Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 60
Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 , 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 720, 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү коопсуз ташууну камсыздоо максатында, "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 , 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 720, 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагынын жолдору боюнча менчигинин уюштурулган түрүнө карабастан автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууну макулдашуу тартибин белгилейт.
2. Эрежелер ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу үчүн колдонулуучу транспорт каражаттарынын техникалык абалына, жабдууларына жана кошумча жабдылышына негизги талаптарды, ошондой эле мындай ташуулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш-аракеттерин аныктайт.
3. Жүгү бар жана жүгү жок транспорт каражаты, эгерде анын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунда белгиленген көрсөткүчтөрдөн ашса, ал ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы болуп саналат.
4. Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу, эгерде ташылуучу жүк автомобиль жолдору аркылуу ташуу учурунда өтө ашыкча чыгымдарсыз же аны бузуп алуу опурталысыз эки же андан көп бөлүккө бөлүү мүмкүн болбогон шартта гана ишке ашырылат.
2. Жол кыймылынын маршрутун макулдашуу тартиби
5. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдорунда менчигинин түрүнө карабастан автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу маршруту макулдашылгандан кийин жана автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан атайын уруксат берилгенден кийин жүзөгө ашырылат. Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан атайын уруксатты макулдашуу жол-жобосу санариптик форматта 3 сааттын ичинде жүргүзүлөт.
Атайын уруксат алуу үчүн документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын, атайын транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартиби менен белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 , 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 720 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Жүгү бар транспорт каражатынын бийиктиги жолдун үстүнкү бөлүгүнөн 5,0 м жогору болгон учурда маршрутту электр транспорту, электр тармактары, электр байланышы, электрлештирүү кызматтары менен милдеттүү түрдө макулдашуу талап кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуунун кыймылынын маршрутун темир жолдун аралыктары менен макулдашуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жүк ташуу маршруту темир жолдор менен бир деңгээлде кесилишкен учурда, эгерде жүгү бар же жүгү жок транспорт каражатынын тышкы өлчөмү туурасы боюнча 5 метрден, жолдун үстүнкү бийиктиги боюнча 4,5 метрден, автопоезддин узундугу боюнча бир чиркегич (жарым чиркегич) менен 20 метрден, эки же андан ашык чиркегич менен 24 метрден ашса, ошондой эле транспорт каражатынын жалпы иш жүзүндөгү салмагы 52 тоннадан ашса (мындан ары - т.) же кыймылынын ылдамдыгы 5 км/сааттан аз болсо;
- жүк ташуу маршруту темир жол көпүрөсүнүн, жол өткөөлүнүн астынан өткөн учурда, эгерде жүгү бар же жүгү жок транспорт каражатынын тышкы өлчөмү туурасы 5 метрден, ал эми жолдун үстүнкү бетинен бийиктиги 4,35 метрден ашкан учурда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууга жол кыймылынын маршрутун жана атайын уруксатты макулдашуунун тартиби ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3. Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуунун кыймылынын маршрутун макулдашуудагы талаптар
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууга кыймылдын ургаалдуулугу азыраак болгон сааттарда жана калктуу конуштардан тышкаркы жерлерде сутканын жарык мезгилинде гана уруксат берилет. Өзгөчө учурларда сутканын караңгы мезгилинде калктуу конуштардан сырткаркы жолдор боюнча ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууга белги берүүчү жарык маяктары менен жабдылган калкалап жүрүү автомобили же жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайгуул автомобили бөлүнүп берилген шартта гана жол берилет.
13. Адамдардын жол жүрүү кыймылы күчөгөн маалда, көп учурда эртең менен үйдөн жумушка бара жатканда (болжол менен саат 7ден 9га чейин) же кечинде жумуштан кайтып келе жатканда (болжол менен саат 17ден 19га чейин), түштөнүү маалында (саат 12ден 14кө чейин), ошондой эле жол шарттарын жана ургаалдуулугун эске алуу менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн жогорку кооптуулукту жараткан учурда ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууга жол берилбейт.
14. Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы транспорт каражаттарынын жол берилүүчү ылдамдыгы ташылып жаткан жүктүн өлчөмүнө, салмагына, өзгөчөлүгүнө, ошондой эле жол шарттарына жараша маршрутту макулдашуу учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат. Белгиленген эң жогорку ылдамдык 50 км/сааттан ашык болбоого тийиш. Ылдамдыкты чектеген белги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жолдо жүрүү эрежесинин 10.3-пунктуна ылайык транспорт каражатында орнотулууга тийиш (мындан ары текст боюнча - Жолдо жүрүү эрежелери).
15. Коштоп жүрүүнүн зарылдыгы менен түрү ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу кыймылынын маршрутун макулдашууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
16. Төмөнкү учурларда коштоп жүрүү ишке ашырылат:
- жүктү ташып жаткан уюм же жүктү жөнөтүүчү адам тарабынан бөлүнүп берилүүчү калкалап жүрүү автомобили, ошондой эле сүйрөгүч же түрткүч менен (ташылып жаткан жүктүн түрүнө жана жол шарттарына жараша);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайгуул автомобили менен.
17. Ташылып бара жаткан жүктүн туурасы 3,5 метр же узундугу 24 метрден ашса, ошондой эле транспорт каражаты ченемден ашыкча жүк менен жол жүргөн бардык учурларда жабдылган калкалап жүрүү автомобили менен милдеттүү түрдө коштолот (2-таблица), алардын параметрлери ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде баяндалган.
Калкалап жүрүү автомобилинин жүрүү тартиби жана ташууну ишке ашыруу жөнүндө кыймылдын башка катышуучуларына маалымдоо ыкмасы макулдашуунун маршруттук барагынын "Кыймылдын өзгөчө шарттары" бөлүмүндө ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча көрсөтүлөт.
18. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайгуул автомобили менен төмөнкү учурларда коштолууга тийиш, эгерде:
- ташылуучу жүктүн туурасы 4,0 метрден ашса;
- ташылуучу жүктүн узундугу 30,0 метрден ашса.
19. Калкалап жүрүү автомобили коштогон транспорт каражаттарынын алдында жүрүүгө тийиш. Мында коштогон транспорт каражаттарына карата калкалап жүрүү автомобили сол тараптан бир аз алдыга чыгып жүрүүгө, башкача айтканда, анын туурасы боюнча өлчөмү коштоп жүргөн транспорт каражаттарынын өлчөмүнөн чыгып турууга тийиш.
20. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайгуул автомобили менен коштоо калкалап жүрүү автомобили менен коштолгон тартипте ишке ашырылат.
Жүк ташуу учурунда кайгуул автомобили авариялык жагдайларды болтурбоо максатында жолдордун жана көчөлөрдүн кесилишинде жол кыймылын өз убагында токтотууну камсыздоого тийиш.
4. Айдоочуларга кошумча талаптар
21. Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөр ташылуучу транспорт каражаттарын айдоого тиешелүү категориядагы транспорт каражатын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүгү бар жана айдоочу катары 3 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз эмгек стажына ээ, ошондой эле нускоодон өткөн айдоочуларга жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 720 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууда айдоочулар Жолдо жүрүү эрежелерин жана ушул Эреженин тараптарын жетекчиликке алууга тийиш.
23. Жол жүрүү процессинде айдоочулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- карама-каршы келе жаткан транспорт каражаттарын тоскоолдуксуз жана коопсуз өткөрүү үчүн мүмкүн болгон бардык зарыл чараларды, токтогонго чейинки чараларды көрүүгө;
- жол кыймылына тоскоолдуктарды жаратпоого, артта топтолуп калган транспорт каражаттарынын өтүп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн уруксат берилген жерлерге мезгил-мезгили менен токтоого.
