-габариттик контролдоо – жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорт каражатын өткөрүү жана жүрүүсү үчүн анын максималдуу салмак-габариттик параметрлерин аныктоо үчүн транспорт каражатын таразалоо жана өлчөө аркылуу жүргүзүлүүчү транспорттук контролдоонун стационардык пункттарында же транспорттук контролдоонун мобилдик топтору тарабынан жүзөгө ашырылуучу транспорттук контролдун бир түрү;
тартуучу ок – айлануу учурун өткөрүп берүүчү жана дөңгөлөктөр менен илмектин ортосундагы аракеттенүүчү күчтөрдүн бардык түрлөрүн кабыл алуучу ок;
жылма ок (лентяйка) – транспорт каражатын эксплуатациялоонун кадимки шарттары убагында окту түшүрүүчү түзүлүштүн жардамы менен таяныч бетинен өйдө көтөрүлө турган ок;
транспорт каражатынын уруксат берилген максималдуу жалпы массасы – жабдуулары, жүргүнчүлөрү жана жүгү бар же жүгү жок транспорт каражатынын автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн белгиленген массасы;
окко (октордун тобуна) туура келүүчү уруксат берилген максималдуу масса – ок (октордун тобу) аркылуу автомобиль жолунун кыртышына өткөрүп берилүүчү, автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн белгиленген масса;
ок – айлануу учурун өткөрүп бербөөчү, дөңгөлөктүү машинанын айлануучу тетиктер кармалып туруучу агрегаты;
бир курамдуу ок – эки тарабында бирден болгон эки дөңгөлөктүү агрегат;
эки курамдуу ок – эки тарабында экиден болгон төрт дөңгөлөктүү агрегат;
айкалышкан транспорт каражаты – прицепке же жарым прицепке туташтырылган автомобилден турган транспорт каражаттарынын айкалышы;
жапыс платформалуу жарым прицеп (трал) – габариттүү эмес жүктөрдү (атайын курулуш техникасын, курулмалардын бөлүктөрүн, металл конструкцияларды жана стандарттуу эмес жана оор салмактагы жүктөрдүн айрым түрлөрүн) ташууга арналган транспорт каражаты;
жарым прицеп-цистерна – ар кандай суюктуктарды ташуу үчүн таяныч-чынжырлуу түзүлүшкө ээ жүк ташуучу автомобилдин жардамы менен сүйрөтүлүүчү, өзү жүрбөгөн адистештирилген транспорт каражаты;”;
– 4-пунктунда:
экинчи абзацындагы “контролдоо” деген сөз “текшерүү” деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– максималдуу салмак-габариттик параметрлери уруксат берилген маанилерден ашып кеткен транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө жана андан ары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүн чектөө (тыюу салуу).”;
– 71-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынын кыргыз участогундагы өткөрүү пункттарында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн транспорт каражатын салмак-габариттик контролдоонун натыйжалары транспорттук (автомобилдик) контролдоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына түздөн-түз же маалымат системасы аркылуу берилүүгө тийиш. Ири көлөмдүү жана/же оор салмактагы бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарынын андан ары жүрүүсүнө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ташуучунун бөлүнбөс жүктү ташыган транспорт каражатынын өтүүсүнө атайын уруксаты болгон учурда уруксат берилет.”;
– 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Салмак-габариттик контролдоо жабдуусу аны эксплуатациялоо боюнча нускамага ылайык транспорттук контролдоо пункттарында белгиленет.
Транспорттук контролдоо пункттарында транспорт каражаттарын өткөрүүнү контролдоонун негизги технологиялык бүтүмдөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– транспорт каражатын токтотуу, транспорт каражатынын жүрүү документтерин текшерүү жана изилдөө;
– транспорт каражатынын жалпы массасын таразалоого жана октук салмак басымын, өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин өлчөөгө жиберүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
– транспорт каражатынын жалпы массасын жана октук салмак басымдарын, өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө. Салмак-габариттик параметрлер жол берилген маанилерге ылайык келбеген, ошондой эле жүктү коштоочу документтер жок болгон учурда транспорт каражаты убактылуу токтотуучу жайга жиберилет;
– айдоочуга транспорт каражатын таразалоонун жана өлчөөнүн натыйжалары жөнүндө анык маалыматты берүү (таразалоо жана өлчөө актысы);
– Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдору менен жүрүү үчүн жол берилген ченемдерден ашкан учурда транспорт каражатынын салмак-габариттик параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдарды алуу, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө протокол түзүү, транспорт каражатынын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жыйымдын суммасын эсептөө жана жыйымдарды төлөө жөнүндө квитанция берүү;
– эсепке алуу жана контролдоо журналында тиешелүү маалыматтарды каттоо, салмак-габариттик контролдоонун натыйжаларын маалыматтык системага киргизүү;
– белгиленген жол-жобого ылайык транспорттук контролдоо пункттарында транспорт каражаттарынын өз убагында кирүүсүн жана чыгуусун камсыз кылуу;
– транспорт каражаттарынын салмагын аныктоо боюнча жабдууларды колдонуу менен транспорт каражаттарын таразалоодо өндүргөн заводдун өлчөөчү жабдуусунун техникалык документтеринин чегинде жана ага ылайык автотаразалардын катачылыктарына жол берилет. Өлчөөчү жабдуунун катачылыгы ташуучунун пайдасына чечилет;
– салмак-габариттик параметрлерден ашкан транспорт каражатынын андан ары кыймылына жол бербөө боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрүү.
Автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн транспорт каражатынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген уруксат берилген ченемдерин бузууларды фото жана видеобелгилөө функциялары бар атайын техникалык каражаттар менен жазып алууда жана мындай бузуулар үчүн айып пул салууда, жүктү түшүрүү, андан ары кыймылына жол бербөө боюнча чаралар колдонулбайт жана автомобиль жолдоруна тарнспорт каражаты келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн жыйымдардын суммасы эсептелбейт.
Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен калыбына келтирүү жана оңдоо иштери жүрүп жаткан автомобиль жолдорунун участокторунда транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген уруксат берилген өлчөмдөрүн колдонуунун өзгөчө тартиби белгиленет.”;
– 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Транспорт каражатынын айдоочусу транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талапка баш ийбеген жана транспорт каражатынын кыймылын андан ары уланткан учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары тарабынан транспорт каражатын мажбурлап токтотуу боюнча жана айдоочуну мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу боюнча башка чаралар көрүлөт.”;
– 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“14. Транспорт каражаттарынын ээлери жана ташуучулар ушул Тартиптин талаптарын аткарбагандыгы жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген уруксат берилген салмак-габариттик параметрлерин сактабагандыгы (ашыргандыгы) үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.”;
3) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө багытталган транспорттук каражаттардын максималдуу жалпы массасы, октук жүгү, өлчөмү жана башка линиялык параметрлеринде:
– аталышындагы “багытталган транспорттук каражаттардын максималдуу жалпы массасы, октук жүгү, өлчөмү жана башка линиялык параметрлери” деген сөздөр “белгиленген транспорттук каражаттардын максималдуу уруксат берилген салмак-габариттик параметрлери” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 1-пунктунда:
1.3.1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу–он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
“– конструкциясы жана багыты боюнча атайын ири өлчөмдөгү жана (же) оор салмактагы жүктөрдү ташууга арналган автопоезддер үчүн чиркегичсиз транспорт каражатынын уруксат берилген массасынын суммасынан ашпоого тийиш.
Эскертүү: 13 тоннага чейинки октук басымга эсептелген асфальт-бетон төшөлгөн автомобиль жолунун участогунда белгиленген максималдуу жалпы салмактан жана октук басымдардан төмөнкүдөй өлчөмдө ашууга жол берилет:
– үч октуу автомобиль (чиркегич) – 5 т (эки катар октордун тобу үчүн октук басым – 21 т);
– үч октуу жарым чиркегичи менен эки октуу сүйрөгүч – 5 т (үч катар октор тобу үчүн октук басым – 28 т);
– үч октуу жарым чиркегичи менен үч октуу сүйрөгүч – 10 т (эки катар октордун тобу үчүн октук басым – 21 т, үч катар октордун тобу үчүн октук басым – 28т).”;
– 2-главасындагы “төмөнкү көрсөткүчтөргө ылайык келүүгө тийиш” деген сөздөр алып салынсын;
– 2-пунктунун эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Негизги октору эки курамдуу дөңгөлөк менен жана ар бир окко басым 9,5 тоннадан ашпаган учурда, үч октуу чиркегичсиз автотранспорт каражаттары үчүн басымдын 1 тоннага ашуусуна уруксат берилет.”;
– 3-пунктунда:
3.2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“үч жана андан көп октору бар жана/же ар бир окто төрттөн же андан көп дөңгөлөктөрү бар жапыз рамалуу жарым чиркегичтер (трал) – 3,00 м.”;
3.3-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Мультимодалдык ташууларда колдонулуучу контейнерлерди ташыган жүк ташуучу транспорт каражаттары үчүн, ошондой эле үч жана андан көп октуу жана жүгү бар жапыз рамалуу жарым чиркегичи (трал) бар атайын сүйрөгүчтөр үчүн 20 см айырмага жол берилет.”;
4) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибинде:
аталышында жана 2–4, 7–12, 14, 15-пунктарындагы “атайын жана” деген сөздөр алып салынсын;
– 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражатын өткөрүүгө атайын уруксат болгон учурда гана жол берилет.