24. Айдоочуларга тыюу салынат:
- саатына 30 км жана андан ашык ылдамдыкта жүрүп бара жаткан транспорт каражаттарынан ашып өтүүгө;
- башка транспорт каражаттарын сүйрөп алууга;
- тайгалак жолдо жүрүүгө же 100 метрден аз аралыкка чейин көрүнбөй калган шартта жол жүрүүгө;
- жолдун чети менен жүрүүгө;
- жолдун бетинин чегинен сыртта жайгашкан атайын белгиленген токтотмо жайлардан башка жерлерде токтоого.
25. Жүк ташуу бекитилген маршрутту так сактоо менен, эң аз дегенде үч маршрут боюнча ташылууга тийиш (биринчи маршрут боюнча тоскоолдуктар жаралган учурда, кыймыл экинчи же үчүнчү маршрут боюнча улантылат). Жол жүрүү кыймылынын схемаларын жүк ташуучу иштеп чыгат.
5. Транспорт каражаттарынын техникалык абалына, жабдууларына жана жүктүн белгиленишине кошумча талаптар
26. Ири өлчөмдөгү жүктөрдү ташуу үчүн колдонулуучу транспорт каражаттарында ташылып жаткан жүктөрдү кармап туруу үчүн арналган бардык шаймандар менен түзүлүштөр арчындама - таңгычтар, таканчыктар жана тирөөчтөр ири өлчөмдөгү жүгү жок транспорт каражаты жүргөн учурда уруксат берилген өлчөмдө болсун үчүн жылдырыла (бүктөлө) тургандай жасалууга тийиш.
27. Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташып жаткан транспорт каражаттарынын техникалык абалы Бажы бирлигинин ТР ТЕ 018/2011 "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин талаптарына, Жолдо жүрүүнүн эрежелерине жана ушул Эрежелердин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
28. Чиркегич (жарым чиркегич) менен автомобиль-сүйрөгүчтүн курамында автопоезд жол жүрүп бара жатканда автомобиль-сүйрөгүчкө карата чиркегичтин туурасынан кеткен термелүүлөрүнүн (таасиринин) чоңдугу ар бир тарапка анын өлчөмүнүн туурасынын 3%ынан ашпоого тийиш.
29. Автопоезддин токтотуу (тормоз) системасы автомобиль-сүйрөгүчтүн тормозду баскычы аркылуу иштөөгө тийиш жана токтотуу учурунда тормоздун күчү автопоездди "бүктөө" мүмкүнчүлүгүн болтурбагандай кылып звенолорунун ортосунда бирдей таркатылууну камсыздоосу зарыл.
30. Чиркегичтер менен иштөөгө арналган автомобиль-сүйрөгүчтөр, автомобиль-сүйрөгүч менен чиркегичтин же жарым чиркегичтин ортосун бириктирген магистраль үзүлгөн шартта сүйрөгүчтү жумушчу же авариялык тормоз менен токтотууга мүмкүндүк берген түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
31. Автомобиль-сүйрөгүчтөн ажыратылган жүк жүктөлгөн чиркегичтер же жарым чиркегичтер 16% жантайган жерде бекем токтоп туруусун камсыз кылган токтотмо тормозу, чиркегичтердин (жарым чиркегичтердин) бардык дөңгөлөктөрүнө таасир берүүчү жумушчу тормоз, автомобиль-сүйрөгүч менен бириктирилген магистраль үзүлгөн учурда алардын автоматтык түрдө токтошун камсыз кылуучу түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
32. Оор салмактагы жүктөрдү ташуу учурунда 5,9% жантайган жерге токтоого мажбур болгон шартта дөңгөлөктөрдү кошумча бекемдөө максатында автопоезддин ар бир звеносу үчүн артка тоголонууга каршы экиден тирөөч алып жүрүү зарыл. Автомобилдин кабинасы тигинен жана узунунан кеткен мейкиндикте ташып жаткан жүктүн өлчөмдөрүн эске алуу менен жүктүн жетиштүү көрүнүп турушун камсыз кылган артты көрүү үчүн кабинанын тышында оң жана сол тарабында орнотулган эки күзгү менен жабдылууга тийиш.
33. Узундугу 6 метрден ашкан транспорт каражаттары, ошондой эле киши отуруучу сүйрөгүчтөрү капталдарында бурулууну кайталап көрсөткөн белгилерге ээ болууга тийиш.
34. Чиркегичи, жарым чиркегичи жана жүк ташуучу автомобилдердин кабинасынын үстүнүн орто ченине ичин жарык кылуу үчүн түзүлүшү бар сары түстөгү тең жактуу үч бурчтук (жактары 250 мм) - автопоездди таанытуучу белги орнотулушу зарыл. Автопоездди сүйрөгүчтүн кабинасына узатасынан жайгаштырылган сары түстөгү үч фара менен белгилөөгө да жол берилет.
35. Чиркегичтин (жарым чиркегичтин) арткы бетине жарыкты чагылдырган кызыл түстөгү эки түзүлүш орнотулат, алардын ар бири тең жактуу (жагы 150 миллиметрден 200 миллиметрге чейин) үч бурчтук түрүндө чокусу өйдө каратылып, тышкы өлчөмдөн 0,4 метрден ашпаган аралыкта туурасынан жайгаштырылат. Чиркегичтин же жарым чиркегичтин алдыңкы бетине жарыкты чагылдырган тегерек формада ак түстөгү 0,2 метр диаметрге чейинки эки түзүлүш тышкы өлчөмдөн 0,15 метрден ашпаган аралыкта туурасынан орнотулат.
36. Транспорт каражатынын арткы жана алдыңкы өлчөмүнөн 1 метрден ашып чыгып турган же алдыңкы жана арткы өлчөмдүк жарыктын чегинен туурасынан 0,4 метрден ашып чыгып турган жүк, күндүз белги берген калкандар же 400x400 миллиметр өлчөмүндөгү желекчелер менен артынан жана алдынан, туурасы 50 мм келген кезеги менен алмашкан жана диагоналынан тартылган кызыл жана ак тилкелер менен калкандын же желектин эки тарабы тең белгиленет, ал эми караңгыда жана жол жакшы көрүнбөгөн башка учурларда, жарыкты чагылдырган чырактары бар шаймандар (алдынан ак жана артынан кызыл түс) менен жабдылышы зарыл. Өлчөмдөрү туурасынан жана узундугу боюнча белгиленген параметрлерден ашкан бардык транспорт каражаттары ушундай эле ыкмада белгиленүүгө тийиш.
37. Жолдун үстүңкү бетинен бийиктиги боюнча 4,5 метр жана андан ашкан жүктү ташууда жүк ташыган транспорт каражатынын алдында жүрүп бара жаткан калкалап жүрүү автомобилинде караңгыда жана жол жакшы көрүнбөгөн учурда артынан сары түстөгү лампочка күйүп белги берүүчү эки же бир өлчөмдүк штанга орнотулат. Ага орнотулган лампочканын бийиктиги ташып бара жаткан жүктүн жогорку чекитинен 5-10 сантиметрге ашып турушу жана негизги сүйрөгүчтүн айдоочусуна көрүнүп турушу зарыл.
38. Автопоезддин узундугу 20 метрден ашкан учурда, арткы капталында же транспорт каражатынын арткы учуна орнотулган атайын калканда транспорт каражатынын иш жүзүндөгү узундугун көрсөтүү менен табличка орнотулат.