Үч же андан көп октуу жана төрт же андан көп октуу, ар бир огунда сегиз жана андан ашык дөңгөлөктөрү бар жапыз рамалуу жарым сүйрөгүчтөр (трал) үчүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүгү жок жүргөн жана төмөнкүдөй талаптарды сактаган шартта атайын уруксатсыз жана маршруттук баракты макулдашуусуз жүрүүгө уруксат берилет:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 60 токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленген кыймылдын ылдамдыгын жана аралык убакыттарды сактоо менен жүргөндө;
– эгерде транспорт каражатынын габариттери туурасы – 3,00 м, өтүүчү бөлүгүнүн үстүндөгү бийиктиги – 4,20 м, узундугу – 20 м ашпаса, көпүрөлөрдүн астынан, түтүк өткөргүчтөрдөн жана башка коммуникациялардан өтүүдө ташуучунун бийиктикти кошумча милдеттүү өлчөөсүн жүргүзүү менен;
Атайын уруксат жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кыймылдын маршрутун макулдашуу боюнча автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
Атайын уруксатты жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу жол-жобосу кагаз жана/же санариптик форматта жүргүзүлөт. Ошол эле учурда ташуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 60 токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелеринин бардык талаптарын сактоого милдеттенет.
Атайын уруксатты “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу электрондук форматта макулдашуу процессинде жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан макулдашуу 3 сааттын ичинде жүзөгө ашырылат жана автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ташуучунун арызы боюнча атайын уруксатты берүү транспорттук контролдоо пункттарында транспорт каражатынын салмак-габариттик параметрлери таразалагандан жана өлчөнгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
Эгерде арыз электрондук документ түрүндө автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын порталында берилсе, арызга электрондук санариптик колтамга коюлууга тийиш. Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер, кыймылдуу мүлккө укукту ырастоочу документтер, Кыргыз Республикасынын аймагында ата мекендик жана чет өлкөлүк ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы автотранспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн жыйымдардын суммасын төлөөнү ырастоочу документтер жөнүндө маалыматтарды автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тийиштүү мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынан алат.
Атайын уруксат электрондук форматта берилет же кагаз түрүндө 3 нускада таризделет, түп нускасы ташуучуга же жүктүн ээсине берилет, экинчи нускасы автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол боюнча органдарында жана үчүнчү нускасы жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Атайын уруксат жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана убакытта жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда бөлүнбөс жүктү бир жолку ташууга берилет.
Атайын уруксатта бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражатынын жүрүүсүнүн убактысы, мөөнөтү жана маршуруту көрсөтүлөт.
Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаты атайын уруксатта каралган маршрут боюнча жана шарттарда гана жүрө алат.”;
– 6-пунктунда:
экинчи, үчүнчү жана алтынчы абзацтарындагы “атайын жана” деген сөздөр алып салынсын;
– 14-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы “камсыз кылуу үчүн” жана “аткаруу жана сактоо үчүн” деген сөздөр тиешелүү түрдө “камсыз кылбагандыгы үчүн” жана “сактабагандыгы жана камсыз кылбагандыгы үчүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5) аталган токтом менен бекитилген Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартибинде:
– 5-пунктунун эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен калыбына келтирүү жана оңдоо иштери жүрүп жаткан автомобиль жолдорунун участокторунда транспорт каражаттарынын жана октук басымдардын жалпы массасынын белгиленген ченемдеринен ашкандыгы үчүн зыяндын ордун толтуруунун өзгөчө тартиби белгиленет.”;
– 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. 1 км жол жүрүүгө ашыкча жүктүн ставкасы 1 тонна үчүн 40 сом өлчөмүндө белгиленген. Үч же андан көп октуу жана төрт же андан көп октуу, ар бир огунда төрт жана андан ашык дөңгөлөктөрү бар жапыз рамалуу жарым сүйрөгүчтөр менен бөлүнбөс жүктөрдү ташууга атайын уруксатты алууда 1 км жол жүрүүгө ашыкча жүктүн ставкасы 1 тонна үчүн 20 сом өлчөмүндө белгиленет.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 60 “Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бектилген Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелеринде:
– 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдорунда менчигинин түрүнө карабастан автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу маршруту макулдашылгандан кийин жана автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан атайын уруксат берилгенден кийин жүзөгө ашырылат. Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан атайын уруксатты макулдашуу жол-жобосу санариптик форматта 3 сааттын ичинде жүргүзүлөт.”;
– 7-пунктунун биринчи абзацындагы “маршруттук барагын” деген сөздөр “кыймылынын маршрутун” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 9-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу кыймылынын маршруту атайын уруксат макулдашылган учурда жүк ташылып жаткан аймакта жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан макулдашылат:”;
– 10 жана 11-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
3-главасынын аталышындагы жана 15-пунктундагы “маршруттук барагын” деген сөздөр “кыймылынын маршрутун” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– жогоруда аталган Эрежелердин 1-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
____________________________________________________________