39. Жүктү ташуу үчүн калкалап жүрүү, сүйрөгүч жана түрткүч автомобилинен тышкары, жүк ташууну техникалык жактан камсыздоо зарыл болгон атайын транспорт каражаттары кошумча бөлүнүп берилет (автомунара, слесардык устаканалар, автокрандар ж.б.). Айыл чарба техникасынын жүрүшүнө өзгөчө талаптар: автомобиль жолдорунун бардык категориялары боюнча туурасы 2,5 метрден ашкан өлчөмгө ээ айыл чарба техникасы Жолдо жүрүү эрежесине ылайык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен күндүзгү убакытта милдеттүү түрдө жарык берген жана өчүп-күйгөн өлчөмдүк белгилер менен жабдылып жол жүрө алат.
6. Оор салмактагы транспорт каражаттарынын көпүрөлөрдөн, жол өткөөлдөрүнөн жана башка жасалма курулмалардан өтүү өзгөчөлүктөрү
40. Оор салмактагы жүк ташыган транспорт каражаттарынын көпүрөлөрдөн, жол өткөөлдөрүнөн жана башка жасалма курулмалардан өтүү тартиби ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жол-эксплуатациялык же коммуналдык уюмдар тарабынан аныкталат.
41. Эгерде транспорт каражатынын иш жүзүндөгү салмагы ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде аталган ченемдик күч келүү параметрлеринен ашса, бирок ушул Эрежелердин 2-тиркемесинин 2-таблицасында келтирилген маанилерден ашпаса, анда транспорт каражаты тиешелүү макулдашуудан кийин төмөнкү шарттарды сактоо менен өткөрүлүшү мүмкүн:
- жасалма курулма аркылуу жүргөн учурда анда башка транспорт каражаттары болбошу керек;
- жүк жүктөлгөн транспорт каражаты жүрүү бөлүгүнүн огу боюнча 10 км/сааттан ашпаган ылдамдыкта жүрүүгө тийиш.
|
| Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелерине 1-тиркеме |
Форма
"Макулдашылды" ___________________________________ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду, түзүмдүк бөлүмү, наамы, колу, мөөрү жана берилген датасы |
|
|
Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуунун МАРШРУТТУК БАРАГЫ
Транспорт каражатынын жүрүшүнө ______________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________
Маркасы жана модели, мамлекеттик номери
Маршрут боюнча _____________________________________________________________________________
Маршрут өтө турган калктуу конуштардын аталыштары
1. Жүк жүктөлгөн транспорт каражатынын параметрлери:
Узундугу: ___________________________________ метр;
Туурасы: ___________________________________ метр;
Бийиктиги (жолдун бетинен): __________________ метр;
Жүктүн салмагы ____________________________ т.;
Жүк жүктөлгөн транспорт каражатынын жалпы иш жүзүндөгү салмагы: __________________ т.;
Көбүрөөк күч келген окко карата күч келүү ____________________________ т.;
2. Коштоп жүрүү үчүн бөлүнгөн транспорт каражаты ________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
Маркасы жана модели, мамлекеттик номери
3. Жүктү ташып жаткан жүк ташуучунун аталышы, дареги, телефону __________________________________
_____________________________________________________________________________________________
4. Жүрүүнүн өзгөчө шарттары ____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
5. Жүк ташууну макулдашкан жүк ташуучу _________________________________________________________
Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелеринин негизги жоболору жана талаптары менен тааныштым:
Айдоочу ______________________________________________________________________________________
Аты-жөнү, колу жана датасы
_____________________________________________________________________________________________
6. Жүктү коштоп жүргөн адам ____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
Аты-жөнү, колу жана датасы
20-жылдын "__" ___________ тартып 20__-жылдын "__" ____________ чейин саат _____ тартып ______ чейин жана саатына _________ км ашпаган ылдамдыкта жарактуу
______________________________________________________________________________________________
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду, түзүмдүк бөлүмү, наамы, колу, мөөрү жана берилген датасы
Транспорт каражаты жүк ташууга жооптуу жүк ташуучунун өкүлү тарабынан каралды жана автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелеринин талаптарына жооп берет
____________________________________________________________________________________________
Аты-жөнү, колу жана датасы
|
| Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелерине 2-тиркеме |
1-таблица. Ченемдик күч келүүнүн параметрлери
Көпүрөгө күч келүүнү эсептеген схемалар | Ченемдик жүктөм | |
жалпы иш жүзүндөгү салмагы т.б. | минималдуу база, метр | |
Н 8 жана НГ-30 | 10,5тен ашпаган | 4 |
Н 10 жана НГ-60 | 13,0дөн ашпаган | 4 |
Н 13 жана НГ-60 | 17,0дөн ашпаган | 4 |
Н 18 жана НК-80 | 30,0дөн ашпаган | 6,8 |
Н 30 жана НК-80 | 30,0дөн ашпаган | 6,8 |
Эскертүү:
Эгерде транспорт каражатынын жалпы иш жүзүндөгү салмагы 2-таблицада келтирилген параметрлерден ашып кетсе, анда жол жүрүүгө уруксат алыш үчүн (башка маршрут менен айланып өтүүгө, транспорт каражатынын башка түрү менен ташууга, жүктү бөлүүгө мүмкүн болбогон учурда) жүк ташуучу, тиешелүү автомобиль жана темир жол башкармалыгына үч ай мурда билдирме берүүгө тийиш. Билдирмеде ушул Эрежелердин 2.5-пунктуна ылайык маалыматтар келтирилиши керек.
2-таблица. Ченемден ашыкча күч келүүнүн параметрлери
Көпүрөгө күч келүүнү эсептеген схемалар | Ченемден ашыкча жүктөм | ||
жалпы иш жүзүндөгү салмагы т.б. | октук салмагы, т.б. | база, метр | |
Н 8 жана НГ-30 | 10,5тен ашкан | 7,6 ашкан | 4 аз |
Н 10 жана НГ-60 | 60тан ---»--- | 9,5 ---»--- | 5 ---»--- |
Н 13 жана НГ-60 | 60тан ---»--- | 16,5 ---»--- | 5 ---»--- |
Н 18 жана НК-80 | 80ден ---»--- | 20,0 ---»--- | 3,6 ---»--- |
Н 30 жана НК-80 | 80ден ---»--- | 20,0 ---»--- | 3,6 ---»--- |
Эскертүү:
Автомобиль жана темир жол башкармалыктары билдирмени алган күндөн тартып эки жумадан кеч эмес убакыт ичинде аталган жасалма курулма аркылуу жол жүрүү мүмкүндүгү жөнүндө маалымдайт.
Ченемден ашыкча жүк менен транспорт каражатын жасалма курулма аркылуу коопсуз өткөрүү үчүн аны 10 км/сааттан ашпаган ылдамдыкта курулманын огу менен гана жай эч токтоосуз (же жол-эксплуатациялык уюмдун көрсөтүүсү боюнча алдын-ала белгиленген атайын сызыкты бойлой) өткөрүү керек. Транспорт каражаты жол өткөөлү же көпүрөнүн кеме өтүүчү өткөөлү боюнча өткөндө жол өткөөлүнүн же көпүрөнүн астынан өтүүнү эксплуатациялоочу уюм менен макулдашуу боюнча кыймыл токтогон тыныгуу аралыгында гана жолдун астынан өтүшү зарыл. Ченемден ашыкча жүгү бар транспорт каражатын жасалма курулма аркылуу өткөрүү учурунда башка транспорт каражаттарын жана жөө адамдарды өткөрүү кыймылы токтотулууга тийиш. Токтоого аргасыз болгон учурда жасалма курулмадан транспорт каражаттарын чыгарып кетүүгө шашылыш чара көрүү зарыл.
Транспорт каражатында бурулуучу башкаргычы бар арткы арабасы болгон шартта ошол арабанын оператору менен сүйрөгүчтү-айдоочуну байланыштырган ишенимдүү радио же телефон байланышы болууга тийиш.